Сенден Башканы Суйо Албадым.

https://kyrgyzcha.site/?p=47552&preview=true Кызыктуу окуялар.

Сенден Башканы Суйо Албадым.????

 

Саламатсыздарбы? Биринчи жолу жазып жаткандыктан, эгерде кемчиликтери болсо кечирим сурайм. Анда эч нерседен бейкапар жүргөн мектепте окуп жүргөн убагым. 16жашта болчумун. Өзүм Бишкек шаарында төрөлүп,ушул шаарда чоңойгом. Адаттагыдай күндөрдүн биринде одноклассники сайтынан Бекзат деген бир жигит жазып калды. Ысык-Көлдүн айылдарынын биринде таятам-таенемдер жашачу. Ошол айылдык жигиттердин бири экен. Демейде андайларга жооп бербеген жаным,эмне болуп жооп берип жибергенимди билбейм.

Б:Кандайсың?

-Жакшы. Өзүңүз?

Б:Жакшы. Атым Бекзат.

-Айдай.

Б:Айдай,биздин айылга келип каласың ээ?

-Каникулда барып турам. Сиз мага эмнеге жазып жатасыз?-анкетасын карасам менден 4жашка улуу экен,ошон үчүн дароо эле сиз деп кайрылдым.

Б: Мен азыр аябай жалгыз болуп жүрөм,Айдай. Балким башка адамдар менен таанышып,сүйлөшүп көрсөм жардам береби дедим,-деген жооп келди. Анан күнүгө жазышмай адатка айланды. Окуудан келээрим менен сайтка киргенге шашам. Бир жума өткөндөн кийин гана номеримди сурап чалып калды. Ошондогу сөз таппай сүрдөгөнүмчү? Үнү жакты. Аябай жагымдуу экен.

-Үнүңүздү элестете албай аттым эле.

Б:Хаха. Сенин үнүң дагы жакты,аябай назик экен,-анан телефондо күн сайын сүйлөшмөй. Анда кыргызча жакшы сүйлөй алчу эмесмин,аны дагы Бекзаттан үйрөндүм. Дайыма туура эмес сүйлөп алчумун,ал болсо мындай сүйлөсөң туура болот деп ар дайым тууралап турчу.

Бир күнү биз мектептен күзгү каникулга чыгып калдык. Каникул сайын айылга барчумун,бул жолу дагы Ысык-Көлдү көздөй сапар алдым. Эмнегедир жолдо кетип баратып жүрөгүм бир нерсени сезип жаткандай болду. Улам айылыма жакындаган сайын жүрөгүмдүн согушу тездеп,бир толкундасам бирде коркуп турдум.

Ошентип айылга да жеттим. 2 күн жүргөндөн кийин Бекзат чалып жолугууну сунуштай баштады. Мага дагы кызык болдубу,айтор, куугум кирип бараткан убакта жолугушууну чечтик. Убакыт келип,Бекзат уйуно келдим деп чалганда,ойлонбой эле эшикке чыктым. Журогум улам сайын бат-баттан согуп соз таппай турдум.

-Кандайсын?

-Жакшы,озунузчу? -колумду сундум.

-Журу-кол жээкке барып келебиз. Машина менен келген экен,арткы эшигин ачты. Бир аз коркуп турдум,озумду колго алып машинага отурдум. Жолдо баратып улам сайын кузгусунон мени карап коет. Мен болсо уялып улам сайын эки жагымда карап,ынгайсыз абалда бараттым. Кол жээкке дагы жеттик. Машинадан тушуп алып жээкти коздой бет алдык. Куугум кирип бараткандагы Ысык-Колдун кооздугун айтпай эле коеюн. Ушундай керемет корунуш! Соз менен айтып жеткире албайм. Басып баратып Бекзат колумду кармады,анын колдору ушунчалык муздак экен,анын устуно эч ким менен кол кармашып корбогонго кызыктай боло туштум да,колумду озумо тартып алып чонтогумо салып алдым. Колду жээктеп ар кайсынын баарын суйлошуп бараттык. Бир учурда Бекзатты карап ийсем озуно тартып кучактап жиберди. Мындайды кутпогон жаным,эмне кылаарымды билбей унчукпайэле туруп калдым.

