Пресс хата 17 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

17-болум.

 

Ушуларды коруп турган Рысбектин журогу опкоолжуп алды.Тундобу, же эки кун мурунбу, бул жерде — Володяга байланышкан бир окуянын болуп отконун сезиминде элдир-селдир болгоолоду. Ушул жерге коншулаш, бута атымдай жерде, дем алуу уйундо, жайкы эс алуу мезгили буткондон кийи, айлана-тегеректи тазалап, иретке келтируу жумуштарын жургузгон кишилер бар, билсе ошолор гана билет. Сурабаса болбойт. Тынч ала турган эмес. Жаны эле ушул ой башына кылт эткенде, ары жактатн ун чыгып калды. Коз кыйыгын салса, ушуерде жай бою кайыкчы болуп иштеген эки уландын бироосу – Жумай экен. Тамеки оозунан тушпогон, тили биртике чулдур, оргу-баргы суйлой берген улан болчу. Рысбекти коро сала кыйкырган ошол. Демейдеки, далыга чапкылап,ардеме- бирдемелерди суйлоп жатып алчу кейпи жок, урпойуп калыптыр.

 

-Эй, Рысбек! – деди, туз эле: — Сен тиги, Володяга келдинби?

 

-Ооба. Кайда кеткен ал. Эртеден бери кутуп олтурам. – Эми аны кутпой койсон болот. Милисалар алып кетишти аны. Ой-ий! — кулачын серпти Жумай: -Ой! Анын укмуш турбайбы тимеле! Бир чапты эле, учоо кулап тушту!

 

-Ким? Ким кулап тушту Жумай байке?

 

-Бостеринин балдары келген. Бешоо. Экоо машинеде олтурушкан, учоо бери басышты. Бостеринин менмин деген балдары. Менден сурашты: Жанакы кытайын кайда? — деп. Кызуу, баары тен. Бирдеме десем, таяк жей турганмын. Тенелген жокмун. Турлору бузук! Булар келатканда, Бостери титиреп, туруп берет да. Эки-учоосу кесилип барып келген.Тиякта, уйдун ичинде олтурат-дедим. Бас, корсотпойсунбу жол корсотуп?! -деп жанагы курсуйгон, Эркин дегени журот го,ошонусу желкеден алды мени. Эмне кылам, тенелемби, алдыга бастым… кирсем, Володя китеп окуп отуруптур. Сага кишилер келиптир — деп тигилер жакты корсоттум. Кел, келгиле?- деп, тура калды ордунан ал. Тигилер болсо, ай-буйга келбей эле, омуроолоп киришти: Эмне, боксерсунбу, каратистсинби? Кучунду королу, жур, эшикке чыгабыз. Володя кулуп, баш чайкап: Мен каратист эмесмин, аны силерге ким айтты? Мен жон эле, жай жургон кишимин, — дебаткан, бир оокумда, эмне болуп кеткенин да билбейм, карса-курс болуп кетти. Корсо, тиги, Эркин –Володянын эркине койбой суйроп киришиптир. Бироо жеткирген го сыягы: бир каратист ушул жээкте жашап журот деп. Намыстарына да тийип койгон окшойт. Алар да спортсмендер: бири боксер, экинчиси, жанагы Эркинчи — ал классикалык курош боюнча устат деп журушпойбу…

 

Анан эмне болду?

 

-Килейген учоо оюна коймок беле, сыртка суйропчыгышты. Тырмышса да болушпайт. Мен башында эле, качып чыккам сыртка. Тигилер болсо,демитип жатышат Володяны: Кана, корсотчу каратэнди? Сенин кандай каратистэкенинди королу? Кана, мен боксермун, муштап корчу? Муштап да корушту,кемсинтип, согуп, кордоп да ийишти.

 

-Володя эчтеке деген жокпу?

 

-Кулуп эле тура берди. Койгула? -деп коюп. Муштаса да,болгон жок. Буйтап коюп тура берди. Укмуш буйтайт экен! Тимеле, мышык быяктакалсын! Ошого да жиндери келишти окшойт тигилердин. Муштумдары даана тийбейжатты. Бир кезде, согуп-сагып киришти. Анан, билбейм, ону озгоро тушуптурВолодянын. Учоо дагы эле аны ортого алып, муштагылап, шакаба чегип жатышкан. Биркезде, карай салсам: Володя таптак секирип, тигилердин тобосунон ашып, четкечыгып кетти! Оозум ачылып эле калыптыр! Тимеле, куш болуп кетет турбайбы! ..антип-минткиче эле, жаткыра-жаткыра чаап салды учоону. Буту менен тептиби, колуменен урдубу — билген жокмун, иши кылса, тырайып эле жатып калышты. Анан ордуларынанзорго туруп, сенделип, машинесине тушуп кетишти. Талуу жерлерге урганбы, анысынким билсин, иши кылса, укмуш экен бул!

 

— Машиненде олтурган экоочу? Алар бери чыгышкан жокпу?

 

-Их-хи-хи! .. Аларбы? .. Биринчи:машинеден чыгып карап турушкан. Бир маалда, Володя тиги учоону жаткыра чапканда,машинесине кайра кире качышпадыбы… Машинесин алысыраак айдап, кутуп турушкан,тиги учоо эптеп туруп суйролушо жеткенден кийин кетишти го? Экинчи келишкенжок. Куп гана, эси-коонунон калгыс кылды бейм Володя! …

 

-Озу кайда кетти Володя?

 

-Айтпадымбы; милисалар алып кетишти деп. Бобик машинебар го – милисалардыкы? Ошону менен жээкке учоо келишти, бироо жай адамдайкийинген, экоо формачан. Володя жээкте олтурган, эски кайыктын устундо, эмнедеп суйлошкондорун уга алган жокмун, баарылап, уй жака басышкан. Володянынчабаданын которуп, озун артынан турткулоп, кайра чыгышты. Анан, билесинби? –коздорун алайтты Жумай: — Милисалар анын колдоруна кишен сала коюшуптур. Кинодогудай! Кылмышкерди кармаганда, ошентишет го, дал ошондой…

 

-Эмнеге?.. Эмнеге алып кетишти экен? -чебелектеп ийдиРысбек: -Тиги, уч кишини урган учунбу? Бирок, алар оздору тийишти да туурабы?

 

-Билбейм анысын… Тиги, таяк жегендер деле корунгондойболгон эмес. Бироо – мушташып жаткандарды алыстан коруп, телефон чалып койгонго сыягы. Билбейм, иши кылса… Машинеге салышты да, алып кетишти.

 

-Балким, келип калаар?.. – ишенимсиз угулду баланынуну озуно. Аргасы кеткенде айтылган соз окшоп калды. Чый-пыйы чыгып турат. Эмнекылса? Кимден кенеш сурайт?

 

-Эшикке кулпуну ким салган Жумай байке? — ушул суроонуберууго жарады бала.

 

-Кулпунубу? .. Билбейм… Илинип калыптыр го? Ээлерисалса керек. Кайыкчы бала. Кой, мен кеттим. Кайгырба малыш, келип калаар досун.Куноосу жок да. Кармап, сурап турушуп, анан, кое берип ийишет да. Балким, бугункечке келип калаар, — баланын кокурок ойугон оюн тушунгондой, жубата суйлодуЖумай.

 

Бала жалгыз калды жээкте. Узап бараткан Жумайдын тартайган арык боюн, шымынын багалектеринин жерге суйролуп, кумду шыпырыпбараткан илээнди кебетесин ээрчий карап, ийнинен тынып, улутуна туруп калды. Кунтуштон оогончо, жээктен жылган жок. Оюна койсо, кечке журо бермек,уйдогулордун издешээрин ойлоп, сонку ирет томсоргон кумдуу жээкти жалт тиктепалып, жолго тушту.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️