Сыноо 22 бөлүм АЯГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО

22-БОЛУМ.

— Ата-энеси акмак тура.

— Асема деле сүйбөгөн немеге макулдугун бербей койсо болмок экен.

— Анда эмне күнөө, анын дагы ата-энеси кыстагандыр?

— Мейли, Жайнак аны карабай койсо кантип окууга барат?

— Окубай калды го?

— Ай мейличи, иши кылса Жайнак аман болсо экен, — деп бышактайт Гүлмайрам.

— Ыйлабачы эми, кудай сактасын жаным, негизи Жайнактын сени сүйөөрүнө көзүбүз жетти, сенде эмне күнөө, бирдеме болсо ата-энеси өздөрү күнөөлүү.

— Койчу-у, Жайнакка эчтеке болбосунчу, анда мен канттим?

— Болду жаным, экөөңөр буйруса бактылуу болосуңар.

— Койгулачы, эми Гүлмайрамды ошолор жакшы көрмөк беле? — деп өздөрүнчө сүйлөшүп талашып-тартышып жатканда эшик ачылып эки аял, бир киши кирди, Гүлмайрам ыйлап отурган болчу.

— Кыздарым, Гүлмайрам ким? — деди ак жуумал аял.

— Мен…

— Жүрү кызым, — деди ал аял, — Жайнак аварияга учураптыр, сени сурап жатат.

— Авария, аманбы өзү? — деп барып ал эсине жоготуп койду.

— Алып чыгып ооруканага алып бара кокуй! — деп тигил аял коркуп кетип, алар менен бирге үч кыз дагы жөнөштү, жолдон эсине келген Гүлмайрам:

— Мени каякка алып барат, Жайнак аман бекен, айткылачы Жайнак аманбы? — деп безилдеп ыйлап жатканда тигил аял:

— Оолдо-о курган жаным ай, мен кылбадымбы, мен ушуга жеткирбедимби кызым, — деди буркурап ыйлап, — Жалгызымды өзүмдүн жек жаатыма үйлөнтөйүн дебедимби айланайын, эми аман калса эле болду.

— Ошончолук оорбу, ай кудай ай, жүр дегенде кете бербей, эмне болсо бирге болбойт белем? — Гүлмайрам дагы боздоп жатты.

— Гүлмайрам, тынчтанчы, — Аида аны карап ыйламсырады.

— Аман экен, сени сурап жатыптыр го, — деди Дамира.

— Коркпо, Жайнак күчтүү жигит, — Айсалкын бир жагынан кучактады, аңгыча алар ооруканага кирип келишти. Сабира ыйлап кирип бара жатканда кыздар Гүлмайрамды колтуктап жөлөп киришти, аларды көргөн эки-үчөө утурлай басты:

— Эмне болду, Жайнак эсине келдиби? — деди Сабира.

— Жакшы, ал эч кимди көргүсү келбейт.

— Жараты анча эмес экен.

— Оо жараткан, ушунуңа шүгүр! — деп ийди Сабира, — Киргизет бекен?

— Сиз барып сураңыз, — деди эле Сабира палатанын эшигин ачып медайымдан кичипейилдик менен:

— Кызым кирсе болобу? — деди.

— Эч ким кирбесин! — деген Жайнактын үнү угулганда Сабира болбой кирип барды, көзүнүн жашын куюлтуп:

— Уулум, мени кечир, мен куруюн, — деди араң.

— Мен эч ким менен сүйлөшпөйм! — Жайнак терс бурулду.

— Уулум!

— Кетиңиз, эмнеге мени сактап каласыңар, өлүшүм керек болчу! — деп сестрага кайрылды.

— Тынчтаныңыз, ансыз дагы нервиңизге доо кеткен, мээ чайкалган.

— Өлүп калсам болмок.

— Ок өлбөй кал балам, азыр Гүлмайрам келет.

— Эмне, ал келдиби? — Жайнактын көздөрү жайнай түштү.

— Ооба балам, мен алып келдим.

— Асемачы, аны кетирдиңерби?

— Эми кетирем балам, өзүң эле жакшы болуп кетчи садагаң, — Сабира эңкейип өөп анан чыгып кетти.

— Апа, Гүлмайрамды киргизбей эле койчу?— Эмнеге? — Сабира чоочуй карады: «Эми аны көргүсү келбей калдыбы», — деген ой турду анда.

— Менин ушул түрүмдү көрбөй эле койсунчу.

— Ал болбой жатпайбы балам.

— Мм, — деп унчукпай калды Жайнак, Сабира чыгып кетти, Гүлмайрам менен үч кыз ал чыгаары менен тегеректеп калышты.

— Жакшы бекен?

— Сүйлөштүңүзбү?

— Акыбалы кандай эже?

— Жакшы-жакшы айланайын, уулумдун силердей теңтуштары барына шүгүр, — Сабира Гүлмайрамды карады, — Сен бизди кечир кызым, биз жаңылдык, мен барып үйдөгү кызды жеткирейин, уулумду сыйлап барктап алсаң болду, — деди да аста басып үйүнө жөнөдү. Гүлмайрам кирип барып Жайнактын бети-башы таңылуу экенин көрүп:

— Жайнак, эмнеге мындай кылдың, минтээриңди билсем кошо бармак экенмин, аччы көзүңдү, мени кечирчи Жайнак, — деп ыйлап колдорун кармап отурганда ал күлүп жиберди:

— Мен сопсоомун!

— Жинди, а бул эмне? — Таңууларын көрсөттү.

— Жөн эле сыйрылган.

— Өзүңдү кандай сезип калдың?

— Эң сонун, — Жайнак күлүп койду.

— Коркуп кеттим Жайнак.

— Коркпо, мен сопсоомун!

Ошентип арадан он күн өткөндө Жайнак Гүлмайрамга үйлөндү, андан эки күндөн кийин Айсалкынга Аваз үйлөнүп ата-энеси кубанып кубалап келип анан кайра көп өтпөй үлпөт тоюн өткөрүштү. Кыздар бири-биринин тоюнда ырдап бийлеп көңүлдөрү көтөрүңкү, Акматбек Айсалкындын турмушка чыкканын угуп абдан катуу ойлонуп кайрадан ооруп калды: «Тең теңи менен деген ушул экен да, экинчи жолу сүйүүдөн жолум болбоду, айла канча бактылуу болсун, кызым менен тең кызга өзүм деле жакындоого дитим бармак эмес, бул болсо дагы жашоонун берген сыноосу чыгаар, эмки сүйүүм алган жарым менен балдарыма, жакшы жашап өтүүгө гана арналат, азгырыктан акыл менен кутулбасам жүзүм карайып балдарымдын алдында басып жүрө албай калмакмын», — деп ойлоп алды. Бул адамдыктын эң жогорку сапатынын бири эле, болбосо өзүн гана ойлоп башканын абийири менен иши жок, үй-бүлөөсүнүн көз жашына карабай байлыгын колко кылып багып жатканына, байлык барына дөөгүрсүп канчалаган ууз кыздардын убалын уруп ойнобой адам эмес көр пенде болуп өтүп кеткени, кээси өз күнөөлөрүн тирүүлөй муңжу, же түрмөдө, же болбосо аяксыз жоготуп жазасын тартканы канча? Ошондуктан аргасыз эсиңе улуу ойчул Баласагындын: «Пенде көп, адам аз», — деп жазып кеткен улуу сөзү эске түшөт. Акматбек байлыгы, өңү жылмалыгы менен жаз кызды эбак абийиринен ажыратып зордоп болсо дагы жашыруун аялы катары жашап алса болмок. Жаштыгы, сулуулугу өзүнүн денесине сыйбай, өмүрдө өзү каалагандай жашагысы келип бир орунда тура албаган өктөмдүгү менен ушул менин сүйүүм, сүйүүмө жетсем бактылуумун деп жүргөн кыз андан баш тартмак эмес. Ошентип эки адам кеч боло электе бири-бирин түшүнүшүп өз жолдору менен кетишти…

Калыйпа Гүлайымдын ооруп калганын угуп Гүлүйпа менен ооруканага келди, ал аларды көрүп кубанганынан ыйлап ийди, алар менен сүйлөшүп отурганда Айсалкын менен Аваз Айталиевич кирди.

— Кандай Тентиева? — деди жылмая Аваз.

— Жакшымын.

— Сиз сакайып кетесиз, көп ойлоно бербеңиз жарайбы?

— Жарайт.

— Мен анан келем, — Айсалкын күлө карап коюп Айталиевич менен чыгып кетти, Гүлайым көңүлү көтөрүлө апасына кайрылды.

— Апа көрдүңүзбү, мен жакшы болуп калдым.

— Ошент, садагаң кетейин сербейген, Бакыт болсо жүгүрүп жүрөт, аны Куму менен Наргиза жанындай көрөт, — деди Гүлүйпа үшкүрүнө.

— Жеңемдин боюнда барбы деги?

— Билбейм, жөн эле жүрөт го.

— Врачка көрүнбөйбү апа.— Өздөрү билет го, болбосо төрт жыл болуп бара жатат.

— Дуулат акемдер келиштиби?

— Алар бир жылда келсе бир келет, болбосо…

— Койчу эже, — Сөздү Калыйпа жула качты, — Аман жүрсө болду, менин балдарымды айтсаң, — Бышактап калды, — Бири өлүп тынса бири өлүү эмес же бир тирүү эмес болуп калды го?

— Пендебиз да-а, айтпай кантейин, үч балалуу болушту, бакыйган мугалим болду, бир келип неберелерибизди көрсөтпөйт, келсе өздөрү келип эле кайра кетет, катын эмес эле балээ албадыбы.

— Барып келбейсиңерби жездем экөөңөр.

— Телефон берген, ага сүйлөшсө үйдө эмеспиз, тияктабыз бияктабыз дей салат, анан кайдан табат элек?

— Кой Гүлү, биз эми кетели, — деди Калыйпа.

— Мейли апа, кабатыр болбой бара бериңиз.

— Сакайып кет кызым, Канайым менен Эркайым салам айтып өөп кой деди эле, келе албай жатат кызым, — Гүлүйпа эңкейип өөп анан жөнөй бергенде палатанын эшиги ачылып Күмүш эки келинине колтуктатып кирди:

— Садагаң болоюнум, сенин ооруңду мага бербейби кудайым, ичээримди ичип жээримди жедим эле, — деп ыйлап Гүлайымды өпкүлөп калды. Гүлүйпа бир аз аярлай калып аны менен учурашып анан кетти. Турат менен Канат врачка деп өзүнчө бир койду союп берип ийген эле, семиз койдун этин салып бир чара ашты эки келини көтөрүп кирди, палатадагылар ичип жегенден кийин батасын беришип ыраазы болуп отуруп сыртка чыгып кеткенде Айсалкын кирди:

— Кандайсыз анан? — Жылмая керебеттен кырына отурду.

— Жакшы, өзүң кандайсың?

— Баары жакшы, — Айсалкын күлүп койду, ал бирдеме дегиче Аваз Айталиевич менен бирге бир врач кирип келди. Алар Гүлайымды көрсөткөн болуп ага тааныштырып койду, Аваз бир нече айга чет өлкөгө кетээрин айтып ага табыштады. Муканбет Аскарович деген врач эле, аз күн өтүп өтпөй ал Гүлайымды ата-энесиникине Айсалкын менен Аваз болуп жеткирип дароо эле үйлөнөөрүн айтып сөз салды. Ошентип Гүлайым Муканбетке турмушка чыкты, аңгыча жаркыраган жаз да келип өмүрдүн кызыгыны батырып моокумун кандырган куштардын мукам үнү теребелди шаңга бөлөп, айлана кооздукка батып турган чак…

Калыйпа менен Насырынбек кайгы касиреттен чыга албай турган, аңгыча эле Заринанын уул төрөгөнүн угуп жетип барышты, алардын эмки кубанычы да, кайгысы да неберелери болчу, Асел болсо бирде күлүп, бирде ыйлап тагдырына наалат айтып коюп эки баласын таштап кете албай же биротоло калып кала албасын билбей жүргөндө ата-энеси келип анын башын азат кылуусун сурашты. Айла жок тагдырына баш ийип кайратын үч небереси курчутуп турган Калыйпа менен Насырынбек келинине уруксат берип эки небересин алып калды. Эрландын өлгөнүнө эки жылдан ашып калган эле. Турмуш дегениң кызык, окула элек китеп барагындай улам ачкан сайын ар кандай кубулуштарга бай эмеспи, пенденин ага көнбөскө аргасы да жок, ыйлап-сыктап бири төрт жашар, бири эки жарым жашар неберелерин багып жатканда Заринанын турмушка чыгып кеткенин угуп небересин алып баса беришти. Ошентип инисин агасы өлтүргөнү ачылбай кала берди, демейде милициянын эшигин тешип: «Баламды өлтүргөн канкорду качан табасыңар», — деген ата-эне өз-өз ичтеринен тынып тим болгон. Бул жашоо ошонусу менен дагы кызык экен да, бир үй-бүлөөдө бакыттан маңдай жарыла кубанып өмүр өтүп жатса бир үй-бүлөө көз жаштан өмүр курап күндүн кандай өтүп жатканын сезбей да калат. ошону үчүн илгерки даанышмандардын: «Бири кем дүйнө»,- дегенин эстеп тим болосуң. Эмесе кадырман калкым, эч качан ушул бири кем дүйнөнүн кыска өмүрүндө жакшылыктан башаты айланаңарда акмалап турсун!

 

АЯГЫ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️