Пример HTML-страницы

Түптүктөр эмне үчүн малды ат үстүндө эмес, кайык ичинде кайтарып жатышат? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Бирлик айылында Түп суусу арыкты жеп, жергиликтүүлөр малды кайык менен кайтарып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Бирлик айылынын тургуну Төрөбек Кызаев билдирди.

«Канча жылдан бери айыл жаштары суунун нугун буруп, дамба куруу маселесин көтөргөнүбүз менен үнүбүз жетпей, көмүскөдө калдык. 2018-жылы 1 миллион сомго көпүрө курулган. Көп өтпөй миллион сомдук көпүрө аркы өөздө калды. Күндөн-күнгө көтөрүлгөн суу жээкти жеп, бул жактагы үйлөргө коркунуч келтирилүүдө.

Көпүрө курулганы менен ал пайдаланбагандан кийин ошол кездеги бийлик, тийиштүү адистер эмнени карашты? Ар күнү мал жайганы, талаага баруу үчүн дал ушул Түп суусунан өтүүгө туура келет. Бада кайтарган Али Шеримбеков ат менен канча жолу агып араңдан зорго өтөт. Анан калса малдар агат. Кичинекей балдар Түп суусунун жээгине келип ойношот. Тереңдиги жалпы 2 метрден жогору. Абдан кооптуу болуп турат. Биз президентибиз Садыр Жапаровго кайрылбасак болбой калды», — деди ал.

Тургундар чогулуп бадачыга кайык сатып беришкен. Ар күнү кайык менен кооптуу болсо да, мал кайтарып жаткан бадачыга кыйын болгондугун айтышат. Анан да таштанды төгүүчү жердин жоктугунан улам дал ушул суунун жээгине таштанды төгүлөт. Айыл эли өлкө башчысы өз көзөмөлүнө алып, дамба курулса жакшы болор эле деп үмүт артышат.

Ал эми Бирлик айыл аймагыны башчысы Жеңиш Сатыбалдиев төмөнкүлөргө токтолду.

«2018-жылы башка айыл өкмөт иш алып барган. Көпүрө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион сомго чейинки каражатка курулган. Учурда суу нугун бурууга күчүбүз жетпей жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE