Сенсиз деле бактылуумун (3-болук)
-Алло! Ким экен бул?
-Да! Мен Кыялмын Бермет-дедим үнүмдү болушунча жумшак чыгарып.
-Ммм кандайсыз?-деп назик сураганы менен кайра эле кокустан башка адамга айлана түшкөндөй үнүн кескин түрдө өзгөртүп-Эмне болду?-деди
-Жолугалы Бермет,атайы сени менен сүйлөшүү үчүн келдим…
-А менин жолуккум жок.
-Бермет? Кел эми жолугуп жүзмө-жуз сүйлөшөлү
-(Жооп жок)
-Бермет дейм?
-Ов..
-Үч айга жакындап калды менден кеткениңе.Ушул убакыттын ар бир мүнөтүн сени ойлоп,менин өзуңдүн алдыңдагы күнөөмдү кечирип кайра келишиңди ойлоп күн өткөрдүм.Сен деле мен сыяктуу ойлонсоң керек туурабы? Угуп атасыңбы мени? Алло?
-Угуп атам-деди Бермет үнүн аста чыгара.Ошол убакта анын жанында бирөө шыбырап жатканын да уктум.Бирок ал жөнүндө унчукпадым. Ким болушу мүмкүн? Кыска ойлуу,өзүнүн намысын кызынын намысынан да жогору койгон кайненем болушу мүмкүн эле.Же таптакыр башка адамдар…
-Анда мындай,жолуккуң келбесе ушул телефондон эле сурайын-Ушул жерде тамагымды кырып алдым да үнүмдү олуттуу чыгарып-Мени менен кайра жашап кеткиң келеби? Билгин,бул суроону кайра бербейм-дедим ызырынганымды ага билгизбөөгө аракет кылып.Балким ушул жерден мен катуу кетип туура эмес сүйлөгөндүрмүн. Бирок ошентсе да бул болгон окуяларды бир жолу аягына чыгарышым керек эле.
-Жашагым келбейт-деди телефондун нары жагындагы үн.Эмне себептен мынтип айтты ачыгын билбедим го бирок Бермет ошол маалда ыйлап жатканын канчалык угузбоого аракет кылганы менен мен жүрөгүм менен сезип койдум.
-Жакшы ойлондуңбу?
-Ооба-деди.Ушул сөзду араң айтты окшойт үнү угулаар угулбас болуп чыкты.
-Анда өзүң бил! Менден сага «үч талак!» -дей салганымды өзүм да байкабай калдым.Бермет болсо ал сөзду угаары менен үн-сөссүз телефонду коюп салды…
Мына ошентип ата-энемдин тилегим менен,элдин батасы менен үйлөнгөн ак никем аз убакыттын ичинде бүлүндүгө учурап жан-дүйнөм эңшерилип бул кең ааламга батпай турдум.Ошол эле күнү кайра Москвага баса бердим.Ата-энемдин чалууларын албай бир ай жүрдүм.Мен кадимки темир адамга айлангандай акыбалда элем.Башым айланып,жыгылайын деп баштаганда гана жолдо бир жерге токтоп шам-шум этип албасам дээрлик ачка эле жүрө бермей адатка айланды.Үйгө келип чай ичкенге да көңүлүм чаппай чүмкөнүп жатып алаар элем.Бермет менен жашап жүргөндө бир жакшына болуп баралыма келип калган кебетем купкуу болуп мен өңүмдөн кетип араң жүрдүм.Бирок жеңил ойлуулукка алдырып ичип кеткен жокмун,деги эле ал жөнүндө ойлободум дагы…
—Арадан жети жыл өттү.Мына менин өз жеримде иштеп жатканыма эки жылдын жузү болуп калды.Мен Бермет менен акыркы жолу ошол телефондо сүйлөшкөндөн бери таптакыр сүйлөшпөдүм. Бир жыл өтүп калганда алыскы карындаштарымдын биринен анын турмушка чыкканын уккан элем.Болгондо да мамлекеттик кызматтарда иштеген бир байдын баласына тийгенин.Ал жаңылык мен үчүн жаңылыктардын жаңылыктарына айланды.Мен ага талак бергеним менен туюмумдагы кайсы бир ойлор аны кайра мага келээрин күтүп жүргөн эле да.Аны биротоло жан-дүйнөмдөн сүрүп чыгарган жок элем го.Ошол күндөн баштап мен жумушка бүт дилим менен киришип иштей баштадым.Акмарал менен кайра байланышып, ал чоңойтуп жаткан уулум менен ар сагынганда жолугуп турам.Акмарал да озү теңдүү бир адамга турмушка чыккан.Өзүнө ылайык,токтоо, түшүнүктүү адамга чыкканы мен кубандырган эле.Менби? Мен дагы Бермет менен ажырашканымдан үч жылдай убакыт өтүп үйлөнгөм.Атына заты жарашкан Мээримим да турмуштун соккусуна кабылып кайра бутуна турган кыз.Бул кызды да жогорку окуу жайда окуп жүргөндө алып качып кетип жыл өтпөй ажырашып тыныптыр.Анын бул нерселерди айтып жатканын уккан мен да өз башымдан өткөн нерселеримдин баарын айтканмын.Унчукпай угуп олтуруп мени бир башкача караган да «Кыял,жаңылбаган адам жок.Сенин жакшы адам экениң көздөрун эле айтып турат.Сен менин өткөнүмдү унута алсаң мен да сенин өтмүшүңдүн баарын унутканга макулмун» дегени жүрөгүмдү элжиреткен болчу ошондо.Ошол эле сөздөрү менен кошо уулумду таптакыр унутпоомду баса белгилеп,ал менен байланышты узбөөмдү да суранган болчу.Бир айдан соң айылга ээрчитип барып чакан той менен экөөбүз баш кошуп алдык.Бир жыл өтпөй бойтойгон кыз төрөп берди.Өз нугунан бир аз чыга түшкөн жашоом кайра өз нугуна түшүшү мени да кайрадан чыйралтты.Өткөн жашоом телевизордон көргон бир кызыктуу кинодой эле унутулуп барып таптакыр эстен да чыгып кетти.Албетте уулум Адилеттен башкасы.Адилетим азыр төртүнчү класста окуп жаткан учуру.Менин азыр шаарда төрт жыл мурун ачкан ресторан,чаканыраак эки кафем менен алекмин.Мээрим болсо окуусун сырттан окуу жолу менен окуп дипломун алганы менен азыр үй кожойкеси.
Машинаны канчалык зуулдата айдагым келип жатса да жанымда олтурган Мээримдин утур-утур секин айдашымды суранып жатканынан нөшөрлөп жаап жаткан жамгырларды жара Бишкектен Ошко карай жолдо кетип бараттым.Магнитафондогу жагымдуу музыкага экөобуз тен кулак тошөй кечээки болгон тойдогу окуяларды суйлөшүп бара жаттык.Төө ашуудан өтүп тюнелден чыгып ээн талаада кетип жатканда алдыраак жерде жолдун боюнда турган караандар көзго көрундү.Жакын барганда машинанын алдын ачып бир нерселерди чукулап жаткан бир кишини,жолдун боюнда нары бери өтүп жаткан машиналарга колун булгалап жаткан дагы бир кишини көрдүм да машинанын ролун түз эле ошолор жакка бурдум.Кеч күздөгу нөшөрлөгөн бул суук жамгырда калып кеткен кандай экенин мен да оз убагымда өз башымдан өткөргөнүмдү эстедим.Он жылдан ашык машинаны ролун кармап жүргөн мендейлер үчүн бул көрүнуштөгү адамдардын эмнени ойлоп жатканы айдан ачык эле.Анын үстүнө күүгүм да кирип калган болчу.Өтүп барып токтодум да Мээрим суна койгон кол чатырды ала жол боюнда жүрө албай турган машина тарапка кадам таштадым.
-Салам алейкум,рахмат байке-деп тез-тез сүйлөгөн өзүм курактуу эле жигиттин сөзунун аягына чыгара койбой эле:
-Ва алейким,эмне жүрбөй атабы?-деп создүн ток этээр жерин сурап калдым.
-Ооба,бир саатттай болду,бир нерсеси үзүлүп кеткен бейм,таптакыр эле от албай атат-деп машина оңдоп жаткан киши жакты көргөздү башын буруп.
-Машинада дагы адамдар барбы?
-Ооба,үч адам бар.Ошолорду салып ийиш керек болуп атат.Арасында бирөөсү кош бойлуу.//
-Өзүлөрү эмне деп атышат? Алар жөн эле жүргүнчүлөрбү же…?
-Жүргүнчүлөр эле байке,бош кетпейли деп алып алган болчубуз.Ушул жерде бузулуп калаарын билсек гана…-деп кейип алды үстү башы суу болуп калган жигит.
-Анда барып даярданып турууларын айт,мен машинаны жакыныраак айдап келейин-деп машина тарапка чуркадым.Артка айдап бузулуп турган машинанын жанына айдап келдим да сыртка чыктым.Тиги шамдагай жигит машинадагылардын жүктөрун тез эле артка жүктөй салды да олтургандарды сыртка чыгара баштады.Улгайып калган эки аял менен бир арыкчырай келген келин экен.Алар менен нөшөрлөгөн жамгырдан айынан жакшы деле учурашканга чамам келбей аларды машинага жайгаштырдым да машина оңдоп жаткан киши тарапка басып келдик.Бир аз чукулаган соң бул машина устасыз жүрбөшүн түшүндүм да тигилерди да мен менен кете беришин,эртеге келип машинаны оңдоп кетишин айтып көрдүм.Бирок экөө тең каршы чыгышты да мага ырахматтарын айтып кабатырланбай кете брүүмдү айтышты.Кол чатырды тиги тезе-тез сүйлөгөн шамдагай жигитке карматтым да коштошуп алып машинага жугүрдүм.Келсем Мээрим тигилер менен эски тааныштардай сүйлөшүп калган экен.Эки аял гана сүйлөп жатканы менен бир чекеде олтурган келинден үн чыкпады.Наркы беркини сүйлөшүп келе жатып биринчи жолуккан жол боюндагы кафеге тамактанып алууга кафеге
Жүрүңуздөр тамак ичип алалы,жол узаак али-дедим машинанын ичиндеги жарыкты күйгузө артты карай.
-Маакул балам,жүр Разия,келинди да айт-деди бириси.
-Жүр Бермет-деген экинчи аялдын үнү кулагыма башкача угулду.Эми гана жанатан бери үн-сөссүз келе жаткан келинге көз жүгүртүп тааныдым да көргөн козүмо ишене албай турдум.Ооба, бул ошол мен тааныган Бермет эле.Бирок ал убактагы Бермет менен мен тааныган Берметте айырмачылык өтө чоң болуп кетиптир.Сыр бербей эле сыртка чыга качтым.Бул учурда эмне кылыш керектигин ойлонуп жаттым.Акыркы күндөрү анда-санда чегип коймой адатым пайда болуп калгандыктан тамекини түтөтө аларды кире беришин айтып чекерээк бастым токтогон жамгырдан кийинки таза абадан кере-кере жута.Мээрим ал үчөо менен баарлаша аларды кафеге алып кирип кетти.Жана эле ушунчалык тамак жегим келип жаткан каалоом бир заматта жоголуп кеткенсиди. Бирок ошентсе да илкий басып кирип бардым.Тамак ичип олтуруп Бермет экөөбуздүн коздөрубуз анча-мынча кезигип кетип жатты.Тиги эки аялдын бириси кайненеси экен.Бирөөсү болсо кайненесинин абысыны экенин билдим.Бермет Мээримден көзүн албай анын ар бир сүйлөгөн сөздөрүн кунт койуп угуп жаткансыды. Ичинде кандай ойлор кайнап жатканын мен кайдан билейин.Балким менин бул адамга жолугуп бактылуу жашап жатканыма суктанып жаткандыр,балким дагы башка ойлор менен алекдир… Биздин көздөр чагылыша түшүп кетип жатканы менен ошол көздөр аркылуу да сүйлөшө албадык.Кээде ал көзүн ала кача коет,кээде мен.Жан-дүйнөсү таза Мээримим эч нерсени байкабады.» Ушунусу да жакшы» дедим ичимден.Анын бейкут жашоосуна ашыкча ойлордун,ашыкча күзөтүулөрдүн эмне кереги бар.Биз ушунча жылда бир-эки жолу гана урушуп калбасак дээрлик экөөбуздүн ортобузда катуу кагылыш болбоду.Мээримдин мен сыйлаган эң жакшы сапаты бул «түшүнүү» эле.Бир-эки жолу Адилет менен жолугушуу үчүн ага айтпай кетип калганыма да катуу жаңдал чыгарган жок.Жөн гана «Менден жашырынбай эле бара берсең болот,эч кандай каршылыгым жок экенин билсең керек» деп сыртка чыгып кеткен болчу.Бирок мынткени менен ал деле назик аялзаты эмеспи.Сыртынан каршы эмесмин дегени менен бирок баары бир анда кандайдыр кызгануу сезими бар болсо керек.Мен ошон үчүн Адилет менен болгон кээбир жолугушуум жашыруун гана болуп калуусун каалар элем.
—Бир машинада үч сааттан ашык келе жатканыбыз менен биз Бермет экөөбүз эч нерсени сүйлөшпөдүк. Жөн гана жан-дүйнөбүз менен ар кимибиз ар кандай ойлонуп келе жаттык.Жалал- Абадка жете берээрде «биротоло жеткизип койоюн эми» дегениме карабай «азыр бизге келиш керек эле» деп түшүп калышты.Бир аз жеңилдей мен андан ары айдадым.Мен ошол бойдон Берметтин бактылуу экенин билбей да калдым.Балким бактылуудур, балким бактысыз.Кандай болгон күндө да бул жолду ал өзу тандады.Эми бул жолду озү басып өтүш керек… Ылайым бактылуу бол!