Сенсиз деле бактылуумун (2-болук)

https://kyrgyzcha.site/sensiz-dele-baktyluumun-1-boluk/ Кызыктуу окуялар.

Сенсиз деле бактылуумун (2-болук)

—Москва, Москва…. Келдим.Бирок бул жакта кеңири жүро албашыңды көрүп араң чыдап жүрдүм.Досторум гана «көнүп кетесиң» деп кайталап айтып жатышып мени алып калышты.Россиянын жараны болгонум үчүн бул чоң шаардан мен үчүн жумуш табуу оңой эле болду.Бир досум менен бир жерде чогуу иштеп калгандыгыма байланышту ал жашаган жерге квартирага чыгып алдым.Мен үчун күндо эрте менен жумушка туруп,күндө чарчап келип,курсакты эптеп бирдеме кылып тойгузуп жатып алмай жашоо кыйынга турду.Кайра кетким келип араң жүрдүм.Жаштайымдан өз алдымчалыкка үйрөнгөн жаным бул чоң шаарга да бара-бара көнө баштадым.Акмарал менен күн алыс телефон аркылуу байланышып жүрүп аны да ушул жакка келүүсүнө өбөлгө болдум десем жаңылышпасам керек.Акыры ал да келип кайрадан чогуу жашап калдык.Антип- мынтип жүрүп эки жылдай убакыт өтүп кетти.Бул убакытта мен бул шаарга биротоло көнүп алдым.

Бир күнү Акмарал боюнда бар экенин айтты.Билбейм, ошондо кубандымбы же таң калдымбы иши кылып бир кызыктай абалда Акмаралды карап турдум да аны кучагыма бекем кыстым.Акмарал болсо мага ал баланы озү эле чоңойтуп алаарын,мени өзүно бала үчун байланышымды каалабаганын айтып жатты.Боюнда бар Акмарал адам көп квартирада кыйналып калбаш үчүн мен өзүнчө бир бөлмөгө бөлүнүп чыгууну эп көрдүм да тез эле бир бөлмө таап экөөбүз жашап калдык.Айлар отүп Акмаралым көз жарды.Уулду болгон күну жакын деген үч досум менен барып төрөт үйүнөн чыгарып келдик.Досторду эч кимге айтпоону эскерткендигимден ал бактылуу күнүмдү үч досумдан башка эч ким билбеди.Куз келээри менен бир досумдун тоюна катышууну шылтоо кылып айылга жөнодүм.Башкы максаттарымдын бири Акмарал тууралуу,балам тууралуу айтуу эле.Той да болду.Бирок тойдон чарчап келген жаным төшөккө кулаарым менен уйкуга кеттим.Ойгонуп эле жанымдагы телефонумду таппай сыртка чыктым.Телефонумдун оюнун ойноого алган иним кокустан уулумдун сүрөттөрүн көрүп калып апама айтып салыптыр.Апа деген апа да.Кандай болгон күндө да өз канынан жаралган пендесине жаман нерсе каалабайт тура.Айтор апам атама айтып мээнин мээмди чукумай башталды.Атам мени Москвага жибербей ушул жерде иштөөмдү айтып бир айдай алып жүрдү.Акмарал да жаш бала менен кыйналгандыктан Кыргызстанга апасынын жанына келе берди.Экөөбүз бир өлкөнүн эки бурчунда жашагандыгыбыздан көрушө албадык.Себеби менин ар бир кадамым көзөмөлдө эле.Ким билет,балким ошондо ата-энеме катуу-катуу айтып эле баса берсем баары башкача болмок беле.Бирок менин антип айтканга ата-энем берген тарбия мүмкүнчүлүк бербеди.Ал жөнүндө ойлонбодум дагы.Мен үчүн ата-энемдин айтканы закон эле.»Жакыныраак жерден,биз тапкан кызга үйлөнөсүң» деген алардын шартына макулдугумду бердим да «Барып жумушумду,карызга берген акчаларымды бир жаңсыл кылып келейин» деген шылтоо менен ата-энемдин колунан араңдан суурулуп чыктым да кайра эле Москвага келе бердим.Келип Акмаралга чалып аны да чакыртып алдым.Бирок баланы апасына таштап келиптир.Акмарал ачыктыкты сүйгөндүктөн мен ага болгонун болгондой айттым.Билбейм, балким жүрөгү ооругандыр, бирок мага сыр бербеди.Кезектегидей анын ушунчалык токтоолугуна таң калдым.

—Убакыт өтүп экөөбүз эки башка жолго түштүк.Ал байкушум менин ата-энем баары бир ак батасын бербөөсүн тушүнду бейм өзү эле менден кетип калды.Болгондо да Кыргызстанга. Менин кайра бойдокчулук жашоом башталды.Ишим жүрүшүп дагы машина алганга жетиштим.Ошол күндөрдүн биринде алыскы туугандарымдын кызынын тоюна барып калдым.Болгондо да Россиядан Кыргызстанга. Ата-энемдин «келишиң керек» деп улам айтып жатып чакырганынын түпкү максатын мен кайдан билиптирмин. Той күнү мага бир кызды көргозүшүп, мени ал менен таанышуумду сунушташты. Тааныштым.Арык чырай,ачык маанай Бермет деген кыз экен.Чынын айтсам анчейин көңүл деле бурбадым.Ата- энемдин гана көксөөсүн суутпаш үчүн ал кыз жакканы айтып кутулганга туура келди.Кайра эле Москвага жөнодүм.Бойдокчулукка да билинбей көнүп кеттим.Акмарал менен телефондо кабарлашып туруу да адатка айланды.Жок бул адат адат да эмес,бул менин аны алдындагы түздөн-түз милдетим болчу.Себеби ал кандай болгон күндө да менин тун уулумдун энеси.»Кой» дегенине болбой ар айда каражат жактан да камсыздоо да менин милдетиме айланды.Ууулумдун бул жашоодон атасыз өсөөрүн эстеп кээде сай сөөгүм сыздаар эле.Бирок мендеги курулай намыс жеңип,ата-энемдин эл караган бетин жер каратпоону туура көрдүм.Себеби атам айылдагы кадырлуу адамдардын бири болгондугуна байланыштуу болсок керек эле…

—Бир жарым жылдай убакытты бойдокчулук менен алпурушуп жүруп өткөрүп жибергенимди өзүм да байкабай калдым.Мурда эле «агент» деген нерсеге катталганыма карабай ар кандай себептер менен көп кирчү эмесмин.Ошол күндөрү же зээриккенденби же жөн гана бирөө менен сүйлөшкүм келип жүрдүбү бир күнү кирип калдым.Менин досторумдун катарында Бермет да жүрүптүр.

-Салам-дедим мен биринчи.Ал күнү жанып турганына карабай жооп болбоду.Бир эки кундөн кийин кирсем Бермет жооп жазыптыр.

-Кандайсыз? Ден-соолуктарыңыз, жумуштарыңыз? Мен кечээ жооп жаза албай калганым үчүн кечирим сурайм,колум бош эмес эле…

Ал өчүк экенине карабай бир аз ойлонуп турдум анан:

-Жакшы рахмат.Өзүң? Күйөө балдардан колуң бошобой жатса анда кечиримдүү- деп жөнотүп ийдим да башка достор менен жазышып жатсам Берметтен жооп келип калды.Ошентип биздин маек уланып кетти.Күн

Кыял- деди атам апамды бир карап алып- Көрүп атасың биздин акыбалды,биз дагы келин жумшагыбыз келет.Бакытты карачы (Мен курактуу кошуна бала) тиги,уулу экиге чыга элек жатып дагы бир кыздуу болушту.

-Ата…-деп менин созүмду баштап жатканда эле атам:

-Кое тур,сен биринчи созүмдү ук-деп жеңил үшкүрүнүп алды да-Сөздүн кыскасы тигиниңди (Акмаралды айтып жатат) жыйыштыр да апаң айтып жаткан кызга үйлөнөсүң!

