Бул окуя Стамбул шаарында болуп отту.
Нуржет аттуу жигиттин апасы кокустан ооруп
калды.Ал буга чейин деле коп ооручу,бирок
аз эле жатып кайра туруп кетчу. Бул жолу
андаф болбой калды. Апасынын алдан тайып бара жатканын коргон Нуржет тез жардам
чакырууга аргасыз болду. Дарыгерлер анын
оорусу жонткой эмес экендигин айтып
ооруканага алып кетишти. Эмне болуп кетет
экен деп тынчсызданып отурган Нуржетке,
дарыгер,апасынын абалы оор экендигин,анын айыгып кетуусу бир гана Аллахтын
колундагы иш экенин айтып чыкты. Ошентип
апасы бир канча кун жатып калды.
Дарыгерлер канчалык аракет кылбасын, эч
кандай майнап чыкпады. Абал кундон кунго
оорлой берди. Бир куну дарыгер Нуржетти чакырып:
— Балам, апандын абалы оор. Операциясыз
айыгып кетсе жакшы болмок. Операцияны
которуу ал учун оор. Ошентсе да , мындан
башка айла жок. Эгер сен макулдугунду
берсен,эртен операция жасайбыз. Бирок,операциядан кийин жакшы болуп кетет
деп кепилдик бере албайбыз,- деди. Нуржет
канчалык кыйналып турса да, умуту узулбой
операцияга макулдук берди. Уйго кайгыруу
менен кайтты. Атадан эрте калып,эненин
колунда эрке оскон бала учун энеден да айрылуу кандай оор. Бой тартып,уй-булоо
курчу куракка эчак эле жетип калган болсо да,
бала баары бир бала. Нуржеттин коздорунон
жаш кылгырып жузунон ылдый куюлуп
жатты.
Машинасын жол жээгине токтотуп,уйун коздой эми кадам шилтегенде жакын жерден
аянычтуу чыйылдаган ун угулду. Ансызда
кайгырып келе жаткан Нуржет эч нерсеге
конул бурбай басып жоноду. Бирок ошол
учурда дал эле жанынан ун кайра угулуп,
козуно кандайдыр бир нерсе кыймылдагандай корунуп кетти. Нуржет бир
азга аялдап, ошол тарапка коз жугуртту. Ооба,
чындап эле таштанды челектин жанында бир
нерсе кыймылдап жатыптыр. Жакын келген
Нуржет мышыктын кичинекей балдарын
корду. Аларды кимдир бироо кагаз баштыкка салып таштандынын арасына ыргытып
жиберген окшойт. Байкуш эне мышык эмне
кылаарын билбей,
балдарынын жанында ары-бери басып
мыёлойт. Буларды коруп Нуржеттин козу
дагы жашка толду. Эне менен баланын ортосундагы махабат кандай гана бекем.
Байкуш эне озунун курсагы ач болсо
да,балдарынын курсагын ойлойт. Озу
кыйналып турсада, балдары учун жашайт.
Бул жагынан адам менен айбандын эч кандай
деле айырмасы жок дечи. Мына Нуржетти багып чонойтом деп журуп апасы ден-
соолугунан ажырады. Балким бир кундон
кийин омурунон да ажырашы мумкун. Бул
мышык деле ошол сыяктуу бир аз убакыттан
кийин эне мышык балдарынан ажырайт.
Ушинтип ойлоно тушкон Нуржет мышыктын балдары салынган баштыкты колуна ала
калып уйун коздой кадам шилтеди.
Балдарына кызганып мыёлогон эне мышык
артынан калбай чуркап жоноду. Уйуно кирип
мышыктын балдарын себетке салып жылуу
жерге койду да,идишке сут куйуп энесинин алдына койду. Коптон бери эч несе жебеген
мышык сутту бир заматка калтырбай ичип
койду да,балдарынын жанына келди. Жылуу
жерге кирип денеси жумшаган мый- мыйлар
бири-биринен талашып энесине жалмашты.
Бир аздан кийин жылуу-жумшак орунга кошугон мышык да, балдары да кырылдап
уйкуга киришти. Алардан коз албай олтурган
Нуржеттин конулу бир азга которулду,бирок
анын конулу бир отоло ачылып кетуусу
мумкун эмес эле.
Эртеси Нуржет тан атпай ооруканага келди Апасы жаткан болмого кирип келип,журогу
оозуна кептеле тушту. Апасынын керебети
бош турат. Оюна жамандык орной тушкон
Нуржет дарыгердин болмосун коздой
чуркады. Ошол учурда кошуна болмодон
чыккан жардамчы кыз ага жылмая карап: — Байке, сизди апаныз кутуп жатат,- деди. Эмне
болуп жатканын тушуно албаган Нуржет
кызды жалдырай карап унчукпай туруп
калды.
— Апаныздын абалы жакшы болуп
калгандыктан аны башка болмого жылдырдык,журунуз мени менен,- деди
да,кыз аны кутпостон басып жоноду. Козуно
тегерене тушкон жашын кызга корсотпостон
суртуп, Нуржет анын артынан ээрчиди.
Болмого кирип келген коргон козуно
ишенбеди. Канча кундон бери эс-учун билбей жаткан апасы керебеттин устундо отурган
экен. Нуржет апасын кучактап,жаш балача
шолоктоп ыйлап жиберди. Апасы уулун
эркелете чачын сылап жанына отургузду.
— Аллахтын ырайымынан эч качан умут узбо
уулум. Мени бул оорудан Аллах озу сактап калды уулум. Бугун тундо уйку соонун
ортосун да кызык туш кордум. Менин оорудан
айыгып кетуумду тилеп сурап дуба кылып
жаткан мышык жана анын кичинекей
балдары корунду. Алар Аллахка жалынып,
менин оорудан айыгып кетуумду дуба кылып жатышыптыр. Бир убакта ойгонуп кеткендей
болдум. Козумду ачсам кадимкидей
женилдеп калыпмын. Ордуман озум туруп,
дарыгер кызды озум чакырып келдим,-деп
жобурап отурду. Апасынын андан ары эмне
деп жатканын Нуржет уккан деле жок. Ал Аллахтын кудуретмне даны бир жолу
танданып,
кечээки мышыктын балдары менен эне
мышыкка кылган жакшылыгын эстеп отурду.
Чындыгында, жакшылыктын чон кичинеси
болбойт. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи вассалам):
» Курманын жартысын берип болсода,
тозоктон сактангыла «- деген. Адамга сооп
жазылуу учун анын кылган жакшылыгынын
колому шарт эмес, анын ыкласы шарт.
Аллах Таала Кураанда: «Аллахка жети асман,жер жана алардагы бардык (жандуу-
жансыз) нерселер мактоо менен тасбих
айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер
тушунбойсунор. Чындыгында, Аллах кен
пейил, Кечируучу» — деп айткан.
(Исра:44- аят). Демек,ар бир жандуу-жансыздын Аллахка
тасбих айтары чындык.Ошол себептен бардык
адамдарга, жан- жаныбарлага жана табиятка
аяр мамиле жасоо керек. Kyrgyzcha.site