Сыноо 10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО…

10-БОЛУМ

— Адилет, адам өмүрү кыска, — деди Гүлайым ойлуу, — Көз ачып жумгуча өмүр деген зымырык кушча өтүп кетет, жетишпей калып арман кылганча үлгүрүү керек, — Күлүп койду, — Ошондо дагы кудайым өмүр берсе, жаштын тилегин берет дешет го?

— Мунуңа кошулам дечи, — Адилет күлө карады, — Окуу деп жүрө берсек жаштыктын кайталангыс мүнөттөрүн байкабай өткөрүп жиберебиз го?

— Адам алдына максат коюп тилек кылса, баары орундалса ошондон өткөн бакыт барбы? — деди Гүлайым.

— Макул, бирок мен сени сүйөм Гүлайым.

— Ой, мен кечигип калам, эртеңге чейин, — деген Гүлайым унаага жүгүрүп түшүп кетип калды, Адилет турган ордунда катып калды: «Жоопсуз сүйүү, аялдардан академик, профессорлор чыгып жатат, бирок келип эле кара казанды байырлайт эмеспи, мынчалык текебер болуунун кереги не, сүйбөсө сүйбөйм деп койбойбу, көрөм карьера деп жүрүп өз бактысынан куру калган аялдар да бар, сен жөн эле Каныкей менен Айчүрөк болуп кетсең дагы», — деп ойлонуп туруп анан өз жолуна түштү. Гүлайым үч ай бүтүп англисти бүтүп колуна сертифатты алды да айыга ата-энесине жөнөдү. Кумат ал жок кабагы салыңкы болуп үйдөн чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөй атасына жардам берип жүрүп бир күнү түш көрдү, түшүндө Гүлайым экөө кол кармашып жүгүрүп бара жатыптыр, гүлдүү талаа, жапжашыл адырлар, Гүлайым улам колун тартып алып алдыга карай качып жөнөйт, ага жетип эми колунан алаарда ал кайра качат, өзү кадимки өңүндөгүдөй бажырая карап: «Сиз мага жете албайсыз аке, мен алыска-алыска чуркай алам, кана жетиңизчи, жете албайсыз», — деп кыткылыктап бара жатканда жетем деп колун суна мүдүрүлүп кетип ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап оозу кургап каны катып кадимки жүгүрүп келгендей демигип калыптыр, өйдө болуп терин аарчып «өх», — деп алып саатын караса түнкү үч болуптур: «Эмне кылып жүрөт болду экен, кеткен бойдон бир келбей койду, балким ээн-эркин болуп жигиттер менен сүйлөшүп жүргөндүр, ал башкага кетип калса мен кантем, ансыз менин күнүм түнгө айланат го, кантип анын башка менен жашаганын көрүп чыдайм, атамдарга ачык эле айтсам бекен, жакын деле эмес го, анын апасы жээн экен атама, ал такыр эле алыс болуп калат да, тиги чоң атасыныкына кетсе барып ошол жактан ала качып алат элем, бирок ал мени сүйбөсөчү, анда канттим, өзүнүн азап тартып жүргөнү аз келгенсип мен дагы азапка саламбы», — деп ойлонуп андан кийин уктаган жок. Аскер баягыда экөөнүн кол кармашканын көргөндө бир чоочуган: «Бул экөө бири-бирин жактырып калганбы», — деп, эми баласынын Гүлайым кеткенден берки сабыры сузданып кеткенин ойлонуп бир күнү:

— Байбиче, сен эчтеке байкаган жок белең? — деди Гүлүйпага карап.

— Эмнени байкамак элем?

— Балаң менен Гүлү бири-бирин жактырбайбы?

— Койчу? — Гүлүйпа чоочуп кетти, — Кайдагыны айтасың?

— Гүлү кеткенден бери балаңдын кабагы ачылбады го.

— Кой, андай болбой эле койсун, — дегени менен Гүлүйпа дагы ойлонуп калды, бирок экөө тең ошондой боло турган болсо каршы эмес экендиги байкалып турду, бири-бирине айтпады, жөн гана купуя ичтеринен ойлоп койгон. Бүгүн эртең мененки чайга отурганда Кумат ата-энесине бурула:

— Ата, мен Гүлүдөн кабар алып келбейинби? — деди.

— Келет да, үй ай болду, келип калаар, — деп койду Аскер, ал баласынан дагы кандай сөз чыгаар экен деп күттү.

— Келсе эмдигиче келет эле го?

— Капырай, Калыйпанын үйүнүн телефонун билесиң го, почтого барып сурап келсең, — деди Гүлүйпа.

— Чын эле сурап билейин, — деп койду Кумат сыр бербей. Ошол күнү түш оой Гүлайым келип калды, жүзүндө кубаныч, ата-энеси менен кучакташып учурашты:

— Сагынып кеттим ата, апа аябай сагындым! — Экөөнү кучактап көзүнө жаш алып жиберди.

— Өзүң кандай кызым, кыйналбай эле жүрдүңбү? — деп сурады Аскер.

— Арыктап кетипсиң да, тамактан тартылдыңбы кызым? — Гүлүйпа кабатырлана карады, — Өңүңдөн аябай азып кетипсиң.

— Ачка деле болгон жокмун, — Көздөрүн ирмегилей өзүн карап турган Куматты көрүп жүрөгү «зырп» этип алды, анткени анын көздөрүнөн мурда такыр байкабаган сыр жатканын көрүп өзү дагы аны өз агасындай көргөндүктөн ага жетти, — Кумат аке кандайсыз?

— Кел, жаман жоголдуң го, сейилдөөң кандай өттү? — деп жылмайды ал, экөө саамга кучакташып турду, анан Кумат кызды акырын бетинен өптү, — Кандай барып келдиң?

— Жакшы, — Толкунданган Гүлайым сумкасынан сертифатты алып көрсөттү, — Мен эми тилмек болуп иштесем болот.

— Оо кызым азамат, кана-кана? — Аскер кагазды алып окуп Тентиева Гүлайым Муратбековна дегенди окуп негедир кызганып кетти, ушул азыр гана аны өз баласы эмес экенин толук мойнуна алгандай болуп өзүн кызыктай сезип сертификатты кармаган бойдон туруп калды эле:

— Келе, мен деле көрөйүнчү, — деп Гүлүйпа анын колунан алды, андан Кумат алып окуп көпкө үн катпай калышты, бир топтон кийин томсоро ар кимисин карап отуруп калган Гүлайымды көргөн Аскер:

— Куттуктайм кызым, кел келегой эркетайым, — дегенде гана: «Эмнеге мени куттукташпайт, окуп келгеним жакпай калдыбы, балким окуудан көрө күйөөгө тийбейби деп ойлоп жатышабы», — деп ойлоп калган Гүлайым жадырай сүйүнүп атасына кадимкисиндей эле эркелей кучак жая келип кучактап калды, көзүнөн жашы куюлганы араң турган эле.

— Ата, алтыным атакем, менин окуганым силерге жакпай калдыбы, — деп корктум, үч айда үч тил үйрөндүм ата, апа түрк тилин, корей тилин дагы үйрөнүп келдим, мектепте жакшы окуганым үчүн бат эле өздөштүрдүм, — деп ыйлап сүйлөп жатканда:

— Кантет, жаман кыз, кантип жакпай калсын? — Аскер аны чачынан чылап төбө чачынан жыттап, көзүнүн жашын аарчып жүзүн өзүнө каратты, — Сенин жетишкендигиң биздин мактанычыбыз да кызым, — Күлүмсүрөй карады.

— Садагаң кетейин десе, кудай зоболоңду бийик көтөрүп ишиң илгерилеп багың ачылсын, — деп Гүлайым дагы келип кучактап өөп, андан кийин Кумат куттуктады, бабырашып анан көпкө отурушту, Калыйпанын үй-бүлөөсүн сурашты, анан тамак алдыга келип төртөө бирге отуруп тамактанышты, анан жат-жатка келип өз-өз бөлмөлөрүнө киришти. Аскер көпкө ооналактап уктай албай жатып:

— Гүлүйпа, — деди бир оокумда.

