Секелек кезде…

Мен секелек кезимде атам менен циркке барганбыз. Билет алуу үчүн кезек күтүп турганбыз. Биздин алдыбызда бир үй-бүлө бар эле.

Сегиз балалуу үй-бүлө! Балдары катар, 12жаштан ылдый го чамасы… Балдардын кийимине карап үй-бүлөнүн каржылык чама-чаркы аз экенин билүүгө болот. Кийимдери жупуну болгону менен таза жана тыкан. Балдар тартиптүү турушат, ата-энесинин артында экиден кол кармашып тизилип алышкан. Алар маскарапоздорду, цирктеги жаныбарларды, кызуу талкуулап жатышкан эле. Көздөрүнөн кубанычтарын жана өтө кызыгууларын көрүп, циркке биринчи жолу келишкендерин байкоого болот. Алардын жашоосундагы эсте калаарлык учуру эле…

Бүлөнүн эң алдында ата менен эне сыймыктуу турушат. Жары жолдошунун колунан аяр кармап, көзү менен «сен менин баатырымсың» дегенсийт. Күйөөсү да өз бактысына ырахаттангандай түрү бар. Кассанын сатуучусу канча билет алаарын сурап калды. «Балдар үчүн сегиз билет, чоңдор үчүн эки билет» деп ишенимдүү жооп берди балдардын атасы. Сатуучу билет баасынын суммасын айтканда аял күйөөсүнүн колун койо берип жер карады, эркектин эриндери титиреп кетти. Анан ал сатуучуга акырын эңкейип, «Канча дедиңиз?»деп сурады. Билет сатуучу айткан баасын кайра кайталады. Кишинин акчасы жетмек эмес. Артындагы көздөрү жайнаган сегиз баласына «Акчам жетпейт экен, бүгүн циркти көрбөйбүз» деп кантип айтат?

Эмне болуп атканын алдыртан байкап турган менин атам чөнтөгүнө кол салып 20долларлык акчаны алып чыкты да жерге акырын таштады. (Бирок, биз деле бай эмес болчубуз) Атам жерге кайра эңкейип жанагы 20долларлыкты алды да тиги кишини ийинге таптап, «Кечиресиз мырза, бул сиздин чөнтөгүңүздөн түшүп калды»деди.

Киши да да кеп төркүнүн түшүндү. Жүрөк эзген мындай ыңгайсыз абалда кол сунуп жаткан ырайымды четке каккан жок. Атамды кош колдоп колунан кыса кармап, көзүнө тик карап эриндери титирей, көзүнө жаш толо «Ыракмат, мырза, бул алпейимдигиңиз мен жана үй-бүлөм үчүн өтө маанилүү» деп 20 долларлыкты алды.

Атам экөөбүз машинеге келип үйгө кайттык. Атам тиги үй-бүлөгө берген 20доллар менен циркке кирмекпиз. Ал күнү биз цирк көрө албасак да болгон окуядан ичибиздеги чексиз кубанычты сездик. Бул кубаныч оюн көрүүдөн алда канча күчтүү эле…

Пример HTML-страницы

Берешендик касиетти мен ошол күнү туйдум. Алган колдон берген кол жакшы, алган кишиден берген киши сөөлөттүү. Улук, бийик болгуңуз келсе бере билиңиз, бере жүрүңүз. Чоң сүйүүгө алайын деп жулунгандар эмес, берейин деп умтулгандар татыктуу. Чоң сүйүү бул жашоо маңызы эмеспи.

Берешендиктин ырахаты чоң, кубанычы чоң. Алып өзүбүздү кубандыргандан да берип бирөөнү кубантып үйрөнөлү!

Одри Хепберн

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️