-Ата,апа,акыры ал тапкан кызыңар менен жашай турган менмин го…

-Кыял…-деген апам-Элге бизди сөз болбосун десең биздин сөздү ук-деп жалооруган энелик көздөру менен карап калды.Мен азыр булар менен талашып-тартышып өздүк каалоомо эч кандай пайда келтире албашымды түшүндүм да башымды ийкеп гана тим болдум.Берметти апам мактап жатты.Атам болсо колундагы гезиттен козүн албаганы менен биздин создөрубүздү кулактын сыртынан кетирбеди.Мен үйдө эң чоңумун.Менден кийин мектепте окуган бир иним анан бир карындашым бар.Аларды бул күнү биздин маегибизге жолтоо болбошу үчүн атайы кошунанын үйунө жөнөтүп ийишиптир.Ата- энемдин ошол кылганын дагы деле түшүнө албай келем.Балким алар мени бир-эки кыстап көрушүп бирок майнап чыкпаса менин өз эркиме коюшаар беле,ким билет.Бирок анда мен бул жашоодо мени иним менен карындашымдай эле эч нерседен кем кылбай ушул эрезеге жеткизген ата-энеме каршы чыгууга кудуретим жетпептир.Ошентип мен макулдугумду берип Бермет менен өзүм сүйлөшүп көрүунү убада кылдым да кайра Москвага келе бердим.Эки айдай убакыт беришти менин ал менен тил табышып кетишиме.Мен Бермет менен алда качан жакшы тааныштардай болуп калганыбызды аларга айткым келбеди негедир.Эки айдай катуу ойлондум.Себеби мен бир чечимге келип ата-энем күтүп жаткан жоопту беришим керек эле.Жанынан көро элек болсом да бул «агенттеги» сүйлөшүүлөр менен мен Берметти ар кандай суроолор менен сынап көрдүм.Бермет менин сынап жатканымды сездиби же сезбедиби бирок ар бир суроолорума көңулгө толоорлук жооп берип жатканы мени кубандырды. Кубандырмак тургай жүрөгүмдө ага болгон башкача сезимдер да пайда болгонун сезбей калдым.Бир күнү Бишкекке ата-энеме айтпай Берметке барып жолугуп келдим.Чынын айтайын бул жолугушуу менин бул кызга үйлөнүүмдүн биринчи кадамын аттатып,аны түбөлүк өзүмдүк кылгым келгениме түрткү болду.Экөөбүз кыш мезгилинин суу карынан калган ар жерге топтолгон көлчүк,ылай аралаш карына карабай борбордогу паркттын биринде сейилдегенче көп нерсени сүйлөштүк.Кечке маал кафелердин биринде тамактанып бүтүп Берметке борборго келгенимдин түпкү максатын айтып өттүм.Бул күтүүсүз сунушту күтпөгөнгөбү Бермет бир аз буйдала туштү да эки күндөн кийин анык,так жообун берүүгө сөз берди.Анан мен аны таксиде үйуно жеткизүүм менен ал күндүк жолугушуубуз соңуна чыкты.Биз экөөбүздүн ортобуздагы бири-бирибизге болгон кандайдыр тартылуу эки күндөн кийин эле ата-энеме «Мен макулмун,жуучулукка келе берсеңер болот» деген телефон чалуу менен аяктады.Кыш мезгили болгондуктан тоюбуз жаз айына белгиленди.

—Жаз келип күн жылып эшик-эликти курукчулук каптап жаратылыш оз көркүно келе баштаганда мен Берметти ата-энесинин алдынан үйгө ак той менен алып келип алдым.Үч күн дегенде тойго барбай калган коноктордун изи үйдөн соолгундап бир аз эс алып калдык.Ата-энемдин бактылуу коз караштарын көрүп менин жан-дүйнөм да бир калыпка келе баштады.Акмаралдын аты да ар секунд өткөн сайын менин туюмумдан алыстай берди.Бирок толугу менен алыстай албады.Себеби ортобуздагы бала мени андан алыстата албайт болчу.Ооба,биз мурдагыдай кабарлашпай калдык,бирок мен оз канымдан жаралган уулум үчүн алардын кайда,кантип жүрушкөнүн билүугө куштар элем.Эркимдин күчтүүлүгү гана мени токтотуп кудайдан гана алардын амандыгын тилеп жашоого туура келди.

—Берметтин үйгө көнүп кетиши кыйынга турду.Конокко келген досторду түн ортосу узаткан экөөбүз түнү менен махабат колүно чөмүлүп бүтүп,келечекти сүйлөшүп жатып таңга жуук гана уйкуга кетээр элек.Мен го уктай берем уйкум кангыча.Берметчи? Ал деген келин да.Апамдын сынынан али өтө элек.Кыскасы Берметим эки сааттан кийин эле кайра ордунан туруп айылда свет тез-тез өчө бергенине байланыштуу очок боюнда от жагып чай даярдап,келиндик кызматын аткарып атамдар жаткан бөлмөгө кире албай нары-бери басып жүро берээр эле.Акыры кирип мени кытыгылап,чымчылап атып мени тургузат болчу.Себеби атамдар кухняда жатышкандыктан чай кое турган буюм-тайымдарда ошол жакта эле.Бирок бул менин бактылуу күндөрүмдү Москвага келгендеги жагымсыз имиштер,тагыраагы өзүмдүн арттагы жашоомдогу өчпөс так баардыгын астын-үстүн кылып салаарын мен кайдан билиптирмин. ..

—Жай ортолоп калганда Берметти убактылуу таштап мен кайрадан тиргиликтин артынан жетеленип Москвага келдим.Бир айдан өтүп Бермет келди.Бир досумдун ижарага алган квартирасында жашап калдык.Жумасына алты күн иштегендигимден дем алыш күндөгу убакытымды Берметим менен гана өткозөөр элем.Кээде достор менен шаар айлансак,кээде экөөбүз эле айланып,же болбосо үйдөн таптакыр эч жакка чыкпай коет элек.Анын жасаган тамагы да кайталангыс даам тартуулап мен өз ичимден Акмаралдын, тун уулумдун алдында канчалык туура эмес иш кылып койбогонума карабай мага ушундай жар тартуулаган жаратканга ыраазы болуп жүрдүм.Бир күнү эртели күнду кеч кылбай шаардагы каттоо кылуучу жайга барып официалдуу түрдө каттоого турууга документ тапшырып койдук.Адам көп квартирадан Берметтин бир аз жүдөп жатканын байкадым да ээн-эркин жатып турууга өзүнчө бөлмө издей баштадым.Ошондо эмнени ойлодум билбейм,же тобокелге бардымбы,кыскасы башка вариант жок болгондуктан мурда Акмарал менен жашаган райондон чыккан бир бөлмөнү ижарага алып ошол жакка көчүп бардык.Ай ошондо менин жашырылуу сырларымдан кабары бар бир досумдун «Дос,ошол райондон башка жакка эле чыксаңчы,сактыкка кордук жок дейт» деп кооптонуп айткан кеңешине мен камаарабай «Койсоңчу дос,ушундай чоң шаарда мени ким таанып койуптур?» деп жооп бергеним дале жадымда

Биз жашаган квартира үч бөлмөлүү болгондуктан бир бөлмөсүндө биз,экинчисинде кожоюн (үйдү ижарага алган адам),ал эми үчүнчү чоң бөлмөдө эки үй-бүлөлүү адам жашашат болчу.

-Айзаада эженин апасы өтүп кетиптир,уктуңузбу? -деп калды бир күнү кечки тамак үстүндө Бермет.Айзаада дегени ошол чоң бөлмодө жашаган Жаныбек байкенин аялы.

-Жоок укпапмын,качан? -дедим таң калып.Деги эле үйдөгүлөр менен кем сүйлөшкөндугүмдөн үйдө эмне жаңылыктар болуп жатканы менен ишим жок эле.Анча-мынча гана коридордо,же кухняда жолугуп калбасам дээрлик эч кимисин жакындан тааныбайт болчумун.Бермет үйдө болгондугуна байланыштуу баары менен жакшы мамиледе.

-Ммм жаман болуптур,жаткан жайы жайлуу болсун,оомийин- деп мусулманчылык кылып адатыбызча тааныбаган адамга эле бата кылып койдум.

