Түшүнүксүз жашоо

https://kyrgyzcha.site/?p=63688&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыштын суук жана суз кундорунон эле ….телефонума конгуроо келди, алсам дос балам экен. Кыз досторума караганда эркек дос балдарым коп эле. Уйуно конокко чакырган кун мурун, эсимен чыгып кетиптир , саат тогуздарга келип кал деп очурду. Даярданып такси менен барып калдым, таксист уйду таппай мен тушуп алып ары-бери басып уйдун номерин карап журсом бир жигит алдыман чыгып

— Муратга келдинизби деп сурады

-ооба

-журунуз

-Сиз кимсиз?

-Досунун агасы болом, Мирбек деп колун сунду. Ошентип таанышып уйго кирдик. Мурат менен саламдашып мени торго откозуп тамашалашып отуруп калдык. Мурат, таанышып алгыла бул менин жакын курбу кызым десе Мирбек жылуу жылмайып биз эшиктен эле таанышып алдык ээ сулуу кыз деп мени карап кулуп козун ымдап койду. Ошол кулкусу жан дуйномо кирип журогумду кытыгылап кетти. Ыр кулку менен шандуу отурдук, тун жарым болуп калды жатып эртен шашпай кет деп Мураттын апасы калтырып койду мени, уйум алыс эле, уйго кетчулору кетип калганыбыз суйлошуп отурдук. Мурат суйлошкон кызы менен озунчо отуруп алышты, Конок уйдо Мирбек экообуз эле калыптырбыз…..жакындан таанышып аркы беркини суйлошуп отуруп эс алалы деп мен барып жатып алдым, эртен менен эрте жумушка барат элем, озумон озум башкача болуп жылуу сезим пайда болду, уктайын деп козум жумсам эле Мирбектин элеси келет ошентип жатып уктап калыпмын. Ойгонсом башкалары дагы деле уйкуда экен, эшикке чыксам Мураттын апасы турдунбу журу чай ичели деди, чай ичип жумушума кеттим. Жумушта отуруп деле Мирбекти ойлой бердим.

Пример HTML-страницы

Туштонууго чыксам Мурат чалып,

-Эрте кетип калыпсын таарынган жоксунбу?

-Эмнеге таарынмак элем?

-Анда жумуштан бошогондо чалып кой, сени бир жакшы адам коргусу келип жатат деди, ким деп сурайын деп кайра ойлонуп кеттим. Жумуш аяктап калган чыгайын деп даярданып жатсам телефонума чоочун номерден «Сизди уйунузго чейин жеткирууго дайым даярмын» деген кат келди. Сыртка чыксам Мирбек туруптур, кулуп жибердим ал да кулду. Жоо басалычы деди, макул болдум. Кечээ эле таанышсак да кооп жылдан бери тааныштардай эле суйлошуп бараттык. Канча басканыбызды билбейм бийик такалуу бут кийим кийип алгандыктан бутум ооруп кетти. Кечээ да кеч жаттын эле, кыйнап жибердим го деп мени таксиге салып жылмайып калып калды. Ошол кундон баштап уктасам тушумдо, ойгонсом онумдо, бассам турсам оюмда Мирбек. Мирбек. Мирбек. Кулгону, суйлогону, эркелеткени, кыймылы айтор турган турпаты арбап алды. Ошол эле учурда ал мени козумдун кареги менен тен айланып кагылып согулуп суйуп тураар эле. Кундор ото берди аябай бири бирибизге конуп алдык. Майрамдарды озгочо откорот элек. Жаз келип жандуйном ого бетер балкып суйууго мас болуп журдум. Капыстан ичим ооруп тундо тез жардам ооруканага алып кетти сокур ичеги деп операция болдум. Угаары менен келген экен ойгонсом апам айтты сыртта Мирбек деген жигит турат ким эле деп? Куйоо баланыз десем апам мандайы жарык жакшы бала экен деди. Ичимен суйунуп калдым, анткени апама оной менен адам жакпайт болчу. Кундо келет ооруканага. Кундо гул которуп келет. Палатадагы чогуу жаткан эже, апалар суктанып сени суйоору сезилип турат бактылуу болгула деп айтып жатышты. Ооруканадан чыгып уйдо бир ай жаттым, уйго келе алган жок, анткени атам бир муноз сурдуу киши. Кун туну кат жиберет, тан атканча суйлошобуз айтор биз аябай бактылуу элек.

Жакшы болуп калганымда кезиктик аябай сагынышыптырбыз, кучактап алып ыйладым билбейм козумо озунон озу жаш келди. Мирбек болсо мени кучагынан кое бербейт копко турдук.

Ошентип жай мезгили келип колго барып эс алып келдик. Колдо журуп жакшы ой тилектерди ишке ашырабыз деп соз бериштик. Кайрадан шаарга келип кайра эле жумуш менен алек болуп калдым. Бир куну Мирбек кечки тамактанууга чакырды суйлошуп отурсак эле ар кандай аспапта ойногон музыканттар кирип келип кичинекей беш-алты жаштагы бала шакек которуп келди суйунгонумдон ыйлап жибердим. Колумду сурады. Кантип макул болбойм мен учун жашоомдогу бакытка толгон ошол кун эле. Залда отургандар ордуларынан туруп кол чаап бактылуу болгула деп жатышты. Ошондо сезгем бакыт кандай экенин.

-Жожо, мени ушинтип эркелетет эле, дем алышта ата-энем менен тааныштырам даярдана бер деди. Аябай толкундандым. Дем алыш куну ээрчишип уйун коздой сапар алдык. Жолдо карата откоргон бактылуу кундорубузду эстеп, келечекке карай ой тилектерибизди бири бирибиз менен болушуп бардык. Кеч куугумдо жеттик атасы алдыбыздан тосуп чыкты, апасы учурашып киргиле деп Мирбектин башынан суу айлантты мени караган жок. Уйго кирип таанышып отурдук аябай жаман болдум апасы Мирбекке эле суйлоп мага конул бурган жок. Копко отурдук бир маалда апасы жатам деп кирип кетти да Мирбекти чакыртты копко жок болду. Чыгып келип Мирбек конулу суз жатып эс алалы конок уйго кирип эс ал мен атамдар менен отуруп турайын деп калып калды. Атасынан башка мага эч ким жакшы мамиле кылган жок. Эртеси Мирбек тоого кеткенде апасы

-Кандай кылсан андай кыл Мирбек кыз алып келгенин эч ким билбеш керек, кудалап койгон кызыбыз бар. Мирбекке эч нерсе айтпай сыйын менен кетип кал деди. Устумон кайнак суу куйуп жибергендей болду. Эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Апасы кичуу баласын чакырып жеткизип кой деди. Ал мени шаарга кетчу таксилерге алып келди Мирбектин телефону очук. Шаарга келдим эмне ойлоп эмне кылаарымды билбейм. Танга маал уйго келип ыйлап жата бердим. Мирбек чалып жаным мен кечинде барып калам баары жакшы болот деди. Кечинде келген жок. Эртеси анын эртеси да жок телефону ошол бойдон очту. Достору, жакындары байланыша албай коюшту. Баягы досум Мурат экообуз барып келели деп жолго чыктык мени алысыраак жерге таштап барып келди. Кайра келип мага

-Айка апасы Мирбекке кайра ошол кызга барып же суйлошсон топурагымды туйуп берем энеликтен кечем деп жатат мен эч нерсе айта алган жокмун деп мени карап туруп калды. Бир нерсе эсиме тушту, Мирбек коп айтаар эле апам кандай айтса ошондой болот апамдын созун эки кыла албайм деп. Ошентип артка кеттик. Бир айдан ашык уйдон чыкпай жаттым. Олгум келди бир куну Мирбек чалды суйунуп кеттим алсам

-Кечир мен уйлонуп атам, кечире алсан кечир апамдын аз эле омуру калды каршы чыгалбайм башка эч нерсе айталбайм деди. Жок дегенде себебин айтчы деп ыйладым себеби кандай экен билесинерби достор себеби мен тундуктон Мирбек туштуктон. Ошол себептен апасы каршы болуптур, олгум келди. Тируунун олугу дегенди ошондо билдим кандай болоорун.

Эч тушуно албадым менин эмне куноом бар тундуктон болуп калганыма, же ошончолук апасы учун аябай маанилуубу? Мен да ата энемди сыйлайм бирок суйуумо каршы чыкпайт элем. Баягы экообуз баскан жолдор, бактылуу кундор откон жайлар журогумду ого бетер оорутуп турду. Ал жерде андан ары кандай оор болоорун сездим аба жетпей думчуккан адамдай болуп жансыз сыяктуумун. Акыры болгон кучумду жыйнап чет олкого кетип калдым. Ал деле жардам берген жок. Ишим, жакшы досторум бар бирок канаты сынган куштаймын…………маанисиз эле экен дешинер мумкун окуп чыгып, мунун баарын эмнеге жаздым биринчиден женилдегим келди ал эми эн негизгиси кечээ бир таанышып айтып берди Мирбек уйлонгондон кийин бир жылдан кийин апасы каза болуптур, андан кийин Мирбек аялын башка бироо менен жургонун билип ажырашып ичип кетиптир. Айтайын деген негизги оюм суранам АПАЛАР уулунарбы, кызынарбы, суйууго тоскоол болбогулачы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️