Пример HTML-страницы

СЕМИЗ КЫЗ 2-бөлүм (Аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=60612&preview=true Кызыктуу окуялар.

2- БӨЛҮМ..

 

СЕМИЗ КЫЗ.

 

 

Сулуу аялымды окуу жайга алып барып, көрсөтүп ээрчитип жүрөм деген ойлорум ишке ашпады. Үйлөнүп эле окуума кеттим. Ал эч кайда окубагандыктан , ата — энем кошуп бергиси келбеди. А мен алар менен тартыша албадым. Мен ошондо гана түшүндүм… Аларга үйдө кызмат кылып, чай бергени келин керектиги үчүн шашылышканын. А мен макул болбой жүргөм. Ыңгайдан пайдаланышып, мени бат эле үйлөп коюшту. Аларга келиндин билимдүү болушу деле кызык эмес эле. Баарынан да, кичүү бала болгондугум үчүн үйдө отурганы маанилүү эле. Менин » семиз кызым » , » чүрөгүм » менен болгон окуяларым , аларга да угулган. Ошондуктан да, өздөрүнө ылайык келин издешкен тура. Эмнеси болсо да, үйлөндүм…. Алгачкы үй — бүлөлүк турмушум башталды ..

 

» Чүрөгүм » , өзүнөн улуу кишиге турмушка чыгыптыр. Негедир …аны башка менен көргөндөн кийин, сезимим муздап калды. » Өтө кызыл бат оңот » дешчү беле? Ошол сыңары болдук. Аны катуу сүйдүм, а бирок …көңүлүм бат калды. Өзүм да таңмын… Аны бат эле унуттум…

 

А тиги » семиз » кызымды алыстан көрүп калып жүрдүм. Ал өзүнүн токтоо, сүрдүүлүгүнөн жазбай, окуп жүрөт. Аны көргөндө жанына баргым келип кетчү. Үйлөнсөм да аны жакын адамымдай сезип жүрдүм. Көрсө, аны менен менин көз карашым, жылдызым, ой толгоолорубуз окшош тура деп калдым. Экөөбүз кандай темада сүйлөшпөйлү, бири — бирибизди толуктап турчу экенбиз… Сөзүбүз да түгөнчү эмес… Жылуу кучагында , чексиз » бактылуу » болуп жүргөн экенмин …

 

Сулуулугу үчүнбү, алгач аялым менен «таттуу » жашап жүрдүк. Бара — бара экөөбүздүн түшүнүк, аң — сезимибиз эки башка «аалам » экендигин байкай баштадым. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккан кыз менен, жогорку окуу жайды бүтүргөн мени менен айырмабыз чоң экендигин билдим. Эми артка жол жок … Экөөбүздүн эн маанилүү да, кызыктуу да темабыз » үй тиричилиги » гана болуп калды. Андан башкасына өтө албайбыз , себеби ал билбесе, көрбөсө, талкуулап, сөз кылуунун кереги да жок экен. Муну өзүм көрүп, билип, жыйынтык чыгардым.

 

Окууну аяктап, кесибим менен иштей албадым. Жумушсуздук күч алып турган мезгилге туш келдим. Аялым удаасы менен үч кызды төрөдү. Катардагы эле айылдагы » бекерчи » жигитке айландым. Башка жакка чыгууга мүмкүнчүлүк жок.

 

Элдин шары менен аялымды кыздар менен үйгө таштап, сыртка чыгып иштей баштадым. Россиянын көп шаарын көрдүм.

 

Сыртта жүрүп, албетте » жалгыздыктан » эркек адам » бойдок » болууга аргасыз экен. Ачыгын айтканда, көп эле кыз — келинди көрдүм, көңүл ачтым. Бирок, ишиме да так жүрдүм. Эл катары иштеп, баттан келе албасам да, айылга жыл өткөрүп келем. Бул көрүнүшкө балдарым да, аялым да, ата — энем да көндү.

 

» Жалгыздык » демекчи… Үй — бүлөлүү болсом да, мен өзүмдү сыртта да, үйгө келгенде да жалгыз сезчү болдум. Аялым менен төшөгүм бир болсо да, эзилише сыр чечишип, таң атырбаппыз… Өзүбүзгө бөлүнүп берилген милдеттерибизди аткарып жүргөн эле адамдайбыз. Кыскасы, мен андан көңүлүмдүн тереңиндеги каалаган көксөөмдү таба албадым…. Ошондуктанбы, көбүрөөк » сол » жакка басчу болгом. Эмненидир тапкым келет. Өзүм да билбейм…

 

Мен анткен сайын, жыл өтүп келген сайын аялым толуп, өзгөрүлүп баратты. Кыздарым да чоңоюп, бир аз жумшаганга жарап, аялымдын колу узарып калган. Ал жыл сайын семирген сайын, менин сезимдерим арыктагандан арыктап бүттү… Бул сезимди эч кимге айтып, туюндура албайм дагы. Ааламда жалгызмын, көңүлүм » кызык » жашоо эңсейт. Бирок, тиричилик менен алпурушуп, тагдырга баш ийип, жашай берет турбайбызбы …

 

Менин сырттан тапканым, айылдагы аялым көз болуп, баккан малдарды акча кылып, там салууну чечтим. Элдин жашоо — турмушка болгон көз караштары мурдагыдан алда канча өзгөргөн. Биздин убагыбыздагы үч бөлмө же беш бөлмөлүү үйлөр азайып, чоң — чоң кабаттуу үй салып калышпадыбы. Мен да ошол максат менен быйыл үй салууну баштадым. Ошондуктан, сырттагы ишимди токтотуп, быйыл айылга узак убакытка келген элем. Ошол күндөрдүн биринде бир кезде чанып кеткен » семиз кыз » , сүйгөнүмдү көрүп атпаймбы …

 

Ошентип, ошол күндөн кийин ал оюмдан кетпей калды. Ойлосом, аны чанып, чоң каталык кетирген экенмин. Ал экөөбүз бир болсок, төгөрөгү төп келген жубайлардан болмок экенбиз…. Аттиң! Мындан башка эчтеме дей албайм…

 

Алчумду алып, үйгө жүк ташуучу унаадан берип жибердим да, эмнегедир кетким келбей «семиз кызды » көргүм келип отурам. Бул адатым, аны көргөн ошол күндөн башталган. Эгер, ушул шаарда жашап жаткан болсо …ал сөзсүз ушул жерден өтөт. Себеби , бул жерден Оштун көп айылдарына машина каттамы кетүүчү жер.

 

Күндүн ысыгында чаңкоону кандырат деп, көк чайдан ичип отурам. Көздөрүм болсо чоң көчөдө…

 

Көргөн көзүмө ишенбей кеттим ! Колуна кичинекей үч — төрт жашар баланы жетелей, менин сүйгөнүм бара жатат. Бул жолу өкүнү мен көргөндөн да керемет! Жакасы тор менен кооздолгон аппак кофта, узун буттарына куюла чыпташкан чымкый көк юбка кийип алыптыр. Кийген кийими тулку боюна куп эле жарашкан. Сымбаттуулугун карап- карап, көзүм тойбоду…

Шашыла бакырдым: — Сара !

 

Менин үнүмдү укту. Ал тургай кайсы тарапта отурганымды да билгендей, үн чыккан тарапты дароо ажыратып бурулду.

 

Апкаарый түштүм. Шашыла ордумдан туруп, жанына бардым.

— Кандайсың? ….

— Сен …!

— Ооба, мен … Кубатмын .

— Мм…

Экөөбүз бир аз буйдала түштүк, сөздөрүбүз жалгашпай, кичинекей уулун карап калдык.

 

— Апа, бул ким? Эмнеге токтодук?

Кичинекей уулу мен жакты чоочуркоо менен карады. Уулунун сары жүзү ысык аптапка бир аз кызарып, ысып турганы байкалып турду. Ошондуктанбы, апасына чыргоолонуп, колунан тартты.

 

— Үйгө кетеличи!

— Кеттик уулум !

 

Сара уулуна жылмая колунан жетеледи.

 

— Сара, мүмкүн болсо чогуу отуруп чай ичели ?! Сени менен сүйлөшкүм келет….

 

— Жок, рахмат !

 

Жылмайган калыбында уулу менен менден узап кетти.

