Пример HTML-страницы

Сокулуктагы окуучулар отургучсуз окуп жатышат. Билим берүү бөлүмү эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Б.Жамгырчинов атындагы мектепте отургучтардын жетишсиздигинен окуучулар туруп окуп жатышат. Бул тууралуу ата-энелер билдиришти.

«30-сентябрь күнү ушул боюнча мектепте чогулуш болот. Жаңы окуу жылы башталгандан бери ушундай. Эмне үчүн быйылкы окуу жылына даяр эмес?», — дешти алар.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турум Сатарованын айтымында, Күн-Туу айылындагы Б.Жамгырчинов атындагы орто мектебинде 1017 окуучу билим алат. 34 класс-комплект бар. Окутуу 2 нөөмөт менен өтөт.

«Отургучтар оңдоп-түзөө үчүн алынып кеткен. Ошондо бир ата-эне келип, сүрөткө тартып кетиптир. Бүгүн оңдолгон отургучтар ордуна коюлду.

Бул мектепте 500 орундуу кошумча корпус курулууда. Бүгүнкү күндө курулуш 52 пайызга бүткөрүлдү», — деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE