Мен азыр он тогуздамын. Атым Наргиза, Оштон болом. Бул жумуш менен 7 айдан бери алектенип келем. Мектепти аяктап шаарга келгеним менен, тилекке каршы чоң окуу жайына өтпөй калдым, ал эми контрактта окуганга шартым жок болчу. «Эмки жылы тапшырармын»-деген максатта бир аз болсо да тыйын-тыпыр кылып алайын деп, шаардагы кафелерден баштап тигүүчү цехтерге чейин бардык жумуштарда иштеп көрдүм. Үйдө эрке кыз болуп өскөнгөбү же жеңил ишке көнүп калгандыктанбы айтор бул жумуштардын бирине да иштей албай, акыры таекемдин кичинекей баласын карап, үй-тиричилиги менен алектендим. Эмнегедир айылдагы классташтарымдан уялып, бир чети арданып айылга кайра баргым келген жок. Мынча болду бир жыл чыдап, окууга өтүп анан барайын дедим. Таекемдер жакшы тургандыктан, «үйдө тесттерди алып даярдан, анан биз дагы жардам беребиз»- дегенинен чоң үмүт кылып, ишин кылып, баласын карап үйдө жарым жылдан ашык отуруп калдым.
Бир күнү таекем жөн жерден мени катуу тилдеп, мен ыйлап түнкүсүн эшикке чыгып кеттим. Сыртка чыксам, «Наргиза»-деп дарактардын жанынан тааныш кыздын үнү чыкты. Барсам, квартиралардын бирин ижарага алып жашаган кошуна Алина атту кыз, кыштын кычыраган суугунда энеден туума жылаңач туруптур. Көрүп алып коркуп кеттим. Ал мени карап ыйлап жиберди да: «Мен үйгө кире албай жатам, үстүмө бир нерсе берип турчу»-деп жалдыраганынан, коркуп кетип үстүмдөгү күрмөмдү бердим. Алина эмне үчүн жылаңач калганын мага айткан жок, таарынтып албайын деп, мен деле сураганым жок. Үйгө баргандан заарканып, Алинанын үйүндө түнөп калдым. Эртеси үйгө келсем, дагы уруш чыкты, жинденип дагы кетип калдым. Биз Алина экөөбүз жакшы достошуп калдык. Ал Бишкектеги ЖОЖдордун биринде окуган абдан чырайлуу кыз болчу. Аны менен курдаш болгонума үйдөгүлөр каршы деле болушкан жок, тескерисинче, андан кантип окушту үйрөнө бер дешти. Мен анын үйүнө бат-бат конокко барчу болдум. Бир күнү ал мени жигитим деп тааныштырган Виталийдин досу Мирбек менен тааныштырды. Ал экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, бат эле жакшы мамиледе болуп кеттик. Аз убакыттын ичинде «арак» жана «секс» эмне экенин билип чыктым. Күндөрдүн биринде боюма бүткөнүн да билдим. Мирбек муну уккандан кийин дайын-оту менен жоголуп кетти. Мага Алина менен Виталий жардам кылып аборт жасаганга жардам беришти. Жашоого ушунча нааразы болдум. Алина «Баарына мен күнөөлүмүн, мен сени тааныштырбашым керек эле»-деп кечирим сурады. Бирок мен аны күнөөлөгөн жокмун. Анткени ал «сен менден эки эле жаш кичүү болгонуң менен, али эч нерсе көрө элексиң, Мирбектен алыс бол»-дечү. Бетим чыдабай үйгө барбай койдум. Кафелердин биринде Алина менен иштеп жатам деп, таекелеримди алдап, өзүнчө квартирага Алина менен чыгып кеттим.
Акыркы күнү жеңем экөөбүздүн жана анын «капризный» балдары менен жылдызым келишпей, саат сайын уруш чыга баштады. Азыр бирөөнүн үйүндө жүрүш деле оңой эмес экен. Таекем деле тажадыбы, каршы болгон жок. Биринчи күндөрү, окуп жана иштеген Алина курбум жардам берип турду. Кийин мен Жанат менен кокустан таанышып калдым, экөөбүз жакшы сүйлөшүп, байланышыбыз күчөдү. Андан эч нерсени жашырган жокмун, баарын айтып бердим. Менде ага болгон сезимим ойгонуп, Жанатты сүйүп калдым. Бир нече жолу жолугушуп, сүйлөшүп калсак да, аны сүйөөрүмдү сезип турса да, мага тийчү эмес. Менин кыйналып жүргөнүмдү айттырбай түшүнүп, акча жагынан жардам кылып жүрдү. «Мени жактырып калдыбы же боору ооруп жүрөбү»- деп ичимен ыраазы болуп, ага болгон ишенимим күчөй берди. Бир күнү ага болгон сезимимди ачык айтууну чечтим. Бирок баары мен ойлогондой болгон жок. Ал эмне менен алектенээрин айтып, мени жумушка чакырды. Ошентип, сойку болуп иштеп калдым.
Алгач, бал тилге салып, шайтан жолуна азгырган Жанатка жиним келип, анын мындай таш боордугун, мерездигин эми түшүнүп, ага болгон сезим кандай жанса, ошондой болуп жалп өчтү. Бирок акча кимди гана азгырбайт, баарына көзүмдү жумуп иштей бердим. 2 ай өтүп кадимкидей кордуктан, мазактан жадап ишимди да таштадым. Бирок бөлөк ишке иштей алган жокмун. Жарнактарды окуп отуруп, сойкулуктан башка ылайыктуу жумуш таба алган жокмун.
Албетте, көпчүлүк эркектердин шилекейин агызгандай кебетем, дене түзүлүшүм болгондуктан мен үчүн «элитный» сойкулардын катарынан «кызмат ордун» табуу анчалык оор болгон жок. Мурдагыга караганда, иштөө шартым да, акча-каражатым да ойдогудай болгону менен бары бир мындай ыплас жашоодон тажадым. Көчөдөгү адамдардын бетин тик карай албай калганыма көп болду. Ата-энемдин, туугандарымдын, досторумдун алдында өзүмдү ушундай ыплас сезип, «эгерде менин кандай жолдо жүргөнүмдү алардын бирөө билип калса эмне болот?» — деген ой кылт эткенде, дене — боюм дүркүрөп, кадимкидей чоочуп кетем.