Түштүк кызы 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

6-бөлүм

Жакында айлыбызды дүңгүрөткөн мындай иш болду.

Менин бармактайымдан бирге өскөн, бири-бирибизден тырмактын учундай сыр жашырышпаган, эки-үч күн көрүшпөй калсак куса болуп, сагынышкан жанажан Айзада деген курбум бар эле. Биздин ажырагыс курбу экенибизди баары билчү.

Айлымда эки бала бар,

Экөөнүн бою барабар.

Аттиңай,

Ал кыздарга кол жетпей,

Биздин жүрөк жарадар.

Ушинтип кимдир бирөө биз тууралуу кошуп, анан экөөбуздүн бүткүл сымбатыбызды, кыял-жоругубузду сыпаттап ырдаптыр. Ушул ырды ооздон түшүрбөй тойлордо боз уландар ырдап жүрүшөт.

Чыны Айзада экөөбүздүн боюбуз да барабар. Айырмабыз, ал кара тору, мен ак жуумал. Экөөбүздүн жымылдап майда өрүлүп, ийри такымыбызга жеткен чачыбыздан эч ким айып табалбайт.

Биз бири-бирибизге шай келген курбуларбыз. Баса, Айзаданын бир өксүгү бар. Атасы ушул колхоздо раис болуп туруп, кырк үчүнчү жылы согушка кетип каза тааптыр. Апасы үч-төрт жыл кара кийип, оокат тиричиликтен кыйналганда, эрге тийиптир. Азыркы эринен эки баласы бар. Айзада атасын эстеп, ыйлап отуруп, эч болбосо жансыз сүрөт калбаптыр, чоңойтуп дубалга илип коюга деп арман кылып калат. Бул, айла түгөнгөндөгү сөз да.

Бири-бирибизден тырмактые учундай сыр жашырбайбыз дебедимби? Ооба, ошондой элек…

Айзаданын Оштогу пединституттун үчүнчү курсунда окуган өзүбүздүн жерлик Кемел деген менен үзбөй кат алышып, өмүрлүккө кол кармашабыз деп, антташып жүргөнүн бир гана мен билчүмүн. Айзада өрөпкүп, сүйгөнүнөн келген ар бир катты келээри менен мага окутууга шашчу.

Кемел сыртынан караганда койдой момун, көп сүйлөбөгөн жигит. Айрыкча, анын мурдунун үстү дайыма тердеп, уялыңкы кебетесичи. Анын Айзадага жазган ашыктык каттарын окуганымда, ой тооба деп, таң калчумун. Сыягы ашыктык адамдын тунук сезимдерин ого бетер козгоп, көңүлүн көтөрөт окшойт.

Кемелдин каттарынын негизги мазмууну шаарда ашык жарлар эч кимден тартынбай кол кармашып, ачык-айрым баса беришет, муну эч ким жаман жөрөлгө деп санабайт. Студентиер Токтогул, Навои парктарын аралап, Ак-Буура дарыясын бойлошуп, көңүл ачышат, эс алышат.

Аларга көзүм күйүп, мен көп учурда жалгыз жүрөм. Айзада окууга келсе, биз дагы элчилеп колтукташып, мынабу көчөлөрдө бассак, тиги скамейкаларда сыр чечишип отурсак деп ойлонсом, жүрөгүм толкуйт. Бетим чымырап, кыялым асманга учат. Сүйгөнүм, мынча мени зарыктырбай, жаш жанымды азапка салбай, тезирээк эле келсең экен.

Ооба, бул каттар жүрөктүн назик тамырларынан атырылып чыккан ашыктыктын, «сүйгөнүмө тезирээк жетсем экен!» деп эки көзү чачыраган, жаш жигиттин жалындуу каттары эле. Айзада Кемелдин мындай каттарын окуганда, эки бети оттой албырып, балбылдаган чоң көздөрү жалжылдап, кыялданып, ошол замат зымырап учуп барып, сүйгөнүнө жанашып, Ак-Бууранын боюнда сейилдеп жүргөндөй толкунданчу. Кээде таптак секирип, мени бекем сыга кучактап:

-Гүкүшжан, ушул тилегиме жетсем, арманым болбос!- деп, ак пейли менен жалбарчу.

Анын кыз башы менен ашыктыкка башы айланып, мынчалык элиргенин жактырбай, суз гана:

-Катка ушунчалык болосуңбу? Калп эле алдап кат жазып жатканын кайдан билесиң? Жигиттерге ишенүүгө болбойт,- дечүмүн өзүмдүн башымдан өткөн бир окуяны эстеп.

-Кемел калп жазбайт, мен ага ишенем,- дечү ишеничтүү. Ичимен анын көңүлү токтугуна суктанчумун.

Кемел катынын арасына дайыма улуу жазуучулардын ашыктык, достук, адилеттик жөнүндө айткан эң акылман ойлорун көчүрүп, үзбөй жазып турат. Ырас, биз ага жооп жазаарда мындай акылдуу сөздөрдү таба албай түйшүк тартабыз, кыйналабыз. Жүрөктүн учунда не бир укмуш-укмуш сөздөр, ойлор катылып тургансыйт, бирок калем кармап, ак бараккс үңүлгөндө эле бардыгы эртеңки суюк тумандай кайда тарап кеткенин билбей каласың.

Экөөбүз акылдашып, башыбызды тырмап, ойлонуп-ойлонуп кат жазабыз, кайра окуп көрсөк, көңүлүбүз тойбойт, ушунчалык сөзгө жардыбыз, ачууланып тытып салабыз. Көңүл тынчыбай кайра жазабыз. Жакпайт… Ошентип, бир жума өтөт. Шордуу Кемелден дагы жалбарган, күнөм санаган кат келет. Анын уйкусу келбей, күн сайын кат күтүп, тамагынан аш өтпөй, саргарып жүргөнүн билебиз. Боорум эзилип, өзүмдү токтото албай, негедир кыткылыктап күлөм. Кантип эле тамак ичпей жүрсүн?

-Эмне үчүн?- дейт Айзада тыржыйып…

-Күлөм да, кантип эле тамак ичпей кезере саргайып жүрсүн.

-Жүрсө жүрөт да,- дейт кабагын чытып.

Кемелиң жалганчы, ал ошентип жалбара кат жазып коюп, азыр мурдунун үстү тердеп, столовойдо башка кызга кыйшактап коюп, тамак ичип отурганын кайдан билесиң деп, бетине айткым келет да, ансыз деле азап чегип жүргөн досумду аяп, унчукпайм. Кайдагы дейди сөздөрдү айтып, көңүлүн көтөрөм, учурун таап Кемелди да сөзүмө кыстарып, мактап өтөм. Анын ар бир кыял-жоругуна атыйы токтолом. Сыркы кебетесинин сулуулугун сүрөттөп өтөм да»

-Ушундай жигитке туш болгон бактылуусуң ортакжан,- дейм

Айзада жаш баладай ак көңүл эмеспи

-Гүкүшжан, ушундай адамгерчилигиңди эч унутпайм деп ыраазычылыгын билдирет.

Кээде кычагандай Кемелден кат кечигет. Бир жума өтөт кат жок, эки жума өтөт кат жок… Бул мезгилде Айзада жаркылдап күлбөй, кабагы салыңкы суз жүрөт. Ойлогону Кемел… Бир гана өзүмдөн кыпындай сыр жашырбайт.

-Гүкүш, кат келбейт да,- деп амалсыз сурайт. Эмне үчүн кат келбегенин мен билип коюпмунбу?

-Колу бошобой жаткандыр,- деп көңүл улайм. Буга ал ишенбейт

-Кат жазышка колу бошобой калмак беле?- деп нараазы болгондой сүйлөнөт да,-ооруп-сооруп калбады бекен?- деп тынчсызданат. Мен теңтушумдун мынчалык күйөрман, мээрбан болуп кеткенин жактырбайм да:

— Сабыр кыл, сабырдын түбү сары алтын эмеспи,-деп какшыктайм. Заматта Айзаданын көзүнө жаш тегеренип:

-Кат келбей жатса анан кантип сабыр кылам. Сен менин ичимдеги уйгу-туйгуларды түшүнмөк белең?-деп көз жашын аарчып:-Түндө түш көрдүм. Ак-Бууранын бийик көпүрөсүнүн үстүндө турам. Эл кым-гуут. Издегеним Кемел. Бир оокумда ал ойсоңдоп күлгөн сулуу кыз менен басып баратат. Кыйкырам, укпайт. Мен жеткиче алар көпчүлүктүн арасына сиңип кетишет. Ойгонсом түшүм экен… Таң аткыча кирпик какпай чыктым. Дагы сабыр кыл дейсиң.

Ичимден теңтушумдун баладай жоругуна күлкүм келет. Эселек десе, түшкө да ушунча болобу? Ырас, анын азап чеккен кебетесине боорум ооруйт.

-Ойго келбеген нерселер түшкө кире берет. Мен түшүмдө өлүп да калам,- деп араң сооротом.

Көп өтпөй Кемелден кат келет. Айзада жер тепкилеп сүйүнүп, улам кайталап окуй берет, окуй берет. Ал ээн талаада өскөн кызыл гүлдөй өңүнө кирип, кулпура түшөт. Карап туруп көзүм күйөт.

Менин эмнем кем Айзададан? Эмне үчүн жүрөгүм каалаган киши менен сырдашып, кат жазбайм… Ал жүрөгүмдө өкүнүч калтырган окуядан кийин, көп эле жакшы балдар жалынып-жалбарып кат жазышты. Арасында көңүлүмө жаккандары деле бар эмес беле? Далай каттарды жооп жазбай, тытып таштабадымбы. Эмнеге ичимде болгон уйгу-туйгу сезимдерди басып жүрөм? Эмне үчүн теңтушум Айзадача ашыктыктын азабын тартпайм, кубанычын сезбейм?

Айзада:»Онунчуну бүтүп, Оштогу пединституттун биология факультетине кирем. Кемел экөөбүз ээрчишип жүрөбүз, окуйбуз, анан келечекте бир орто мектепте мугалим болуп иштейбиз» ,- деп мактанганда, мен өилим байлангандай жер карап унчукпайм.

Төртүнчү чейректин башында Айзаданын башын кайгы басты. Мындай кокустук болот деп, анын түшүнө да кирбесе керек. «Эмне кылам теңтушжан?» — деп акыл сурап, көз жашын чубуртуп, өксүп-өксүп ыйлайт. Эптеп айла таап, туюк аскада камалган теңтушумду колунан тартып алсам дейм, бирок амалым жок. Алсызмын, менин колумдан эмне келет. Адатвмча:» Сабыр кыл, сабырдын түбү сары алтын» дешке дитим барбайт. Бул жолу антип айтууга мүмкүн эмес. Айтсам да, ал сабыр кылбасына көзүм жетет.

Биздин айылда атактуу Эсенаман атка кнгон бир жигит бар. Сырткы келбети адам кызыккыдай эле неме. Ал орто мектепти бизден үч жыл бүтүп, ошондон бери эч жерде окубай, иштебей, ата-энесинин тбрүндб бойго жеткен кыздай болуп, созулуп журөт. Ырас, кийгени жакшы кастюм, пальто, мингени «Победа» машина… Азырынча эч нерседен камы жок. Кааласа Фергана, Анжиян, Ош шаарларын бир күндө тегерерип, көңүл ачып келет. Анын атасы райондо көп жылдан бери райком болуп иштейт. «Абдылда аке район эмес, бүткүл обласка келиң-алыңы, дасторкону менен таанылган өтүмдүү кишт… Областтан келген чоңдор да аны менен кол алып көрүшөт»- деп атаи сукөана айтып жүрөт. Оңон үчүн Сенамандын талтаңдап жүрүшүнө эч ктм тыю.салбайт имиш. Кайсы бир шаарда Эсенаман бирөөлөрдүникызын талашып, камалып калганда атасы куткарып келиптип, айтып жүрүшөт. Анын уятсыз кылык-жоруктарын айта берсең бет чыдабайт. Эсенаман жалгыз уул болгондуктан ата-энесин анын көзүн карашат имиш. Жалгыз баланын баары бейбаш, эрке өсөт бейм. Биздин Туратбек чоңойгондо ушул Эсенамандын таз кебетесин киеби деп корком.

Абдылда аке Эсенаманды эл катары адам кылам деп, не бир аракеттерди кылбады дейсиң. Фрунзеге биринчи жолу окууга жибергенде, чөнтөгүнө беш миң салып жибериптир деген кеп бар. Эсенаман акең шаарда көрүнгөн балдар менен ээрчишип, пиво ичип жүрүп, акчасы түгөнгөндө чемоданын салбаңдатып үйгө келгенин бир көргөнмүн. Ал кантип экзамен тапшырганы тууралуу бир кызык кеп айтылып жүрөт.

Эсенаман менен бир бүткөн Муратбек деген бала бар. Ал дурусураак окучу. Экөө тең арызды мединститутка тапшырат. Химиядан экзамен башталганда Муратбек биринчи кирет да, жаман алып чыгат. Бер жакта эси чыгып турган Эсенаман жанынан түңүлүп:

-Сен жаман алгандан кийин, мен убара болбой эле коеюн,- деп экзаменге кирбей кетенчиктейт

-Ой, кудай урган неме экенсиң. Коркпой кире бер. Кокус оң келип, дурус баа алып калаарсың,- деп Муратбек кыстаса да ал улам кетенчиктеп:

-Жок, бекер убара болгум келбейт. Өлсөм да кирбейм деп, документин кошо алыптыр,-деген айың айыл арасында айтылып жүрөт. Фрунзеге окууга барабыз деген балдарга баягы Эсенаманча болбогула, тобокел деп, экзаменге кирип көргүлө,-деп урук-туугандары эскертип калышат.

Атактуу Эсенаман

Чатактуу Эсенаман

Арыбай, карыбай

Жүрөсүңбү сен аман,

-деп кимдир бирөөө маскарлап чыгарган ырды айылдагылардын баары билишет.

Атасы айласы түгөнгөндө уулун үйлөп, оокат тиричилигиңди кыл деп бөлүп коет. Эсенаман оокат-тиричилик кылмак беле, тирүү өлүгүн атасына артып, бир күн Ошто, бир кун төштө «Победасына» тааныш аялдарды салып жүрө берет. Аялы саргаят, муңун ичине катып күтөт, күтөт. Акыры үмүтү үзүлгөндө, атасыныкына барып, такыр келбей коюптур.

Ошол Эсенамандын атасы Абдылда аба байбичеси экөө жашыруун келип, 20 миң сом калың берип, Айзаданын башын байлап кетиптир. Бул кудаалашуу өтө жашыруун иштелиптир. Эгерде бирөөгө оозуңдан чыгарсаң асынып өлөм деп Гүлсүн эже карганып коюптур.

Той болбойт экен. Окуу жабылары менен Айзаданы Эсенаман машинасына отургузуп, пас тараптагы эски тааныштарыныкына эч кимге билгизбей алып кетет экен. Элге өздөрү убадалашып жүрүп, качып кетиптир деп таралат экен. Бирок, Гүлсүн эже «Кайран кызымдан айрылдым, айрылдым» деп чачын жулуп, көчөгө кыйкырып чыгууга убада бериптир.

Бул эмне деген жүзүкаралык, жалакорлук! Эптеп өз айыбын жабыш үчүн эскилик эмне гана аракеттерди кылбайт. Уландысы бар

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️