Сүйүмкан

https://kyrgyzcha.site/?p=43019&preview=true Кызыктуу окуялар.

Түнү менен көзү илинбей түйшөлүп чыккан Сүйүмкан таң сүрүлүп баратканда уктап кетти. Түшүнө дагы Жоомарт кирди. Бир кездегисиндей күнөөлүү карап, “үн катып ийбегей эле” дегенсип үй ичинде кыбырап ар нерсе кылып жүрүптүр. Түшүнөн чочуп ойгонгон аял көзүн ачып эле маңдайында илинип турган жолдошу Жоомарт экөөнүн сүрөтүнө кадала калды. Бул сүрөт ар дайым тээ алыста калган жаш кездерин, экөөнүн тең солкулдап турган жалын кезин эске салат. Таң алдындагы түшүн улагансып жаңы бүлө болушкан ысык кездерин эскертип турган бул сүрөт Сүйүмканды кырк жыл артта калган жашоосуна жетелеп кетти.

***

Айылдан ата-энесинин, бир туугандарынын ишеничин жүктөнүп келип, ошого жараша жакшы окуу жайга окуп калып кубанып жүргөн кыз болочок жарын ошол эле жылы ушул эле өзү окуган окуу жайдан тапкан. Келбети келишимдүү, басканынан эле өзүнө ишенген жан экендиги байкалып турган Жоомарт сынак тапшыруу учурунда эле өзүн шынаарлап калганын кыз билген эмес. Шаар жашоосуна көнүп, окууну өздөштүрүп калган кезинде ал жигит жолун тороп калчу болду. Башында асман-айга секиргени менен жанын койбой ээрчип, ар бир ээрчиген күнүндө жакшы сөзүн жаадыра берген жигитке кыз акыры жибип кетти. Жыл айланбай экөө мурункудай кубалашып, ээрчишип жай баскан татынакай жупка айланып калышты. Анан алгачкы курсту аяктаган эле жылы жигиттин курчтугу менен баш кошуп чоң турмушка бет алышты. Жаштардын жаңы жашоосу бир орус кемпирдин үйүндө ысык башталды. Ал кезде экөөнүн тең ата-энелери тирүү эле. Студенттер болушса деп кезек менен азык-түлүк салышып курсактары ач калган жок. Ошентип жүрүп окуу жайды аякташкан соң Жоомарт дароо эле аспирантурага тапшырды. Сүйүмкан үчүн бул маал кыйла опурталдуу кез болду. Себеби аспиранттын тапкан азыраак тыйыны эч нерсеге жетпейт. Арийне, бул маалда эки балалуу болушуп баштары да көбөйүп калган. Ал эми ата-эне колундагысын салганынан жазбаганы менен мурункусунан сээлдеп калган эле. Сурануу эки балага эне-ата болгон адамдар үчүн ыңгайсыз да эмеспи. Аргасыз Сүйүмкан күйөөсүнүн ийгиликтүү бүтүп алышы үчүн эки жерде иштеп акча таап, жанын карч уруп, мындай турмуштан тажап кеткенинде “аз калды, эми Жокем өзү багат бизди. Кой, жаман аялча тырчыңдабай чыдайын” деп өзүн-өзү сооротуп жашап келди. Ырас, Сүйүмкан жаңылбаптыр. Ал кез да өтүп кетти. Өздөрү менен өздөрү көбөйүп бапыраган бүлөгө айланышты. Күйөөсү – кандидат, кадыр-баркы да кыйла жогору инсан. Анан турмуштун жаңы барагы ачылды. Жашооң кургур десе, Сүйүмкан сулуу жашоосунда андай жаңы барак ачылганын качан ал барак булганып, кирдеп калганда билди, бир жаманы… Бирок анын баарын аялдык артыкчылыктары менен тазартып кирдеген баракты аппак кылып койду, акылман аял.

***

Жогорку окуу жайда иштөө деген оңой бекен. Жоомарт күн сайын эрте кетет, кеч келет. Келип жумушунан чарчаганынан балдарын карап, аларды колго алганга дарманы келбей тескери карап жатып уктап калат. Анан кайра таң менен баягы көрүнүш кайталанат. Ал түндө Сүйүмкан чыкыйтып камдап койгон кийимди кийип, андан биринчи туруп дасторконду жайнатып күтүп турган Сүйүмкандын ысык тамагын ичкенче опулдап аны-муну тапшырган болот да, жөнөп кетет. Күн бою келин күйөөсү айтып кеткен аздыр-көптүр иштерди бүтүрүп, ал арада балдарын карап, ичинен күйөөсүнүн үй бетин көрбөгөн жумушу үчүн аны аяп өзүнчө кабатырланат. Мунун баарынан куткарып келинди кубандырган бир нерсе бар. Бул эч кимде жок маркадагы сонун машинени Жоомарт ушинтип ак эмгек менен жүрүп элден мурун алып койду. Анысы үчүн күйөөсүнүн тааныштардын арасында кадыры арта түшкөнүн ойлогондо келин андан жаркырай түшөт.

Ушинтип өзү менен өзү ой бөлүшүп кубанып турган бир күнү жакын сырдаш курбусу келди. Эмнегедир кабагы бүркөө. Кепти чукул баштады да, бир маалда:

– Ай, Сүйүмкан, күйөөңө бир көз салып койбойсуңбу? Эч кимди көзгө илбей калды. Күн ара бир кызды машинесине салып алып же кинодо, же ресторанда жүрөт, — деп бакыйта айтып салды.

Келин башка чапкандай нес болсо да муну “жалган болсо керек, ушак болсо керек” деген ойдон кайткан жок. Күйөөсү ошол күнү да кеч келди. Күндүзгү жаңылыктан ооз ачпады. Ага карап “баары жайында жакшынакай эле турат” деп санаасын басып койду. Андан кийин чын эле Жоомарттын мурда анда-санда бир айтчу “баланчанын диссертациясын жууп”, “конференция узакка созулуп”, “ректордо кечке кармалып” деген кептери баттан кайталана баштады. Бир жагынан ушул кептер келиндин тынчын алса, экинчи жагынан ишенген курбусунун “көзүңдү ач, сени сыйлаганым үчүн бар чындыкты айтып келип атам” деген сөзү аны тереңден ойлонто баштады.

Келин бир күнү “мындан эмнем кетмек эле” деди да, күйөөсүн бир ирет текшерип көрмөк болду. Анын иши бүтөр маалды болжоп жумушу тарапка такси менен барып күтүп турду. Көп зарыктырбай Жоомарт балпая басып келип машинесин эми гана от алдырары менен ал чыккан эшиктен татынакай бир келин чыгып түз эле Жоомарттын унаасына карай басты. Деги эле элпек жетип, чочуркабастан машинеге жай алары менен унаа зуу койду. Сүйүмкан отурган такси алардын изин кубалады. Жалган деп күткөнү чын чыкканына чычалап, ичи ачышып, ачуусу ашынып турса дагы келин адаттагысындай сабырына бек турду. Алар токтогон ресторандын тушуна таксини токтотуп, акысын төлөп узатып жиберди да, тигилердин артынан кирип окчунураак жерден жай алды. Сылык ийилген официант кызга жолдошун күтүп жаткан түр кылып бир чашка кофени жайбаракат уурттап, татып отура берди. Көз кыйыгы менен капталындагыларга карайт. Дасторкон заматта жайнап, көбүрүп-жабырып шампан атылды. Күйөөсүнүн деги эле шашып коёр түрү жок. Бир-эки рюмкадан көтөрүлгөн соң Жоомарттын бапылдаган үнү басылбай, келиндин шыңкылдаган күлкүсү күчөдү. Ичине от ойноп калары менен чачылып калмай адаты кармаган Жоомарт дасторкон үстүн жаңыртмак болуп официантты чакырып бери бурула берип таштай катып калды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, алдында мелтиреп Сүйүмкан отурат. Шарт тура калган олбур дене акырын ылдыйлап көчүк басып калды. “Азыр келип келиндин абийирин төгүп, мени андан бетер уят кылат” дегенден башканы ойлогон жок. Бирок кофенин акчасын төлөгөн Сүйүмкан ордунан жай туруп сыртка чыгып кетти. Жоомарт эми кайдан тынч алсын. Шашкалактай келинди жайына жеткирип коюп, дүкүлдөгөн жүрөгүн баса албай үйүнө бет алды. Өзү курган үйгө, өз бүлөсү бапыраган жайга заматта чоочун болуп ууру мышыкча акырын эшик ачты. Сүйүмкан тосуп алды. “Эмне десе да угайын” дегендей башын жерге салып турду. Келин эч нерсе болбогондой күйөөсүнүн костюмун чечип көнгөн жерине илип койду да:

– Ашканада баары даяр. Тамактанып ал, — деп башка бөлмөгө кирип кетти. Балдары болсо эч нерседен бейкапар. Бири сабагын окуп, бири ойноп, бири “аталап” эркелеп коёт. Балдар уктагандан кийинки Сүйүмкандын ачуу тилин кантип басам деген ойдон санааркап турган, бирок тынч. Сүйүмкан төшөгүн да бөлбөстөн жакшынакай жатат. Эми Жоомарттын оюн эртеңки күн бузуп тынчын ала баштады. Эртең Сүйүмкан жетекчиликке барып арызданып, кесиптештеримдин алдында абийиримди айрандай төгөт деп ойлоду. Жок, эртеси да тынч өттү. Сүйүмкан окуу жайга келген жок. Бир жума бою күткөнүндөй ызы-чуунун болбогону, Сүйүмкандын бир калыптан жазбай жүрүшү Жоомарттын тынчын мурдагыдан бетер кетирип, айласын мурдагыдан да түгөттү. Тим эле кадимки табышмактуу чоочун дүйнөгө түшүп калгандай деңдароо болду. Жары кабагым-кашым дебей балдары менен жайдары сүйлөшүп, жаркылдап болгон ишин кылып жүрөт. Бир гана күйөөсүнө ооз ачпайт. Өзү баягыдай эле күн сайын түптүз үтүктөлгөн ак көйнөк, костюмун жонуна салып ишке жөнөйт да, жумуштан түптүз үйгө келет. Тамагы даяр, төшөгү салынуу. Уяттын күчүнөн Сүйүмканга батынып кечирим суроого да дарманы келбеди, кургандын. Эми анын болгон амалы ушул болду: Сүйүмкан короого чыгып чака кармаса колунда күрөк даяр, Сүйүмкан базарга барса азык-түлүктү жонуна болсо да көтөрүп келет, Сүйүмкан кир жууса күн бою суу ташыгандан чарчабайт, Сүйүмкан үй шыпырса эзели колуна төшөк аттуу көтөрүп көрбөгөн Жоомарт палас, килемдерди тарсылдата күбүй калат. Ал эми чакырылган жерге Сүйүмкансыз баспайт дагы, андан эрте барбайт дагы. Андай жерлерде Сүйүмкан сөз сүйлөсө жан дили менен коштоп, Сүйүмкан күлүп отурса тамагы жакшы аш болот.

***

Ушул бурулуш менен Жоомарт өзүнүн идеалдуу күйөөгө айланганын сезбей калды. Бирок бара-бара ушундай ээрчишкен эриш-аркак жашоо жанына жагып, жашоонун маңызын татып жаны жай алды. Убакыттын өтүшү менен Сүйүмкан да күйөөсүн кечирди. Минтип ынактыгынан жазбаган ата-эне балдарынын жакшылыгын, сыйын көрүп бактылуу жашашты. Бир арман — Жоомарттын өмүрү алтымыш ашпай калды.

***

Өткөн жашоосу ушундай бир ирмемдик эле эскерүүгө сыйып калганына, убакыттын тездиги, өмүрдүн кыскалыгына ичи ачышканы менен Сүйүмкан байбиче анын маңызы менен өткөнүнө тобо деди. Ордунан жай туруп жаштыгынын жакшы ирмемин сактап келе жаткан күйөөсү экөөнүн сүрөтүн жумшак алаканы менен аста сылап койду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️