Сыноо 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

4-БОЛУМ

— Ооба, антпесе кантип болсун, — дегиче эшикти ачып:

— Кулдугубуз бар кудалар, кол куушуруп алдыңарга келдик! — деп жанагы келген жигит колун бооруна ала жылмая карады.

— Кулдугуңар кудайга, киргиле кудалар! — деп Туралы менен Сейитбек тура калышып утурлады, Сапийна төргө көлдөлөң төшөй баштады, Зуура баласын жаткырып коюп дасторконун жайын кирди, Нуралы конокторду үйгө баштап кирсе, Сейитбек тайды мамыга байлап анан киришти. Ал күнү кудаларын коноктоп жөнөтөөрдө канча киши бараарын сурашты эле он киши бараарын айтып узатты. Кечки саат жетилерде эки машина менен кыз кууп барышты эле кудасы Сартпай болбой өз унаасын жөнөтүп Нуралы менен Сапийнаны алдырып алды, кудаларын сыйлап анан кийиттерин адемилеп кийгизген Сартпай алдына беш миң рубль койду. Ошентип кыз жаманы кыроо деп илгеркилер айткандай жаңы жааган кар күн жылт этсе кеткен кеткен сымал Зайна кечээ гана секелек кыз эле, эшик аттап келин болуп калды. Ойноок эркелеген жазгы жел сымао секелек кыз турмуш көчүнүн жашоо деген арабасына түшүп өмүр жолунун алгачкы барактарын ачууга киришти. Сапийна эртелеп көзү ачыктай даярдап койгонуна кубанып бир жумага жетпей көшөгөсүнө кошуп жетим себин жеткирди. Сандыгына шуру мончок менен колго түйгөн бет аарчы, күзгү, тарак кошуп Жайна кошо бары келди. Бир чоң жүктөн кутулгандай эс ала түшкөнү менен кызынын күйөөгө өтө жаш чыкканына ичи тыз этип алат. Зуура Зайнага өзү жасаган шырдак ала кийизин берди, бул турмушта күтпөгөн нерселер болуп кеткендей эле Нуралы менен Сапийна маң болуп отуруп калышты. Кайдан ойломок эле, ошол көчөт кызын эрге тийе качат деп, бирок барган жери жакшы, күйөө баласы өзүнө теңдүү керилген жигит экенин көргөндө ата-эненин көңүлү тына түшкөн. Эмил аскерден жаңы келип эле Зайна менен жолугуп сүйүп калды, ошентип эки жаштын арзуусу бири-биринен ажырагыс кылган эле. Залкар бир күнү ата-энеси болуп чогуу отурганда:

— Ата, кыздар күйөөгө тийсе боло берет турбайбы ээ? — деди күлүп.

— Эмне болду, сенин дагы үйлөнгүң келип жатабы? — Нуралы уулун сынай карап калды.

— Жо-ок, — Залкар кызара ылдый карады.

— Түшүндүм балам, сенин оюңду…

— Түшүнгөндө эмне кылмак элең, сен аскерге барып келсең анан үйлөнөсүң да, — деди Сапийна.

— Ооба, мен эмне деп жатам анан? — Залкар тултуя сыртка чыгып кетти.

— Тобо-о, — деп алды Сапийна, — Акыр замандын балдарын кара, бешиктен бели чыкпай жатып кыздары сүйүп калдым деп эрге тийсе эркектери катын алам дегенин кантесиң.

— Тим кой байбиче, азыр булар ошондой куракта да.

— Курагы менен курусун, биз күйөөгө тиесиң да деп койсо уялчубуз, — Сапийна күйөөсүнө карады, — Ой баягы күнү кызымды көзүнүн жашын көл кылып отурат го деп сары санаа болуп барсам мени тастаңдап тосуп алып мен Эмилди сүйөм, өзүм макул болуп келдим деп жатпайбы.

— Болоор иш болду го байбиче, кызыбызга кудай өмүр жаш, бак-таалай берсин эми.

— Бактылуу болсун го, көрүп таңгалганымды айтпа.

— Эмил деле жаш экен, турмушту түшүнүп кетишет.

— Ата-энеси деле жакшы адамдар тура.

— Оо-оо абдан жакшы адамдар экен байбиче, убакыт учкан куш деп бекеринен айтпаган экен, — Нуралы жылмайып алды, — Кечээ эле экөөбүз деле жапжаш элек турмушту түшүнбөгөн, минтип балдарыбыз бой жетип калыптыр, кудайга миң мертебе рахмат, ата-энем өлгөндө бир жаман болдум, бойго жетип калсам дагы жетимсиредим, Тукем мага алардын жоктугун билгизбей канат-кубат болду, ошондо бир кудайга ыраазы болгонум бар, — Оор күрсүнүп алды, — Өзүм жалгыз болбой бир тууганым бар экенине кубанып жүрдүм.

— Акеме дагы жакшы аял жолуккан экен да, жаңы келгенде кайненемдей эле болбодубу байкуш.

— Жеңем жакшы аял.

— Нуке.

— Ийи.

— Залкарга өзүбүз эле таппайлыбы?

— Эмнени?

— Эмнени дейт да, келин болчу кызды.

— Ошого болобу балаң?

— Эмнеге болбойт, болот эле.

— Адегенде сурап көрчү.

— Сурап билели ээ?

— Ошент, кыйыткандын ар жагында бирдеме бар байбиче.

— Ким билсин? — Сапийна ийин куушурду.

— Сүйлөшүп жүрүп эле сен келгенде аябай ыйлабадың беле? — Нуралы аялына күлө карады, — Мен дагы ойлопмун кетип калабы деп.

— Ошол кезде ошондой болсо керек, сага көңүлүм бар болсо деле чоочун үйгө келгенде коркконумду айтпа, эми бүгүн өз кызымды көрүп эсим ооду, — Сапийна дагы күлүп калды, — Оюма келсечи аны антет деп.

— Мейли, алтын кызым аман жүрүп бактылуу эле болсун.

— Бак айтсынчы, жөн эле ичим ачышып кетип жатпайбы.

— Мен деле улам эсиме кылт этип түшө калса ошентип жатам.

— Апа, Залкар акемди көрдүм! — деген Зыпар кирди эдиреңдеп.

— Каяктан?

— Көчөдөн, бир кыз менен турат.

— Кайсы кыз экен?

— Тааныбай калдым, Залкар акем мени кубалап ийбедиби, — Зыпар мурдун шыр тарта бутун чечип сумкасын койду.

— Качан кетип калды ал? — Сапийна күйөөсүнө суроолуу тигилди.

— Кеткендир да, — Нуралы култуңдай карады, — Мен деле сага жолугуу үчүн күнбү же түнбү убакытты тапчу элем го?

— Эми ал кез башка эле да, — Сапийна дагы өзүнчө жылмайып өткөн кезден бир үзүм көз алдына келе калгандай тунжурай калды.

— Кимдин кызы болду экен? — Нуралы анын оюн бузду.

— Ким билет?

— Чын эле, балаңа кыз жагып калган го?

— Эмнеси болсо дагы энеси жакшы болсун.

— Эмнеге? — Нуралы түшүнбөй калды.

— Кыздын энеси жакшы болсо келиниң жакшы болот.

— Ырас эле…

— Кудай буйруса үч келин аласың Нуке, кыздар го бирөөнүн бүлөсү.

— Кудайдан жакшы болушун тилейли байбиче.

— Ошол эле да, — Сапийна унчукпай калды, андан кийин кечки тамагына отурушту, негизи балдары ынтымактуу дагы болпоюп жоош, бири-бири менен чукулдашпай өз-өз ордуна отуруп калышат, бири-биринен сурап сабак даярдашат, улуусу кичүүсүнө түшүндүрүп берет, кыскасы ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей бул үй-бүлөө адам суктанчу бүлөө. Нуралы менен Сапийна он-он жети жылдап жашап келе жатса дагы бири-бирине өйдө караган эмес. Ошол убакта совхоздун жетекчилери келип мал санак жүрүп жаткан, эртеси түш оой келип калды, Нуралы койлорун айдап келип короодо камап турган:

— Оо Нуке кандай, мал-жан аманбы? — деп зоотехник Болот кош колдоп учурашты, — Кана, өзүң эле айт, санайлыбы же такпы?

— Тагы-ы так, бирок санаганыңар дурус болоор.

— Эми сен ишеничтүү жигитсиң да, — Болот кыйшаңдай каткырды, Нуралы анын сырын жакшы билчү, мындайда ага сөзсүз бир койду союп арак-шарабын алдына коюп койсо ыраазы болот, Нуралы дароо эле түшүндү да Залкарды чакырып бир нерсе деди эле ал апасына жүгүрүп барып анан бир козуну союп баштады, ал күнү Нуралынын сыйын көрүшүп кызынын турмушка чыкканын угушуп ага жакшы тилектерин айтып бакылдап отуруп анан кетишти, ал учурда Совет өкмөтү жакшы атасынан айрылып улам бирөө келип кетип отуруп акыры Горбачев башына келип калган, заман олку-солку болуп турган кез, малды жакшы текшерилбей эле: «Мал бөлүнөт экен», — деп бири айтса: «Ой малды бөлгөндө кийин укум-тукумуна чейин карыз болуп калат дейт», — дешип ар ким ар сөздү айтып эл дүргүп турган учур. Нуралы малын тактап, өзүнө тиешелүүсүн агасыныкына алып барып коюп күтүп калды, Залкар мектепти бүтүп мал карашып жүрдү, ошол кезде аскерге дагы чакыруу токтоп баш аламан чалкеш убак болуп турган эле, Нуралы совхоздон элүү кой, эки уй алып, жашаган сарайын приватташтырып алды. Туралыга жыйырма кой, бир уй бир жылкы тийди, өзүндө дагы бир топ малы бар эле, баарын Нуралы багат, ошол жылы Зайна уулдуу болуп бешик той берди, андан соң себин алып барып келишти, Залкар үйлөнөм дегенде бирге отуруп ортого алышты:

— Кана, кызың кимдин кызы балам? — деди Нураалы.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️