Анын артынан көпкө карап турдум… Бир кезде жакын адамым …. Азырчы? Башканыкы … Сара, сен мага азыр да эң жакын адамымсың … Көңүлүм толбогон көксөөм өзүң турбайсыңбы … Мен сени издеп, сени көксөп жүргөн экенмин. Мен эңсеген » кызык » ….экөөбүздүн сүйүүбүз, түгөнбөгөн кептерибиз, татуу » өбүшүүлөрүбүз » болгон тура. Сенин элесиң менен гана жашап жүрүпмүн… Мен башкалардан сени гана көргүм келиптир. Эмнеге? Сени гана жактырыпмын… Көңүлүмдөн кетпей орун алыпсың …

 

Көптөн бери ичимде жеп жүргөн суроолорума жооп таап, жеңилдеп алдым.

 

Үйдүн түйшүктөрү көп убактымды алып, бүтүрүп, жаап алуунун аракети менен жүрүп, күз мезгилине жетип келдик. Бул аралыкта мен Сараны эч унуткан жокмун. Кетээр мезгилим жакындаган сайын, аны дагы бир көрүп, чечилип сырымды айтып, сүйлөшкүм келип жүрдү. Жумуштарым аягына чыгып калды. Бир аз тыйын таап турайын деп, кээде » такси » кызматына чыгып алчу болдум. Чындыгында, максатым башка. Оюм бир гана — Сара. Алдынан бир өтүп , кечирим сурап, сүйөөрүмдү айткым келет…

 

Жакында кетээримди угуп, Бишкекте жашаган Эрлан келиптир. Мурдагы шайкелеңдиги бар Эрлан жок. Көп жылда бир көрүшүп турган үчүн, андагы болуп аткан өзгөрүүлөрүн байкап турам. Анын Оштогу үйүнө келдик. Эрлан кухняда арыдан — бери шуулдап, даяр камыр менен лагман жасап жиберди. Дасторконго » ачуу сууну » да койдук.

 

— Эрлан, ар жылы келген сайын семирип эле баратканың байкайм… Кайда баратасың? Тамашага экөөбүз тең күлдүк.

 

— Ооба, ошентип эле баратам. Диетага отурушум керек. Ден соолукка да таасири тийип атат. Мен го мен, семирсем жарашат. Катынымды айтсаң …

Ачуу арактын күчү , Эрландын көңүлүндө өйүгөн, башка бирөөгө айта бербеген сырын айттырып жиберди.

 

— А эмне катының? Мен көптөн бери көрбөсөм…

 

Эрлан унчукпай телефонун алып ачып, сүрөттөрдү көрсөтө баштады.

 

— Ушул жаңы, жакында түшкөн сүрөттөр…

 

Мен тааныган кара тору, көзү бүтүгүрөөк, арыкчырай Кыялды тааныбай калыпмын.

 

— Кайсы, бул жерде жок го?

 

Сөөмөйү менен көрсөттү.

Эрлан менен жанаша отурган Кыял экен. Эки бети толуп, ээги да чыгып, Эрлан экөө тең томолок болуп окшошуп түшүп калыптыр. Чачы да кыркылуу болгондуктан, Эрландын жанында көзү бүтүгүрөөк эркек аны күлүп, тиктеп отургандай элес калыптыр…

 

— Мм ..дааа. А мен эркекпи депмин.

— Көрсөң ошол. Өзгөрүүлөр көп бизде. Макул, бир аз семирсе болот дечи. Мынчалык семиздикти жактырбайм. Базарда соодада отуруп эле семирдиби …

 

— Кыял бирок жакшы аял — Эрлан.

— Ооба, жакшы. Шартылдап ачык — айрым. Адамдын келбети да бирдей абалда сакталбайт тура. А мен анын » фигурасын » жактырып алгам … Азыр болсо …кээде ирээнжип да кетем…

 

— Кантсе да ушул аялдарыбыз менен үй — бүлөбүз. Балдарыбыздын апасы. Сенде эки уул бар, мендечи … үч кыз. Уул жок.

 

— Буюрса уулду да болоорсуң…

Мен унчукпай калдым. Саранын уулун көрүп, » уулдуу болгон кандай сонун » — деп суктандым. Эгер менин аялым болгондо, ушундай уулду мага төрөп бермек экен…

 

— Эрлан , менин аялым да Кыялдан ашса ашат, калышпайт. Көрдүң өзүң да…

 

— Ооба, экөөбүз заказ бергендей семиришти го. Ха — ха!

Каткыра күлдүк.

— Бир кездеги бели бир тутам, келишкен кыздар . Эрлан, билесиңби? Сен арык, кымча бел, бою кичирээк кыздарды жактырчусуң.