-Сен мага жактын Айдай! Ар дайым сени менен болгум келет. Сен аябай жакшы кызсын!-дагы толтура соз айтты,менин кулагыма угулганы ошол. Анын ысык кучагы,жагымдуу уну! Ошол кундон баштап ортобузда кандайдыр бир жылуу сезимдер пайда боло баштады. Сезимдер суйууго айланып,кун откон сайын ага байланып бараттым. Ошол учурда суйуунун мага чон сыноо даярдап турганымда билгенимде кана? Ай,менин 16 жашым! Эн сонун кезим экен,эн бактылуу мунотторум да ошол убагымда калыптыр. Эн алгачкы суйуум,алгачкы махабатым! Биринчи обушуу,биринчи жигитим.

Ошентип мен Бишкекте,ал Ысык-Колдо болуп ортобузду шаарлар,айылдар болуп турчу. 1 айда бир жолукчубуз. Сагыныч деген сезим кандай экенин дагы ошол учурда билдим. Коп убакытка коршупой калсак,кадимкидей онум кетип ооруп жатып калчумун. Азыркыдан коро ошентип сагынып ооруп журо бербейт белем? Алыс болгонго карабай Бекзат экообуздун бири-бирибизге болгон суйуубуз таза,тунук болчу. Ансыз кундорумду элестете алчу эмесмин. Озгочо анын бакырайган капкара коздору,мени сыйкырлап алчу. Коздоруно тиктеп отуруп,жомокко кирип кеткендей болчумун. Суйчумун! Азыр деле суйом! Андай сезимдер кетпейт экен журоктон. Суйлошуп журуп арадан 2жыл отуптур. 2 жыл ичинде канчалаган жакшы кундор отту,урушуп кеткен кундор дагы болчу. Бирок азыр ойлонуп корсом алар мындай эле нерселер тура. Баардык туугандарыбыз да Бекзат экообуз жонундо билишчу. А тугул,биз эки бир тууган эже-синдинин неберелери экенибизди билдик. Анын таянеси менен менин чон апам бир тууган экен,аны кайдан билиптирбиз?

-Экообуз буйруса жакында уйлонобуз! Экообуз бул дуйнодогу,буткул ааламлагы эн бактылуу аламдардан болобуз! Сен мени тамак жасап,жумуштан кутуп аласын. А мен жумуштан чыгып сага барганга шашам. Айдай,экообуздун балдарыбыздын коздору сеникине окшош болот!-деп экообуз укмуш кыялдарга батчубуз. Ошол кун дагы жакындап калган,мына уйлонобуз деп турганбыз. Чынында эле Бекзатсыз жашоомду Элестете албай калгам. Куну-туну анын жанында болгум келчу. Бир да мунотко анын жанынан кетким келбей,суйуубуз кундон кунго кучоп турган мезгил. Туугандарыбызга уйлоноорубузду айттык. Менин чон энем так секирип чыкты,чон энемдин айтканы айткан дегени деген болчу. Баардык уй було мучолорру чон энемдин созунон чыкчу эмес.

-Айдай,сен тушунуп атасынбы? Силер деген туугансынар! Силерге уйлонгонго болбойт! Анынды унут да окуунду ойло. Ал менин эжекемдин небереси турбайбы?! Суйлошконунду токтоткунун! -бул чон энемдин айтканы мен учун мындай эле соз болчу. Акылымдан адашкыча суйуп турган учурда,эч кимдин созуно да конул бурбай калгам. Бир куну Бекзат менен жолуктум. Эмнегедир коздоруно карап эле,бир нерсе болгонун тушундум. Анын дагы уй булосу каршы чыкса керек деген ой Келди дароо,чон энемдин айткан созун эстеп алып козумо жаш айланып кетти. Бекзат келип эле кучактап бетимен опкулоп,козумдогу жашты аарчып мени соорото баштады.

-Айдай,алтыным! Мен сени менен гана болом! Сенден башка эч киидин кереги жок. Биздин суйуубуз баарын женет,экообуз курошобуз. Биз чогуу болобуз!-Бекзат бирде чачыман сылап,бирде козумдогу жашты аарчып жатты.

-Айтчы,Бекзат, сенин да уйдогулорун каршы чыктыбы?

-Жок,алар каршы чыгышпайт.

-Анан эмнеге мага мындай создорду айтып атасын!-ого бетер козумон жаш тамчылап,токтоно албай титиреп кеттим. Кучактап алып «Мен сенсиз жашай албайм! Сени суйом. Сени менен болом!» деген создорун кайталай берди. Бир куну туугандарыбыз той берип,менин уй-Булом менен Бекзаттын уй булосу ошол тойдо жолугуп калдык. Бекзаттын ата-энеси менен учурашып отуп кеттим. Бекзат болсо эч нерсе болбогондой эле менин жанымдан чыкпай журот. Экообуз ресторандан чыгып эшикте скамейкада отурганбыз.

