САГА БАРЧУУ ЖОЛДОН АДАШТЫМ

https://kyrgyzcha.site/?p=46868&preview=true Кызыктуу окуялар.

САГА БАРЧУУ ЖОЛДОН АДАШТЫМ

 

Бүгүнкү той мага сени эстетти. Жалгыз бир тууганымдын жакшылыгы болгондуктан эл ата-энемден кийин эле мага көңүл буруп, мени карап жатышты. А мен болсо көпчүлүктүн арасынан сени көрүп калчудай элеңдеп, узун бойлуу мырзалардын ар бирин сага окшотуп, бирок сени таппай убараландым. Жан дүйнөмө тынчтык бербеген бул абал той аяктаганча уланды. Андан кийин да бир жума ал сезимдерден кутула албай убараландым. Жолдошума чай сунуп жатып да, баламды уктатып жатып да биздин артта калган күндөрдү эстей бердим.

 

Ойлобо, мага деген арзуусунан жанбаптыр деп. Бул жөн гана жаштыгымдагы жыргал учурларды сагынткан сезим болду. Болгону ал жыргал доордун каарманы сен болуп калыптырсың. Ал кездер сонун эмес беле…

 

Пример HTML-страницы

***

 

Жигиттен-жигит тандап, татыктуусун табышым керек деп келечегиме кам уруп жүргөн кезде көптүн катарынан сага жолуктум. Эмнегедир сенден башкалардан кол үзүп койгондой баш тартып кете албай калдым. Себеби сен мага гана эмес, курбуларыма да жактың. Демейде “койчу ошону, батыраак кол үз андан” деп мурдун чүйрүп турчу курбуларым сен жөнүндө жакшы гана кептерди айтып калышты. Бири:

 

– Сен түгөйүңдү таптың. Колуңдан келсе бекем кармап кал, — десе, экинчиси:

 

– Ооба, жакшылап сынап, бүт сырын бил. Кийин жашоо оңой болот, — деп деги эле мени сага аманат кылып коюшкан.

 

Ошентип, алардын кеңеши менен мен сени сынап жүрдүм. Балким, ошол маалда сен да мени сынап жүрдүң бекен ээ?..

 

Бир кечте сен жолугушууга келбей калдың. Демейде каадаланып он-он беш мүнөт күттүрүп чыгып, анан бетиң кызарып үшүп турган абалыңды, андан улам азыраак ачууланып, бирок аныңды билдирип албайын деп өзүңдү кыйнап жайдарыланып учурашканыңды көрүп ырахаттанчу мен ал күнү сени күтүп ыйламсырап турдум. Бир чети күттүргөнүңө жиним келип, ызалансам, бир туруп кеч күүгүмдө алда кандай иши чыгып калды экен деп санааркадым. Ал кезде чөнтөк телефон деген борборго жаңы келип, чанда бирөө гана көтөрчү эмес беле. Сен ошол кол телефон көтөргөн “крутойлордун” бири элең. А мен окууну жаңы бүткөн, андай баалуулуктарды кол жеткистей туйган кыз элем.

 

Мен жашаган батирдин алдындагы “биздин орун” деп атап алган сыры өчкөн отургучта далайга отурдум. Кирип кетүүгө түтпөй койдум. Улам туруп сен келчү тарапты акмалап карайм. Көз байланып баратты. Корко баштадым. Ага карабай көгөрүп тура бердим. Кыймылсыз отура бергенге буттарым сенейип, тоңуп калдым. Ошондо мен сени чындап жактырып калганымды мойнума алдым. Ичимден: “Мен сени сүйүп калдым. Эрте келчи”, — дедим. Акыры тажаганда тыйын салып сага чалып жүрчү телефондун буткасына карай жөнөдүм. Биздин үйдөн ага чейин эки аялдама. Биринчи аялдамадан өткөндө гана чөнтөгүмдө сокур тыйыным жок чыкканымды эстеп үйгө бурулууга аргасыз болдум. Демейде жолугушуудан жайдары келгениме көнүп алган эки курбумду таң калтырып тултуюп кирип бардым да, бутумду чечпестен кирип капчыгымды алып чыга жөнөдүм. Бул жолу караңгыдан корккон жокмун. Сен үчүн ушунчалык убара тартып атканыма намыс кылып жатсам да чалбай коё албадым. Анан сенин: “Иштер болуп калды. Кечирип койчу”, — деген сөзүңдү угуп бир чети шаабайым сууп, бир чети санаам тынып үйгө бет алдым. Ал түнү экөөбүздүн келечегибизди, үйлөнүү той, бала-бакыралуу болгонубузду бир оокумга чейин кыялданып жатып уктаган элем.

 

***

 

Кийинки жолугушууда сени биринчи жолу абдан жайдары маанайда көрдүм.

 

– Элиза, сен мени өткөндө ушунчалык күттүңбү ээ? Сени менен сүйлөшкөндөн кийин саатты карасам 20:20 болуптур. Мени эки сааттан ашык күткөн турбайсыңбы ээ? – деп жетине албай айттың да, күтүүсүз мени бооруңа тартып бекем кучактап алдың.

