16-болум
Анан, эмне болду?
-Килейген учоо оюна коймок беле, сыртка суйроп чыгышты. Тырмышса да, болушпайт. Мен башында эле, качып чыккам сыртка. Тигилер болсо, демитип жатышат Володяны: «Кана, корсотчу каратэнди? Сенин кандай каратист экенинди королу? Кана, мен боксермун, муштап корчу?» Муштап да корушту, кемсинтип, согуп, кордоп да ийишти.
— Володя, эчтеке деген жокпу?
— Кулуп эле тура берди. «Койгула? » — деп коюп. Муштаса да, болгон жок. Буйтап коюп, тура берди. Укмуш буйтайт экен! Тимеле, мышык быякта калсын! Ошого да жиндери келишти окшойт тигилердин. Муштумдары даана тийбей жатты. Бир кезде, согуп-сагып киришти. Анан, билбейм, ону озгоро тушуптур Володянын. Учоо дагы эле аны ортого алып, муштагылап шакаба чегип жатышкан. Бир кезде, карай салсам: Володя таптак секирип, тигилердин тобосунон ашып, четке чыгып кетти! Оозум ачылып эле калыптыр! Тимеле, куш болуп кетет турбайбы! .. Антип-минткиче эле, жаткыра-жаткыра чаап салды учоону. Буту менен тептиби, колу менен урдубу — билген жокмун, иши кылса, тырайып эле жатып калышты: бири комкоросунон, анан,»охулап- ахылап» онтолоп, ордуларынан зорго туруп, сенделип, машинесине тушуп кетишти. Талуу жерлерге урганбы, анысын ким билсин, иши кылса, укмуш экен бул!
— Машинеде олтурган экоочу? Алар бери чыгышкан жокпу?
— Их-хи-хи! .. Аларбы? .. Биринчи: машинеден чыгып карап турушкан. Бир маалда, Володя тиги учоону жаткыра чапканда, машинесине кайра кире качышпадыбы. .. Машинесин алысыраак айдап, кутуп турушкан, тиги учоо эптеп туруп, суйролушо жеткенден кийин кетишти го? Экинчи келишкен жок. Куп гана, эси-коонунон калгыс кылды бейм! ..
— Озу кайда кетти Володя?
— Айтпадымбы; милисалар алып кетишти деп. «Бобик» машине бар го — милисалардыкы? Ошону менен жээкке учоо келишти, бироо жай адамдай кийинген, экоо формачан. Володя жээкте олтурган, эски кайыктын устундо, эмне деп суйлошкондорун уга алган жокмун, баарылап, уй жакка басышкан, Володянын чабаданын которуп, озун артынан турткулоп, кайра чыгышты. Ана, билесинби? — коздорун алайтты Жумай: — Милисалар анын колдоруна кишен сала коюшуптур. Кинодогудай! Кылмышкерди кармаганда ошентишет го, дал ошондой…
— Эмнеге?.. Эмнеге алып кетишти экен? — Чебелектеп ийди Рысбек: — Тиги, уч кишини урган учунбу? Бирок алар оздору тийишти да, туурабы?
— Билбейм анысын… Тиги, таяк жегендер деле корунгондой болгон эмес. Бироо — мушташып жаткандарды алыстан коруп, телефон чалып койгон го сыягы. Билбейм иши кылса… Машинеге салышты да, алып кетишти.
— Балким, келип калаар?.. — ишенимсиз угулду баланын уну озуно. Аргасы кеткенде айтылган соз окшоп калды. Чый-пыйы чыгып турат. Эмне кылса? Кимден кенеш сурайт?
— Эшикке кулпуну ким салган Жумай байке? — ушул суроону берууго жарады бала.
— Кулпунубу?.. Билбейм… Илинип калыптыр го? Ээлери салса керек. Кайыкчы бала. Кой, мен кеттим. Кайгырба малыш, келип калаар досун. Куноосу жок да. Кармап, сурап турушуп, анан, кое берип ийишет да. Балким, бугун кечке келип калаар, — баланын кокурок ойугон оюн тушунгондой, жубата суйлоду Жумай.
Бала жалгыз калды жээкте. Узап бараткан Жумайдын тартайган арык боюн, шымынын багалектеринин жерге суйролуп, кумду шыпырып бараткан илээнди кебетесин ээрчий карап, ийнинен тынып, улутуна туруп калды. Кун туштон оогончо, жээктен жылган жок. Оюна койсо, кечке журо бермек, уйдогулордун издешээрин ойлоп, сонку ирет томсоргон кумдуу жээкти «жалт» тиктеп алып, жолго тушту. Жалгыз таман жол менен жогорулай басып, дангыр кара жолду кесип отуп, бирликке кетчу чыйырга тушоордо — он жакта турган эки кабаттуу курулушка козу тушту. Ички иштер болуму. Астындагы аянтчада эки женил машине, бири-саргылт туско боелгон ГАИники. Формачан бироо сыртка башпагып, кайра ичкери кирди. Терезелери кунго чагылышат, болок курулушатардан эч нерсеси менен айырмаланбаган уй. Коркунучтуу эчтекеси деле жок. Володя байкесин ушул залалсыз корунгон эки кабат уйго алып кирип коюшсачы? Эмнеге камашмак эле? Кайсы куноосу учун?.. Балким, шашылыш зарыл иши чыгып, бир тарапка кетип журбосун7 Журогундо анын элесин жакын арада корчудой ой бар.
Бирок, ошол куну, андан кийинки кундордо да Володя келген жок.
Тан жарыгы айлана-тегеректи жаркыткан маалда, сокур кишидей болгон жалгыз терезеге жабышып, Рысбек комуттун ичинен козуно бирдеме илинтууго далалат кылды. Эки алаканын чекесинин кырына коюп калкалап, комуттун ичин карагычакты болбой, денеси дур эте жыйрылып, муздап алды. Комут бопбош.Мурун деле, анда кайсы жарытымдуу эмерек бар дейсин, арийне чала жыланач, сууга тушчу кийими менен тушкон сулуу кыздын суроту дубалда жок, кимдир бирооо жулуп таштагандай. Андан да, денени дурулдоткон: керебеттеги баш-аламандык болду. Матрац менен одеял тоголоктошкон тейде жерде жатат. Володянын кол чабаданы корунбойт. Астанада узук-кесик, айрылган бир нерсе жаткандай. Дааналап караса: жени айрылган, Володя жонуна салып журчу жука курмосу. Ушунусу озуно аябай жарашчу. Ийиндери чатырата керип, денесин корктуу, олбурлуу да корсотчу. Эми анысы болок-салак болуп айрылып жатат. Тигине? Суу куюлуп турчу ботолко тоголонуп жерде, темир табак антарылып жатат. Тинтуу, каракчылар келип талап-тоногондой кейпи бар бул комуттун. Башы ман болду баланын. Тегеренип, ошол арада журо берди. Кумдагы издерди карап коет. Бул жээкте бир эле Володяныкы дейсинби, издер эсепсиз, кол жээкке кимдер гана келип-кетпейт.
Бала тегеренип журуп, жакшылап байкаса; эшиктин туткасынан ойдо, сырткы бетинде карарган бир так журот. Колдун салааларынын тушкон изиндей.. кандын тагы ондуу. Колдору канжалап, кимдир бироолор болмого суйроп киргизээрде, жанталашып, салаасы менен мыкчый кармаган сыйкы. Кандын тагына караганда; салаалары жазылбай, саал бугулуп, эшикке таканчык кылып,мыкчыган кыймылга окшоп кетет.