-Алтыным,мен коруп турам го. Суйуубуз учун курошсок деле,баары бир биздин уйлоноорубузго баары каршы. Ата энелерибиз макулдугун бериши керек,-дедим мен.

-Айдай,болду. Баары жакшы болот! Журу ичине кирели,-деп колуман алды. Ангыча эле ата энелерибиз баары биригип алып,чогуу чыгып келишсе болобу?! Журогум шуу дей тушту.

-Ата,апа!-Бекзат кызыктай абалда калгандай туюлду. Менин ошондогу абалымчы?! Ордумда турган боюнча оозума соз,башыма ой да келбей калды. Бир кезде атам соз баштап калды.

-Айдай,сага эмне дедим эле?

-Ата…-ушул созду гана айта алдым. Ошондогу баарынын туруп алып бизди караганычы. Суйуп калган адамдар куноолуу болушабы? Ушунчалык ичим куйуп турду. Эмне учун чыныгы суйгон адамдар чогуу боло алышпайт? Жок,мен Бекзатты да озумду дагы башка жанга кыя албайм! Бекзат менен гана болом! Козумо жаш тегерене баштады. Баардыгы коздору менен теше тиктешип,биридагы Бекзат экообуздун абалыбызды тушуно алышпай турду. Байкуш апам эле,менин бактымды ойлойт,бирок чон энем тигинтип «кызымды бербейм!» деп айткандан кийин апам эмне кыла алат?

-Ушундай жакшылык тойго келип алып,бизди такалаганы турасынарбы? -деди колумду бекем кысып турган Бекзат. Ачууландыбы, айтор колумду катуу кармап жиберди.

-Бекзат,биздин ачуубузга тийбегинин! Кызды кое берип кой,-атасы суйлоду.

-Жок,ата! Мен Айдайсыз жашай албайм. Мен Айдайды суйом! Эмнеге эле баарынар каршы чыгып жатасынар?

-Эй,акмак! Сен эмне деп атасын?

-Ата,мен эми жаш бала эмесмин! Мен Айдайга гана уйлоном. Же болбосо…

-Же болбосо эмне?

-Айдай экообуз озунчо уйлонуп башка жакка кетебиз. Ушунчалык суйуп калдык бири-бирибизди, уйлонбогуло деп каршы чыкпай бактыбызды тилеп койбойсунарбы! Бас,кеттик,Айдай!

-Кетпейт эч жакка Айдай,-менин атам унун которо суйлоду. А мен болсо козумдон жашымды агызып,унчукпай тура бердим.

-Ата,мен Бекзатты суйом!

-Алда макоо кызым ай,сен азыр 18 эле жаштасын. Алдыда дагы жакшы келечек кутуп турат. Сени окутам дечу эмес белем?

-Мага Бекзаттан башка эч кимдин кереги жок. Силер суйгон эмес беленер? Силер деле суйгонсунор! Эмнеге тушунбой атасынар? Же бизди эки жакка ажыратып коюп,омур бою сыздатып откоргону атасынарбы? -болгон создун баарын жиним менен айтып жаттым. Калтырап да чыктым,Бекзат колумдан кое берип жиберсе эле кулар калчудаймын.

-А Бекзаттын башка кызы бар,ал Сезимге уйлонот. Бизге Сезимден башка келиндин кереги жок,-деди Бекзаттын апасы. Бироо артыман келип башка чаап жибергендей болду. Дароо Бекзатты карадым,ал дагы биринчи жолу угуп жаткан го,далдырап эле туруп калды.

-Кордунбу,Айдай, башка кызга уйлонот экен! Бас деп атам!,-атам колумдан тартты,бери жакта Бекзат колумдан кое бербейт. Ошол учурда мен эмне кылаарымды билбей,мен дагы дендароо абалда тургам. Атам мени жулкулдатып, машинаны коздой алып баратты. Эмне дей алам? Ошондон коро олуп алгым келди. Суйгон адамымдан ошондо туболукко айрылып калгандай сезилди,артыма карасам Бекзат мени карап туруптур. Коздорубуз менен суйлошуп жаттык,ошондо биринчи жолу Бекзаттын ыйлаганын кордум.

