Сүйүү

https://kyrgyzcha.site/?p=42992&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүздөн жолуктук, унчуга албай тиктеп турдум. Чачтарыңды ак аралап, мезгилдин талабына баш ийип, олуттуу тартып калыптырсың. Балбылдаган карегиңден от чачырап турчу эле, адамды чарчаңкы тиктеп, бардыгына кайдыгерсиң. Ооба, мен өз бактысын өзү тебелеген адамдын жүзүн көрүп турдум.

Ал күнү эжем үйгө төркүлөп келип калды. Ата-энем бар тапканын чачып, баласы үчүн аянбай баарын дастарконго коюп куда тосуп жатканбыз. Жездемди коштоп келиптирсиң. Кудалар ырдап-бийлеп той ортолоп калган. Эшиктен шашып кирип келген жеңем: “Бул чаканы бошотчу, ичеги жууганга керек болуп жатат”, — деп колума жугунду куюлган чаканы кармата салды. Сарайдын артындагы атайын казылган орго жугунду сууларды төкчүбүз. Ал жерге баргандан эригип сарайдан бурулуп эле жугундуну чачып жибердим .”Аа-ай!..” — деп ордуңдан тура калдың. Көрсө, тамеки чегип отурган сени байкабай жугундуну сага чачып жибериптирмин. Сен мени уруша албай же бери баса албай туруп калдың. Аңгыча жеңем: — “Ай, кыз, болбойсуңбу”, — деп артымдан жете келди. Менин эмне кылып жибергенимди билген жеңем: “Коку-уй, өлтүргөн турбайсыңбы”, — деп чуркаган бойдон үйгө кирип кетип, сага байкемдин кийимдеринен алып чыгып берди. Сен кийимдериңди алмаштырып, билмексен болуп сарайдын артынан чыгып келди. Той шааниси менен бизди эч ким деле байкаган жок. Аңгыча сыртта басып жүргөн жездемдин:

– Алмаз, эми эле башкача кийинип жүрдүң беле, эмне которунуп алдың?-деген сөзүн угуп калдым. Сен мени көз кыйыгың менен узата тиктеп туруп:

– Ушул эле кийим менен жүргөм, кайын журтуңа келсең эле көзүң башкача көрүп калабы?-деп күлүп калды. “Өх-х!” дедим ичимден. Бир маалда эжем: “Сен кыймылдасаң, кылым кошо козголот, эми эле жугунду чаканы сен көтөрүп бара жаттың беле, Алмаз тайгаланып жыгылып, кийимдеринин баары булганыптыр, жугундуну эл баспаган жайга төкпөйсүңбү?!” деп сүйлөнүп калды. Эжемдин урушканын укмаксан болуп чыгып кеттим.

Жолдун алыстыгына байланыштуу кудалар түнөп кетмей болушту. Баарына орун салынып, кудалар жаткандан кийин сыртка чыксам сен эшиктин алдында тамеки тартып туруптурсуң. Менин колумда чака бар эле.

– Абайла, карындашым, дагы бирөөнү киринтип салба,-деп күлүп калдың.

Пример HTML-страницы

– Сизди эле кайра киринтип койсомбу деп турам. — Жөн турбай мен дагы жооп узатып калдым.

– Токтосоң, таанышып алалы,- дедиң сен мени каруудан ала. Менин атым Алмаз.

– Жармагүл.

Менин тамаша жообума болгон дитиң менен каткырып күлүп жибердиң.

– Тамашакөй окшойсуң, ээ? Мейли, кандай болсоң дагы эптеп таанышып алдык.

– Бир аз тамаша айтып коймой жайым бар, Аяна,- дедим мен.

Дал ошол учурда эшик ачылып ичкериден жеңем чыга келди. Экөөбүз билмексен болуп эки бөлүнүп басып кеттик. Эртеси түшкө чейин кудалар конок болушуп, узаарыңарда терезеден карап турсам кимдир бирөөнү издегендей элеңдеп эки жагыңды карап жатыптырсың. Бир маалда жездем келип бир нерсе деп сүйлөп калды. Сен ошондо гана эсиңе келгендей селт этип рулга олтуруп жөнөп кеттиң.

Каникулум бүтүп шаарга келдим. Деканаттан чыгып бара жатсам группалашым Айнура алдымдан кубанычтуу чыкты.

– Аяна, бизге жаңы окутуучу келиптир. Азыр ошол агайдын сабагы экен. Укмуш сулуу, жапжаш! Буюрса, меники болот!-деди ишенимдүү. Мага Айнуранын мунусу жакпай:

– Кандай эле сулуу жигит же жаш агай болсо эле сеники боло берет, бизге да бир нерсе калтыр,-дедим какшыктай. Экөөбүз талашып-тартышып жатып аудиторияга келдик. Аңгыча эшиктен сен кирип келдиң. Көргөн көзүмө ишенбей тиктеп калыптырмын. Сен да мени тааныдың, бирок таанымаксан болуп койдуң. Сабагым бүтүп сыртка чыгып бара жатсам токтотуп калдың.

– Кандайсың, Жармагүл карындашым? Ырас, студенткам болуп калган турбайсыңбы, издеп убара болбойт экенмин.

– Мени издеп эмне кылмак элеңиз?

– Жөн эле… Шаарды жакшы билбей жатам.

– Мен сизге ошондо гид боломбу?

– Ошондой го дейм. Байкеңе жардам бербейсиңби?

– Чын жүрөктөн жардам берем.

Мына ошентип жакын болуп кеттик. Ашыкча кызганчаак, жөн жерден шекший берген жигитимди күтпөй, сени күтө берчү болдум. Жакындыгыбыз сүйүүгө айланып кетти. Бактылуу күндөрдүн бактылуу жандары болуп үч жыл жүрүптүрбүз. Бирок биздин сүйүүбүз андан ары узабады. Айнура каратып туруп эле сени менден тартып алды. Убакыт баарын дарылайт экен, азаптуу айлар жылга алмашып мендеги дил оорусу басаңдай баштаганда спортсмен жигитке турмушка чыктым. Кудайга шүгүр, жашообуз жаман эмес. Бирок жүрөгүмдүн тереңинде бир нерсе жетишпегендей сезиле берет. Ооба, ал сенсиң. Айнуранын азгырыгына түшүп кетпегениңде бардыгы башкача болмок. Кездешпесек, болгондо дагы жездемдин уулунун үйлөнүү тоюнан бактысыз жүзүңдү көрбөсөм болот эле. Бул тойго жалгыз келдиң. Жалгыздыгыңды, бактысыздыгыңды көрбөсөм болмок. Аттиң, бул турмуштун бири кем тура..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️