13-БОЛУМ.
— Жок, бул жөн гана өзүңдү-өзүң алаксытуу Эрлан.
— Андай эмес, мен эми сени менен гана болом, — деп Эрлан өз оюнан кайтпады, ал азыр алдынан ташкындаган сел келсе дагы даяр эле, болгону жанында Асели болсо болду, чын жүрөгүнөн сүйдү, керек болсо жанын кыюуга даяр болчу. Асел ага канчалык айтса дагы болбоду, ал тургай өзүнчө иштеп молдого нике кыйдырып алды, негизи экөөнүн жашы бирдей эле, болгону Асел турмушка эрте чыгып балалуу болуп калганы айрыма, бирок Асел ага ачык эле өзүнүн ылайык эмесмин айтып келет, ага Эрлан болбой эле:
— Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар, — дегендей мен сенден башкага өлсөм да барбайм, — деп өжөрлөнөт. Кечээги барганда Аселдин апасы келип калып эле кеткен болчу, ата-энеси бардар кишилер, Асел беш баланын ортончусу, улуу агалары эл агылып Россияга кетип жатканда эки агасы биринин артынан бири кетип бири дайынсыз жоголду, бири иштеп ошол жактан үйлөнүп алып келбей кээде гана акча салып бар экенин билдирип турат. Аселден кийинки сиңдиси күйөөгө чыгып жашап жатат, бир баласы бар, эң кичүүсү мектептин акыркы классында окуйт. Айтыкул менен Бактыкан отуз жыл бирге жашап бири-бирине жаман сөз айтышкан эмес, эми эки уулунун бири дайынсыз болуп, бири ошол жактан үйлөнүп алып келбей, Асели ордун таппай калганга экөө тең муңдуу, бири-биринен көз карашын жашырып күнүмдүк жашоонун гана тузу калгандай. Алыбеги азырынча жаштык кылат, бирок мектепти бүтөөрү менен окууга тапшырам деп жүрөт. Аларга эрмек болуп көңүлүн бөлгөн, кубаныч тартуулаган бир гана эки жаштан өтүп калган Баел, Аселдин баласы. Асел күйөөсүнөн баса берип баласын таштап өжөрлөнө соода жасап жүргөн кези. Эрлен беттеген оюнан кайтпай жашап жүрө берди, Асел соодасын кеңейтип чоң орун алып иштей баштаган, Эрлан ага жардам кыла баштаган, үйүнө барбай койгон. Бир күнү Мирлан аялы Зарина экөө базарда жүрүп Эрлан менен карп-күрп беттешип калышты, жакында эле ата-энесинен угуп калышкан, бирок дарегин билбей отуруп калган эле.
— Сен кайдан? — деди Мирлан инисин көрүп.
— Иштеп жүрөм, — Эрлан жер карады.
— Үйгө качан барасың?
— Барбайм.
— Эмнеге?
— Үйлөнүп алгам.
— Сен соосуңбу өзү? — Мирлан ага жини келе ийинден булкту,
— Соо элемин, өзүм сүйгөн аялга үйлөндүм.
— Каякта ал?
— Тигине, тээтигил соода жасап жаткан келин.
— Кайсы-кайсы? — Зарина кызыга моюн созду.
— Тигине, тигил жакта турбайбы? — дегенде Мирлан карап эле көзүн албай туруп калды.
— Ошолбу, баласы бар экен дебеди беле? — деп Зарина сурап ийди.
— Бар, өзү мени менен тең.
— Жүрү кеттик, — Мирлан аялын колунан тартты.
— Кое тур, дарегин алалы, — Зарина кылчактады.
— Эмне кыласың, — деп бурк эте жетелеген бойдон чыгып кетти, Зарина күйөөсүнө таңгала карап базардан чыкты, Мирлан дулдуя сүйлөбөй үйүнө келди, үңкүйүп көпкө отуруп анан, — Атамдарга барып келеличи.
— Эмнеге?
— Эрланды үйлөнтүш керек.
— Келин жагып калдыбы? — Зарина күлүп калды.
— Алар бир кемпирди алып алды десе керек да, — деди Мирлан анан, — Барып айталы, антпесе алар жүрө берет, эртелетели.
— Макул, а баласы эмне болот болду экен?
— Бала эмне жүрө берет да.