-Бекзат,мен сенсиз жашай албайм!

-Сени таштап кетпейм,Айдай! Биз бир болобуз!

Уйго барганда дагы аран турган жанымды жан коюшпай,бири урушса бири башка нерсени суйлоп жатышты. Ошол менин абалымды Бекзаттан башка эч ким тушуно албас. Козумдон молтулдоп агып жаткан жашты коруп,жаныма басып келип кучактап мени сооротмок эле. Анын кучагы,анын коздору,анын создору жетишпей турду. Атамдын айткан создорунун бирин уксам,бирин укпай жаттым. Менин журогумду тируулой эле сууруп салгандай болду. Канчалык кыйналып,сынып баратсам дагы мени тушунуп угуп койгон бироо болгон жок. Баягы эле байкуш апам. Эмне кылсын? Же атама тарта албай,же мага тарта албай ортодо апама эле кыйын эле болду.

-Бекзат менен жолугуп суйлошконунду токтот! Сен баары бир ага турмушка чыкпайсын,кызым. Биз макул болбой турсак,аны менен кантип жашайсын? Апам(чон энем ) оз бир тууган эжеси менен куда болуп калмак беле?! Башында эле ал жигитин менен тааныштырганда айткам кызым.

-Ата,мага жанагы айтылган эле создор жетишет. Макул,Бекзат менен жолукпай коеюн,ага турмушка чыкпай эле коеюн. А кантип унутам? Менин журогумду,менин абалымды ойлоп койгон бироо барбы? Башкага турмушка чыгайын,анан омур бою Бекзатты эстеп отоюнбу?

-Баары унутулат,кызым. Убакыт дарылайт. Андан дагы жакшы жигиттер коп,артынан эле чуркап жургондор канча?

-Кандай тушунбойсуздор? Силерге созум деле калбай калды. Ушунча жыл багып остуруп келип,менин тагдырымды мынтип озунор чечип койгонунардан кийин. Созум деле жок,-атамдын отур деп урушканына карабай оз болмомо кирип кеттим. Жаттым. Журогум кадимкидей ооруп,ыйлап аттым. Ар кайсынын баарын ойлоп уйкуга деле тим болдум. Ушундай окуялардын баары болуп откондон кийин уктай албайт деле болчумун. Баардык Бекзат менен кыялданган кыялдарым алдымда бузулуп жатты. Бекзатты башка жанга кыя албайт элем. Аны озумо менчиктештирип алгам. Анын коздору мени суйуп карагандай башка жанды карашын,башканы кучактап,башканы обушун таптакыр элестете албайт болчумун. Ушунчалык катуу суйдум. Чын журогум менен берилип,баардык жан дуйном менен суйдум.

Мунун баарын ойлонгуча телефонум шынгырап калды. Бекзат экен.

-алло.

-Айдай,эртен созсуз жолугушубуз керек.

-Жакшы элесинби?

-Баары жакшы. Озунчу?

-Менде деле,-унум ыйлаганымдан бир аз башкача боло тушту. Ыйлаганымда Бекзат сезип койчу. Мында деле сезди,бирок эмнегедир унчукпады.

-Мейли,Айдай жакшы жат,-телефонду очуруп койду. Буттубу? Ушинтипле сурап койдубу? Балким Бекзатга деле кыйын болуп тургандыр. Эртен жолугуп суйлошобуз да,биз эч качан бири бирибизди таштап кетпейбиз деп озумду сооротуп алып жаттым. Кандай гана жанылганмын ошондо.

Эртеси жолукмай болдук. Уйдон атам жада калса окууга дагы жибербей койду. Бекзатга жолугуу учун болмомду ичинен илип туруп,терезеден секирип чыгып кеттим. Туну бою ыйлап чыккангабы айтор коздорум шишип калыптыр. Бекзаттын машинасына отуруп дароо козуно карадым. Баягы Бекзат эмес. Коздорун ала качат менден,бир нерсени жашырып жатат,ооба,ичинде уйгу-туйгу болуп жаткандай.

-Бекзат.

-Айдай,бул биздин акыркы жолугушуубуз, -дендароо боло туштум. Угулуп кетти ээ? Бекзат мынтип айтпайт болчу.

-Эмне деп атасын?

-Ооба,Айдай. Бул биздин акыркы жолугушуубуз. Биздин ата-энелерибиз да баары каршы. Ата-энемдин макулдугу жок мен сага уйлоно албайм. Балким мунун баары бизди тагдыр туура жолго салыш учун болуп жаткандыр. Айдай,мени кечир!-дедин сен коздорунду ала качып. Алдап атасын,сени ары жакта бир нерсе кыстап атканын билип эле турам.

-Бекзат,эмне деп атасын? Биз чогуу болобуз дечу эмес белен?!

-Дечумун,Айдай. Бирок суйуу да отуп кетет экен,мен сени унутам. Сен дагы мени унутасын. Мен сага уйлонбойм! -а бул создорунду козумо тике карап айттын. Козумо карап алдай албайт болчусун. Ишендим.

-Макул,бактылуу бол,Бекзат. Мумкун сен башканы суйуп мени унутасын,бирок мени унутат деп ойлобо!-машинанын эшигин ачып тушуп кеттим. Андан башка эмне кылат элем?

Онумдон азып кеттим. Тамак жебейм,окууга барбайм,бир болмодон чыкпайм. Бир да нерсенин кызыгы жок,атамды коргум келбейт. Бекзатты болсо ойлобой койгон кунум болгон жок. Ушунчалык эмнесин суйдум? Ал чын эле баарынан башкача болчу. Кантип мени жалгыз таштап кетти? Жок, ал дагы мени суйот! Ал эч качан унутпайт мени! Озумду алдап жургон турбаймбы. Уч ай откон сон уйдогулордон Бекзаттын уйлоноорун угуп калдым,туугандар уйлонуу тойго даярдык коро баштаптыр. Дагы бир жолу озумду жоготтум. Мен мындай абалда журсом,Бекзат ушинттиби? Демек суйбоптур да. Мейличи,бактылуу болсун. Мен дагы кун короттурмун. Эмнеге? Суйуум учун деп эле ушундай абалга жетип кетемби? Суйуу учун курошсок чогуу ккрошмокпуз, ал курошкон жок. Анын алдында суйуп калган кичинекей кыздай болбой алдыга жылам.

Жай айлары бутуп,журналистика факультетине тапшырып окуп калдым. Бекзаттын козуно коруном деп болгог аракетиди жумшадым. Окуудан мыкты болуп биринчи курс окуп жургондо эле ар кандай теле беруулордон иштоого сунуштар тушо баштады. Башында жардамчы болуп журуп,кийинчерээк андан чонураак жумуштар тушо баштады. Арадан эки жыл отту. Болгон аракетим менен,жаш болгонума карабай коп ийгиликтерге жеттим. Уй алдым,машина алдым. Менде баары бар,бирок Бекзаттан умутумду узбой,дагы деле аны суйуп журчумун. Туугандар аркылуу анын уйлонбой калганын уккан элем,ошол учурда дагы менде кандайдыр бир умут пайда болгон.

Бир күнү жумуштап шаардагы соода түйүндөрүнүн бирине барып калдым. Жолугушуулар бүткөн соң,кофейнядан кофе алып чыгып бараткам. Эл көп болчу. Ошол көп элдин арасынан анын дароо тааныдым,көздөрүбүз чагылышып кетти. Эми көрмөксөнгө салып басып кетким келген жок. Мени көздөй басып келатты Бекзат. Ошол өткөн 2жыл ичинде аны жек көрүп кетпептирмин, сезимдерим өзгөрбөптүр, канчалык мени кыйнап азапка салса дагы унута албаптырмын. Сен дагы мени унута дегенсиң,Сен да унутпаптырсың! Бекзат басып келатып мени мурункудай эле сүйүүгө толгон көздөрү менен карап жатты. Убакыт дарылабаптыр.

-Кандайсың?

— Жакшы,кандай жүрөсүң?-дедим эч нерсе болбогондой жылмайып. Колумдагы кофени карап калды да жылмайып койду. Оюн дароо түшүндүм. Мурунда экөөбүз дайыма анын жакшы көргөн кофенин иччүбүз. Бекзат менен кол түзгөндөн кийин деле ошол кофени жакшы көрүп ичип жүрдүм.

-Жалгызсың го?!-билмексен болуп сурап койдум.

-Түшүнбөдүм?

-Үйлөнүү тойго даярданып жүрөт деп уктум эле.

-Сүйбөгөн адамыма баш кошкондор көрө жалгыз болоюн дедим. Айдай,жүрү бир жерге отуруп шашпай сүйлөшөлү.

-Азыр шашып жатам,башка күнү. Бир сааттан кийин сьемкам бар. Мейли жакшы кал!-деп бурулуп басып кеттим. Бир аз баскандан кийин артыман келатканын сездим,бирок бурулуп караганым жок. Чыгып машинага отуруп алып айлап кеттим. Бекзат болсо алыстан караган боюнча кала берди.

Үйгө баргандан кийин кечинде телефон чалды.

-Алло?

-Айдай,кутман кеч! Бул мен Бекзат.

-Аа сенсиңби?

-Бошсуңбу? Жолукпайлыбы?

-Саатты карадыңбы? Кеч болуп кетти.

-Айдай,сага жолуккам келип турат. Сүйлөшүлчү, аябай сагындым сени,-деди Бекзат. Үндөбөй токтоп калдым. Ал дагы мени сагыныптыр? Эмнеге мени жалгыз таштап кетсе дагы,кыйнаса дагы,мени чанып башкага үйлөнөм десе дагы аны жек көрүп,жүрөгүмдөн чыгара албай койдум? Дагы деле түшүнбөйм. Ар дайым анын себеби болсо керек деп өзүмдү сооротуп койчумун. Сүйбөй койгон күнүм болгон жок.

-Макул,анда менин үйүмө келе аласыңбы? Аябай чарчадым,эшикке чыккым келбей турат.

-Үйүңөбү?

-Ооба,үйүмө, -мени дагы деле ата-энемдин үйүндө жашайт десе керек,өзүмдү үйүмдүн дарегин бердим. Бат эле келип калдый. Жакшы квартирада жашачумун,кирип келип эле таң калды.

-Жалгыз жашайсыңбы?

-Ооба,жарым жылдай болуп калды. Ата-энемдикине барып турам бат-баттан. Тартынбай эле кире бер!

-Өзүнчө жашап жатканыңды билбептирмин. А мен баягыдай эле Айдай. Баягы жумушта иштейм,Москвага барып келип турам.

-Үйдөгүлөр кандай?-дедим мен. Канчалык ой басып көп нерсени сурагым келип турса дагы,өзүмдү кармап сыр билгизбей турдум.

-Алар жакшы. Алар менен деле кээ бирде жолугам. Ата-энемди көргөн сайын өткөн күндөр эске түшүп,жүрөгүм кысылып кетет. Үйдөн деп бир кыз менен тааныштырышты, экөөбүз сүйлөшпөй калгандан кийин. Көз алдыма сен тартылып туруп алдың. Ага да үйлөнүп алып,аны да өзүмдү да кыйнап,сени сүйүп өтүп келген жок. Үйдөгүлөр өзүэле тойго даярдык көрүп баштады,анан токтотуп койдум. Сен экөөбүздүн сүйүүбүзгө кыянаттык жасанып келген жок.

-Кыянаттык? Бекзат,Сен эмнени айтып жатасын? Мени жалгыз таштап кеткенин,кыйналганын, сүйүүбүз үчүн күрөшө албаганың кыянаттык эмеспи? Ал учур экөөбүзгө тең оор учур болчу,мен канчалык күчүмдү жумшасам да сенин колдооң,Сен жок эч майнап чыкпады! Акыры сүйүүм үчүн жалгыз күрөшө албасымды билип,эч нерсе кыла албай калдым.

-Мени кыйналган жок дейсиңби Айдай? Кыйналдым,менде да оор күндөр өттү. Сени унута дедим,бирок унута алган жокмун! Күн сайын,мүнөт сайын эстей бердим. Сагындым! Артынан карап жүрдүм,үнүңдү укканга зар болдум Айдай! Сага зар болдум. Сага кайрылып баргым келди,бирок мен жок оңолуп келаткан жашооңду кайра барып бузгум келген жок. Сенсиз бактылуу болсун,жашоосу оңолсун дедим.

Ошентип жакшы жаман айтышып отуруп,бир кезде ал да мен да унчукпай туруп калдык. Жаныма басып келип кучактап жиберди. Анын кучагын сагыныптырмын! Кучактап алып менден жалбарып кечирим сурай берди,бир учурда карасам көзүмдөн жаш агып жатыптыр.

-Кечирчи,Айдай! Ит болдум,акмак болдум. Сенсиз жашай албайт экенмин,эми сени эч качан жалгыз таштабайм! Айдай,кечир мени. Эми мага бир эле мүмкүнчүлүк берчи,ар дайым жаныңда болом.

-Бекзат,койчу. Экөөбүз эч качан чогуу боло албайбыз. Сен экөөбүз үйлөнгөн күндө деле сенин да менин да үй бүлөм жакпайт. Балким чын эле жолдорубуз эки башкадыр…

-Мындай дебечи! Мен сени сүйөм! Башка эч кимдин кереги жок!-Бекзат көздөрүмө тике карады. Анын от болуп жалындап күйүп,мени өзүнө тартып турган көздөрү ай! Көздөрү мени дал ошол мүнөттөрдө эле сыйкырлап калгандай. Эриндерибиз тийишип,Эмне болуп кетти билбейм. Бекзаттын алдында алсыз болуп,ага берилип бараттым. Анын ысык эриндери,жалындуу көздөрү… Бир учурда Бекзатты түртүп жибердим.

-Эмне кылып атасың?

-Айдай,кечирчи. Сен өзүң мени…

-Кетчи Бекзат. Сени көргүм келген жок,-көзүмдөн жаш агып жатты. Көп сөз айткым келди,кет деп айтаарын айтып алып ичимден кетпечи деп жаттым. Мен дагы сени сүйөм,Бекзат. Бирок,биздин сүйүү дагы уланса мындан да эки эсе кыйналабыз. Сен да мени кечир,мен да сени сагындым. Кааласамда унута алган жокмун,деп айткым келди. Көзүмдөн жашты агызып,сени карап тура бердим. Мага жакындап басып келаткан сайын артка жыла бердим.

-Сени мындай абалда таштап кете албайм.

-Мындай абалда сен жок эле 2 жыл өткөрдүм.

-Эми жаныңда болом. Эч кайда кетпейм,-көзүмдүн жашын аарчып бетимен сылады Бекзат. Колун бетимен алып салдым да,ваннага кирип кеттим. Бир аз отуруп ойлонуп өзүмө келип алып ваннадан чыксам Бекзат эшиктин жанында туруптур,сыягы кетем деген го.

-Кетип атасыңбы?

-Ооба,сенин тынчыңды алып койдум окшойт. Кетейин,Сен дагы уктап эс ал.

-Жок! Кетпе,Бекзат! Мени жалгыз калтырба,-анын жанына чуркап барып өзүм кучактап жибердим.

-Ыйлабачы,алтыным. Сени таштап кетпейм,жанындамын, -деди Бекзат мени бооруна кысып. Экөөбүз залдагы диванга отурдук,мени чачыман сылап, бирде бетимен сылап ал сооротуп жатты. Анын жакшы көргөн киносун коюп,чогуу көрүп баштаганбыз. Мен анын көкүрөгүнө башымды жөлөп уктап кетиптирмин. Көзүмдү ачсам таң эбак эле атыптыр,жанымда карасам Бекзат жок. Ал мени жалгыз таштап кеттиби деп ойлогонум боюнча эшикти көздөй чуркап жөнөдүм. Жок,кетпептир. Бут кийими турат. Кухняны кирип эртең мененки тамакты даярдайын дегиче Бекзат баарын даярдап коюптур. Анын ашканада жүргөнүн көрүп аябай эзилип кеттим көрүнөт,барып кучактап жибердим,Бекзат акырын чекемен сүйүп койду. Анан Бекзатты жумушка узаттым да,андан кийин өзүм жөнөдүм. Экөөбүздүн сүйүү баяныбыз кайрадан башталды,эми сүйүүбүзгө эч ким эч нерсе тоскоол боло албайт эле.

Бирок кийинчерээк Бекзат экөөбүздүн жашообузда бир кыз пайда болду. Ал баягы Бекзаттын ата-энеси тааныштырган кыз экен,көрсө ал Бекзатты жактырып калып,аны сүйдүрүп алуу максатын көздөп жүрүптүр. Артыман аңдып калган күндөрү да жок эмес. Артыман жүргөнүн байкап калып Бекзатка айттым. Кийие ал да сураштырып ошо Сезим деген кыз экенин билдим. б

Башында көңүл бурбай жүрдүм,бирок. ..

Бир күнү сьемкадан чыгып машинама барсам эле астыңа эки терезесин сындырып кетишиптир. Көрүп эле коркуп кеттим. Дароо Бекзатка чалып жумушума чакырттым. Аны менен дагы жолугуша элек элем. Ким болду экен,эмнеге кылды деген суроолор келди оюма. Нес абалда калдым. Машинанын эшигин ачып дароо кагаздарымды карадым,баары ордунда. «Бекзат меники. А бул болсо башталышы гана!»деген катты таап алдым. Анан баягы Сезим экенин билдим.