— Эмне, уйкуң келбей жатабы?

— Гүлүнүн өз балам эмес экенин бүгүн сезгендей болдум.

— Эмнеге?

— Күбөлүгү өз атасында эмеспи.

— Ооба, аны эмне кылат элең?

— Ошо, өз фамилиясын окуганда гана жаман болуп кетпедимби.

— Өзүң көнүп алгансың да, мектепке баргандан эле өз атасына жазылуу да.

— Ошого маани бербепмин да, тигилери келсе деле анча болгон эмес элем.

— Эми аман болсун, балдардан бөлбөй өстүрдү.

— Сенин жакшылыгың Гүлүйпа, сен жакшы аялсың.

— Билбейм, колума келгени өз баламдай боорума тарттым ушул кызды.

— Гүлүйпа.

— Оов.

— Гүлүнү өзүбүз эле келин кылып албайлыбы?

— Эмне дейсиң, Гүлүнүн көөнүн калтырып койбойлу.

— Балаңдын көңүлү бардай, көз карашынан эле билсе болот.

— Гүлүнүн ою жок болсочу, төркүнүн таап кетип калбасын?

— Байкап көрөлү, Куматтан мен сурап көрсөмбү?

— Сурап көр, бирок Гүлүнү чоочутпагыла, жаман ойлоп жүрбөсүн, өз баласындай көрүшсө минтпейт эле, көрсө башка ойлору бар тура, — деп качып кетпесин? — деп Гүлүйпа ага өз оюндагысын айтты, — Кыз бечара Куматка башкача караганын көрө элекмин, балаңды билбейм, ал жактырса жактыраар…

— Байкаштырып көрөлү, жакшыны жатка чыгарба, — деген бар байбиче, — деди Аскер ойлуу аялына колун арта, — Сенин өзүңдөй жакшы аял болчудай, Дуулат болсо жайсыз жерден үйлөнүп алды, өзүң көрүп турасың, болгону эки келиндүү болсок бири дурус болсун.

— Кудайдын буйруганы болоор Аске, ар бир адамдын өз тагдыры бар да, экөөбүз арачы боло албайбыз чалым, — деп наздана күлүп колтугуна башын жөлөп бактылуу жылмайып алды.

— Туура алтыным, тагдырга таң бере албайбыз дечи.

— Жат эми уктайлы, — деди Гүлүйпа колун арта.

— Ойнобойлубу?

— Койсоңчу, балдар…

— Балдар уктагандыр.

— Ошентсе да… Андан кийин экөө төшөк ичинде бири-бирине рахат тартуулап, түн пардасынын артындагы жубайлардын оюнун көпкө ойношкон соң тердеп кургап, энтиге жатып алышты. Көп өтпөй эле Гүлайымдын келгенин уккан айылдын жигиттери аңдый баштады, ошого удаалаш эле Мейманжан деген адам куда түшүп келип калды, баласы Алимжан чоң окуу жайын бүтүрүп келип мектепке жогорку класстарга сабак берип жаткан эле. Аскер аларды жакшы кабыл алып дасторконун жайып чай берип сөзүн уккан соң:

— Балдар сүйлөшпөсө кыйын, экөө бири-бирин жактырса биз каршы эмеспиз, — деди чын дилинен.

— Ап баракелде, жакшы кишинин айтаары ушул да, албетте бири-бирин көрсүн, — деп Мейманжан бакылдап ыраазы болуп турду, ал совхоз учурунда актив болуп жүргөн, чарбачылык боюнча иштечү. Алардын сөзүн угуп турган Кумат дароо эле сыртка чыгып кетти, муну Гүлүйпа менен Аскер экөө тең байкап ичтен тынды, көп өтпөй эле Алимжан Гүлайымга кат жазып жеңесин жөнөттү, Шарипа шакылдаган келип эле, Гүлүйпага ачык айтып көз менен баланы жолуктураарын айтты эле ал ага өзүнүн келинин кошуп берип жөнөтмөк болду эле Гүлайым болбой койду, Гүлүйпа унчукпай тим болуп алар кеткенден кийин:

— Кызым, эмнеге барбадың? — деди.