— Туура, балада эмне күнөө? — деп Зарина ойлуу карады, алар кайра эле жөнөштү, алар келгенде Калыйпа өзү эле отурган, келини экөө тең өөп анан отуруп калышты, ал уул-келининин жөн келбегенин сезди, бирок билмексен боло унчукпай отура берди, Зарина чай койгону ашканага кирип кеткенде:
— Эрландан кабар барбы? — деди.
— Апа, аны үйлөнтүш керек.
— Ийи, эмне болду?
— Анын кызы өзүнө теңтуш эле экен, сүйүп калса алып берүү керек.
— Балалуу келинди алып берсек дейсиңби?
— Ооба, келин жакшынакай экен, балаңдын сүйгөнүнчө бар экен.
— Өңүнө кызыгып акыл-эси кандай экенин билбей азгырылып жүргөн немени үйгө киргизбейм! — Калыйпа терс бурулду.
— Апа, түшүнсөңүз мени, ошентип Эрланды кечип таштайсызбы?
— Өзү ошону каалап жатса жүрө берсин.
— Анда мени дагы унуткула! — Мирлан ордунан турду.
— Ой бала, сен мени коркутасыңбы? — Калыйпа ормое карады.
— Коркутканым жок, — Мирлан босогого жеткенде Зарина дасторкон алып келип калды, — Кеттик.
— Эмне болду, үйдөн дагы чай ичирбей алып келдиң, кардым ачты.
— үйдөн ичесиң, — Бурк этти Мирлан.
— Отур! — деди Калыйпа өктөм, — Чоңоюп алгандан кийин өзүңөрдү өзүңөр билип калат экенсиңер да ыя?
— Эмне болуп кетти? — Насырынбек кирди.
— Эмне болмок эле, эне-атаны сыйлабаган балдарды тууптурмун да, Калыйпа бышактап кирди, — Бала экенинде эле жакшы тура, уруп койсоң унчукпай калган, боорун жерден көтөрөөрү менен өз билгенин кыла башташты.
— Болду байбиче, ачууланганда эмне? — Насырынбек дасторкон четине отура кетти, — Эрлан келген жокпу?
— Ошонун ызы-чуусу да, — деди үңүрөйгөн Мирлан, анан көргөнүн айтып берди, ал өз оюн айтты, анан баятан бери жинденип ыйлап жаткан Калыйпа келинди көрүп келмек болду. Эртеси Зарина экөө базарга жөнөштү, Эрлан жок эле Асел соода кылып жаткан, анын жанына Калыйпа келди.
— Кызым, мунуң канча? — деди Калыйпа.
— Беш жүз элүү сом апа, түшүрүп берем, — деп көздөрүн күлүңдөтө соодам болуп кетсин дегендей жал-жал карады Асел.
— Жакшы экен кызым, дагы байкап көрөйүн, — деп ары басты, Зарина бери жактан карап турган эле.
— Эмне болду апа, жактыбы келин? — деди ал кайненесин көрүп эле.
— Билбейм, бечара бул да бирөөнүн баласы да, — деди Калыйпа ойлуу.
— Сизге жагып калган го? — Зарина күлүп койду.
— Тим эле сүрөттөй экен тобо, сулуу десе көптүн бириндей деп ойлодум эле.
— Чыны сулуу экен, балаңызга жагып калган да.
— Жакканынча бар экен, — Калыйпа үйүнө ойлуу келди, ошентип алар үйлөнтмөк болушуп Заринаны алардын орунуна жөнөтүштү, ал Эрлан көрүнмөйүнчө карап туруп ал Аселдин жанрына келээри менен жетип барды, ал кайнисин өз эле атынан айтчу.
— Кандай Эрлан?
— Кел жеңе.
— Мени атамдар жөнөтүштү, силерди үйлөнтмөк…
— Чын элеби? — Эрлан кубанычтуу карап, — Асел, бул агамдын келинчеги, — деди жылмая, — Атамдар макул болушуптур!
— Саламатсызбы? — деди Асел ыйбаа кыла, ортолору ашып кетсе үч-төрт жаш эле.
— Саламатчылык, эртең даяр тургула, машина менен келип алып кетебиз.
— Макул жеңе, сөзсүз даяр болобуз, — деп Эрлан кубанычтуу жымыңдады.
— Кайсы жерден алып кетебиз?
— Ушул эле жерде болобуз го? — деди Асел акырын, ал өзү жашаган баш аламан батирин көрсөткүсү келбей турду.
— Макул анда, мен кеттим, — Зарина ылдамдай басып кетти, ал кайнатасыныкына барды, анткени туугандарын чогултуп даярданып жатышкан, анын бир балалуу келин, бир баласы бар экенин ооз ачышпады. Гүлүйпа келип аны менен кошо Гүлайым дагы бирге келген. Ал дагы жакында өз жүрөгү каалаган Тимурга макулдугун берген, азыр Тимур жүгүрүп үйлөнүүнүн камын көрүп жүргөн убак. Калыйпа келин кирчү бөлмөнү даярдаганы менен өзүнчө бүкү-түкү, баласын ала келеби деп сары санаага батып алган. Кечке маал Эрландын достору чогулуп бир унааны жасап Асел менен Эрланды отургузуп келип калышты. Калыйпа эжесине карады:
— Эже, келинге жоолукту өзүң сал, Дамира сен чачыла алып чык!
— Келди, келинди алып келишти! — деп сырттан бирөө киргенде жабыла чыга калышты, Асел аппак көйнөктү узу-ун кылып кийип алыптыр, көргөндөр асмандан периште түшүп келе жаткандай болуп жалдырап эле карап туруп калышты, чачтары ийинден ылдый түшүп көйнөгү делбирей Эрландын жетегинде келе жатты, ошондо элдин ичинен бир аял:
— Ботом, чачыла чачпайсыңарбы, келин келбедиби! — дегенде баятан бери жашоо токтоп калгандай өкүм сүргөн тынчтык бузула ар кимиси жүгүрүп калды, Мирлан эси ооп эле Аселден көзүн албай кыймылсыз турган: «Неге мурда көрүнбөдүң, мен кантем, бир көрүп сүйүп калганым үчүн күнөөлүүмүнбү, мен иним үчүн эмес өзүм үчүн атамдарды көндүрдүм, Заринага билгизбешим керек», — деп турганда:
— Ээ-эй, сага эмне болду, бияктагылар келиниңди жуу деп жатат, — деп түрттү Зарина.
— Жууса жууйбуз да, — деп анын жетегинде жөнөдү. Келинди эбак киргизип чуулдап калышкан эле. Эрландын достору өзүнчө дуулдап жүрүшөт, Гүлайым Аселди көрүп чыныгы сулуу экенине тан берди, куттукташып коңшулары келип, улак кудайын өткөрүп жатып кыздын ата-энесине киши жөнөтүштү, Насырынбек менен Калыйпа эч нерсесин аябады, ачуу басарына кырк миң сом бир союш, бир ящик арак менен конфет, печенье кылып берип ийишти. Айтыкулдар баргандарды жакшы тосуп алышты, кой союп коноктоп төрт киши бараарын айтып узашты, Бактыкан Асылды күйөөсү менен чакырып, иниси Барпыгулду аялы менен жөнөтүштү. Жол алыс болгондуктан кудасын чакырта алышпады, кудаларын сыйлап жыйырма миң сом коюп, кийитти жакшы кийгизишти, ошентип Эрлан бактылуу болуп тилеги орундап ата-энесине ыраазы болуп күндө базарга экөө барып келип оңуп калышты. Айтыкул менен Бактыкан кеңешип Баелди аларга беришпеди, алар кызынын тынып калышын тилеп калышты. Барпыгул менен Сейне аябай мактап келишти, үйлөнө элек жигитке чыкканын угуп да ойлонуп жатты Бактыкан: «Өңү-түсүнө карап алып алса кийин бир балээ болуп дагы эрден чыкпагай эле, жараткан, балдарыма бак бере гөр», — деген ойдо сеп даярдап жатканда Баелди алып кетем деп келип калышты. Айтыкул аларга токтоо карап:
— Баланы бере албайбыз, кайда барсаңар дагы ала албайсыңар, — деди.
— Эмнеге, бала биздики го? — Кайненеси чукчуңдай карады.
— Бала силердики болгондо ага күбөлүк алып койдуңарбы, кантип талашасыңар?
— Бала биздики.
— Баланы он сегизге чыкмайын ала албайсыңар, — деди Бактыкан.
— Алабыз эле, энеси эрге тие качып кетсе албаганда кантебиз?
— Болуптур, бир айдан кийин алып кеткиле, бир гана шарт менен, — деди Айтыкул.
— Кандай шарт экен, өз балабызга шарт коесузбу куда? — деди Баелдин атасынан улуусу, — Бул кандайча?
— Баел азыр менин атымда, талашсаңар дагы ала албайсыңар, ушуга чейин бир келип балага күбөлүк алып албайт белеңер? — Айтыкул аларды сыдыра карады, — Эмки шартым күбөлүк алып туруп анан келип алып кетесиңер, болбосо тынчыбызды албагыла, дагы ушинтип келсеңер сотко берем!
— Болуптур, — дешти да алар чыгып кетти, Бактыкан себи бүтүп анан кызына бараарын айттырып ийди эле Насырынбек кудасын ошондо чогуу келсин деп айттырып ийди. Ошентип себин жети-сегизи биригип алып келди, Асел бул жолу баарын өзү даярдап жатканын айтты эле Калыйпа ага болбоду, бирок уул-келинине ыраазы болуп сүт акысына бир уй демек болуп күтүп калышты. Септи абдан жакшы алып келди, он жууркан кыжымыдан, он курак төшөк, терезе парда, эшик парда, деги эле бир үйдүн бүт жабдуусу менен гарнитур, ашкана үстөлүнөн өйдө берди. Кетээрде Айтыкулдун тапшырмасы менен Бактыкан кызына сүйлөшүп турду.
— Кызым, Баелди атасы талашып жатат, эмне кылалы?
— Эмиби?
— Ооба, — Бактыкан болгонун айтып берди, — Сенден бир ооз сурайлы дедик.
— Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле апа, алса алып кетсин.
— Ошент балам, эми баланы төрөп аласың, ал деле сеники, талаштырып кайра-кайра келтирбей берип коелу, өз атасы эмеспи.
— Макул, — деди Асел, эне-бала ошентип кеңешишти, Насырынбек аларга кетээрде эне сүтү деп бир уйду салып берип жөнөттү. Келинине ыраазы, анын илбериңки кыймылы, ыйбаа кылып өздөрүн сыйлаганы, кылган эткени жагып кубанып калды, бирок турмуш деген табышмактан турат эмеспи, келип-келип эле ушул келини менен калаарын сезишкен жок. Асел келгенден тартып эле Мирлан Заринага анча көңүл бурбай калды, өзү дагы эки жылдан ашса дагы боюна да болбой жүргөнгө кыжаалат болуп жүргөн, Аселдин боюнда бар, аны көрүп ого бетер ыза болуп врачка көрүнүп да көрдү, бирок сүйлөшүп алгандай бир ооздон: «Төрөй албайсың», — деген жооп угат. Бирок анысын Мирланга айтпай жүргөндө ал таптакыр эле карагысы келбей, жумуштан кийин деле атасынын үйүнө кетип калып кеч келет. Барганда эмне келинин уурдана карап улутунуп алат да кайра чай ич», — дегендерине болбой кетип калат, үйүнө барбай басып жүрө берип кеч кайтат да келип жатып алат.
— Мирлан, — деди бир күнү Зарина, — Сен эмне болуп жүрөсүң?
— Эмне болуптурмун? — Көмкөрөсүнөн жаткан бойдон күңк этти.
— Баштагыдай эмессиң…
— Эмне кылайын? — Өйдө болду, — Мени менен теңдер экиден балалуу болушту, бизде бирөө дагы жок.
— Кудай берсе болот да.
— Врачка көрүнбөйсүңбү?
— Көрүнгүдөй карып калдым беле, болот да бир күнү.
— Сен төрөбөйт окшойсуң?
— Мирлан, ушуну кантип айттың? — Зарина бышактап ыйлап кирди.
— Бышактабай көрүн, төрөсөң төрө болбосо ажырашабыз!
— Эмне-е?
— Ошол! — деди да кайра жатып алды, Зарине түнү бою ыйлап чыгып дагы бир амал ойлоп тапты, эртеси бир таанышына барып сүйлөшүп күйөөсүнүн бир оорусу бар экенин, төрөй албай жүргөнүн айтып дары жаздырып алып келди, кечинде Мирланды күтсө жок, ал аябай кеч келди, абдан кызуу экен.
— Мирлан, эмнеге ичип алдың? — Зарина жалдырай колтуктап ичкериге алып кирмек болду эле колун силкип жиберди:
— Турчу нары!
— Мирлан.
— Жолобо, мен сенден ажырашам.
— Жинди болбо Мирлан.
— Менин сени көргүм жок.
— Билем сени, — Зарина ыйлап жатты, — Сен иниңдин аялын көргөндө эле ашык болуп калгансың, ошондо эле билгем.
— Эй канчык, каяктагыны айтпа!
— Анан эмнеге ошондон бери мага карагың келбей калды.
— Жа-ап кал оозуңду, канчыкча жок ит, ит дагы төрөйт, сен төрөбөйсүң!
— Мирлан, антип айтпачы, кудай берип койсо төрөйм го?
— Качан, төөнүн куйругу жерге тийгендеби?
— Кудай бергенде.
— Жогол азыр, жанчып сала электе көзүмө көрүнбөй кетип ка-ал! — Мирлан бакырып колун көтөргөндө үйдөн качып чыкты. Ал ыйлап отуруп Мирлан уктап калганда кирип жатып калды, эртең менен Мирлан башы ооруп эрте туруп ашканада уктап жаткан аялын көрүп сыртка чыгып кетти. Мирлан негедир башкача болуп бара жатты, аны Зарина алдап өзүнүн төрөбөстүгүн билгизбегени менен үмүтүн үзбөй: «Төрөп калаармын, врачтар билбейт окшойт, кантип эле төрөбөй калмак элем», — деп ойлонуп жүргөн эле.
— Мирлан, сен уксаң, мен көрүнсөм экөөбүзгө бул дарыны жазып берди.
— Эмнеге? — Кыртышы сүйө бербей карады.
— Экөөңөр тең ичкиле дейт.
— Анан.
— Анан боюма болуп калаар…
— Мейли, — деп бош айтты, ал көп ойлонуп кээде башы оогон жакка басып бара жатып эмнеге кайда бара жатканын унутуп калчу болду. Бир туруп инисин жек көрүп өлтүрүп туруп Аселди колдон алып көз көрбөгөн жакка басып кеткиси келчү болду, кээде ата-энесинин көздөй көргөн эки гана уулдары экенин ойлонуп аны унуткусу келип жүрдү. Эми Заринанын айтканына саал ынана ал берген дарыны ичмек болду: «Ичсе ичейин, акыры төрөсө жашап калаарбыз», — деп өзүн алаксытты. Бирок кайдан төрөбөгөнүнө көзү жеткенде Зарина ыйлап-сыктап апасына барып болгонун айтып эжесине сүйлөштү да Россияга кетип калды. Мирлан үйдө жалгыз өзү калып жумушунан кийин атасыныкына барат да Аселди карай берет, анын айы күнү жетип калганга ого бетер сулуу көрүнөт, туптунук аппак жүзүнө болоор болбос сары сепкил түшкөнгө өзүнө жарашып балпая көрүнөт. Жүрөгүнө эч нерсе барбай арыктап да кеткен, Калыйпа аны Заринанын кетип калганынан көрүп уулуна боору ооруп калат. Көп өтпөй Асел уул төрөдү, Эрлан кубанып жүрөт, атын Манас деп коюшту, Мирлан үйдө болуп калды, эси дарты, эки көзү Аселде, алар өз бөлмөсүнө киргенден баштап түндөсү аңдып туруп анан жатат. Инисин ошол кезде мыжып өлтүрүп койгусу келет, бирок өзүн кармап калат, бүгүн дагы ата-энеси жаткандан кийин каалганын түбүнө келип тыңшап турду, демейде үн угулбастай катуу жабылган эшик кыңкайып ачык экен.
— Жаным, мен абдан бактылуумун, — деген инисинин үнү угулду.
— Мен дагы, — Аселдин назик үнү.
— Бактылуусуңбу жаным, өкүнгөн жоксуңбу?
— Жо-ок, — Аселдин үнү эркелей шыңк этти, — Сага жолукканыма бактылуумун.
— Мен дагы, ошол күндү эч унутпайм.
— Уулубуз мага окшош ээ? — Өбүшкөндөй болду, Мирлан уятты, иниси экенин унутуп кирип бармак болуп обдулуп барып токтоп калды.
— Сага эмем, мага окшош.
— Жо-ок мага.
— Жо-ок мага, — андан нары эмне кылат эле атасынын жөтөлгөнүн угуп өзү жаткан бөлмөгө кирип кетти, Насырынбек сыртка чыккандай болду, ошол бойдон ойлонуп жатып уктап кетти, эртеси башы ооруп калыптыр таң заардан туруп кетип калды, ал андан ары чыдай албайт эле. Күндө иниси менен келинин аңдып күн көрө алмак эмес. Үйүндө жатып тамак-ашы жок ичип жата берди. Анын келбей калганынан улам Калыйпа кабар алганы келсе үй ичи арактын жытына толуп башкача болуп кетиптир, өзү сакалы өсүп, көздөрү чүңүрөйүп кирип кеткен:
— Кокуй балам, бул эмнең, эмнеге ичип атасың? — деп Калыйпа колундагыны алып койду, — Кебетең кантет балам?
— Азап апа аз-зап! — Мирлан сөөмөйүн чычайтты.
— Зарина кеткенге ичип жатасыңбы, келет да эмеле.
— Жо-ок, мага куу жатындын кереги жок!
— Эмне дейт, ал жаш да төрөйт балам, — деди ал, анткени алардын урушун билишпейт эле, Заринаны сураганда Россияга эжесине кеткенин айткан, иштегени кеткен экен деп ойлоп жүрүшкөн болчу.
— Жок апа, ал төрөбөйт, — Мирлан жатып калды.
— Кудай ай, мындайын билбей калбадымбы, — деп Кейиген Калыйпа жылуулап жаап карап отуруп үйүн жыйнады, жууп тазалап, төшөнчүлөрүн жыйып коюп ойгонушун күтүп турду, ал кечке маал ойгонду, көзүн ачып тура калып:
— Апа, качан келдиңиз? — деди башы ооруп турганын билгизбей.
— Качан эле келгем, сага өзү эмне болгон? — деди сырын тартмак болуп.
— Эчтеке, — деп эптеп туруп сыртка чыгып кетти, ал келгенче жасаган тамагын асытып, чай кайнатып күтсө келбеди, көрсө камокко кетип калыптыр, ал күнү Калыйпа баласына аркы-беркини айтып үйүнө ээрчитип кетмек болду эле ага Мирлан болбой койду, ары карап бери карап акыры үйүнө кетти. Ал келээри менен Насырынбек:
— Эмне болду, балаң бар бекен? — деди.
— Ооба, — деп келининин көзүнчө унчукпай үйгө кирди, — Үйүндө эле экен.
— Тынч аманбы деги?
— Жакшы эле.
— Ошондой болсун, — Насырынбек дагы ошенткени менен аялынын жүзүнөн бир нерсени сезгендей болду, бирок сурабады. Эрлан Аселдин жаш баласы менен үйдө болуп калганынан улам базарга чыгып кеч келет, ал келгенде тамактарын ичип анан өз-өз бөлмөлөрэнө кирип кеткенде:
— Мирландын абалы начар, — деди Калыйпа.
— Эмне болду?
— Ичип жатыптыр.
— Алып келе бербейт белең?
— Сүйрөп келемби, болбой койду.
— Эмне болду аларга, келиндин кеткенинде бир кеп бар.
— Аны төрөбөйсүң деп кетирген го.
— Ошентиптирби?
— Ооба, эми Зарина келбейт го.
— Жакшы келин эле.
— Минтип жүрсө катардан чыгат, үйлөнтүп коюш керек.
— Кайдан табасың?
— Толуп жатпайбы.
— Ээ кемпир, оңой болбойт го?
— Болот эле, өзүм табам, — деп Калыйпа ойлонуп калды: «Гүлүнү алып беремин, эжем мага бербей көрсүн, ага ачык айтам, аял кое берсе эмне экен, балама ылайык эле, андан ашыкка бармак беле, келбей дагы койду», — деп ойлонуп жатты, ал алдыда кандай оор окуя болуп кетээрин сезбеди, эки көзүндөй болгон эки баласынын бири-бирин өлтүрөт деп ким ойлосун. Кыялында Гүлайымды келин кылып алып кубанып уйкуга кетти…
Гүлайым Тимурду катуу сүйдү, ал дагы аны сүйүп бири-бирин көрбөсө тура албай калышкан, Айнура менен Шүкүр ичкенин койбой ини-карындашын иштеп өзү багып жүргөндө сүйүүгө кабылып калды. Ал Гүлайымдан айрылган күнү өзүн жашай албай калчудай сезет. Бир күн көрбөй калса тынчы кетип куса болуп кетет, ал келбей калса Гүлайым дагы жол карап кирип-чыгып карааны көзүнөн учуп кетчү болгон. Тимур бир күнү кечинде катуу мас болуп уктап калган ата-энеси эртеси ойгонгондо маңдайына отургузуп алды:
— Силер ушинтип ичип жүрө бересиңерби, анан көз ачпай жүрүп өтөсүңөрбү? — деди жини келе карап, — деги адам катары жашай турган оюңар барбы?
— Сенин акчаңа ичип жатабызбы? — деди Шүкүр кенебей.
— Акчабы, силерге акча анан арак керекпи? — Үстөлдү бир муштады, — Мына мен жыйырма бешке чыгып өтүп бара жатам, силерде бир ата-энелик сезим барбы?
— Эмне кыл дейсиң эми айтчы? — деди Айнура араң сүйлөп, али масы тарай элек болчу.
— Мен үйлөнүшүм керек!
— Ыя? — деп Айнура отуруп эле калды.
— Үйлөнө бер! — деп койду Шүкүр колун шилтеп.
— Кантип силердин кебетеңер бул болсо…
— Үйлөн, тап…
— Табам, силер кишидей болосуңарбы деги?
— Биз сага ким көрүнүп жатабыз, адам элебиз, — Шүкүр кайдыгер туруп кетмек болду.
— Отур! — деди Айнура ага, — Укпай жатасыңбы, бала үйлөнөм дегенин.
— Укканда эмне кылам?
— Үйдү актайбыз, — деди Айнура, Тимур апасына ыраазы боло түштү, ошентип аларга баарын алып келип берди, үйүн акташты, бир бөтөлкөнү коюп алышкан, Тимур Шүкүрдүн агасы менен инисине барды, алар тың турчу, эптеп Айнуранын апасы келин кызынын түрүн көрүп кейип, урушуп тилдеп төшөнчүлөрүн оңдоду, бир айдай даярданып намыска бек туруп ага-инилери колдорунан келгенин алып келип үйлөнткөнгө камынып калышты, алар кызга сөйкө салып анан каада менен алып келгенге кудурети жок эле, анан ала качып эле келмек болду. Тимур башында эле Гүлайымга ачыгын айткан эле, ал аны түшүнүп баарына макул болду, бирок Шүкүрдүн иниси Шакир келинди өзүнүн үйүнө алып баргыла дегенде макул болушту, анткени канчалык актап койсо да ичи көзгө комсоо, конок күткөнгө ыңгайсыз эле. Алар келинди Закирдикине алып бармак болуп күтүп калышты. Айнуранын агасы эки иниси эжесинин ичкенине намыстанышып он миң сомдон беришти, апасы эки кой, сиңдиси беш миң сом бир кой берди, ошентип келинди алып келишип түлөө өткөргөндөн кийин ачуу басарга жөнөштү, Шүкүр менен Айнура болсо уурдана ичип алып эптеп арасында жүрдү. Аларды эч кимиси адам деп ойлоп деле коюшкан жок. Закир өзү баш болуп кудаларга жыйырма миң сом бир кой берип ийди. Аскер алып барганына анчалык капа болбоду, жөн гана Гүлайымдын келечегин ойлоп: «Жайсыз жерге барганбы, бактылуу болсо болот эле, өзү сүйлөштү бекен», — деп кыжаалат болуп аларды сыйлап узатып анан эртеси Куматты Тураттарга жөнөттү. Алар келгенде кудалардын алып келгенин алдына коюп:
— Мен арбактын парзын аткардым, кыз силердики, бул кыздан келди, союшу бар, — деди эле Турат күлүп:
— Тапкандыкы эмес баккандыкы дейт аке, андан көрө барып кызыбыздын абалын көрөлү, өз көңүлү менен бардыбы же зордоп ала качтыбы, бизге ошол маанилүү, — деди.
— Туура, мен дагы ойлонуп жатам, киргизбей коюшка болбоду, сүйлөшкөн экен дешти.
УЛАНДЫСЫ БАР….