Эми өз көзүм менен көрбөгөндөй кийин, билбегенден кийин милицияга кабар берип машинамдын терезесин сындырган адамды издеттиргим келген жок. Бирок каттан улам анын Сезим экенин ачык айкын билүүгө болот эле. Ар кандай билдирүүлөрдү жазып,кат таштап жүрүп бир аз убакытка ал кыз да жоголуп кетти. А бизде Бекзат экөөбүздө эң бактылуу,таптакыр унутулгус күндөр өтүп жатты. Сүйүүбүз күн өткөн сайын күчөп,бири-бирибизсиз чындап эле жашай албай калгандайбыз. Аны карап отуруп карагаттай болгон көздөрүнө чөгүп кетет элем. Эми Бекзат жок жашоомду таптакыр элестете албайт болчум.

Ошентип убакыт өтүп жай мезгили дп келип калды. Жай мезгилинин эң башында эле туулган күнүм болчу,өткөрбөй эле коюн дегениме карабай,Бекзат болбой туруп алды. Бүт баардык иштерди өз мойнуна алып,менин туулган күнүмө менден бешбетер даярданып,баардык жакындарымды, досторумду чакыра баштады. Мен туулган күн туурасында ойлонуп да койгонум жок. Ошентип көптөн күткөн күн келип, эртең менен телефонум шынгыраганынан ойгондум. Ата-энем чалып куттуктады, ушундай сонун жүрөккө жеткен калоо-тилектерди уктум,жада калса жашып жибердим. Баягы кичинекей кыз мынтип бой жетип,анын жашоосунун жаны эшиктери ачылып 22 жашка чыгып отурат. Кээ бир учурда баягы эч нерседен бейкапар,ата- энеме эркелеп ойноп-күлүп жүргөн кезиме кайтып баргым келет. Же болбосо эч нерсе болуп өтпөгөндөй ушу күнгө чейинкинин баарын унутуп салсам кана?

Анан Бекзат үйүмө келип куттуктап,мени жумушка жеткирип койду. Туулган күндүк кече кеч курун башталаарын, мага көйнөккө буйрутма барып жада калса салонго сүйлөшүп койгонун айтты.

-Бүгүн сен менин ханбийкем болосуң,жаным! -деп көздөрүн жайнатып күлүп койду. Эх,ошол Бекзаттын күлкүсү азыркы күнгө чейин эсимден кетпейт. Көз алдыма тартыла түшөт. Ошол туулган күнүмдө мен өзгөчө бактылуу,менден өтүп Бекзат бактылуу. Улам сайын чекемден сүйүп коет. Ошентип жумушка таштап,өзү андан ары кетти. Жумуштарымды бүтүрүп,үйгө бардым. Үйгө бараарым менен көйнөктү жеткирип берип калышты. Табити да сонун Бекзаттын. Ачык көк түстү жакшы көрөөрүмдү билет да,көйнөктү көрүп аябай сүйүнүп кеттим. Дароо Бекзатка чалып, көйнөк жакканын айтып,ыраазычылыгымды билдирдим. Көйнөктү кийип алып,өзүнчө бир кулпуруп үйдүн баарын айланып чыктым. Үйдөн чыгып,машинаны көздөй баратсам алдыман арыкчырай,сулуу келген сары чач бейтааныш бир кыз чыга калды.

-Айдай, саламатсызбы?

-Саламатсызбы? Биз таанышпызбы?

-Жок,менин атым Сезим,-деп колун сунду. Эмнегедир көңүлүм иренжий түштү,колумду бербейин дедим эле туулган күндүк маанайымды бузбайын деп жооп кайтарып колумду сундум.

-Угуп жатам.

-Айдай,каршы болбосоң бир жерге отуруп сүйлөшөлү.

-Шашып жатам,Сезим башка күнү.

-Бекзат тууралуу сөз,-деди сары чач Сезим. Эмнени айтаар экен деп кызык боло түштү да,менин үйүмдөн алыс эмес жайгашкан кофейняга кирдик. Официант эки кофе алып келип берди. Аны ичип отурдук да,Сезим менен сөзүн баштагыча,менден көзүн албай карап алды.

-Билесиңби,Айдай, Бекзат сен ойлогондой жигит эмес.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️