20-БОЛУМ.
— Анда биз өз жигиттерибизди чакырабыз.
— Анан.
— Анан ошентип тааныштырабыз, — деп алакан чаап Гүлмайрам каткырып калды.
— Чын эле.
— Ошентиш керек.
— Акылыңа баракелде! — дешип кыздар кубаттап калышты, ошентип кыздар даярданып жатышты, эртеси дем алыш болгондуктан алардын телефонунун жаагы тынбай чырылдай берди, улам бири кезек менен сүйлөшүп кечкиге чакырып коюп тамактарын чогулуп жасап, үстөл үстүн даярдап анан өздөрү жасанып жатышты. Кечки саат сегиздерде эшиктери тыкылдап бирден өз жигиттерин тозуп алып жатты, эң акыркысы болуп Аваз Айталиевич келди. Кыздар жигиттери келгенде даяр үстөл үстүндөгү жабууну ала коюп бир ооздон:
— Гүлмайрам, туулган күнүң менен! — деп кол чаап курбусун кучактап өөп киргенде ыңгайсыз калган жигиттер дагы бирден куттуктады. Акырында Гүлмайрамдын жигити:
— Гүлү, неге айтып койбодуң? — деди таарынгандай.
— Эчтеке эмес, сенин келгениң мен үчүн бакыт, — деп Гүлмайрам күлүп аларды жалпы дасторконго чакырды, — Жигиттер, биздин силерди чакырган максатыбыз белек алуу эмес. төрт курбу абдан ынтымактуубуз, бири-бирибизди жигиттерибиз менен тааныштырмак болгонбуз, ал үчүн капа болбостон дасторконго! — деди. Гүлмайрамдын жигити Жайнак, Аиданыкы Абакир, Дамираныкы Алым, Аваз болуп таанышып дасторкондо бакылдашып отурушту. Андан кийин кыздарды алар кафеге чакырышты, кеч кайра жеткирип коюшту, Аваз Айсалкын менен унаада отурду:
— Аска, мен апама убада берип койдум.
— Эмне деп?
— Келин алып келем деп.
— Окуумду бүтүшүм керек го?
— Окуй бересиң, апамдын күткөнүн орундатуу керек.
— Качан?
— Эмки жумада.
— Мен инимдин үйлөнүү күнүнө барышым керек Аваз.
— Барып кел, кааласаң алып барып келейин.
— Жо-ок, өзүм эле барам, атамдар күтүп жатышкандыр?
— Эки күн калды.
— Эртең кетесиңби?
— Ооба, жооп алып койдум.
— Макул анда, мен кирип эс алайын, эртең жолго чыгам, — Айсалкын унаадан түшмөк болду, — Жакшы бар.
— Жакшы түш көр жаным, — Аваз дагы түшүп кыздын жанына келди, — Менин асылкечим, ардактуум! — Кызды кучагына кысты.
— Койчу Аваз, бирөөлөр көрсө уят.
— Көрсө эчтеке болбойт, сен менин күнүмсүң, — Кучагына бекем кысып алды, — Аска, сен мени сүйөсүңбү?
— Ыкы.
— Сүйө-өсүң.
— Жо-ок, кыз кыткылыктай андан бошонууга тырышты, — Кое бер дейм!— Сүйөм де, анан кое берем.
— Жок-жок!
— Айтпасаң кое бербейм, — Аваз катуулап кучактады.
— Ооба, мен сени сүйөм, сүйөм-сүйөм! — деп кыйкырып бошонуп жүгүрүп кетти.
— Мен дагы сени сүйөм Аска! — деп Аваз аны узата карап туруп анан унаасына отуруп жөнөп кетти. Үйүнө келгенде апасын уктап жаткан экен деп акырын өзүнүн бөлмөсүнө өтүп кетип бара жатканда:
— Аваз! — деди Мария аста үн салып.
— Апа, уктай элексизби? — Күлүп келип апасын өөп жанына отурду.
— Кайдан уйку келмек балам, заман бул болуп турат, сени күтүп отурам.
— Ой апа-а, эмнеге коркосуң, мен турам го жаныңызда.
— Качан үйлөнөсүң эми, мен келиндин чайы ичип небере көрөмбү?
— Апа, буйруса жакында келиндүү кылам, — деди Аваз күлө карап.
— Ыраспы балам?
— Мен калп айтчу белем?
— Садагаң кетейин десе, үйлөнгөнүң жакшы, үйгө дагы эрте келип каласың, ишиң бар, үстүңдө үйүң бар, үйлөнөөр мезгилиң келди садага.
— Болду апа, бойдокчулук менен коштошууга убакыт келди.
— Ошент, — Мария саамга ойлуу уулун карап туруп, — Кай жердин кызы балам? — деди.
— Ат-Башылык болот апа, келин болчу кыз сизге сөзсүз жагат, ата-энеси бар, экөө! — деп күлдү.
— Экөө дегениң эмнең ботом?
— Эки бир туугандар экен, агасы балалуу болбой инисинин кызын багып алышат да ал экиге чыга электе балалуу болушат, баккан апасы ага кичине кезинде ачыгын айтып түшүндүрүптүр, ошентип эки үйдүн ортосунда өсүптүр.
— Жакшы экен, окуйбу же иштейби?
— Мед академияда окуйт, төртүнчү курс.
— Өзүңө жаксын балам, бактылуу болсоң болду, — Мария ойлуу отуруп калды, — Мен камына берейинби? — деди анан.
— Камына бериңиз апа, буйруса сиздин туулган күнүңүзгө алып келем.
— Болуптур анда, айтып кетпейсиңби? — Эне уулун күлүмсүрөй карады.
— Жок апа, чын сөзүм, эмесе эс алайын ээ апа? — деп Аваз бөлмөсүнө кирди, анын көз алдында көздөрү жайнаган Айсалкын, баскан турганы, керилген бой келбети, жоодурай караган бае көз карашы, уктай албай көпкө жатып анан көзү илингенин сезбей деле калды…
Айсалкын барганда баары чогулуп келинди күтүп жатышкан эле, ата-энелери, коңшу-колоңу менен учурашкан соң өз ата-энесин көрдү, алар адаттагысындай эле салкын карап турушкан, эмдигиче агасынын көңүлүнө карап Айсалкынга үзүлүп түшүшпөйт, кыз дароо эле Сапийнага көзү түшө карады. Мурда канчалык көрүп жүрсө дагы баам салбаганын эми сезди, ал нак эле өзүнө куюп койгондой окшош экен, жүрөгү булкуп алды: «Акматбек байке чын айткан тура, көрсө анын алгачкы ууз сүйүүсү апама арналган тура, бул эмне айтылбаган арзуубу же тунгуч махабаттын өкүнүчтүү тарыхыбы, апам ал жөнүндө билет болду бекен», — деп аларга жеткенче ойлонуп эки көзү Сапийнадан өтүп келе жатканын көрүп ал утурлай басты:
— Аси, келдиңби садага? — Кучакташып калды.
— Окууң кандай Аси? — деп Нуралы келди.
— Жакшы, кандайсыздар?— Кудайга шүгүр, өзүң жакшы жүрөсүңбү?
— Келин, келин келди-и! — деп алар жаңы учурашканда тургандар дүрбөп калды, ага удаа эле дарбазадан кыйкырта сигнал берген эки унаа чаң ызгыта кирип токтоду. Зуура жоолугун көтөрүп жүгүрүп жүрөт. Келинди киргизишти, ырым-жырымын жасап түлөө өткөрүшкөн соң кууп келишти, ошентип баягы бала көрбөй калдык деп үмүт үзүп инисинин балдарын кубат кылып жүргөн Туралы менен Зууранын кубанычында чек жок, жетине албай ачуу басараны абир торпок менен кырк миң сом койду, келгендерге ызаат-сый кылып кийит кийгизип алдына дагы отуз миң сом койду. Айсалкын апасы менен ээн-эркин сүйлөшө албай жүргөндө арадан эки-үч күн өтүп кетти, анан аны Нуралылар үйүнө конокко чакырып калышты. Ошондо гана ал өз жүрөгүндөгү кыйнаган суроого жооп алмак болуп келди, ага арнап кой союшту, өзү дагы эң кенжеси болгондуктан ага акча даярдап да коюшкан экен. Эт бышканча Айсалкын Сапийнанын жанында отурганда:
— Сиз Акматбек Уезбаев деген адабият мугалимин билчү белеңиз? — деди.
— Каякта экен? — Сапийна чоочуй карады.
— Сизди окутту беле?
— Ооба, эмне болуптур?
— Чоочубай эле коюңуз, — Айсалкын акырын күлдү, — Деги жакшы билесизби?
— Билгенде эмне, мугалим болчу.
— Сиз атам менен сүйлөштүңүз беле?
— Анын эмнесин сурайсың кызым? — Сапийна алгач жолу кызым деди.
— Жөн эле…
— Үйлөндүк, балдарды көрдүк кызым, — Сапийна «силерди» деп жибере жаздап токтоду.
— Иши кылса секрет деңизчи? — Айсалкын күлө берди.
— Болду ай кыз, теңтуш кылып аласың да, — Сапийна ачууланган болду да кайра аны суроолуу карады, — Акматбек азыр деле мугалим бекен?
— Жок.
— Анан кайдан көрүп жүрөсүң?
— Кызы мени менен окуйт, агай сулуу киши ээ?
— Ошондой, Сапийна эми сөзгө келгендей карады, — Ага ашык болбогон кыздар жок эле, ошол убак деле өтпөдүбү?
— Сизчи, сиз ашык болгон жок белеңиз?
— Болбогонду сураба кызым, андан бери канча жыл өттү.
— Сизге сүйөм деп айтпаса керек.
— Аны эмне эле такып калдың ботом?
— Ал сизди катуу сүйүптүр!
— Ыя?!
— Ооба, бирок тартынып айта албаптыр.
— Койчу? — деп дагы Айсалкынды жалт карады.
— Ооба, сизди катуу сүйүптүр, мага айтты.
УЛАНДЫСЫ БАР…..