ШУМДУК КАЙНЕНЕЛЕР…

https://kyrgyzcha.site/?p=65715&preview=true Кызыктуу окуялар.

ШУМДУК КАЙНЕНЕЛЕР

 

Төркүндөн келе жаткан келин, үйүнө жакындап огородунун тушуна келгенде «келиним» деп телефондон сүйлөп жаткан кайненесинин үнүн угуп, тык токтоп, шүмшүк мени бирөөгө жамандап жатса керек деп ойлоп тыңшап баштады… огород зым менен тосулуп, бирок ичине жыл кылып бадал өстүрүлгөндүктөн, бирин — бири көрө албайт эле…

-келиним жаман? Аны сага ким айтты? Сенсиреп айтышат экен дедиңби? Алло? Ой шумдук ай, муну кайдан угуп жүрөсүң? Же көзүң менен көрүп, кулагың менен уктуң беле? .тиги жактагы адам жок, уккан да, көргөн да жокмун деди окшойт, кайненеси көрбөсөң, укаасаң анда кантип ошол сөздөргө ишенип жатасың? Баары карандай калп, элге таң калам, менин келинимди эле сүйлөп эрмектеп калышты, жалган, Кудайга шүгүр айдай келиним бар, кызматымды кыңк дебей жасап жүрөт, эми анча — мынча ката кетиргенин жаштыгына жазып коём, адашпаган ким бар экен? Биз деле жаш келин болуп келгенде, кайненеге канча кыялыбызды көрсөтүп жүрүп, кийин түшүнүп кетпедикпи? Мындай ушактар кайдан чыгат тообо? Ана уулумду аябай катуу сүйөт, анан уулумду сүйгөн адам, кантип мага жамандык кылсын? Биринен — бири ширин бир уул, бир кызды төрөп, уучубузду улап олтурса? Кудайга шүгүр мен келинимден ыраазымын, мунун баары чындык, эртең көзүм өтүп кетсе да, ойлонбой кете берем, себеби уулум жакшы аялдын колунда калат. Элдер кызык, эмне иши бар менин келинимде?Ал да бирөөнүн көзгө басаар кызы, ханышасы болсо, Ушунчалык адамгерчиликтүү Кудам — кудагыйым бар, ошондой инсандардын кызы кантип жаман болсун? Тообо ушул сөздөрүмдү элге жеткирип койчу, ар нерсе дей бербей жаагы басылсын.

Булардын баарын нес абалда угуп отурган келининин көзүнөн тынбай жаш агып терең ойго сүңгүп кетти. Кудай ааай, кечирип койчу мени , ушундай алтын кайненемдин кадырын билбей сокур болуп жүргөн экем, апаке мени кечринчи, сиздин анча — мынча каталарымды айтып, тирилике тың болсун дегниңизди, мен туура эмес түшүнүп, мени жээрип жатат? өгөйлөтүп жатат деп ойлоп, сизди жаман көрүп, кээде сенсирешип да айтышып жүргөм, Кудай ааай, эми мени кечиресинби?

Ушундай кымбат апамдын баркын кеч билгеним үчүн мени жазалабачы, мендей сокур пендеңди кечиричи? Кудайым сага сөз берем, апамды эми эч качан капа кылбайм, өз апамдай жакшы көрүп кызматын кылам, кечирчи деп, ичинен жалдырап, жашы төгүлүп жатты. Же менин келе жатканымды көрүп эле, атайын жасап жатабы бул ишти? Бирок кайдан көрмөк эле, мен төркүндө төрт беш күн турам деп кетип, бир күндө эле баса бербедимби? Жада калса күйөөм да билбейт го келээримди деп, баягы жаман оюна өзүнөн — өзү уялып кетти. Аңгыча кайненеси тиги сүйлөшкөнү менен коштошуп, телефонду коюп, ордунан туруп тообо элге ушак эле болсо болду, эми келиним кыялын көрсөткөнү чын дечи, бирок ошентсе да эмне иши бар алардын? Бир буюрса менин келиним да түшүнүп, баркымды билип, урматтап калат, акыры Кудайга жалбарып жатам го деп сүйлөнүп, узап барып үйгө кирип кетти. Келин да туруп жөнөмөк болуп, бирок токтой калды, артынан кирсем, сөздөрүмдү угуп калды деп ойлоп калбасын деп, жарым сааттай туруп, анан кирди.

Пример HTML-страницы

Ошол күндөн баштап келини түп тамырынан, апалап эле турат, келининин өзгөргөнүнө жетине албай сүйүнүп, кайнене да курсан. Арадан он күндөй өтүп,баягы телефондон сүйлөшкөн курбусуна чалып, ой садага акылыңдан айланайын, сен айткандай болду баарысы, келиним көз тийбесин ушунчалык өзгөрдү, мени апалап эле,карегимди тең айланат деп, курбусуна ыраазы болуп, ырахмат айтып экөөсү каткырып күлүп жатты.

Негизги иш мындай болчу, келини төркүндө төрт беш күн жүрөм кеткен эле, короодо олтурса, баягы курбусу чалып, ай келиниң базарда жүрөт го деп калды.

— базарда? ой ал төркүнгө кетпеди беле? Дагы үч — төрт күндө келмек десе курбусу, ой жакшы болбодубу, сага бир акыл айтам келиниң начар сыйлабасын баары эле билет, сен азыр колуңа телефонду алып, келе турган жолун аңдып тур бадалдардын кычыгынан эптеп, анан келатканын көрсөң дароо отура калып, үнүңдү бийигирээк чыгарып, телефондо сүйлөшкөн киши болуп, келиниңди аябай катуу мактап сал, ишенип кой, мен бул опутту келиниме колдонуп, азыр мына жыргап сый астында жүрөм, сенин да келиниң көрөсүң өзгөрөт, эгер кымындай ыйманы болсо деген эле.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️