Пресс хата 12 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

12-болум.

 

Эртерек тушпойбу жерге? Володя да корунбойт. «Эрте кел — жылдыздар суюла электе» — дебеди беле Эми, озу жок. Ой! Бул эмнеси? Жолборс келатат аны коздой!! ! Чен!….Володя! ….Ата!…Жолборс аны коздой жакын калды….Атыгул, сапсары коздорун коруп турат. Секирууго онтойлонгон дой. Темгил-темгил чаар жолборс. Кимдир бироо аны колтуктан алып чыгарып койгонсуп, карагайга жабышып алыптыр. Буттары колдору менен карагайдын жоон тулкусун айланта, бекем кучактап алган. Алаканы карагайдын согунун быдырын туят. Опоной эле турбайбы, ал деле Чен сыяктуу карагайга чыгып кетет экен.. Томонду караса журогу -шуу- дейт, жер алда кайда калыптыр. Алеки, саата кантип чыгып кетти экен? Эми, кантип тушот жерге? Жолборс алигече кетип калгандыр, же, дале айланчыктап, ушул жерде журобу?

Бала ойгонуп кетти. Капкарангы. Журогу -дук-дук- этет. Баш жагында бир нерсе чыкылдайт. Саат тура. Уктап калбайын деп, жатаарда баш жагына койуп албады беле. Жымжыртык. Саат канча болуп калды экен, аны коруш учун, туруп барып, жарыкты куйгузуш керек. Эринбей туруп барып, жарыкты куйгузот. Жымжырт. Терезе жак урул-бурул шооланып турган менен карангы. Атасы менен энеси торку комутто,андан бериде эки карындашы уктап жатышат.

Рысбек -шарт- алдырбай ордунан туруп барып, жарыкты куйгузду. Эки окшош жыгач керебет — бири биринен бир метирдей аралыкта коюлган. Там жакка такай коюлган керебетте он бир жаштагы иниси Тынычбек бышылдап уктап жатат. Куйгузулгон жарыктан козун жулжуйткон да жок. Туйбайт эчтекени. Уйкусу катуу. «Эх, Тыныч,меин кандай киши менен таанышканымды билсен?….и Тынычбек ага караганда — калбат.

 

Кечиримдуу. Озу болсо ашкере намыской, чыдамсыздыгы бар. Мына, азыр да моорой алдыргысы келбейт. Мактанганды нээти суйбосо да, эмне иш жасабасын, алдыда болууга тырышат. А, Тынычбек андан жаш кичуу болсо да, сабырдуу, эл катарында унчукпай журо берет. Муноозу аябагандай салмактуу.

Рысбек сааты карады. Торттон жети мунот отуптур. Жарыкты очуруп, беш-он муноттой карангыда козун ачып жата турат да, анан кийинет. Тигине спорттук шымы, кетасы. Беш мунотто, -шырт- алдырбай, карангыда сыйпалап, кийимдерин жоонуна салат да, сыртка чыгат. Анан, колду коздой -зуу- коёт.

Кечээ куну. Володя аттуу табышмактуу киши менен таанышканы онундогудой эмес , туш сыйяктуу сезилип кетет ага. Чын эле бугунтон тартып, -ушу- деген, кулакка сырдуу угулган Чыгыштын байыртадан келаткан урушу искусствосу менен машыгамбы?!

Рысбек журогундо кечетен баштап, озу мурун туйбаган, коп адамдарга белгисиз сырдуу дуйного бет алганына сыймыктанган сезим мелт-калт толуп турганын туйду.

Апасы уйдогулордон эн биринчи болуп турат. Туруп уй саайт. Чаканы эки тизесине кыпчып алып, кичинекей жапыз орундукка олтуруп, уйдун эмчектерин тарткылап кирет. Таныш дабыш:

 

Буусу которулгон жылуу, аппак суттун сыры чаканын ички бооруна исиркектене -шыр-шыр- чачыраганы. … Апасы торку уйдон туруп келатып, эки уулу жаткан болмону коз кыйыгы чалып калса — тун баласынын уйпаланып, ээсиз жаткан тошогун коруп, сестее тушоор бекен? Бирок, орундуктун жолонгучуно илинген спорттук кийимдердин жоктугун коруп, уулунун бул ирет кундогудон эрте туруп алып, кол жээкке чуркап кеткенин тушуноор. «Чакчайгандай болуп, тан атпай туруп алып эчаак чуркап кеткен турбайбы» -деген, кадимки энелик созун ачуусу жок айтаар.

Жылдыздар жыбырайт ободо. Алардын тарай турган туру жоктой. Кайра чет-четинен кошулуп, кобойуп бараткандай шекилдуу. Жайдын толуп турган мезгили болсо да, колдо тан эртен менен кечиндеси салкын. Бала ичиркене, аргасыздан ийиндерин кушура, оозун чон ача, эстеп алды. Конулу сергилен. «Эрте туруп алдымбы?» -деген ой кокурогун чымчылап турат. Бирок, ал ободогу сансыз жылдыздарды канчалык тиктебесин, бир тикке убакыттан кийин. Володя айткан: асмандын нур жаачу убакыттын жакындап келатканынан шексинбей турат. Карангылык менен жарыктын айкышкан курошу журуп жаткан мезгили азыр.

 

Бири жылуу ордунан козголгусу келбей, экинчиси аны кууп кетире албай….

Рысбек кен короонун аянтын кесип отуп, дарбазаны кыйчылдатпоого аракеттене, акырын кынай ачты. Томонтон, мал короодон уйдун моорогону… .»Менин турганымды сезип, моороп жатабы, же, озунчо элеби?» — саамга кулагын туро калган Рысбек кадамын илгери таштап, сырткка баш бакты. Кочо ээн, жымжырт.

Рысбек кокурогун толтура дем алды да, эки колун чыкканагынан буго, тизелерин бийик которо, буттарын женил таштап, томон карай чуркап жоноду.

Кол жээги. Баланын журогу кабынан чыгып кетуудой булкуду! Бир караан журот! Албетте, Володянын карааны…. Жузун обого караткан. Жа-ай дем алып, эки колун кокко созот. Алакандары жайылган. Салаалары бириндейт. Колдорун жай тушурот. Кээде еки колун бирдей тегиздикте, астыга тен катар созот. Демейдеги аткан октой ылдамдыкта эмес, жай, ишенимдуу. Асмандан жардам сурап аткандай бир туруп аянычтуу — колдорун тобосунон ашыра которгон кыймылдары менен. Бир туруп,колодон жасалгандай уютулган булчундары бужурлана болунуп, тан мына атаардагы сполой жалгыз жээкте турган турпаты уруш талаасында жеке калган жоокер сымак укмуштай корктуу да, табигаттын ажырагыс бир болукчо сыяктуу, аны менен аны менен журулушуп кеткендей кудиреттуу. !

 

Бири жылуу ордунан козголгусу келбей, экинчиси аны кууп кетире албай….

Рысбек кен короонун аянтын кесип отуп, дарбазаны кыйчылдатпоого аракеттене, акырын кынай ачты. Томонтон, мал короодон уйдун моорогону… .»Менин турганымды сезип, моороп жатабы, же, озунчо элеби?» — саамга кулагын туро калган Рысбек кадамын илгери таштап, сырткка баш бакты. Кочо ээн, жымжырт.

Рысбек кокурогун толтура дем алды да, эки колун чыкканагынан буго, тизелерин бийик которо, буттарын женил таштап, томон карай чуркап жоноду.

Кол жээги. Баланын журогу кабынан чыгып кетуудой булкуду! Бир караан журот! Албетте, Володянын карааны…. Жузун обого караткан. Жа-ай дем алып, эки колун кокко созот. Алакандары жайылган. Салаалары бириндейт. Колдорун жай тушурот. Кээде еки колун бирдей тегиздикте, астыга тен катар созот. Демейдеги аткан октой ылдамдыкта эмес, жай, ишенимдуу. Асмандан жардам сурап аткандай бир туруп аянычтуу — колдорун тобосунон ашыра которгон кыймылдары менен. Бир туруп,колодон жасалгандай уютулган булчундары бужурлана болунуп, тан мына атаардагы сполой жалгыз жээкте турган турпаты уруш талаасында жеке калган жоокер сымак укмуштай корктуу да, табигаттын ажырагыс бир болукчо сыяктуу, аны менен аны менен журулушуп кеткендей кудиреттуу. !

 

Муштумдарынды туйбо, чымырканба, булчун эттерин боош турсун жылуу агымдын денене кандай куйулуп кирип атканын сезип жатасынбы?

-Сезип жатам — аптыга айтты бала. Ал ушу маалда чын эле жылуу агымдын ар бир кан тамырчасын дирилдете, туш-тушка тарап баратканын туйган. Ал озун ушунчалык камгаттай женил сезди. Ал озунун жашап откон балалык омурундо мынчалык сырдуу, табышмактуу дуйного арбалган сыйкы бийик, женил, эркин сезген эмес. Алгач бир тундун ичинде муздай тушкон кол жээгинде кундун салкындыгын жынайлак тамандары сезген болсо, эми аны да сезбей калды. Жылуу агым салаларынан баштап, таманына чейин делоорутуп чуркап журду.

Устатын караса: он колун жогоруу которуп, сол колун бели менен бирдей тегиздикте кармап турат. Учуп бараткан каркыранын элесиндей., мойну алга созулган, эки канаты жайылган.

-Эми бери кел? -чакырды баланы Володя. Уну акырын чыкса да, дал усттатын унундой закым чыкты. Бул учурда, Улуу Кун Чыгыштан тан агарып, кундун озу жуз корсотпосо да, анын комускодо жаткан шооласы билинип калган чак.

-Улуу нурду туйдунбу, балакай?

-Туйдум.

-Эн негизгиси ошол керек. Дух менен денени — экоонтен ажырагыс байланышта бекемдоо….Эми, бери карап тур. Мен сага алгачкы сабактарын корсотойун ушунун. Кыймылдын байланыш аягы, аткарылышы, ошого жараша демди ичке алып, аны чыгаруу чеберчилиги, капилеттен сокку уруу — ушуларга назар буруу керек.

 

Адам — тао менен журулушуп кетсе ал, жогоркуу чеберчиликке жетишет, башкача айтканда, андан болок адам бул кыймылдарды кайталай албагандай аткаруу керек, себеби , ар бир адам озунчо турганда кайталангыс жан. Ошондой эле, кыймылдардын тездигине, жай куулонушуно, аялдашына озгочо конул бур. Анткени кыймылдын айолдоосу менен тездиги ташка тамга баскандай так болсун. Мындан болок беш багытты унутпа: колдорунду, буттарындын, тула боюндун кыймылын жана коздорунду, уруш абалынды. Коздорун колдорундун кыймылын байкайт, куч-кубат тамандарындан отуп, буттарына жетип, кыр аркан далын менен топтолуп келип, муштумун аркылуу зор куч менен алга серпилет. Угуп жатасынбы балакай?

Рысбек башын ийкеди. Андан козун албастан, жылмайуунун изи да жок , жузун ага буруп, созун улантты Володя..

 

Мен сага коп кылган шаолиндердин багыты боюнча ушунун озогундо — беш калып менен сегиз туру бар. Анын ичинде беш жаныбардын сырткы калыбын, ошондой эле ички ал-абалын кайталап уйронуу сыяктуу жолдору жатат. Алар: ажыдаар, жолборс, леопард, жылаан, анан турна. Ал эми сегиз ыкма эмнени тушундурот? Угуп тур:

1. «Ички аракет» (нэйгун) — машыгуунун учурунда денендин кайсы болугун болсо да, керек учурда бошондотуп чыйралтуу.

2. «Назарындын багыты» (инянь) — назарынды кашкойлууко , эрдикке, сабырдуулукка буруу.

3. «Сырткы ал — абал» (Вайгун) — дененин кыймылы менен ички дуйнодогу айкалыштыруу. Экоонун ортосундагы ажырым болбосо керек.

4. «Колдордун ыкмасы» (цюань) — Бир гана муштум менен эмес, мында алакан, алакандын кыры менен сокку беруу, озуно келаткан соккунун алдын алуу, болок тосуу, жана башкалар кирет. Машыгып киргенде, озун тушуносун.

5. «Буттардын кыймылы» (туй) — Буттар менен сокку беруу, аны тосуу.

 

6. -Кол салууда, ошондой эле коргонууда чыканак, ийин, тизе менен этин оорута кысуунун турлору колдонулат. Атандашындын таалуу жерлерин оорута, колдорун кайруу, байкоостон туткунга алгандай таптакыр аргасыз абалда калтыруу жолу менен жургузулот.

 

7. «Тупа бойдун кыймылы, багыт озгортуп жылуусу» (шеньбу). Уруш убагында денени ал-абалдын негизинен эки турдуу болот.

Жылып жургондо — желге ыргалган чоптой ийкемдуу, соккуну багыттаарда — аска таштай чын болуушу керек. Уруш ал абалында турганда кыймыл сенек болбой, ашыкча чымыркануунун кереги жок. Бул кучтту коротот, ошону менен бирге, ийкемдуулукту жоготот.

8. «Кыйкырыкты пайдалануу» (фашен юнци) — Уруш маалында кыйкырыкты пайдалануу бекеринен эмес. Ички теренден чыккан, анчалык ачуу, басан да эмес, кыйкырык атандашынды бир чети апкаартып, бир чети, соккунун кубаттуу, таамай урулушуна комок берилиши зарыл.

-Эми мындай кылалы — деди Володя, унун бийик чыгарып — Эн алгачкы ал-абалдан баштайлы. Туптуз, какайган боюнча тур. Буттарын бири-бирине кыналып турсун. Эки алаканынды бири-бирине бириктирип, манжаларындын учтары мурдундун учуна дал келгендей кыл. Коздорунду салааларындан айрыба. Тула боюн бошон абалда, башты туз карма, ийинин туптуз, тилиндин учу устунку тандайына кыскан тейиде, тиштерин бекем кысылуу, дем алуун жай кадимкисиндей. Кана? …Ото чымырканбай, дененди бошон карма.

 

Володя ашык эти жок кажарлуу, булчундуу буттарын эки жакка кенен талтайты да, эки колунун муштумдарын туйуп, манжаларын ойдо караткан калыбьында, эки субоосуно такап, урушка дайардангандай абалда турду. Капилеттен, анын колдору бирдей тегиздикте козго илешпеген кыймыл менен алга, ыргыткан таштай серпилип барып, мурунку ордуна коз ачып жумганча келди.

-Кордунбу? — сурады Володя.

-Кордум.

-Анда эмесе жасап корчу. Тартынба. Тартынчаактык — олдоксон жанылыштыктан болок эч нерсе алып келбейт. Буттарындын аралыгын кенен ал. Ии, ошондой…..Бутарындын манжалары жерди мыкчып турган абалда болсун. Бул сага кандайдыр бир абалда — жолборстун кейпин озуно синирууго комок берет. Бет алдында атандашын турат деп сез. Манжаларынды ойдо каратып, муштумдарынды туйуп, эки муштумдун ички кырлары менен.Кыймыл ото тез, так аткарлгандай болсун.

Кетик!

 

Рысбек Володянын айтканындай жасады: буттарын кенен талтайтып, коздорун бет алдына так кадап, муштумдарын туйулгон абалында алга серпип,кайра тез тартып алды.

Володя бугунчу ирет кулумсурой, башын чайкап койду:

-Шашып кеттин балакай… Саал ыргала туштун, байкадынбы? … Сокку берерде тула боюн уютулган коргошундай бекем болушу зарыл. Ал учун ички эркин ишенимдуу женишке ээ болорунан эч шексинбеген журоктуулукко ширелиш керек. Ички жана сырткы кыймылдын айкалуушусу деп ушуну айтат. Дагы бир байкаганым: демди туура оз убагында чыгардын, бирок соккун отоле кечигип калды. Ушуда мындай деп айтылат: «Тентайлашын соккунун кандайча тийгенин билбеш керек. Кыймылдын тездиги ушунчалык болушу керек, атаандашын аны корбой калышы ыктымал.Тушундунбу, балакай? Эч нерсе эмес. Чыдамкайлыгын, тырышчаактыгын болсо, баарын уйроносун…

Эми мен сага бир нече уруш ыкмаларын корсотойун. «Курмандыгын коздой атырылган жолборс» деп аталат. Жакшылап,карап тур.

Володя дароо олуттуу турго келди: кабагы туйулгон коздору тик, эриндери бекем кымтылган. Айланасындагыларды таптакыр унутуп койгондой. Женил шарпылдаган кол, уйкусунан ойгонуп, тоо башынан которулуп келаткан кун нурларынын ага кызыгы жоктой. Кунго куйгон, жаратылышынан кара тору, тынымсыз машыгуудан чыналган булчундуу денеси жаны аткан кун шооласына жаркырап чагылышат. Азыркы турпаты озу айткан жолборстун элесин козго тартат. Буттарынын аралыгы анчалык кенен эмес, колдун манжалары чала ачылып, бир туруп, ителги куштун тырмагындай сунулуп арбайган.Тез кыймыл: он кол менен кысып, сол алакан менен сокку!. «Жолборстун таманынын» соккусу ишке ашырылды.

 

Володя мындан болок адам оозу ачылып, та кала турган кыймылдарды биринин артынан бирин жасады. Коз кармап кала албаган «шарт-шурт» кыймылдар абаны тен жара токтоосуз кетет. Ана, турнанын канаттарын куулогон сымак, же, жылаандын жай гана башын ыргалтып туруп, капилеттен чокуп койгону, андан да кызык; Володянын-маймылдын кыймылдарын туураганы болду. Володя маймыл маймыл сыяктуу ийнин букуройто козго корунбогон душманынан коргонуунун аракетинде бирде онкобаш атып, тонкочуктап кетип, аласалып кетип атты. Рысбек ушул жерден чыдабай кулуп жиберди. Володя байкап калды. Дароо конуугулорду корсотуусун токтотуп, ойдо болду да, балага маани билдирбеген кыймылы менен жон салды баш ийкеп койду эле, Рысбек мостое тушту.Оюнда, тигини конулуно алып калдыбы деди эле,андай эмес экен; балага кайтадан кулумсурой тике карап, далысынан таптап койду: — Кызык бекен? ….Жанагы менин кийинки кыймылдарыма кулуп жатасынбы? Ал — маймылдын стили. Бул стиль кучтуу. Ийкемдуулукту, куулукту, тез ой жугуртууну, тездикти, укмуштай шамдагайлыкты талап кылат. Сыртынан караган кишиге кыймылдары кулкулуу корунгон менен чон даярдыгы бар атаандашы аны карап туруп эле коз жаздымынан кетирип, а тугул шаштысы кетип, женилууго учурашы ыктымал. Мында секирик, сальто, соккулардын багытын кескин озгортуу кенири колдонулат. маймыл стилинин бир озгочолугу: жерге кулап тушуп, онкобай атып жаткан учурунда деле, буттары, колдору менен кол салуусун уланта берет.

— А, сиз жанаа, колунузду жогору которуп, жылаандай койкондотуп жатпадынызбы? ал эмне стиль?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️