Сенсиз деле бактылуумун (1-болук)

https://kyrgyzcha.site/sensiz-dele-baktyluumun-1-boluk/ Кызыктуу окуялар.

Сенсиз деле бактылуумун (1-болук)

Мектепти бүтөөрүм менен мен ата-энемдин каршы болгонуна карабай Россиянын кичинекей бир шаарына жөнөдүм.Ал жакта атамдын иниси базарда жумуш кылат болчу.Бир жыл дээрлик кыйратаарлык деле жумуш кылган жокмун.Агама жардам бермей,жаңы достор менен шаар айланып эс алмай.Бир жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин оюнга тойдумбу же алдыга максат койдумбу мен дагы агамдай өз ишимди баштоону эп көрдүм.Агамдын жардамы менен баштап да жибердим.Агам ар бир тыйынды санап иштөөнү,кайсы сезондо кандай кийимдер менен иш кылууну деги эле койчу баардык нерсени үйроттү.Иш уланып кетти.Айылга ата-энемдин каршы болгонуна карабай акча салып жүрдүм.Агамдын тааныштарынын жардамы менен Орусиянын жарандыгын алганга да жетиштим.Бир жылдай иштеп эле машина алдым.Машина алгандан кийин дагы да жаным тынбай нары бери каттап чөйрөмдө кыздар көбөйдү.Кыргызстанда жүргөндөй жүрүп калдык ал шаарда.

—Бул күнүм да кадимки эле күндөрүмдүн бири болчу.Жумушта жүрсөм эле ошол жерде чогуу иштеген досум туулган күну экенин айтып,кечкисин кафеге барууну сунуш кылды.Ал күн жакшы киреше алып келген күндөрдүн бири болгондуктан эч ойлонбостон эле макул болдум да кечкиге даярдык көро баштадым.Билбейм, балким ошондо ошол кафеге бир шылтоо айтып барбай койсом баары башкача болмок беле ким билет.Кече да башталды.Орустардын кафеси болгонуна карабай биз бака-шака түшүп ызылдап жыргап жаттык.Кубаттын (туулган күн ээси) мен тааныбаган да достору келгендиктен чекеден тост сүйлөп жатышты.Кезек бир кызга келди.Жанатан бери эч кимдин деле сүйлөгөн каалоо-тилектерине кулак салбай жанымдагы мени менен барган кызым менен сүйлөшүп олтурган элем.Токтоо көз карашы менен маңдайы жарык бул кыздын орундуу сөздөр менен сүйлөп жаткан сөздөрү мага башкача сезимдерди пайда кылды.Жанатан бери алагүү жаным бир столдо аралашып олтурган кыздардын арасынан бул кызды байкабаганыма таң калдым.Ал сүйлөп бүткөндө баары кол чабып жиберишти.Бир аз алыстан көзөмөлдөп олтуруп жигити жок экенин байкадым да жанымда жүргөн кызымдан ага бара албай жүро бердим.Кече да бүттү.Мен ичип алгандыгыма байланыштуу мени менен келген кыз жашаган жери башка жакта болгондуктан башка достор менен чогуу таксиге салып ийдим.Кафеден кыйла эле алыс жайгашкан өзүм жашаган районго кетүү үчүн жолдо такси күтүп турсам Кубат жаныма келип жанакы кызды чогуу ала кетишимди суранып калды.Жок демек белем,тез эле макул боло койдум.Таксиде бара жатып тааныштык.Акмарал деген аты өзүно куп жарашканын айтып комплимент айтканга да жетиштим.Бул шаарга жакында эле келгенин да билдим.Ошентип төрт айдай жөн гана тааныштай учурашып жүрдүк.Бирок Акмарал канчалык мага жакпасын мен ага ашыктыгымды айта албай жүрө бердим.Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Кубат жакында Акмаралдын туулган күнү экенин айтып калды.Ошол күнү ага ашыктыгымды айтууну ойлонуп алдым да ал күндү чыдамсыздык менен күтүп жаттым.Ал күн да келди.Акмарал беш-алты курбулары менен туулган күн белгилээрин айткандыктан мен машинамдын артына батышынча кыпкызыл роза гүлдөрүн кооз кылып жасаттырдым да алар олтурган кафеге жөнодүм.Акмаралга сыртка чыгып туруусун,сюрприз бар экенин билдирген билдирүүнү телефонуна жазып ийдим да кафенин оозунан орун алып күтүп калдым.Көп күттүрбөй эле бир курбусу менен сыртка чыкты.Кечеге арналган кооз жашыл көйнөгү көздүн жоосун алып мен ичимден миң жолу кайталап даярдап келген сөздөрүмдү унутуп кое жаздадым.Кантсе да эркек эмеспизби,өзүмдү колго алдым да сыр бербей аны колдон тарта машинанын артына алып өтүп ал жакта гүл саткан орус аялдын кылдаттык менен тизилип кооздолуп жасалган роза гүлдөрдү көргөздүм да ага болгон ашыктыгымды айттым.Розаларды бир карап мени бир карап Акмарал эмне дешин билбей бир аз буйдала түштү да менин кучагыма боюн таштады……

—Бактылуу элем ал күндөрү.Бирок бир аз убакыт өтүп Акмаралдын менден төрт жашка чоң экендигин,күйөөгө тийип 3 ай жашап анан ажырашып кеткендигин да билдим.Ал жаңылык да менин Акмаралга болгон сезимимди өзгөртө албады.Атамдын катаалдыгын эстеп Акмаралга үйлөнгүм келип атса да айта албай жүрө бердим.Бир жылдай өтүп кетти.Кийинки жылы агам менен акча келишпестиктер болуп кетип мен башка жакка көчтүм.Тагыраагы Акмарал менен чогуу бир квартирага көчтүм.Биз Акмарал экөөбүз кадимки эле бир үй-бүлөөдөй жашап жүрдүк.Айылга тез-тез бара берчү менин айылга баруум да соолгундай туштү.Аны байкаган атам агамды менин артымдан салганын кайдан билди дейсиң.Ооба, агам тез эле мен жөнүндөгү маалыматтын баарын билди.Мени үйүнө жеңем жокто чакырып алып ал кыз жөнүндө сурак алды.Ал кыздын кайсы жактан экенин,канчанчы жылкы экенин билген соң баарын жыйыштырымды буйруду да эч кимге айтпоого сөз берди.Эмне кылмак элем айлам жок агамдын созүн угуп кайра көчүп келдим.Акмаралды башка квартирага жайгаштырдым. Негизи эле Акмарал менин жардымымсыз эле баарын өзү аткарчу.Бир сөз менен айтканда эркектин жардамына эч качан муктаж болгон эмес.Убакыт учкан куш белем экөөбүздүн эки башка квартирага көчкөнубүзгө жарым жылдай өтүп кетти.Бирок тымызын жолугуп жүрүүнү токтотподук. Акмарал мага ар дайым өзүм теңдүүнү таап,ага үйлөнүүмдү айтып турчу.Ал эми мен аны урушаар элем ошентип айтканы үчүн.Ошентип жүргөндө жеңем жеңелик кылып мага эмнегедир тиш кайрый баштады.Агам да жеңемди бир эки жолу кой демиш болду да анан эч нерсе укпамыш,көрбөмүш болуп жүрө берди.Акыры жумушум да жакшы жүрүшпөй баштаганда баарын жыйыштырдым досторумдун чакыруусу менен да Москвага баса бердим.Туура, Акмарал калды ал жакта.Бирок ал менен болгон байланыш үзулбөду…

(уландысы бар)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️