— Апа, мен күйөөгө тийбейм, окушум керек.

— Окусаң оку дечи, көңүл үчүн жигитти бир көрүп койсоң болмок эле го?

— Көрүп эмне кылам, бирөөнүн үмүтүн жандырганча биротоло үзүп койгонум жакшы эмеспи апа, — деп эркелей жылмайды.

— Гүлү, оюңда бирөө барбы, же сүйлөшкөнүң барбы?

— Жок апа, ал бүтпөдүбү, андан кийин эч ким менен сүйлөшпөйм деле…

— Мындай болбойт кызым, Мейманжан кадырлуу киши, шагы сынып калса жаман болбой, бу шагын сындырып койсок атаңа нааразы болуп калбайбы.

— Эмне болот?

— Жаман көрүп калат, кызын бергиси келбей калыптыр деп каргап коңшу да мүмкүн кызым, алар ошондой адамдар.

— Жаман болсо бербейм деп эле койсо болмок.

— Жаман эмес, — Гүлүйпа сөзүн оңдоого тырышты, — Уяттуу, кадыр-барктуу киши, бизди дагы уят кылат, бирде болбосо бирде сөзгө жыгат кызым.

— Эмне кылуум кере апа?

— Жок дегенде бир жолу жолугуп көр, андан эчтеке болбойт.

— Апа, кутула албай калбаймбы?

— Коркпо кызым, көңүлүңө жакпаса ачык эле айт.

— Макул, — Гүлайым аргасыз башын ийкеди.

— Садага кетейин десе, кызга миң киши жуучу келсе бирөөнө буйруп коет, дароо эле алып да кетпейт, — Гүлүйпа аны эптеп көндүрүп эртеси дагы келем деген Шарипанын сөзүн эстеп кымыйып алды, алар чынында колунда барга барса кор болбойт деп ойлогон эле, анткени балдарынын баары өз-өз ордун таап, үй жай күтүп кеткенин билишет, Алимжан эң кенже баласы эле, окуп-чокуп жүрүп үйлөнө элек болчу, тарбиялуу үй-бүлөдөн чыккан немеге барса бактылуу болот, жакын дагы болот дешкен. Ал чыгып келе жатса Кумат кирип келе жатыптыр:

— Гүлүн эмнеге эле күйөөгө бергенге шашасыңар? — деди ал үңүрөйө.

— Эмне болуп кетти? — Гүлүйпа уулун сынай карады.

— Көңүлү болбосо кыстаганда эмне? — деп ичкери кирип кетти.

— Кыз тием демек беле, биз силерди бактылуу эле болсун дейбиз балам.

— Мени ойлобой эле коюңуздар!

— Ийи? — Гүлүйпа элээ карап артынан кирди.

— Мен такыр үйлөнбөйм!

— Эмне дейт, үйлөнбөйм дегени эмнеси?

— Ошо! — деп өзүнүн бөлмөсүнө кирип жатып алды. Гүлүйпа ойлуу турган жеринде туруп калды: «Кудай уу-ур, мында бир кеп бар, ырас эле бири-биринде көңүлү болсо кантем, андай болсо экөөнү үйлөнтүп көзүн кызарткандардын үмүтүн үзүш керек, Гүлайымдан кантип сурап билем», — деп турганда Аскер келди:

— Эмне болду?

— Эчтеме.

— Кумат үйдөбү?

— Ооба, бөлмөсүнө кирди.

— Ага эмне болгон.

— Билбейм, эмне болду?

— Тайды издеп кел дедим эле.

— Тапкандыр.

— Көрүнбөйт, — Аскер бөлмөсүнө кирди, — Куму, тайды таппадыңбы?

— Жок.

— Издебейт белең анан.

— Башым ооруп жатат.

— Дары ич, мен издейин, — Аскер кайра сыртка чыкты, Гүлайым ата-энесинин көңүлүн кыйбай Алимжан менен жолукту, бирок көөнүнө жакпады, зымырайып сөз сүйлөбөй туруп кайтты, анын жигитке эмне дегенин жеңелери да билген жок, болгону жигит үйүнө барып эле:

— Мен ага үйлөнбөйм, — деди.

— Эмне болду, кыз жакпадыбы?

— Жок, бирок мен издеген кыз эмес.

— Ботом сен издеген кандай кыз эле? — апасы оңурая карап калды.

— Менин сүйлөшкөн кызым бар, ошону алып келем, — деди да чыгып кетти, айткандай эле ошол жумада өзү менен иштеген кызга үйлөндү, Гүлайым кайра шаарга кетип калды, көп өтпөй эле ал бир агенттике кирип чет өлкөлүктөр менен иштешкенге келишим менен тилмеч болуп кирип ата-энесине кат жазып таксиден берип ийди. Ал кеткенден кийин Аскер менен Гүлүйпа кеңешип Куматбектен ачык сурамак болушту. Үчөө кечки тамакка отурганда экөө бири-бирин ымдап: «башта», — дегендей саамга карап отуруп анан Аскер тамагын кыра сөзүн баштады.

— Куму, сен эми үйлөнбөсөң болбойт, — деди андан сөз чыгабы деген ойдо.

— Ата, убара болбогула үйлөнбөйм.

— Эмнеге?

— Жөн эле…

— Өзүң жактырган эле кызды айт дегеле каршы болбойбуз, — деди Гүлүйпа.

— Ой ата-а, менин оюмда эч ким деле жок.

— Жо-ок, сени байкап жүрөм, оюңда бирөө бар, ачык айт балам, — Аскер ага башын ийкеңдете карады, — Бирөөнү жактырып жүргөнүң ким?

— Силер аны түшүнбөйсүңөр! — деп туруп бара жатканда.

— Сени түшүнбөй бирдеме дедикпи, айтканың болот дедим го? — Аскер үнүн катуу чыгарды, — Эмнеге мына тартынасың, же жалтаң өскүдөй болгон жоксуң, ички оюңду бизден жашырып кимге айтасың балам?

— Ата, силер баары бир түшүнбөйсүңөр дедим го.

— Айтып көрчү, түшүнбөсөк анан ошондо көр.

— Айта албайм, — деп жер карап туруп анан, — Жатам, — деп бөлмөсүнө кирип бара жатканда Аскер токтотту.

— Отур деп жатам!

— Эмне кыласыз эми?

— Сүйлөшөбүз, ушу сен Гүлүдө оюң бар го?! — дегенде жалт карап ата-энесин жал-жал карап туруп калды, — Өлүмдөн башканын эртеси жакшы, ооруңду жашырсаң өлүм ашкере кылат деген, оюңду бизден жашыргандай өгөй же жетим бала белең?

— Айтканда эмне өзгөрмөк эле…

— Айтсаң көрөсүң да.

— Балам, — деди баятан бери унчукпай карап отурган Гүлүйпа, — Гүлү сага жагаарын билем, бирок ал эмне ойлот аны билбейм.

— Ошо да, — деп жиберди Куматбек.

— Мына, — деп күлдү Аскер.

— Эмнеге күлөсүз? — Кумат кызарып кетти.

— Сыр жашырбай жүр балам, Гүлүнү өз балабыздай көрөбүз, биротоло өз бала болуп калса жаманбы? — дегенде Куматбек кайра келип отура калды:

— Каршы болбойсуңарбы? — Жүзү кубанычтуу болуп көздөрү күлүңдөп кетти, — Мен уялбадымбы?

— Гүлү билеби? — деди Гүлүйпа.

— Жок апа, ага кантип айтмак элем?

— Кеп ошондо, — деди Аскер, — Аны көндүрүү кыйынга тураар бекен?

