СЫНОО…
17-БОЛУМ.
— Ошол, — Айсалкын эми апасын кучактап солкулдап ыйлап кирди, — Мен аны сүйүп калдым, өзүм сүйдүм апа, кечирчи мени, атама айтпай эле коюңуз.
— Эмнесин айтам кызым…
— Алтын апакем.
— Аси, сен жаңылып калба кызым, ал кызматчы бай немеби?
— Кызматчы деле эмес апа, бирок жакшы адам.
— Бала-чакасы бар бекен?
— Бар…
— Жеңил болуп калба кызым, сен аны менен түбөлүк кала албассың?
— Түбөлүк болооруна ишенем апа.
— Ай кызым ай, жаштыгыңды пайдаланып кетпесе болду, Сапийналар эмне дейт, өзүнүн кызы болбосо ошол да, жакшы тарбиялай албады дейт го садага.
— Аларга эчтеке билбейм деп коюңуз.
— Кантип, мен өмүрүмдө калп айткан эмес элем, силерди дагы калп айтканга үйрөтпөдүм, эмне болсо дагы чындыкты айткыла дечүмүн туурабы?
— Туура, ошондуктан сыр жашырбай айттым апа… — Ошол убакта топурап кыздар келип калып эне-баланын сөздөрү токтоп калды, анын алып келгендерин ортого коюп, кыздар тамак жасоого киришишти, Айсалкындын буюмдарын топтоп койгону көрүп үндөгөн жок кыздар.
— Табышты үйлөнтөлү дегенбиз кызым, — деди Зуура эми гана эмнеге келгенин эстеп.
— Табыш үйлөнөм дейби? — Айсалкын таңгала карады.
— Ооба, жыйырмага чыкты, үйлөнсө үйлөнсүн.
— Кызы каяктан экен апа?
— Эмилбектин кызы, экөө сүйлөшүп жүрүптүр.
— Куттуктайм апа, — Айсалкын апасын кучактап өөп койду.
— Эми сенин кезегиң, Табыштан мурун чыгабы десек…
— Окуумду бүтөйүн.
— Ой апа, — Гүлмайрам шакылдап күлө карады, — Аси канча жигитти кайтарып жиберди, болбосо эбак эле күйөөгө чыгып кетмек.
— Антпе да кызым, кыздын базары менен матанын базары бир кезде кызыйт, матанын өз кезеги өтүп жаңы мата чыкканда калып калгандай эле жигиттер дагы улам кийинки жаш кыздарга карап кетсе силер калып каласыңар, бул силерге дагы тиешелүү кыздарым.
— Чынбы? — деп таңгалды Дамира.
— Ооба, жашоодо жансыз нерселер менен адамдардын өзгөчөлүктөрү окшош болот.
— Чын эле, — деп Аида ойлуу отуруп калды.
— Ошону үчүн өз кезегиңердеги насиптен кур калбагыла кыздарым.
— Келиңиз, тамак ичиңиз, — деди Дамира, — Кыздар ичкен да ичпегенде арманда-а!
— Апа, Асиге врач ашык, бирок кызыңыз болбой жүрөт, — деди Аида күлүп.
— Аида жөнчү.
— Эмне жалганбы? — Гүлмайрам кошулду.
— Аси, сенин көңүлүң болбосо бизге бер! — Дамира Зуурага карай көзүн кысып күлө тамашалай карады, — Бирибиз чаап алалы.
— Менин анда ишим дагы жок.
— Байкуш чала берип тажады го.— Анын кереги жок дедим го?
— Мейли кыздар, тамагыңарды ичкиле, — деп Зуура күлүп калды. Ошол бойдон унчукпай жатып калышты, эртеси сабакка барбай Айсалкын апасы менен базарга барып керектүүсүн алышып анан өзү бара турган үйдү көрсөттү, анан таксиге салып кайра келип таксиге жүгүн салып алып үйгө барды, кыздар сабакта болчу. Алар келгенде анын эчтекеси калбаганын көрүп таң калып отурушканда телефон чырылдап калды, кыздар бири-бирин карап бир аз отургандан кийин Дамира туруп барып алды:
— Ало-о, оой Аси сен кайда кетип калдың, эмнеге бизге айтпадың, жо-ок жок кыскасы күйөөгө тийдим дей көрбө, макул-макул, — деп жанына келген кыздарга кайрылды, — Аси бизден биротоло кетиптир, телефон номерин жазып алчы, — деди, Аида жазып алды.
— Эмнеге, кайда кетиптир?
— Күйөөгө эмеспи?
— Жо-ок, атасынын туугандары бар экен.
— Аа-а, — Аида ордуна барып отурду.
— Үчөөбүзгө эми дагы бир кыз керек, — деди Гүлмайрам.
— Албетте керек, болбосо үчөөбүзгө оор болуп калат, — Үч кыз ошентип үч жерде отуруп калганда кайрадан телефон чыр этти, бул Аваз Айталиевич болчу, Гүлмайрам ага эми эле берген Айсалкындын телефон номерин бере салды.
— Кызык, — деди Аида өзүнчө отуруп, — Аси эмнеге андан качат?
— Ким билсин, жүрөгү каалабаса качат да.
— Аны сүйбөйт чыгар.
— Сүйбөсө үмүтүн үзүп койбойбу? — деди Дамира.
— Өзү билет да.
— Чынында текебер кыз ээ?
— Койгула кыздар, көзү жокто жамандабай.
— Жамандаганбы, чындык го?
— Болду, кечкиге бирдеме жасайбызбы? Кыздар ошентип үчөөлөп тамак жасап ичип жатып калды, алар дагы өз жашоолорунан көптү күткөн келечектин ар түрдүү кесиптердин ээлери, бир үй-бүлөөнүн очогун от тамызып, бала деген бакыттын даамын таттырган аял заттары болоору бышык эмеспи. Айсалкын менен бирге жашап бирге турганга көнүп калгандыктан оңкулдап калышты, бир жагы айтпай кеткенине таарынышты. Бирок эртең эле аны менен жолугушаарын ойлонуп көңүлдөрү көтөрүлүп калды, ошентип уктап кетишти…
Айсалкын даяр, бардык шарты бар үйгө келип сабагын даярдап анан муздаткычтан өзүнө жаккан тамагын алып жеп ойлонуп отурду. Акматбек баарын даярдап берген эле, өзү күндүз келип кайра кетип калат, билгизбей акча таштап кетет, анын баары Айсалкынга оор тиет, ал кадимкидей жигит менен жаштыгынын кайтарылгыс адеми күндөрүн каалагандай ойноп күлгүсү келет. Бирок Акматбек деле зыңкыйып дубал тургандай үндөбөй келип кетип калат, анын келгени Айсалкынга канчалык кубаныч тартууласа кеткени ошончолук оор болот. Акматбек келгенде өзүн даярдап кулачын жая мойнуна асылгысы келет да өзүн токтотуп туруп калат, ал акырын гана чекесинен өөп коет. Чалкасынан жатып алып китеп окуп жаткан Айсалкын: «Мен туура чечтимби өз тагдырымды, же ой-санаасы жок бир келесоо сыяктуу күн көрүп жатамбы, бул сүйүүбү же азгырык, азаптообу, апамды дагы санаага салып койдум, ал эмне болуп жатат болду экен, баарын таштап айылга кетип калсамбы, ата-энемди капа кылбай алар айткан бирөөгө тийип кетип баарын унутсамбы», — деп ойлонуп жатканда телефон чырылдап калды: «Кыздар чалап жатабы же Акматбек агабы», — деп ойлонуп тура калып ала койду.
— Алоо, ким экен? — деп эле туруп калды, бул Аваз Айталиевич болчу, — Аа-а, ма-акул…
Айсалкын башка эчтеке дей албады, ыкшына туруп кийинип чачын жасап алып сыртка чыкты, — Эмнеге эле чакырып жатат, эмне керек? — деп тепкичтен түшүп келе жатып сүйлөнүп алды. Шашпай эле троллейбус менен баргысы келип аялдамага келди. Барса аны өзү айткан жерде күтүп турган экен, утурлай тозуп алды, колунда гвоздика гүлүнөн бир букет бар экен.
— Кандай Бектурганова? — Аваз аны тамашалай жүзүнөн сүйдү.
— Саламатсызбы?
— Баары ойдогудай, эч дайыныңды билгизбей кеттиң.
— Убакыт жок, — Айсалкын жер карады.
— Кантип, кандай убакыт табуу керегин үйрөтсөм бекен?
— Кереги жок, жумушуңуз болсо айтыңыз.
— Шашылышсыңбы? — Аваз чекесин тырыштыра карады.
— Ооба, кетүүм керек.
— Кой, бир аз отуруп сүйлөшөлү, чай ичели, — Аваз ага аста карап койду.
— Чай ичкенге убакыт жок, сабакка даярдануум керек.
— Бүгүн сабакка барбапсың, — Күлүп көзүнө тигиле карады, — Чынбы?
— Жумушум чыгып калды.
— Айсалкын, кел чай ичип чыгалы, — деп жолдун аркы өйүзүндөгү кафени көздөй кызды колдон ала басып жөнөдү, — Бул сен экөөбүздүн алгачкы баарлашуубуз эмеспи, жай анан тынч болуу керек туурабы? — деп койду мойнун бура, негедир анын жаш баладай кубанычтуу жүзү, эркелегендей энтеңдей басып бара жатканы, колдорунун ыссык илеби кыздын жүрөгүн элөөрүтүп жүгүрүп келе жаткандай жүзү албырып кетти. Аваз аны жетелеген бойдон кафенин төр жагына өтүп бош орундукка кызды отургузду, — Ыңгайлуу эле бекен?
— Ооба.
— Кана, эмне жейбиз?
УЛАНДЫСЫ БАР…..