 

— Ооба, билем. Ал мезгилде көп нерсени түшүнбөгөн экенбиз. Мезгил өтүп, адамдын физиологиясы да өзгөрүлөрүн билбеппиз да…

 

— Ооба , ошентип ойлогонбуз. Сага бир жаңылыгым бар. ..

 

— Айта бер .

 

— Билесиңби, мен кимди көрдүм?

— Ким?

— Окуп жүргөндө мен сага » сүйгөн кызым » деп тааныштырган кыз эсиңдеби?

 

— Мм. Эсимде, бирок толук эмес. Азыр ал эски күндөрдүн көбүн унуттук го.

 

— Маанилүү болсо унута албайт экенсиң… Билесиңби, аны сага эмнеге айтып жатамын?

Эстесең ошол кызды?

 

— Мм, эстедим.

— Ошол сен жактырбаган » семиз кызды » азыр көрсөң, башкача баа бермексиң .

 

— Да?

— Да.

— А сен кандай бааладың?

— Билесиңби, ал менин аялымдан төрт жаш улуу. Азыр көрсөң андан кичүүдөй көрүнөт. Сен айткан » семиз » эмес… Дене — мүчөсү келишкен аял болуптур. Мен аны бир көрүп эле жазбай тааныдым…

 

— Мм, кантсе да биринчи сүйүүң да. Дале сүйөт окшойсуң?

 

— Ооба … Мен аны эч эсимден чыгарбагам. Билесиңби, ал мага дайым жетишпей жүрүптүр. Эмнедир жетишчү эмес мага, аны менен толук бир бүтүн болмок экенбиз.

 

— Эмне анда ага үйлөнгөн эмессиң? Менин бир сөзүм үчүнбү?

 

— Ооба, сенин бир сөзүң үчүн аны чанганмын.

 

— Мен мынчалык болоорун ойлобосом. Ал мезгилде ойлонбой сүйлөгөн учурлар болот тура… Менин бир сөзүм, тагдырыңды чечиптир. Кечирип кой…

 

— Мм. Ошол учурда азыр ойлосом, ал семиз эмес экен. Толукшуп, жетилип турган учуру тура кыздардын. Азыр менин чоң кызым да чымыр денелүү. Саранын ошол кездеги келбетине окшошуп бараткансыйт. Негизи кыздар эрте жетилет го.

 

— Ооба, баарына жаштык, курч кезибиз күнөөлүү. Эмнеси болсо да, бактылуу болсун.

 

— Ооба, бактылуу болсун. Бактылуу көрүндү …уулун жетелеп, жылмайып баратыптыр…

 

— Мм…

 

Ноябрдын акыркы күндөрү. Күн кыскарып, түн узун . Кетээриме саналуу күндөр калган. Бүгүн да таң жарый элек чыктым. Эрте менен кадимки эле кыштын суугу болуп калган. Суукка карабай, кезегибиз менен адам толушун күтүп, өзүбүз машинада отурбай, сыртта тура беребиз. Кезек мага келип калды. Алгач бир жашы өтүп калган киши келди. Адам толгуча деп, сыртта балдар менен туруп калды. Биз турган жердеги туш көчөдөн караан биз тарапка келди. Узун бойлуу аял экен. Кезекти сурап, менин машинама отуруп калды.

Тааныш караан! Бул Сара … Жанымдагыларга » үшүдүм » дедим да, дароо машинага отурдум.

 

— Кандайсың ?

Машинанын салонундагы үлбүл караңгылыктан ал менин жүзүмдү көрө албады. Артка бурулдум.

 

— Бул мен — Сара …

— Сен белең, мм… Жакшы, рахмат!

— А сен өзгөрүлбөпсүң, кыз кезиңдегиден татына келин болупсуң.

— ….. Балким.

— А мен экөөбүз жүргөн күндөрдү эч унутпадым. Эң бактылуу күндөрүм болгон экен.

— Сен бактыңды таап кеттиң го…

— Мм… Сен эч кимге окшош эмессиң , Сара. Өзгөчөсүң. Сага кайткым келген, бирок …. жаштык кылып, жеңил ойлуулукка алдырып коюпмун. Сенин алдыңда күнөөлүүмүн. Кечире аласыңбы мени?

 

— Анын баары өттү. Экөөбүздө тең үй — бүлө бар. Мен азыр анын баарын унуткам. Эстегим да келбейт.

