Пример HTML-страницы

Сузактын Кара-Алма айылында күндүн башкача кубулушу байкалды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-февралда Сузак районунун Кара-Алма айылында күндүн башкача кубулушу байкалды. Бул тууралуу аны видеого тартып Айбек Исабеков билдирди.

«Кара-Алма айылынан Жалал-Абад шаарын көздөй бара жаткам. Унаада бара жатып, күндүн чагылышып жатканын көрүп, жол жээгине токтоп тарттым. Күн 3 тарабынан чагылышып жаткандыр. Бул эмне? Асан-үсөнбү же булуттарга чагылышканбы?», — деди ал.

Мындай кубулуш суукта муздун күн нурун чагылдырышынан улам болот. Андан улам визуалдык түрдө бир күндүн ордуна 3 күн көрүнгөндөй кубулуш жаралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE