Төрөй албаганым үчүн үйдөн чыгып кеттим”
– Төрт жыл жакшы аял, жакшы келин болдум. Тилекке каршы, кош бойлуу боло алган жокмун. Жакшы сапаттарга ээ, намыстуу жигитке жар болгом. Бактыма кайын журтум да жакшы эле. Кайнене, кайнатамдар неберелүү болсок деген тилектерине жете албай ичтери ачышып жүрүштү. Алардын наристе дегенде ак эткенден так этип тургандарын көрүп жаным жай албай кыйналчумун. Себеби мен эмне үчүн кош бойлуу боло албай жатканымды билчүмүн. Турмушка чыгардан мурда бир балага алданып боюмдан алдыргам. Кийин жолдошумду алдап, кыздык абийиримди тиктирип алгам. Төрөбөгөнүм үчүн үйдөгүлөрдүн мага карата мамилеси сууп баратканын байкап жүрдүм. Бара-бара жолдошум да таанылгыс болуп өзгөрүп баратты. Мага көңүл буруп, жакшы мамиле кылууну кой, жубайлык милдетин да аткарбай калды. Мен анын бул кылыктарын жумушунун оордугу менен байланыштырып, түшүнүүгө аракет кылып жүрдүм. Тилекке каршы, баары тескери чыкты. Ал кыйналып иштебей эле, көңүл ачып жүрчү экен. Күтпөгөн жерден бейтааныш номер менен таттуу СМС билдирүүлөрдү жазышып жүргөнүн кармап калдым. Жолдошума суроо салсам оозу-мурду кыйшайбай туруп: “Ал менден кош бойлуу, балам атасыз өсмөк беле?” — деди. Кийин билсем ал кыз менен жакын эле адамдарыбыз тааныштырыптыр. Бейтааныш кыздын кош бойлуулугу менен менин ордумду ээлеп алып жатканына ичим күйүп, ардандым. Бирок орун бошотуудан башка аргам да жок эле. Бир чети жолдошумдун балалуу болушун чындап кааладым. Бир чети байкуш кыз мага окшоп баланы алдырып салып, биротоло бактысыз болуп калбасын дедим. Ушул чечим менен үйдөн чыгып кеттим.
Anara: Негизи туура эле кылыптырсың. Сен үчүн башка адам азап тартып жашамак беле?
Alinaaky: Чала эле болот сага. Муну азыр эмес, ошол бала менен жалжактап жүргөн кезде ойлонушуң керек болчу.
Forever: Бала багып деле бактылуу жашап жаткандар бар го.
Айнура: “Ата-энемди аралаштырып үй-бүлөмдү бузуп алдым”
– Менин эки агам, бир иним бар, мен жалгыз кызмын. Жолдошум болсо үйдүн ортончусу. Кайнатамдар менен абысындарым тургандыктан сый бололу деп биз батирге чыкмак болдук. Аны уккан атам иним үчүн алып койгон батирге жашап туруубузду сунуштап калды. Ижарага акча коротпой деп ал жакта жашап жүрүп, качан иним турмуш куруп бөлүнүп келгенде кеттик. Ошондон баштап маселе башталды. Балдарыбыздын бала бакчасына, кийим-кечесине, тамагына болуп отуруп акча суудай кетет да, ижарага төлөөгө артпай калат. Батир акысын төлөөгө келгенде эле чыр чыкчу болду. Акыры айла кетип атамдан акча алып төлөйбүз. Кайнатасынан акча алганына күйөөм намыстанып, ар кайсыны айтып атып ого бетер урушабыз. Ата-энем болсо: “Сенден аямак белек, сага бербегенде кимге беребиз”, — деп сурасам да, сурабасам да колунда барын берип турушат. Мага болсо жолдошума таарынсам эле төркүнүмө кетип калуу адат болуп калган. Ал келип кечирим сурап алып кетмейин ата-энеме эркелеп жүрө берчүмүн. Бир ирет да ошентип кетип калдым, бирок жолдошум келген жок. Бир күн өттү, бир жума өттү, акыры чыдабай өзүм бардым. Унчукпады. Анан кайрадан таарыныша кеттик. Мен дагы кетип калдым. Бул жолу жолдошум менин кийим-кечемди жыйнап алып келди. Мунусуна түшүнүп-түшүнө албай турсам: “Ушул жакта эле жашай берчи ээ? Тажадым. Эми артымдан барба, мен да кайрылып келбейм”, — деп кетип калды. Ошондо гана туура эмес кылып жүргөнүмдү сездим. Кечирим сурап чалдым, жолугуп сүйлөшүүгө аракет кылдым, майнап чыккан жок. Балдарына келип турат, бирок мага ооз ачып койбойт. Мен да эч нерсе дей албайм…
Asul9316: Сенин үй-бүлөң башка адамдар үчүн ачылбаган сыр болуусу керек болчу. Жолдошуңа ишенбесең, анда эмнеге ага турмушка чыктың.
