( Турмуштагы сүртүмдөр )
Аза күткөн үйгө жашы сексенге чамалаган кемпир уулун алдына салып ээрчитип келди . Элүүдөн ашкан уул кыргыз үйдүн оозундагы оорундукка да отурду да Куран окуп , жүзүн сүрттү . Тизилип турган уулдарга , ичкеридеги кошок кошуп басылбаган кыздарга Кайрат айтып , кетип баратканда аза күтүп отурган адамдар койо бербей , көп бөлмөлүү үйдүн бирөөсүнө киргизишти . Жайылган дасторконго чай менен аш салынган табак кирип , экөө үнсүз даам сызып отурушту .
Кыраакы кемпир баарына көз салып отурду .
Тээ мындан он , он беш жыл мурун бу үйдүн ээси ичкиликке берилип , айылга көп чуу салчуу . Анда балдары жаш эле . Жүдөгөн аялы ал кезде ар кимдин төшөгүн курап , кабып , тандырга нан жаап базарга сатаар эле . Эми кара. Ошо майда балдар жетилип , эски үйдү жаңылап , короосун оңдоп койгон тура . Көп бөлмөлүү үй кооз жасалыптыр . Кемпир ичинен шыпшынып алды .
Атаганат , барчылыкта тайраңдатып өстүргөн уулдун кебетеси бул . Төрөбөй жүрүп , зорго тапкан уулдун көзүн карап чонойтсо , эми карыганда эл караган жүзүн жер каратпадыбы ..
Уулунун жүдөө кейпин карап , үшкүрүп алды . Ичкилик айынан кызарган көзүн , уйпаланган чачын кара .. Оордунан зорго тургузуп келбедиби .
Көпчүлүк убакта бу ичкич уулунан жадап шаардагы кызынын үйүнө кетип калчуу . Анын балдарын карап , каралашып беш алты жылдан бери шаарга барып келип үйүндө аз гана болду бейм .
Балдары чоңойгон соң күйөө бала менен сүзүшүп отургандан уялып , айылга жакында биротоло баса берди .
Экөө дасторконго бата кылып сыртка чыгышты да үй ээлерине дагы бир ирээт Кайрат айтып үйлөрүнө кайтышты .
Эне Уулунун аркасында баратты . Башын жерге салган уул заңгыраган башын кандай жазууну ойлонуп баратты . Чынында өз энесин жакшы көрсө да , кыялын эч жактырбачуу . Балким ичкиликке түрткөн ушу Энесинин кыял жоругу болуп жүрбөсүн .
Аркада келе жаткан Энесине сөз айтып да болбойт . Эч түшүнбөйт . Ушу зыңгыраган башты кантсе болот экен..
Сыр аяктын сыры кетсе да , сыны кетпегендей кемпир карыса да таяк таянбай , дале боюн тике кармап , адамга тике тигилет . Чалы табышкер болуп тиргилик оокаттан эч өксүтпөгөн . Эмне десе баарын астына белендеп берчүү . Ошондонбу айтор дале кийимдин тазасын тандап , бой турпатын жарышыктуу алып жүрөт .
Алдыда бараткан уулуна :
— Дагы жоголуп кетпе . Үйгө бурул . Сени издегенге дарманым жок .
Шылкыйып ун сөзсүз бараткан уул башын ийкегиледи .
Кантип Энесинин көзүн жазгырса болот экен . Даараткана жактагы жол менен чыгып кетсе бейм ..
Экөө үйгө жеткен соң уулу дааратканага басты . Эне шектүүдөй үйдүн айнегинен күзөтүп карап турду .
Энесинин тиктеп турганын карабаса да далысы менен сезип , баратты уул .
Жогорку окуу жайды аяктап , шаардан иш издеп жүргөндө болбой айылга алып келген Энеси . Бизди карайсың , багасың дегенинен айылдагы мектепте иштеп отуруп калды . Жактырып алган жарынын кылган кызматын жактырбай , энеси көп чыр чыгарды . Канча ирээт үйүнөн кууп кетирди . Аялы байкуш түзүк эле чыдады .
Аялына болуша албай же Энесине болуша эки ортодо кыйын эле болду . Ичкиликтин башы ошондо ачуу басаардан башталган .
Иш кылайын десе Ата энеси киришип , малга да ээ кылбай , өзүн тап дешти . Иштеп тапкан пул энесинин айылы менен кийиминен ашпайт эле . Канча таап келген сайын кызынын үйүнө айылчылап түгөтүп келчүү .
Атасы да аялга кароо болуп эч катуу айтпайт эле .
Үйдө бир гана Энесинин сөзү мыйзам эле .
Бир жолу иштен келсе аялы жок . Энесинен сураса :
-. Болду ажыраш , сени эки кылбады , тиргиликке бош , жүдөө . Өзүм тың келин алып берем — дегенде ачуусун кантип чыгарууну билбей , бир жумадай үйгө келбей ичип жүрдү .
Аял балдарына барса , алар ынабайт . Үйдө же Энеси уулун түшүнбөйт . Ошентип ажырашты .
Ушуларды ойлогон уул үшкүрүп алды .
Секин чоң жолго чыкты да , арак сатчуу жерге жетип келди . Арак саткан аял жумушун бүтүрсө анан арак берчүү .
Жүз граммдын айынан кечке Арак саткан үйдүн Жумушун кылып жүрдү .
Эне уулун качырып жиберди . Эми кайдан издемек . Курсагы ачканда келээр . Айласы деле калбады .
Чалынын көзү өткөн соң бу ичкич уулдан калган мүлктү кызганып баарын кызынын атына өткөрүп таштаган . Кызы шаардын так ортосунан чоң дүкөн ачып соода кылчуу . Тапкан пайдадан Энесине бөлүшүп турат.
Шаарда жүрсө бу уулу бир келинге үйлөнүп алыптыр . Шашылып жетип келсе ал келин экөө эбак балалуу болуп калышыптыр . Тууган бала баламдан эмес , көчөдөн таптың деп күнөөлөп үйдөн кууп чыкты аны дагы . Жаңыдан турмуш баштап , үй бүлөөм бар деп аракты ичпей калган уул кайра баштан ичип баштады . Дарты ошол болсо алып келип берейин деп кайра келинди алып келди . Бирок , кылган кызматына алымсынбай , адатынча кирише берди эле Келин өзү качып кетти .
Жашоо ушул экен . Бир кезде айылдын барктуу , нарктуу байбичеси эле . Эми ичкич уулдун айынан кадыры кичирейе түштү .
Ар кимдин жумушун жасап , баш оорусун жазып көнгөн уул азыр да ишин бүтүрүүгө ашыкты . Бир маалда короонун жанынан өтүп бараткан унаа катуу белги берип , токтоп калды . Ким экен деп караса жаш кезде дос болгон досу . Ичкен кебетесине карабай таанып алган тура .
Өзүнүн бой турпатынан уялып , озунуп учураша албады . Ичкиликке алдырган өзүн жектеп алды . Досу кадамын арыштап тез эле жетип келди да кучактап , учурашты . Машинасына болбой зорлоп салды да , жасалгасы чет элдикиндей , заңгыраган мейманканага алып барды . Буйрутма берип тамактын , ичкиликтин түрүн алдыртты . Аракты көрсө сукулдаган жаны бу жолу анте албай , досунун жаныда өзүн төмөн санап кичирейип турду .
Досу өткөн кеткендерди айтып сөзгө алды . Досунун мындай абалын эбак уккан . Бирок жолугууга келе албай жүргөн . Бу досунун ак көңүлү , жумшак мүнөзү турмуштун бороонуна туруштук бере албай бу ичкиликке алдырып жибергенин сезди . Себеби бул ичкиликке жан дүйнөсү назик жандар биринчи алдырат эмеспи . Кезинде абдан берешен , көп жигитти алдына салдырбаган адамгерчиликтүү жан эле . Кайсы жерден жаза басты .. Баскан жолунан адашты .
Өзүнүн кебетесинен тартынып , уялып жатып жакшы баарлаша албады . Досу да сезди . Тамактанып болгон соң үйүнө таштар коймок болду . Жолдо келе жатып мындай деди :
— Досум , жашоо ушундай экен. Мэрээз экен . Биринчи жакшы жандарды мүдүрүлтүп сынайт экен . Сени да сынады . Эми өзүнө колго ал . Аракты ташта . Менде жумуш бар . Келип иште . Сени Бул саздак сормодон сууруп чыкканга жардамдашайын.
Үнсүз отурган досу , шуу үшкүрүп жиберди.
-. Мен да каалабайм мындай жашоону . Бирок каалабаган жашоо менен жашап жатам . Айлам канча . Тагдырым го…
— Мен бир эки күндөн соң келип алып кетейин. Сен үйдөгүлөр менен кеңеш .
Шуулдаган унаа заматта үйүнө жеткирип келди . Уктабай отурган Эне унааны тосуп чыкты . Баягы бир кезде уулу менен дос болсо жактырбай алыстаткан аяш уулу турат . Анда бой турпаты көзгө кунарсыз жупуну көрүнчүү . Уулун бай дөөлөттүү адамдар менен дос болуусун калаар эле . Жөнөкөй адамдар менен катташса тыйып , жолуна бөгөт болчуу . Канча бардар адамдар менен алака түзсө да , уулу алар менен дос боло албай койгон .
Аяш уулу келип учурашып абал сурады . Эне :
-. Үйгө кир . Чай ич балам — деп жатты . Чайга күйбөй унаасын айдап кете берди .
Уулу шылкыйган абалда башын көтөрбөй бөлмөсүнө кирип кетти . Ачылып сүйлөбөгөн уулуна кейинип Эне кала берди .
Бөлмөсүндө жатып алып тээ жаш чакта дос болгон азыркы досун ойлонуп жатты . Негедир ойлогон ойлору , тилеген тилеги бир эле . Ошондо да ата энеси жактырбай :
-. Ушундай адам менен дос болобу ? Кайдагы темселеген шордуунун баласы менен . Болду токтот — деп катташууга да тыюу салган эле .
Андан бери канча жылдар өттү . Досу унутпаптыр да . Ата энесине караганда Жан дүйнөсүн досу жакшы түшүнчү эле . Азыр да ушу кейпинде таанып , түшүнүп турат . Досу айткандай өзүн өзү колго алышы керек .
Эки күн өткөн соң досу унаасы менен келди . Кичине баштыгын көтөрүп унаага отурганда Эне :
— Кайда барасың ? Айтпай дебей . Каяка — деп бызылдады. Ошондо да уулу унчукпай тетири карады да досуна :
— Айда кеттик — деди .
Досу унаадан түшүп Энеге бир нерселерди айтты сооротуп жатты .
Анан машинасын от алдырып , зымыраган чоң жолго түштү .
Автор : Кадыралиева Ж.
Адыр айылы .