-Ошооо,Кыргызстанга бир-эки күндө кетишет экен…-дегенине деле анча маани бербей жасаган тамагын мактадым да кирип жатып алдым.Алар кетишкенине бир жумадай өтүп калганда бир күнү эле үйгө келип бут кийимимди чечип жатсам.

-Кыял сенсиңби? Кандайсың?-деп калды артымдан бирөө.Бул тааныш үнгө жалт бурулуп карай салсам Кулпунай деген кыз туруптур мен жакты карап.Бул кыз менен убагында Акмарал менен бир бөлмөдө жашап жүргөндө таанышкан элем.Акмарал экөө кийинчерээк жакын курбуларга да айланышкандай болгон.

-Ааа Кулпунай сенби? Жакшыыыы…. рахмат.Өзүң? -деп калдым оозумдан чыгып жаткан сөздөрүмдү араңдан ирээтке келтирип.

-Жакшымын. Ушул жерде жашайсыңбы? Мен даг…-деп жатканда кухнядан Бермет чыгып келип:

-Келдиңизби? Чалып койбойт белеңиз үйдө нан тугөнүп калды эле-деп калды жадырай.

-Ааа мен анда чыгып келе калайын…-деп бут кийимди кайра кийдим да эшикке чыгууга шашылдым.Бул районго келип жашап ката кетиргенимди ошол убакта түшүндүм.Магазинге барып келгиче бул башаламан ойлордон кантип кутулуп,Берметти жакында айтылчу сөздөрдөн кантип кутултуунун жолун издеп жатып акыры Кулпунай менен бетме-бет сүйлөшүп баарын өзүм түшүндүрүп, оозун тымызын эле жабууну чечтим.Ошол эле убакта кудайдан Кулпунайды үйдө жок болуп калышын,ал жаңы квартирант эмес эле жөн гана мейманга келген конок экендигин тилеп жаттым.Бирок тилегим оңунан чыкпай Кулпунай жаңы көчүп келген квартиранттардын бири экендигин Бермет айтып калды.Кухняда тамак ичкенче утур-утур кылчайып коридордо жүргөн адамдардын арасынан Кулпунайдын караанын издегеним менен ал күнү ал менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок.Мен ошондо эле бир айласын кылып Кулпунайды бөлмөсүнөн сыртка чакырып чыгып алып сүйлөшүп койсом болмок,бирок биздин каныбыздагы кенебестик, тобокелчилик жеңип,ал күнү ойлогон нерсемдин аягына чыкпай жатып алдым.Бул дагы менин катачылыгымдын бири болчу,менин кийин бир канча убакыт бул кылыгым үчүн өкүнөөрүмдүн себеби болчу…

—Эртеси үйгө келсем адатынча кухнядан көрчү Берметим жок.Түз эле бөлмөбузгө кирип бардым.Олтуруптур телевизор тиктеп.Мени бир тиктеди да кайра эч нерсе көрбөгөндөй нары карады.

-Кандайсың шириним? Эмне ойлонуп? Тынччылыкпы? -дедим кабатырлана. Оюма шарт эле Кулпунайдын буга менин катылуу сырларымды айтып жатканы келди.

-Билбейм. .-деди Бермет дале телевизорду тиктеген калыпта.

-Билбейм дегениң кандай? Айт эми,айтпасаң азыр ыйлагыча кытыгылап салам.

-Чынын айтыңчы ,апамдар эмне себептен каршы чыгышты эле?-деди үнү каргылдана сүйлөгөн Бермет дале телевизорду тиктей.

-Түшүнбөдүм. ..

-Мен баарын билем Кыял…

-Эмнени билесиң?-деген мен баарын сезип атсам да кыпындай,бир тамчы үмүткө жетеленип анык эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билгим келди.