Jiznmy: Азыркы кыздар эмне болсо эле үйүнө ташый беришет. Бүгүн күйөөсүн жамандап, эртең кайра эле анын койнунда жатат. Бир нерсе кылардан мурда кичине ойлонсоңор.
Erma93: Кыздар сөз эмес, төш ташыш керек. Жашоодо чыдамкай болуш керек.
Айсулуу: “Жолдошумду сүйүп кете алган жокмун”
– Мени жолдошум ала качып алган. Жок, минтип айтканым болбойт, тагыраагы, мени жолдошума ала качып алып келип беришкен. Көрсө, жолдошум деле үйлөнөрүн билбей иште жүрүптүр. Жумушунан келсе эле көшөгөдө аялы бар болуп калган экен. Ушинтип башталган жашообуз сегиз жылга уланып, үч балалуу болдук. Бирок бизде бири-бирибизге карата таптакыр сезим жанган жок. Мен аны кандай сүйө албасам, ал да мени сүйө албай кыйналып жүргөнүн ачык эле сезчүмүн. Бизди бири-бирибизге байлаган үч балабыз гана болду. Анан ал да, мен да жумуштарыбыз менен алек болуп күн өтө берди. Көбүнчө ал жумуштан кеч келчү. Түнгө чейин калып калса да, ага чалып эмне кылып жатканын, качан келерин кызыгып сурачу эмесмин. Ал да эмне кылып жүргөнүн айтып отурчу эмес. Кыскасы, бир үй-бүлө болгонубуз менен эки башка жашоодо жашадык. Мындай кунарсыз жашоодон тажап кетип калууну эле ойлой берчүмүн. Бирок ал мага кол көтөрмөк турсун катуу айтчу эмес. Антсе да анын мага аялындай эмес, жардамга муктаж адамга аргасыздан жардам кылып жаткандай мамиле кылганына басынып кетчүмүн. Ошентип жүрүп бир күнү болгон оюмду ортого салдым. Экөөбүз ачык сүйлөшүп, тынч эле эки башка жолго түшүп кеттик. Ал мени кармаган жок, мен да кармалбадым.
Aiza96: Кап, башкалардай болуп сага кол көтөрбөсө, сүйүп кетүүгө болмок экен. Жумуш деп жүрө бербей, кичине аракет кылбайт белеңер. Эмнеге өзүң деле аракет кылган жоксуң?
S65a56: Ала качуудан канчалаган кыздардын тагдыры талкаланып жатат. Тааныбасаң ошондо эле кетип калбайт белең.
Kenje: Кызыксың го, кайда жүрөрүн сен билгиң келбесе, сага отчёт бермек беле.
Жылдыз: “Жолдошум чет жерден жаш кызга үйлөнүп алыптыр”
– Жолдошум каршылыгыма карабай акча топтоону максат кылып чет жерге кеткен. Анда кызыбыз бир жашка да чыга элек эле. Башында тез-тез телефон чалып акыбалыбызды сурап, жумушу жакшы болуп жатканын айтып, көп суммада акча салып турду. Бара-бара чалганы азайып, акчаны да ченеп сала баштады. Эсим болсо ошондо эле ойлонуп, мунун арты жакшы болбосун байкасам болмок экен. Анын “жумуш көп, убакыт жок” дегенине ишенип жүрө бериптирмин. Көз ачып жумганча эки жыл өтүп сагынычтан кыйналып кеттим. Жолдошумду кел дей албай же ага бара албай жүргөн бир күнү анын досуна жолуктум. Ал колума бир калың конверт берди да, көзүмө тике карай албай жөнөп кетти. Анда туура 1,5 миң доллар жана кат бар экен. Катта: “Мени кечир, акылымдан айнып жаш кыз менен жашап, балалуу болдум. Ал менин үй-бүлөм бар экенин билет. Мени сендей сүйөт, мен үчүн бардыгына даяр, аны кыя албайм. Мен аны экинчи аял кылып алам. Экөөңдү тең карайм. Сенден жооп күтөм”, – деп жазылыптыр. Нес болуп туруп калдым. Анын сунушуна макул болуум мүмкүн эмес эле. Ким эле күйөөсүн бирөө менен бөлүшкүсү келсин. Толук меники болбогон соң таптакыр меники болбой эле койсун дедим.