Сыноо 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО

5-БОЛУМ

— Ата, Сатыбектин кызы, — Залкар жер карады.

— Ээ кокуй, тигил Сатыбектинби? — деп Сапийна бетин чымчый уулуна карады, ал алкаш Сатыбекпи деп ийе жаздаган эле.

— Балам, Сатыбек менен биз кантип куда болобуз? — деди Нуралы.

— Эмне болот эле, Сырга мага жагат, жакшы кыз, — Залкар күңкүлдөдү.

— Ай бала, анын энеси дагы эри менен кошо ээрчип ичет, — деди Зуура, — Садага болоюн десе, элге бизди шерменде кылба, кызы деле нары тур деп укканмын.

— Ошону айтсаң, энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт дейт балам, — Сапийна Залкарды мээримин төгө жылмая карады, — Ал кыз жакшы болсо дагы бир жөн эле.

— Сырга жакшы эле кыз апа, — Залкар үңкүйө карады.

— Кыз экенинде баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат деген балам, — деди Зуура, — Алганың жакшы чыкпаса мырза жигит кор болот, айткан бир сөзү кем болот, алганы жакшы эркектин жаман эрди хан кылат дейт, үйлөнүү оңой оюн эмес, түбөлүк өзүң үчүн алганыңдын жакшы болушу, жаман аял эл ичинде басынтат, кем кылып баш көтөрүп жүрө албай каласың балам.

— Балам, — деди Нуралы, — Ойлонуп иш кыл, келин алуу башка баш кошулуу, абийир намыс үчүн эл алдына дос душманды чакырып кубанычын бөлүшүү, атам замандан бери атаң элдин алды болбосо да ортосу болуп адам катары келе жатат, сен ошол намысын тебелегиң келбесе Сатыбектин кызын албайсың!

— Эмнеге?

— Ошол! — деди Нуралы.

— Өзүбүз табабыз, — Сапийна чыкты бир жактан.

— Анда мен үйлөнбөйм! — деп Залкар ордунан туруп бара жатканда:

— Отур! — деди Нуралы өктөм, Залкар кайра отуруп кайсаңдай калды, — Макул, биз барып көрөлү, бүгүн акем менен жеңем экөө барып келсин.

— Карап койсоң сүйдү деп, күлүп койсоң күйдү деп үйүнө барсак куда түштү деп ойлобосун, — деди Сапийна.

— Кызды көрөт, жакса куда түшөт, жакпаса кайра тартат, Залкарды кошуп алгыла, эшик төрүн көрсүн, — деди Нуралы.

— Туура, — деди Туралы, — Кана эмесе көрүп келели, — Зуура козголду, Табылды басып калган, жаны тынбай кол байлаган кези. Туралы менен Зуура экөө Залкарды ээрчитип жөн жай эле барып көрмөк болушту, Сатыбектин үйү жолдун боюнда эле, Залкар тарткынчыктап баргысы келбей илкий басып келе жатат, алдыда Зуура келе жатып эми эшигинин алдына жеткенде үйүнөн кыйкырышкан үндөр чыгып калды, Залкар короосу тозулбаган тамды айлана берип Сырганын бирөө менен турганын көрүп токтоп калды:

— Айбек, мен сени сүйөм, — деген Сырганын сөзү анын жүрөгүн тилип кеткендей болду, — Сен мени таштабайсыңбы?

— Жок жаным, сени мен таштабайм, кечинде келсем өзүң чыгасыңбы?

— Ооба чыгам!

— Жаным, дагы бир жыргап алалычы ээ?

— Азыр, атамдарды уктатып коеюн.

— Макул, мен күтүп турам, — дегенди угуп кайра бери жакка келсе:

— Ой бала кайда жүрөсүң, кирбейлиби ичке, — деди Зуура.

— Кеттик чоң апа, — дегенче үй артынан Сырга келип аларды көрүп элээ туруп калды, Зуура экөөнү жолугуп сүйлөшкөн экен деп ойлоп ийди.

— Ийи айланайын, атаңдар үйдө беле? — Зуура билмексен боло сурады, ансыз дагы алардын үйдөн ызы-чуусу угулуп турган.

— Ии-ий, кандай жумуш менен келдиңиздер эле, келгиле.

— Сени эле көрөлү деп келгенбиз айланайын, эми кете берели.

— Ооба-ооба, кетели, — деди Туралы, Залкар болсо алда качан жолго чыгып кеткен, — Залкар кана?

— Ал эми эле бул жерде болчу, — деп Зуура жөнөй берди, аларды көрүп Залкар башын жерге сала алдыда бара жатканын көрүп берки экөө ымдашып коюп бара жатышты, алардын ою тигилердин урушун угуп ирээнжиди деген эле, бирок анын жүрөгүндө кандай бороон уулуган аяздуу шамал тээп чыгып кандай болгонуна башы жетпей турган эле. Ал башын жерге салган бойдон эле алардын артында үн сөзсүз түшүп бара жатты.

— Ээ балам, сабырың суз да? — деди Туралы.

— Кыз менен сүйлөштүңбү? — Зуура сурады.