— Мм … ошондой де.

— Ошондой .

— Эртелеп кайда?

— Кагаз иштерим бар, эрте барчу.

— Сара, андан бошосоң жолугалы. Сени менен баарлашып отургум келет. Сени жайда көргөндөн бери, кандай абалда жүргөнүмдү билээр белең?

 

— Экөөбүз баарлашчу эмне сөз бар, Кубат?

— Мен ошол күндөрдү кайталап, бир күн болсо да сени менен бактылуу болгум келет.

— Айттым , эми ал күндөргө кайтып бара албайбыз. Баары түш сыяктуу өттү, кетти. Мен эстегим келбейт.

 

Мен орундукту артка чалкалатып, анын жүзүнө жүзүмдү жакын алып келдим. Анын калың каштарын, кой көздөрүн, кызгылтым ичке эриндерин суктана карадым.

 

— А мен эстегим келет… Сенин таттуу эриндериңдин даамы , азыр да эсимде …

Бетине бетимди тийгизип, колум менен акырын ээгинен , эриндерин сыладым . Татына жүзү жагымдуу эле, эриндерин кантип өөп жибергенимди билбей калдым. Сара мени түрттү. Аркы бурчка жылып алды.

— Демек, сен мени эстеген эмессиң, унуткансың?

— Эмнеге эстемекмин, Кубат? Ойлочу өзүң?

 

— Сени гана сүйөм!

 

— Сүйсөң таштап кетмек эмессиң!

 

Эшик ачылып , эки киши отурду.

 

— Айдай берчи уулум, үшүп кеттик. Жолдон да чыгып калаар!

 

Машинаны айдап баратып да, күзгүдөн аны уурдана карадым. Сара менин тиктеп жатканымды байкаса да, көңүл бурбай, сырт жакты карап, телмирип отурду. Төрт аялдама жүргөн соң ал түшүп калды. Көңүлүмдө дүрбөлөң жүрдү. Түшүп алып кошо ээрчип баскым келди. Бирок …бирок болбойт. Эх!

Ээгимди кырча тиштеп, ачуум келип турду. Бул күнү маанайым пас болуп, жүргүнчүлөргө да ооз учумдан сүйлөп , кеч киргиздим. Күнү бою Саранын сөздөрү кулагымдан кетпей, көз алдымда анын элесин элестетип жүрдүм.

 

Эми өкүнсөм да, Сара айтмакчы … баары өттү, кетти. Бул да болсо , турмуштун мага берген бир сабагы болду.

Кинолордо көргөн, китептерде окуган сүйүүлөрдөй … өз сүйүүм үчүн күрөшпөпмүн. Бир адамдын сөзү үчүн, сүйүүдөн баш тартыпмын.

 

— Эх, сөздүн күчү! Бир сөз үчүн бүтүндөй тагдырым өзгөрүлдү …

 

 

Алгачкы сүйүү канча жыл өтпөсүн эскирбейт экен. Сара менен өткөргөн күндөрүм азыр да, күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал менин жүрөгүмдүн тээ бир бурчунан орун алган. Ага болгон сүйүүм эч качан өлбөсүн билдим. Эмне болгондо да, мен Сарага бир жолугуп алдым. Эми аны менен жолугамбы, жолукпаймбы билбейм. Аны эсимден чыгара да албаймын… Себеби … ал менин өмүрүмдөгү эң өзгөчө — аял .

 

Кайдагы бир сөз үчүн адамдын жашоосу толук өзгөрүп кетет экен… Менин окуямды окуган ким болбосун, сабак алаар деген ойдомун. Бул — бир гана менин тагдырым. Дагы канча айтылбаган тагдырлар бар…

 

 

Өз башымдан өткөн окуядан кийин мындай жыйынтык чыгардым.

 

— Адам эч качан өз жүрөгүнүн каалоосунан баш тартпаш керек. Эгер көңүлүң , жүрөгүң каалап турса — ага жетүү үчүн аракеттен. Керек болсо — күрөш!

 

Ар бир адамга сүйүүдөн жаңылбоосун каалар элем …

 

 

— Сара , кайсы жерде болбогун, сага бактылуулук каалаймын ! Сени сүйүп жашай беремин !

 

АЯГЫ…

 

КУТУП ОКУГАНЫЗДАР ҮЧҮН ЧООҢ РАХМАТ!

БИЗ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУҢУЗ..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE