Сыноо 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

2-БОЛУМ.

— Кызым, сен инилериңе антип айтпай жүр, Аси чоң атаңдын кызы, оозуңдан чыгат экен таарынба, — деди Нуралы дагы.

— Эмнеге алар өздөрү балалуу болушпайт, Асини бербей койбойт белеңер.

— Сага эмне дедим? — Сапийна кызына акшыя карады.

— Бага албай калдыңарбы? — деди өчөшкөндөй Зайна.

Пример HTML-страницы

— Мен Аси чоңойсо эле менин сиңдимсиң деп айтам! — Зайна жүгүргөн бойдон чыгып кетти. Нуралы менен Сапийна бири-бирин карап отуруп калышты.

— Асини мен жакшы көрөм, — деди Зыпар болпое, — Аны дагы алып келишеби?

— Окуу башталганда чоң атаңдыкына барасыңар да, — деди Нуралы.

— Сарайдан эле барып келип окушат, — деди Сапийна күңкүлдөп.

— Апа, Аси биздин бөбөгүбүз да, эмнеге бердиңер эле? — деди Жайна куру калгансып.

— Аси чоң атаңардын кызы, экинчи айтпагыла дедим го? — Сапийна ачуулу карады, — Бар, эшикке ойногула!

— Макул, — деди Жайна, чоңураактары ойноп кетишти, беш жашар уулу Жапар менен Залкар эч нерсе менен иштери жок эле, алар али эч нерсени элебейт деле.

— Жашабагыр десе, кайдан билет бу, акем менен жеңем укса капаланат го?

— Алар да түшүнөт, бала деген бала эмеспи.

— Бала болбой курсун, Зайна эле айтпаса, беркилери түшүнбөйт деле.

— Окууга сарайдан барса алыс болуп калбас бекен?

— Алыс болбойт, кокус Зайнаң бирдеме деп койсочу, акемдер бизди үйрөткөн экен дебейби, тынч жүрүп окуй берсе го, — деп Сапийна кабак чытый күйөөсүнө карады, — Бекер берген окшойбуз, бир тууган киши бала үчүн жаман-жакшы айтышып калбасак болду, бала немелер жүрөгүн оорутпаса эле…

— Балдарды жибербей койсок акем капа болот го?

— Көрөбүз го, дагы бир ай бар го?

— Мейли, мен Залкарды алып койго барайын, — Нуралы өйдө болду.

— Эми ылдыйлатасың да.

— Ооба, тойгон койлор өздөрү деле ылдыйлай баштайт.

— Мейли, балаңды ээрчитип ал, — деп Сапийна кала берди, ал кеткенден кийин Зайнага отуруп алып баарын түшүндүрдү, жакшы айтып ал эми алардын кызы болоорун айтып анан тим болду. Ошондон баштап алардын үйүндө Айсалкын жөнүндө сөз болбой турган болду, Нуралы жакага түшкөндө агасыныкына май, сүзмө алып барып берип турат, алар кубана тосуп алып кайра балдарга деп таттуу тарапасын салып берип узатат. Убакыт өтө берди, Аси тай-тайлап басып калганда Туралы кызынын тушоосун кестирип эл чакырып тойчук берди. Зууранын жан алы калбай кызына жалынып-жалбарганын көргөн Нуралы менен Сапийна ого бетер ал кызга көңүл бурбай колдоруна да алышпады. Эл тарагандан кийин Зуура аларга карап:

— Сапийна, силер бизди таарынат деп ойлобогула, Асинин кубанычы бизге, аты жөнү силерде эле, ушуга дагы шүгүр, колуңарга алып эркелетип мээримиңерди аябагыла, — деди.

— Ооба Нуке, биз таарынбайбыз, сендей бир тууганым болбосо мага бирөө бир кумалак карматат беле, жашым кырк бешке келди, жеңең кырк экиде, кудайдын ушунусуна шүгүр, келиним экөөңөр бизди баланын Жыпар жытын жыттатып бактылуу кылып отурасыңар, — деди Туралы.

— Аке, койсоңорчу, кыз болсо дагы эрмек болсун.

— Кыз эмес кызыл чүпөрөк бербейт айланайын башка бирөө, — Зуура чын дилинен айтты, ал ушул кезде өзүнүн ичинде түйүлдүк пайда болгонун билбеди, кыргыздын илгертен келе жаткан салтында ырым кылып баланын артынан бала келет дегени бар эмеспи, ырым-жырымдын деле пайдасы тийип калат. ошентип Айсалкын бир жарым жаш болгондо Зуура боюнда бар экенин врачка барып билгенде ишенээр-ишенбесин билбей дел болду, анан дагы жашы өткөндө төрөттүн кандай болоорун билбеген аял коркту: «Мен чын эле төрөймбү, кантип төрөөр экенмин, жыйырма жылдан бери төрөй албай жүрүп эми төрөймбү кудай, бул кандай табышмагың эле, ушунун баары кайним менен абысынымдын чын пейили менен өз баласын бергенинен болсо керек, Асим акжолтой болду, оо кудайым ушунуңа шүгүр, бир тырмактын айынан канча түндү уйкусуз көз жашымды төгүп өткөрбөдүм беле», — деп ойлонуп үйүнө кирди. Өзүн көздөй жүгүрүп көпөлөктөй делбиреген кызына канатын жая берди:

— Ак жолтоюм менин, май көтөнүм, секетиң кетейин секелегим! — Өпкүлөп ыйлап жаткан аялын көргөн Туралы таңгала карады:

— Зукен, сага эмне болду, догдурга көрүндүңбү?

— Ооба көрүндүм, — Зуура күйөөсүнө мөндүрдөй бетин жууган көз жашын аарчууга алы келбей карады, — Көрүндүм атасы, Асим ак жолтой болду!

— Түшүнсөм буйрубасын Зукен.

— Туку, менин боюмда бар экен! — Зуура ый аралаш күлүмсүрөдү.

— Ыя, ким айтты?! — Туралы ордунан тура калды.

— Врач айтты, үй ай болуптур Туку, мен төрөйт экенмин, — Зуура улам колундагы эч нерседен бейкапар өзүнүн бетиндеги жашын быйтыйган колдору менен аарчып:

— Апа, апа, — деп чулдураган наристени өөп коюп сүйлөй берди, — Аси бизге бакыт алып келген ак жолтой, май көтөн кыз болду!

— Болсун, болсун Зукен, ыйлабай отуруп сүйлөчү, — деди Туралы дагы негедир өзүн бактылуу сезе кубанычын жашыра албай, ал ишендиби же ишенбедиби, түшүндөгүдөй болуп эндиреп турган эле.

— Ай кудай ай, үмүт үзүп калганда жаман экен, — Зуура кызын алдына алып отурду, — Өзүм да билбейм, врач айтса эле жиндидей болуп үйгө жөнөдүм.

— Кудай бар экен да Зукен, Аси периште болду ээ? — Туралы анын алдындагы кызды колунан алып өөп-өөп алып анан отура калып көмкөрөсүнөн алдына жаткырып шымын ылдый кылганда Зуура ага таңгала карады:

— Эмне кылып жатасың Туку?

— Көтөнүн майлайм.

— Ошо болчу беле?

— Болот, май көтөн кыз болду кызым, — Туралы дасторкондогу сары майдан алып майлап кайра эңкейип кыздын көтөнүнөн өптү, — Май көтөнүм, куу баш атаңды май баш кылган ак жолтоюм!

— Оо кудайым, — Зуура көзүн жума жакасын кармады, — Аман-эсен ыңаалаган үнүн угузуп колума тийгизе көр, эне болуу бактысына эгедер кылдың, мен дагы көп аялдардай эле өз баламды колума алып, ак сүтүмдү берип чоңойтоюн…

— Зукен, — деди Туралы, — Жүрү, Нукеникине барып аларды дагы кубанталы.

— Макул Туку, макул барып келели, — Зуура шаша түштү, — балдарды дагы биякка жөнөтпөй калышты. Экөө дүкөндөн майда барат алып төштөгү мал сарайды көздөй жөнөштү, мезгил коңур күз эле, жайлоодон келип балдары менен сарайда эле, Нуралы кой кайтарып кеткен, Асини көпөлөктөй кылып кийинтип алышкан, аны Туралы өңөрүп Зуура жанында жөө келе жатат.

— Ээ Зукен.

— Оов.

— Тагдырды карасаң…

— Ооба десең.

— Ойго келбеген иш, түңүлүп калбадык беле.

— Мен дагы түңүлгөнмүн.

— Уул болсо экен эми.

— Туку.

— Ийи.

— Антпечи бай болгур, кыз болсо да өз каныбыздан болгону кандай ырыс.

— Ооба, пендемин да Зукен.

— Ошентсе дагы кесир кылбай бергенине тобо дейли.

— Туура айтасың Зукен, Нукем кандай сүйүнөөр экен? — Туралы кудуңдай карап койду, — Байкушум аябай сүйүнөт го?

— Ооба, экөө тең кубанышат байкуштар.

— Нуку койдо болсо керек.

— Койду карабаса болбойт да, — Алар сарайга жакындаганда Зыпар менен Жапар жүгүрүп тозуп чыкты, Зайна чоңое түшкөнгөбү эшиктин алдында карап турган Жайна болсо Жапарлардын артынан келе жатат:

— Чоң ата-а!

— Чоң апамдар келди!

— Чоң ата, Асини мага бериңизчи ойнотом.

— Айланайындар десе, чоңоюп жатасыңарбы? — Зуура аларды бирден өөп чыкты, — Асини ойноткула, үйгө эмнеге барбай калдыңар ботом?

— Оо баатырлар десе, чоңойдуңарбы? — деп Туралы бакылдай эшиктин алдындагы мамынын жанына токтоду, — Кел балам, Асини ал!

— Аке келгиле, — деп Сапийна чыга калды.

— Келдик балам, Нукем койдобу?

— Жатасыңарбы Сапийна? — Зуура учурашып алар менен үйгө келди, төш тарапта кой кайтарып жүргөн Нуралы дүрбү менен карап ким келе жатканын карап турат, ага-жеңесин көрүп Залкарды каратып коюп өзү түшүп келди: «Эмнеге келишти экен, балдарды дагы кайрылбагыла деп койдук эле, таарынып калыштыбы, жылда топурап эле ошондо жүрүп быйыл барбай калганга оңкулдап жатышса керек», — деп ойлонуп сарайга жете келди, ал киргенде Сапийна аларга чай куюп отурган.

— Келгиле аке, жеңе кандай?

— Жакшы, мал-жан аманбы?

— Шүгүр, мал семиз, кыштан кыйналбай эле чыгат.

— Ошентсин, мал баккан киши бел чечпейт, балдарды жаныңа ала жүр, — деди Туралы, — Нуке, биздин силерге айтчу чоң кубанычыбыз бар! — дегенде Сапийна менен Нуралы бири-бирин карап: «Кандай кубаныч», — дегендей кайра экөөнө бурулушту.

— Болсун аке, кандай кубаныч? — деди анан Нуралы.

— Биз балалуу болот экенбиз!

— Ыя?! — Нуралы менен Сапийна жарыша үн катты.

— Ооба, жеңең кош бойлуу экен.

— Кудай берген го аке, болсун-болсун, — Нуралы кубанганынан көзүнө жаш алып ийди, — Кудай бар экен аке, болсун-болсун, — Башын ийкегилей көз жашын сүрттү.

— Болсун аке, жеңе деги кудай берээрин унутпасын деген ушул да, — Сапийна башка сөз табылбай эле күлүмсүрөй абысынын кучактап өөп калды, — Аман-эсен көзгө көргөзсүн эми.

— Айтканың келсин Сапи, өзүм бир аз ооруп жүрдүм эле, жүрөгүмө аш барбайт, көңүлүм эчтекеге чаппай салмактанып туруп алганынан көрүнсөм эле ойдо жокпу айтып эсти оодарбадыбы, — Зуура дагы ыйлап сүйлөп отурду.

— Кудай берет деген ушул, эртеби кечпи кудайым берет, кой мен акемдердин кубанычын куру тозбой козу болсо да соеюн, ата-арбакка багыштап куран окуп жаңы кошулчу Серек уруусунун бир атуулу үчүн арбактарга жолдоп коелу, — деп Нуралы сыртка чыгып атын минип жайылган койлорун көздөй желдире жөнөдү, Туралы кой десе да болбоду. Ошентип эки бир тууган ата-арбакка куран окутуп, козунун калган этин эки бөлүп агасына жарымын берди. Ошондон кийин баштагыдай эле балдары окуудан тараганча алардыкында болот, Зайна Зуурага жардам берет, Сапийна абысына:

— Төрөгүчө эч кимге айтпай эле кой жеңе, аман-эсен көз жарып алсаңыз анан көрүп биле берет, — деди.

— Ырас айтасың, билгизбей эле коеюн, — деп өзүнө тырмышып чала-була сүйлөп калган Айсалкынды жыттап койду, — Ушул бактыга ак жолтоюм жеткирбедиби, садага болоюн май көтөнүм.

— Эмнеси болсо да аман-эсен жарыкка чыкканча билгизбеңиз, бирөөнүн көзүндө, бирөөнүн сөзүндө бар деп коет го.

— Алтыным десе, сен менин абысыным эмей эле сиңдимдейсиң.

— Мен дагы ошондой сезем жеңе, сиз кайнене-кайнатаны көрдүңүз, мен сиздин колуңузга келбедимби, — Сапийна жылмая карады, — Акем экөөңөрдүн бактылуу болуп жүргөнүңөрдү көрүп өзүбүз эле кубана берчү болдук.

— Ыраазымын, ата-энем, бир тууганым жок болгону менен силер бар бактылуумун.

— Ушу ынтымагыбызды кудай кут кылсын, — Эки абысын чай ичкенче бир топко чейин сүйлөшүп отуруп анан Сапийна сарайга жол тартты: «Байкуш, аман көз жарып алса экен, эти каткан неме кыйналбас бекен, төрөбөй жүрүп төрөгөн четин болот дечү эле, дароо эле элге көрсөтпөй жашырып сарайга алып кетели», — деп ойлонуп бара жатты, Нуралы дагы кубанып агасынын балалуу болушуна тилегин айтып үйдө, кой жайып жүрсө дагы наристесин аман-эсен колуна алып бактылуу болушун каалап жүрөт. Билинбеген убакыт желдей сызып алты ай өтүп кетти, Нуралы эртели кеч айылдан сарайды көздөй келген жолду карап: «Сүйүнчүгө бирөө жарым келип калаар, агамдын балалуу болбой жүргөнүн билгендер сөзсүз келет», — деп ойлонуп бир ирикти кармап отурат. Айткандай эле бир күнү Туралынын коңшусу Берди өзү келди, келгенде дагы тигинден эле бакылдап:

— Ээй Нуралы, агаң Туралы балалуу болду сүйүнчү! — деп атын темине жетип келди, — Барсыңбы Нуралы?!

— Кел-кел Беке, болсун-болсун, — Нуралы келип атын алды, — Кызбы же уулбу Беке?

— Уул экен Нуке, байкуш Туке жашы өткөндө бала көргөнүнө кубанып кызын көтөрүп алып төрөтканада жүрөт.

— Кой Сапийна биз баралы анда, — Нуралы шашып калды, — Нан-пан ооз тий Беке, сүйүнчүңө бир ирик, сүйүнчүгө ким келсе дагы деп белендеп жүрдүм эле, сага буйрук экен.

— Рахмат Нуке, бул кубанычты сенден кой алыш үчүн эмес, сени кубантуу үчүн келдим, башкысы төрөлгөн наристенин өмүрү узун болсо болду, — Берди күлгөн болуп нан ооз тийди, — Коюңду албайм, баласынын боосу бек болсо эле болду.