— Жок, — деп кыска жооп кылды залкар, ал: «Булардын көрбөй калганы жакшы болду, мен ага ишенип жүрсө ал башканы сүйөм дегенин кара, атамдар туура айткан экен, тарбиясы болбосо болбойт тура», — деп ойлонуп келе жатып үйгө жетишти, ал үйгө келгенден кийин ал болгону көп сөзгө өткөрбөй эле, — Өзүңөр таба бергиле, — деп койду. Ошентип алар өздөрүнө караштуу Сапийнанын тагасынын улуу кызынын кызына куда түшмөк болушту, оңдой берди болуп алар камынып жатканда Кадырбек тойго чакырып калды, Нуралылар атайын Залкарды ээрчитип алышты, келин алып той берген Кадырбек Сапийнанын бир тууган тагасынын улуу кызынын күйөөсү, тагасы Тагайбек, өзүнүн агасы Темиралы менен Өмүралы дагы келишкен экен, атасынын көзү өтүп кеткен, апасы Зарылбү бар. Той өтө жогорку деңгээлде өттү, ошол учурда Сапийна Залкарга өзү акырын Атыркүлдү көрсөтүп:

— Барып таанышып сүйлөш балам, жаман кыз эмес, эне-атасын көрдүң, жакшы кишилер, — деди.

— Кантип сүйлөшөм?

— Барып эле мени айт, экөөбүз жакын болот экенбиз де.

— Макул, анан барам, — Залкарбек кашаң аттай ары басты, ал али да Сырганы унута албай жүргөн эле. Тойго келгендердин асты тарай баштап Кадырбектин куда сөөктөрү, жакын туугандары менен кайын журту калып оюн-зоок болуп жаштар ырдап бийлеп жатышкан эле. Нуралы сыр бербей тойго кошумчасын кошуп сый конок болуп жатты, Залкар сыртта жүрүп жаштар менен оюн күлкүгө батып жүрүп Алтынкүлдөн көзүн албай ээндей калганда жанына барды.

— Канда бөлөш?

— Жакшы.

— Мен Сапийна…

— Билем-билем.

— Анда тааныш болуп жүрөдү.

— Жарайт, — Атыркүл Залкарды көз кыйыгы менен карап койду.

— Менин атым Атыркүл, — деди анан ага кайрыла.

— Атыркүл.

— Мектепти бүткөнсүңбү?

— Быйыл бүттүм.

— Тең экенбиз да.

— Чынбы? — Кыз таңгалгандай карап койду.

— Эмне улуу көрүнөмбү?

— Жо-ок, мен окуучу деп ойлогом.

— Койчу?

— Ооба, жаш көрүндүңүз.

— Туура, кыздар эрте жетилет да.

— Эмне?! — Кыз аны коркунучтуу нерседен корккон бөжөктөй карап калды.

— Кечир, негизи кыздар турмушка да, жашоого дагы эрте аралашат дегеним го.

— Билбейт экенмин.

— Жигитиң барбы Атыркүл?

— Мен окуудамын.

— Кайсыда?

— Училищада.

— Аа-а, тойго эле келгенсиң го?

— Ооба, агамдын тоюна кантип келбейин.

— Баары бир жигитиң бар чыгар, — дегенде анын жообун укканча алардын жанына бир жигит басып келди.

— Атыркүл кандайсың?

— Жакшы, өзүң кандай?

— Жүрөбүз, окууга качан кетесиң?

— Бир аз күн жүрөм го, — Атыркүл күлө экөөнө карады, — Залкар, бул Дайыр, менин классташым, бул болсо бөлөм Залкар.

— Таанышканыма кубанычтамын, — Дайыр колун сунду, — Дайыр.

— Залкар.

— Кыздардан кимдерди көрүп жүрөсүң Дайыр? — деди Атыркүл.

— Зарина менен Гүлжан күйөөгө тийген, калган кыздар ар жакка кетишсе керек, окуп чокуп дегендей, айылда мендей бекерпоз Шадыбек, Эржан менен Тилектер эле калдык, Кедейкан болсо үйлөнгөн.

— Кимге үйлөндү?

— Кочкордон алды го.

— Жакшы, бактылуу болсун, — Алар сүйлөшүп турганда Залкар кайсаңдай ар жак бер жакты карап: «Мунусу кайдан келе калды, же мунун дагы көңүлү барбы», — деп туруп калды.

— Атыркүл, колуң бошосо бир жолугалы.

— Жо-ок Дайыр, колум бошобойт, эки-үч күнгө чейин коноктор тыйылбайт чыгар, эмне жумушуң бар эле?

— Өзүң билесиң да…

— Дайыр, мындай сөзгө убактым жок.

— Билем сен мени тоготпойсуң, — Дайыр ушинткенде Залкар ары басып кетти, анткен менен алыстаган жок, алардын сөзү угула турган жерде турган, — Мен сени сүйөөрүмдү билесиң да.

— А мен сени сүйбөйм, агамдар көрсө сага жаман айтып коет, кетип кал! — деп Атыркүл ары басып үйүн көздөй кирип кетти, ага Залкар кубанып калды: «Демек бул жакшы кыз экен, атамдар айткандай тарбиялуу кыз тура», — деп ойлонуп алып кудуңдай үйгө кирип ата-энеси отурган конок бөлмөгө баш бакты.

 

УЛАНДЫСЫ БАР……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️