-Биринчи аялыңыз тууралуу-дегенде жүрөгүм «зырп» эте түштү.Бирок өзүмдү колго алдым да Берметтин маңдайына олтуруп аны эки мүрүсүнөн бекем кармап:

-Бермет? Биринчиден Акмарал менин аялым болгон эмес.Экинчиден ал жашоом эми артта калды,ал жакка кайра кайрылып да барбайм.Себеби менин сүйгөнүм жана жалгызым бир гана сенсиң! Ооба,мен бул тууралуу мурда эле айтышым керек болчу.Бирок, бул жашоодо адашпаган пенде болбойт экен.Жаштык кылдым,баарына өзүм күнөөлүмүн. Мени ошол өзүмдү таппай жүргөн күнүмдөн алып чыккан мына сенсиң! Өтүнөм,уккан нерсеңди кулактын сыртынан кетиргенге аракет кылчы.Билем сен күчтүүсүң,сенин бул абалды жеңип чыгаарыңа ишенем!-деп дарманымдын болушунча актанып да өтүнүп да жаттым.Бермет болсо үнүн чыгарбай ыйлап жатты.

-Уулуңузчу? Аны кантип унутасыз? Аны кантип мына мен унута алам?-деген Бермет жаш аккан көздөрү менен эми менин көздөрүмо тике карады.Мына ушул суроого чынында даяр эмес элем.Анын бул коз карашына тик багып кароого да чыдабай коздөрүмдү ала качтым.Жерди тиктеп бир аз ойлонуп турдум да:

-Туура,уулумду унута албасам керек.Кандай болгон күндө ал менин тун уулум.Ага толук укуктуу ата боло албасам да ал жөнүндө кабар алып туруш менин адамдык милдетим.Мени кечир Бермет… Бул катылуу сыр катылуу бойдон калсын деп ойлогон мени кечир…-деген калыпта үн-сөзсүз жарым сааттай олтурдук.Ошол убакта Бермет кандай ойлор менен алпурушум жатканы мен үчүн кызык эле.Бир маалда:

-Колуңузду жууп чыгың,мен чай койоюн-деп ордуна туруп сыртка чыгып кетти.Кудайдан Берметтин түшүнүктүүлүгүн, бул абалды таразага так тартып жакшы ойлонушун тилеп ага анча-мынча көз узатып койуп ойлуу чай ичип олтурдум.Эхх, ошондо Бермет жакшы ойлонуп ал сырды сыр бойдон калтырып койсо эмне.Ал сыр экөөбуздүн гана сырыбыз бойдон калып кетмек эле го.Мен болсо ага өмүр бою ыраазы болуп жашап өтмөкмүн.Же бул кыз кишинин туздөн-түз милдети белем? Кыскасы эртеси Бермет уккан нерсесин Кыргызстандагы апасына чалып айтып салыптыр.Жумушта жүргөн мага кайненеден чалуу келип ачуу сөздөр менен тезинен Берметти самалетко салып ийүүмө буйрук түштү.Андан кийин апамдан,бир аздан соң атамдан чалуулар келди.Бир сөз менен айтканда ал күн менин эң жаман күндөрүмдүн бири болду десем жаңылышпасам керек.Кечкисин үйгө келсем Бермет дагы ыйлап олтуруптур. Бул түн дагы ага жалдыроом менен өттү.Бирок канчалык жалдырабайын, канчалык актанбайын Бермет апасынын сөзүнөн чыкпай туруп алды.»Бир аз ойлонуп өзүнө келээр» деген ой менен айтканына кайтпаган кайнененин күндө чалуусунан жалкып калган мен үч күндөн кийин Берметти самалетко салып селдейип жалгыз кала бердим.

—Бир ай өттү,анан дагы бир ай.Берметтин телефонуна чалсам кайненем алат.Сөздөрдү бир ачуу.Атам менен апам эч кандай кеңеш бере алышпады.Алар деле өзүлөрун күнөөлүү сезип жатышса керек да.Үчүнчү ай бүтөйүн деп калганда атам чалып эки күндөн кийин Бишкекке келип калышымды буюрду.Себеби түшүнүктүү эле да.Алар дагы жанын үрөп мени Бермет менен жарашып кетишимди каалап жатышты.Белгиленген күнү учуп бардым борборго.Атамдын айтуусу боюнча кайненем бизди өзулөрү сүйлөшүп чечишип алышсын дептир.Берметке чалдым.Эки үч жолу жооп болгон жок.Бир маалда Бермет өзү чалды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️