— Боосу бекем эле болсо экен, — деген Нуралы кийине жөнөдү, Сапийна экөө учкашып алып Берди менен бирге жөнөдү. Алар келгенде Айсалкынды алдына алып Туралы сырттагы отургучта үңкүйүп ыйлап отурган, Берди үйүнө койду таштап коюп кошо келген эле, Нуралы агасынын ыйлап отурганын көрүп чоочуп кетти.

— Аке тынччылыкпы деги?

— Аа-а, — Туралы отурган жеринен тура калды, Сапийна колунан кызды ала койду:

— Аке, эмне болду?

— Жакшы-жакшы, Зукен төрөдү…

— Ой жарыктык, — Нуралы агасын кучактап калды, — Кут болсун, баланын боосу бекем болсун аке.

— Ошентсин-ошентсин, — Туралы жашын колу менен сүртө жылмая карады, — Чынбы төгүнбү деп эле…

— Кой антпе Туке, мына эми сен ата болдуң, — Берди бакылдап кирди, — Чоң киши да ыйлачу беле, кубан андан көрө.

— Ооба-ооба, кубанбай анан.

— Жеңем жакшы элеби? — Сапийна сурады, — Кирелиби?

— Киргизбейт экен, төрткө чейин дейт го?

— Мейли, андан көрө сурап билели, жеңем туруп калса чыгаар, — Нуралы аялын карады, — Биз кирип чыгалычы. Алар кирип келишти, айылда эмне сүйлөшүп эле кирип барышты, акушерка менен санитарка көрүндүк доолап алаарын алган соң наристени көтөрүп келип көрсөтүп кайра алып кетээрде Нуралы аны токтотуп ымыркайды өзү колуна алып өөп Сапийнаны Туралыны чакырып кел деп чыгарды.

— Ал ушу эндиреп жүрүп баласын деле көрө электир, чакырып кел.

— Мейли, ал байкуш кантсин анан, түш көргөндөй болуп жатса керек, — Сапийна шаша чыгып Туралыга барды, — Аке жүр, баланы көрүңүз.

— Ыя, ырас бекен? — деген Туралы ордунан калдактай туруп жөнөдү, ал кирип эле:

— Кана, каякта экен? — деди.

— Мына биякта бас аке, азыр жеңем дагы чыгат, абалы жакшы эле экен.

— Оо кудай, ыраазымын сага, мен дагы бала көрөт экенмин ээ? — деп Сапийнаны ээрчип келе жатып Нуралынын көтөрүп турганын көрүп жете келип колдору калтырай ага сунулду, — Оо жараткан, ушунуңа шүгүр!

— Кана-кана атасы, — Нуралы жылмая баланы ары тартты, — Көрүндүк.

— Аа-а, мына-мына, — Чөнтөгүнөн тырышкан жыйырма беш сомдукту алып чыкты.

— Эми болот, кана уулум атаңа барчы, — деп күлүп баланы карматты, — Кабелтең жигит болчудай ээ аке?

— Эмнеси болсо дагы көзгө көрүндү болду, түшүмбү деп чоочуп турам, — деген Туралы баланы олдоксон алып саамга карап туруп болбураган жүзүнө тигиле чекесинен өөп, — Асинин эле өзү болуп калыптыр, — дегенде Сапийна күйөөсүнө карады:

— Эжесине окшошпой коймок беле, кантсе дагы бир туугандар эмеспи, — деди Нуралы күлүп.

— Ооба-ооба, сенин балдарың менен менин балам деле бир туугандар да, — деп Туралы баласын кубана карап турганда ичин басып Зуура келди, аны Сапийна кучактап өөп аман-эсен төрөп алганы үчүн куттуктап Нуралы экөө ал-абалын сурап жатты.

— Жеңе, кыйналбай эле бошонуп алдыңбы?

— Жакшы элесиңби жеңе, уулуңдун боосу бекем болсун!

 

УЛАНДЫСЫ БАР…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️