— Кеңешели, — деди Гүлүйпа ойлуу, бирок ушул азыр Куматбектен өткөн бактылуу адам жок эле, ата-энесине айта албай, оюн билгизгенден тартынып жүргөн, эми алардын сөзүн угуп учуп жеткиси келип турду, Аскер менен Гүлүйпа болуп кеңешип Куматты шаарга жөнөтмөк болду, козу союп Калыйпанын үйүнө барып иштегени келдим, — деп Гүлү менен жакындан сүйлөшмөк болду. Гүлайым ушул кезде жүрөгүнө жаккан жигитке жолугуп калган эле, агенттикте иштеп жүрүп жумушунан кайтып келе жатып эле маршруткадан түшүп таежесинин үйүнө келе жатканда:

— Чоң кыз кандайсыз? — деди бир жигит жанаша калып.

— Жакшы, сиз кимсиз?

— Сизди күндө көрөм, мен дагы ушул жакта жашайм.

— Аа-а, — Гүлайым аны көз токтото карап койду, бир аз жупунураак болгону менен келишимдүү жигит эле, ал улам кызды карап коюп кетип жатып:

— Менин атым Тимур, — деди колун суна.

— Гүлайым.

— Атыңыз өзүңүзгө жарашкан керемет кыз экенсиз.

— Ыраспы, — Гүлайым мыскылдагандай күлө карады, — Сиз атыңызга жарашпайт экенсиз.

— Чын элеби? — Жигит кызыктай боло түштү, — Атым өзүмө жарашат деп жүрсө…

— Ошондой, кош болуңуз Тимур мырза, — деп күлө карап короого кирип кетти, аны терезеден карап туруп көргөн Саида алдынан тосту.

— Жигит тапкансың го?

— Кандай?

— Көрдү-үм, — Саида күлө алдын тосту, — Мен сага бир сөз айтам, — деп шыбырады да аны төркү бөлмөгө алып кирди, — Атамдар мени жигитиме бербей жатат.

— Эмнеге?

— Анын колунда жок, ошону үчүн.

— Кызык, мени дагы ошентишкен.

— Чы-ынбы? — көзүн алайта ишенбегендей карап калды.

— Ооба, мен унчуга албай калганмын.

— А мен тим калбайм, качып кетем.

— Каяктан болот?

— Атбашылык.

— Оо-оу, алыс ко?

— Боло берсин, мен аны сүйөм да.

— Сүйгөн болсоң сөз жок.

— Сен Тимурду качантан бери тааныйсың?

— Он беш мүнөт болду, — Гүлайым сумкасын койду.

— Эмне?

— Ооба, он беш мүнөт болду таанышканыма, — Гүлайым күлүп койду, — Сен аны билесиңби?

— Коңшу турсак кантип тааныбай коймок элем.

— Аа-а, — деп койду Гүлайым, — Жүрү чай ичеличи.

— Ата-энеси көп ичет, бирок Тимур жакшы бала, — Саида кошумчалап койду.

— Мени кызыктырбайт, Саида кийинки жумада кытайга бармак болдум.

— Сага абдан суктанам, өжөр экенсиң.

— Аракет кылса берекет.

— Менин максатым бир Саида.

— А мен сүйгөнүмө жетсем деп тилейм, а сен…

— Тилегиңе жет, — Гүлайым чай коюп жатып айтты.

— Рахмат.

— Таежемдер бир жакка кетти беле?

— Конокко кетишти.

— Жакшы, мен аябай чарчадым, — Чай ичип алып бөлмөгө жөнөдү Гүлайым.

— Мен кечке уктадым, эми өлсөм дагы уктай албайм, — деп телевизорду коюп диванга шалак эте отурганда үйдүн телефону чырылдап калды эле Саида ыргып турду, — Ази-им, сен келдиңби, эшикте турасыңбы, бирөө көрүп калбасын, эң жаманы атамдар көрсө, азыр мен чыгам, — деп трубканы кое жүгүрдү, — Гүлү, мен азыр келем!

— Каякка?

 

УЛАНДЫСЫ БАР……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️