Пресс хата 15 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

15-болум

 

Албетте. Ал оюмда турган. Кичине састумоолоп калганынан тим койдум бул жолу. Быйыл болбосо, эмки жолу келээр.

Биртике убакыттан кийин чок тушкон ата-бала ортого куржундан дасоромолго оролгон бышкан эт менен нанды алып чыгып, Абдымалик кыраатын келтирип, куран окуй баштады. Рысбек буга чейин атасынын эл ортосунда куран окуганын уккан эмес. Адатта, чон, же аш-той сыяктуу калк чогулган жерде уй муйуз тартып олтурушкан абышкалардын ичинен бироосу ун созуп, куран баштачу. Жамысы арабча окулган куран создоруно арбалгансып, дымырап отуруп угушат да, куран окуган киши алакан жаяары менен туп которо аны туурашып, анан, жуздоруно бата тартышат. Азыр да ошондой болду. Бирок, айланада казганактаган эл жок, бышкырынган кош ат, ата менен бала. Атасын туурап, куран сонунда Рысбек алакан жайып, жузуно бата тартты. Ата-энеси менен бир уйдо жатып, бир уйдо туруп, алардын кылык-жоруктарын ийне-жибине чейин билсе да, атасы экоо Рысбек эс тарткандан бери мынчалык сыр чечишип суйлошуп алыс жолго чыгышкан эмес. Андыктан кундо коруп жургон атасын эмес, болок кишини карагандай — таныркоо аралаш, эч ким соз менен чечмелеп айтып бере алгыс — баланын атага болгон боор толгосу тариздуу бир ыйык тамырдын журогундо козголо тушконун туюп, коздору жалжылдай, жароокер тиктеди. Шам-шум этип алышкандан кийин, ата-бала сапарын улашты. Арал жайлоосун коздой.

Мына ушул откон эки кун баланын козун мурунтан байкабай жургон коп нерселерге ачып койду. Жайдын толгон кези аяктап, эл жайлоодон малын айдап, тузго тушоор маалы чукулдап калса дагы — жашыл торлордун кооздугу, топудай-топудай боксо тооор, бийикте, кол жетпестей корунгон мунарыктаган улбул чокулар баланын ички ой-сезимдерин кытыгылап, колуна энсеп жургон кооз, мукабалуу китеби эми тийгендей коруп турган кооздуктан апкаарыган, суйунгон абалга туш болду.

Ушул тапта, Рысбек Володянын жанында болушун каалап кетти. Тоолордун аралыгындагы килемдей жайылган шибери белден буралган жашыл торлорду, таштан ташка жанчылып агып келген кок кашка тунук булакты корсо эмне дээр эле? Тамшанаар, суктануусун жашырбай. Же адатынча: «Кылымдардан бери иштелип чыккан жондом! Вот эта реакция!» деп салаар. Созсуз, алгыр куштай жылкычынын чеберчилигине тан бермек.. Азыр эмне кылыбатты экен? Адатындай, конугуулорду, машыгууларын аткарып бутуп, женил курмосун жонуна салып, кийинки кездерде байкалган адатына салып; колду мелтирей тиктеп, бирок аны озу корбой, ой санаасы талаалап безип, алда кайда жургондур.

Эки кун отуп, учунчу кунго караганда, жолго чыгышты ата-бала.

— Тан атпай тошогундон туруп кетибаттын, биерден да чуркап журдунбу? Артындан удаа эле чыксам, алда кайда кетип баратыпсын. ..- атасы эмелеки кебин жон салды эле айта салса да бала кызарып, онтойсуздана тушту. Жылкычысы, койчусу деле тан атпай турушат дечи. Кыргыз ошого конгон. Чакаларын кынгыратып, женелер туруп басат желедеги бээлерди коздой. Бышкырынып жаткан койлорун тегерене басып, койчу журот. Бирок, кундун мурду коруно электе, наркы-терки тызылдап жугургон баланын кыймылы тоолуктардын козуно оон корунушу ыктымал. Чыгыштын уруш искуствосу уралууу карапайым эл билип коюптурбу? Андыктан, Володя кеп кылган Улуу нурду туюп, аны кан тамырлары аркылуу жугуртуш учун коздон далдоо, коктудан чыга бериште борчук бар донкойуп жаткан — ошонун аркасына кетчу бала. Тонкочуктап онкобаш атабы, ийилип-чоюлабы, не ой-кырды тегеренип жугуробу — эрк озундо. » Сен ан-донду айланып отпой, тескерисинче озундогу эрктуулукту тарбиялоо учун тоскоолдуктарды бет ала жугур» — деп уйротчу Володя. Мына ошол тоскоолдуктар тоо арасында каалашынча. Туз жерден тыным албай жонго чуркап чыкты эле, журогу кабынан чыгып кетчудой тарсылдайт. Тоонун чобу сыйгалак, эки-уч ирет жерге кулап тушту. Ошончолук ожорлонуп, бирде донго чуркап чыкса, бирде томонго кудуп тушот. Томон карай зымырап, аткан октой тушуп баратканда; кун мурунтан ар кай тушка сайып койгон куурайларды эбин келтирип колунун кыры, билеги менен чаап сындырып, кай бирде жыгылып баратып, бут менен тээп отот. Жыланаяк да чуркап корду ой-кыр менен. Азапты корду бейм! Дуулдап куйуп тургансыйт тамандары. Муну да, Володя айткан. Канчалык адам жыланаяк коп журсо, анын сезуу жондомдуулугу, бышыктыгы осот. «Башын асманга карап, бутундун таманы жерге жыланаяк тийип турган маалда, сен антенна сыяктуусун, — дечу Володя: — кунду, абаны, жердин азыктандыруучу кубатын сезесин. Куч-кубатты ошолордон аласын».

 

Мына ошол себептуу, алиги создордон улам, атасы анын тан эртен мененки, бир караганда тири шумдук корунгон кыймылдарын андоостон байкап койгондой, Рысбектин кызара тушкону бекеринен эмес. Калп айтууну жашынан уйронбогон турпаты бул жолу да, жарым-жартылай болсо да чынын айтты:

— Чуркап журдум.

Атасы мунусуна кубаттангандай баш ийкеди.

— Машыга бер уулум. Ден-соолугу баланыкы; Чын болсо, ал ата-эненин кубанычы.

Инир талаш, Чолпон-Атанын четки кочосуно кирип барышты. Ой-боюна койсо, Рысбек ушул атчан турпаты менен кол жээкке, кайыктардын станциясы тушка тушуп барчудай. Бир тууган агасына карата болгон сагынчыдай сезимди туйду бала. Ылаажы жок, танды кутууго туура келет.

Эртеси… Урган таштай озун куштай женил сезген Рысбек уч кун корбогонго сагына тушкон жалгыз таман жолдо буттарынын учтары алма-телме жерге тийип, жээкти коздой жугуруп барат. Володя кеп кылган убакыт. Улуу нур ободон тушчу маал.

Куйугуп келаткан бала тык токтоду. Жээк жетимсиреп ээн. Володя бул маалда булчундарын туйулто жазып, жээктеги кумга жыланаяк издерин калтыра, машыгып журчу эмес беле? Жымжырт. Бир гана, колдун шарпасы. Баланын журогунун дикилдегени менен ун алышкансыйт: «шарп-шарп» , «дик-дик» . Бул эмнеси? Ооруп калдыбы? Рысбек оорулуу Володяны такыр коз алдына келтире албай койду. Жузунон, тула боюнан ден-соолуктун ашып-ташыган оту чачыраган жигитти сыркоо адам катарында элестетуу кыйын. Абдан кыйын.

Баланын журогу булкуп алды. Куду, бир боор болуп калган адамынын башына келген жамандыкты туйгандай. Балким, Володя байкеси ушул тапта кыйналып жатпасын? Рысбек коп ойлонуп отурбай Володя байыр алып турчу уй сымакка карай чуркады. Володя жатчу эшик бек. Чон кулпу салынып турат. Ушунча болуп, ушул ушул комутко кулпу салынып турганын биринчи корушу. Берки комут болсо, дайым кулптануу, аныкы белгилуу дечи: кайыктар сакталат. Келерки жайга чейин. Володяга эмне болду? Кийинчерээк, тунт болуп кетти эле… Балким, кетип калып журбосун? Бирок, баланын журогу болок ойду айтып турду: анын чон досу эч качан «кош-пешин» айтпай туруп, кетмек эмес. Ал андай адам эмес.

 

Тан жарыгы айлана-тегеректи жаркыткан маалда, сокур кишидей болгон жалгыз терезеге жабышып, Рысбек комуттун ичинен козуно бирдеме илинтууго далалат кылды. Эки алаканын чекесинин кырына коюп калкалап, комуттун ичин карагычакты болбой, денеси «дур» эте жыйрылып, муздап алды. Комут бопбош. Мурун деле, анда кайсы жарытымдуу эмерек бар дейсин, арийне, чала жыланач, сууга тушчу кийими менен тушкон сулуу кыздын суроту дубалда жок, кимдир бироо жулуп таштагандай. Андан да, денени дурулдоткон: керебеттеги баш-аламандык болду. Матрац менен одеял тоголоктошкон тейде жерде жатат. Володянын кол чабаданы корунбойт. Астанада узук-кесик, айрылган бир нерсе жаткандай. Дааналап караса: жени айрылган. Володя жонуна салып журчу жука курмосу. Ушунусу озуно аябай жарашчу. Ийиндерин чатырата керип, денесин корктуу, олбурлуу да корсотчу. Эми, анысы болок-салак болуп айрылып жатат. Тигине, суу куюлуп турчу ботолко тоголонуп жерде, темир табак антарылып жатат. Ыстыкан гана козго чалынбайт. Тинтуу, каракчылар келип талап-тоногондой кейпи бар бул комуттун. Башы ман болду баланын. Тегеренип, ошол арада журо берди. Кумдагы издерди карап коет. Бул жээкте бир эле Володяныкы дейсинби, издер эсепсиз, кол жээкке кимдер гана келип-кетпейт.

Бала тегеренип журуп, жакшылап байкаса; эшиктин туткасынан ойдо, сырткы бетинде карарган бир так журот. Колдун салааларынын тушкон изиндей. Кандын тагы ондуу. Колдору канжалап, кимдир-бироолор болмого суйроп киргизээрде, жанталашып, салаасы менен мыкчый кармаган сыйкы, кандын тагына караганда; салаалары жазылбай, саал бугулуп, эшикке таканчык кылып, мыкчыган кыймылга окшоп кетет.

Ушуларды коруп турган Рысбектин журогу опкоолжуп алды. Тундобу же, эки кун мурунбу, бул жерде — Володяга байланышкан бир окуянын болуп отконун сезиминде элдир-селдир болгоолоду. Ушул жерге коншулаш, бута атымдай жерде, дем алуу уйундо, жайкы эс алуу мезгили буткондон кийин, айлана-тегеректи тазалап, иретке келтируу жумуштарын жургузгон кишилер бар, билсе ошолор гана билет. Сурабаса болбойт. Тынч ала турган эмес. Жаны эле ушул ой башына «кылт» эткенде, ары жактан ун чыгып калды. Коз кыйыгын салса; ушуерде жай бою кайыкчы болуп иштеген эки уландын бироосу — Жумай экен.Тамеки оозунан тушпогон, тили биртике чулдур, оргу-баргы суйлой берген улан болчу. Рысбекти коро сала кыйкырган ошол. Демейдеки, далыга чапкылап, ардеме-бирдемелерди суйлоп жатып алчу кейпи жок, урпойуп калыптыр.

— Эй Рысбек! — деди, туз эле: — Сен, тиги, Володяга келдинби?

— Ооба. Кайда кеткен ал? Эртеден бери кутуп олтурам. — Эми, аны кутпой койсон болот. Милисалар алып кетишти аны. Ой-ий! — кулачын серпти Жумай: — Ой! Анын укмуш турбайбы, тимеле! Бир чапты эле, учоо кулап тушту!

— Ким? Ким кулап тушту Жумай байке?

— Бостеринин балдары келген. Бешоо. Экоо машинеде олтурушкан, учоо бери басышты. Бостеринин — менмин деген балдары. Менден сурашты: » Жанакы, кытайын кайда?» — деп. Кызуу, баары тен. Бирдеме десем, таяк жей турганмын. Тенелген жокмун. Турлору бузук! Булар келатканда, Бостери титиреп, туруп берет да. Эки-учоосу кесилип барып келген. » Тиякта, уйдун ичинде олтурат» — дедим. » Бас, корсотпойсунбу жол корсотуп?! » — деп жанагы курсуйгон. Эркин дегени журот го, ошонусу желкеден алды мени. Эмне кылам, тенелемби, алдыга бастым… Кирсем, Володя китеп окуп олтуруптур. «Сага кишилер келиптир» — деп, тигилер жакты корсоттум. «Кел, келгиле?» — деп тура калды ордунан ал. Тигилер болсо, ай-буйга келбей эле омуроолоп киришти: «Эмне, боксерсунбу, каратистсинби? Кучунду королу, жур эшикке чыгабыз». Володя кулуп, баш чайкап: «Мен каратист эмесмин, аны силерге ким айтты? Мен жон эле, жай жургон кишимин» — дебаткан, бир оокумда, эмне эмне болуп кеткенин да билбейм, «карса-курс» болуп кетти. Корсо тиги, Эркин — Володянын эркине койбой суйроп киришиптир. Бироо жеткирген го сыягы: бир каратист ушул жээкте жашап журот деп. Намыстарына да тийип койгон окшойт. Алар да спортсмендер: бири боксер, экинчиси, жанагы Эркинчи — ал классикалык курош боюнча устат деп журушпойбу…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️