 

Биз буга чейин кол алышып гана учурашып, коштошчубуз. Сен дайыма менин жанымда тынчың кетип, канчалык адашпай сүйлөйүн деп аракет кылганың менен сөздөрүң чалды-куйду болуп көп сүрдөчүсүң. Мага жагууга абдан аракет кылганыңды байкап ичим жылычу. Менин сага болгон сезимим кандайлыгын биле албай ушинтип тынчың кетип жүргөндө мен күтүүм менен жаңыдан баш баккан сезимдеримди алдыңа жайып салган турбаймынбы. Анан ага жетине албаган сен сезимдерибиздин табышканына кубаттанып эч тартынбай, эч жаңылбай мени бооруңа кысыптырсың. Ал күнү жарым саатпы же бир саат турдукпу, билбейм, биз жанагы абалыбызды бузгубуз келбей үнсүз тура бергенбиз.

 

Ай жаштыгым, ай, биз, бир бөлмөдө жашаган үч кыз кимибиз жолугушуудан келсек, ошонубузду тегеректеп үйдөн чыгып кеткенден баштап үйгө кирип келгенге чейин кандай окуялар болгондугун, ким эмне дегенин ийне-жибине чейин сурачубуз. Баарын угуп бүткөн соң кайсынысы туура болгон, кайсынысы туура эмес болуп калганын иликтеп, кеңештерибизди аяшчу эмеспиз. Кыздар менден “өбүштүңөрбү?” деп сурай берип тажашкан. Башында: “Биз өбүшмөк турсун, кучакташпайбыз дагы”, — деп сыймыктанып жүрдүм. Кийин кыздардын окуяларын угуп, анан эмнеге биз эмдигиче өбүшмөк турсун, ал мени бетимден өөп учурашпайт деп ойлоно баштадым. Ушул үчүн алардан өзүмдү кем тутуп алганымчы. Ал эми ошол күнү, чынын айтсам, сенин кучагыңда турганыма жетине албай, жүзүм албырып, үйгө толкунданып кирдим. Анымдын жайын билбей тынч турушабы:

 

– Биздин ыймандуу кыз бүгүн башкача?

 

– Ак боз атчан ханзаада өөп койгон го? – дешти тийишип. Мен унчукпай керебетиме бой таштадым да, адаттагыдай дагы биз тууралуу кыялданып жатып уктадым.

 

***

 

Ушинтип сезимдерим жаңы ойгонуп, сага болгон берилүүм күч алып, үмүттөрүм улам жарык жанып баштаганда сен жумушуң боюнча иш сапарына кетериңди, болгондо да өзүң туулуп-өскөн аймакка жакын баратканыңа кубанычта экениңди айттың.

 

– Буюрса, бир ай бат эле өтөт. Кайра эле жаныңда болуп калам. Мен сени сагынам, — деп дагы бир топ камкор сөздөрдү айтып, анан биринчи жолу бетимден өөп коштоштуң.

 

Чын эле бир ай көз ачып жумганча өттү. Сенин жакшы сөздөрүңдүн, ошол кездеги эркелетүүңдүн күчү бир ай бою сагынычыма эм, кусама даба, күтүүмө сабыр болуп берди. Анан бир ай бир жарым айга, эки айга созулуп кетти. Баягы жакшы сезимдердин кубаты түгөндү. Сен кечиккенде бир ирет чалып телефонуңдун өчүк экенин билгем. Кайталап чалууга намыс кылып келишиңди күткөм.

 

***

 

Коштошуубузга үч ай болгондо биз капилеттен жолугуп калдык. Бири-бирибизге чоочун боло түшүптүрбүз. Ооз учунан унчугуп, кол учунан саламдаштык. Мага сугула, сагына артылган көздөрүңдү тик багып карай албай койдум. Эл агымындагы жолугушуубузда сен жергиликтүү элдин салтына баш ийип бала күнүңөрдө ата-энеңер кудалашып койгон кызга баш кошконуңду айттың. Мен сага «таарындым» дебесем да, ыйлабасам да алдын ала актанып, алдын ала мени сооротуп жаттың. Күттүргөнүң аз келгенсип үй-бүлө күтүп кеткениң, албетте, маанайымды чөгөрдү, намысыма тийди. Бул жаңылыгың мени кайгыртпайт деген түр көрсөтүп кош айтып кете бердим. Бирок сени унутуп калуу оңойго турган жок. Көпкө чейин муңайым тартып, сезимдерим ооруп жүрдүм. Ыгы келген жерден жаңы жашооң тууралуу иликтеп, аялыңдын тегин, жерин, көп бир тууган экенин билгем. Жакында бир бейтааныш аял менин социалдык баракчама конок болуптур. Анын алдына алып отурган баласы сенин көчүрмөң экен. Ошондон эле мага конок болгон сулуу аял өмүрлөшүң экенин билгем. Мен да анын баракчасына саякаттап силердин бактылуу ирмемдерди карап чыктым. Сен бактылуу экенсиң. Анан эле инимдин тою болуп калды. Келиним аялыңа абдан окшош экен. Аны көрүп эле келинчек сенин балдызың болбоду бекен деген ой келип өткөн күнүмө саякаттап кетип атпаймынбы.

 

***

 

Кийин келинимден сурасам, анын сендей жездеси жок экен…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️