ПЛАН.
(ЭССЕ)
Ошол жылы да мурунку көп жылдардай “Москва” колхозунун эт планы толбой калды. Колхоз жетекчиси партиянын райондук комитетинин бюросунда малчылар менен жакшы иш жүргүзө албагын үчүн сөгүш алды. Бюронун чечими менен планды колхозчулардын эсебинен толтурууга ага бир апта убакыт беришти. Район борборунан жүзүндө кан-сөлү жок бозоруп чыккан райис түз эле конторуна келди. Ар бир айылды башкарган бригадирлерин жыйнады. Бюродо өзү кандай тил укса, бригаттарын да дал ошондой тилдеп кирди:
-Сөгүш, жолдош Кадырбек, сизге сөгүш, эӊ төмөнкү көрсөткүч сиздин айылда !!! Мага, райиске сөгүш алып берген силердин баарыӊарга сөгүш,сөгүш жана сөгүш! – Райис өзүн токтото албай, көкүрөгүн муштуму менен койгулап, бир канчасына оозеки сөгүштөрдү жарыялап жиберди. Анан бул ага аздык кылды шекилди, эми стол четинде каз-катар жер тиктеп отурган бригадирлерин четинен ата-жотолорун калтырбай сөгүп кирди. Сөгүшкө кулагы тунгандар үн-сөз жок райистин сүйлөп бүтүшүн күтүштү. Райис сөзүн так бүтүрдү:
— Ар бир колхозчудан бирден торпок, торпогу жоктор экиден майда жандык төгүш керек, үч күн ичинде жыйнап бүтүргүлө! Кимде ким бул чечимди бузса, убагында аткарбаса, өнүккөн социализмди курууга кыянаттык кылган адам катары жоопко тартам! – Райис төрдө илинип турган кызыл камчысын ачуусу менен жулкуп алды да, ар бир бригаттын маңдайына келип, азыркы эле айткан сөздөрүн камчысын кезеп, дагы бир ирет кайталады.
Колхоздун эт, жүн деген жыл сайын мамлекетке төгүүчү пландары колхоз малдарынын эсебинен кээде гана толуп калбаса, негизинен колхозчулардын жеке менчигине жыл сайын эле колун салышат. Адатта кеч күздө “Эт салыгыңды, жүн салыгыңды төлө” деп коркуткандар айылды каптап жөнөйт. Тил алчаак колхозчулар өздөрүнүн койлорунун жүнүн берип, койлору жок болсо анын ордуна бирөөдөн жүн карыз сурап араң кутулчу. Эт планы андан да жаман, бей-бечара колхозчулар арасында жылдап эт жебеген үй-бүлөлөр бар, бирок алар колхоздун эт планын толтурабыз деп коркутуп-үркүткөнүнөн жедеп айласы түгөнүп, жалгыз торпогун, же бирин -экин малын өзү жебей, ошол эт салыгына сактап коёт, анткени андан кутулууга мүмкүн эмес эле. Колхозчулардан торпок чогултчулар үймө- үй кыдырып, торпогу болобу, жалгыз эчкиси болобу машинеге жүктөп кете беришет. Бербей көр, милицияны ээрчите жүргөн бригат кантип коркутууну да билет эле. Мындайда колхоз активтери өзүнчө эле бир топ болуп алып, сүр-сөөлөт менен айылды аралап, үйлөргө баш багышат. Алар колхозчулардын короосуна өз короосуна кирип аткандай эле ээн эркин басып кирип барып, жандыктарынын ичинен семизин тандап ала беришет.
Быйыл да торпок алчулар Кадырбек бригат башкарган айылга таң эртең келип калышты. Алар эт планын толтурууну айылдын кире беришиндеги Токтожан кемпирдин үйүнөн баштады. Кемпир жыл сайын бир торпокту өлүмтүгүмө деп короосуна байлап багып, өзү жебесе да бу торпокко жем таап берчү. Кемпирдин эттин даамын татпаганына көп болду, ага да ыраазы. Өлүгү адам сымал сый-урмат менен көмүлсө экен. Жалгыз бой кемпир өлүп калсам айылдаштарымдын алдында уят болбоюн деп чүпүрөк-чапырагын сандыгына толтуруп, соё турган согумун короосуна байлап, бу кексе адам ажалга даяр жүрчү. Бирок жыл сайын кеч күздө, кемпирдин чоңоюп, семирип калган торпогун колхоздун эт салыгына деп алып кетип калышат. Кемпир ыйлап-сыктап, келээрки жылга чейин кудайдан өзүнүн амандыгын тилеп, пенсиясын ичпей-жебей чогултуп, кайрадан кышта төрөлгөн музоодон сатып алып, аны дагы байлап, жетелеп бага баштайт. Жыл сайын кемпир торпогу торолуп калган күз мезгилинде кудайдан өлүм тилечү, торпок алчулар келчү кеч күзгө чейин өлүп калууну каалачу. Мына быйыл да кемпир эптеп жүрүп баккан торпогун колдон жулдуруп жатат. Кемпир жылдагыдан быйыл ачуулуу. Ызасы кайнап чыкты, ага береги турган райистен келген, чоочун шляпачан да көзүнө көрүнбөдү, жылдагыдай андан уялып, тартынып отурбады. Үйүнөн аш бычагын көтөрүп чыкты да бригаттын колуна карматты:
— Мени сой да, анан алып кет торпокту!,- Кемпир бүкчүйгөн бойдон мойнун тосуп бригаттын алдына тура калды. — Мен өлүп калсам көмгүдөйүм кошуналарым, айылдаштарым, алар эмнени союп мени узатышат, колхозуң менен комуран кал, эт планыңа мына мени сой да, этимди ал! — Кемпир демейде коркуп жүргөн бригатка адаттан тыш догурунду. Анын башка айласы жок эле, быйыл парканти жылдагыдай эмес, алы-күчтөн бөтөнчө тайып калды, кыштан чыгаар чыкпасы күмөн, көргөн түштөрү да акыркы маалда айнып …
Бригат адегенде ачуусу менен аны түртүп жибергиси келди. Шадылуу колдору менен кемпирдин ийининен мыжыкканда кымындай эти жок сүлдөрү калган кемпирдин сөөктөрү кычырап кеткенсиди, бригат чочуп, колунан бычагы ыргып, кемпирди жөлөп-таяп жерге араң отургузду. Кара шляпачан колхоз парторгу гана адатынча мисирейген калыбынан жазбай туруп, көзүн милийса тарапка бурду. Бул анын: “Мындай тартип бузуп жаткан адамга неге чара көрбөйсүң” дегени эле. Участкалык милиционер да бу эч кими жок карып кемпирдин акыбалын жакшы билчү, анын эки колун кайрып машинеге салганга батынбай турду. Бирок кантсе да бир кыймыл жасаш керек. Ал оозунан көбүгү чыгып кыйналып, оромолу башынан түшкөн кемпирди кепке тартмак болду:
— Эне, колхоз планын толтуруу ар бир колхозчунун милдети. Торпогуңузду бербеймин десеңиз жоопко тартыласыз…
— Камаймын дейсиңби, алпар ошол түрмөңө, ырас мени соё албайсыңарбы, алып кет! Торпогумду бербеймин, эмне кылсаңар ошол кылгыла!
Шляпачан эми үстү брезент менен жабылган мал ташыгыч машине тарапты карады. Бул “Кемпирдин торпогун жүктөй бергиле” деген белги эле. Келгендер заматта торпокту көптөп машинеге салышты да, эси оогончо булар менен алпурушкан кемпирдин дарбазасын бекем жапкан бойдон чыгып кетишти. Короодо үнү кудайга жеткен кемпир боздогон бойдон кала берди.
Торпок алчулар үчүн мындай көрүнүш кадим нерсеге айланган. Жыл сайын торпогун берип, бирок минтип бүгүнкүдөй жан талашпаган кемпирге быйыл эмне болду? Бир гана бригат ойлонуп калды: чын эле өлүп калса эмне болот?
Торпок алчулар кийинки короого кирип жаш аялмет бүлөнүн саап ичип отурган жалгыз эчкисин машинеге салышты. Бала эмизип отурган келин ооз ача алган жок. Айылдын эки көчөсүн аралаганда эле бир машинеге мал жык толду. Бу жүк машине айылга ошол күнү бир канча жолу келип кетти.“Москванын” эт планы толду.
“Булар эмне деген эт план, муну колхоздун чама-чаркына ылайыктап, азыраак кылып түзсө болбойбу, бу шагыраган малдар кимге, кайда барып эт болуп төгүлөт, муну кимдер жейт, булардын колхоз дүкөнүндө эзелим эт сатылбайт”- Кадырбек бригат ичинен ушул беймаза суроого баш катырганы менен аны эч кимден сурай албайт. Бул тууралуу ооз ачып көрсүнчү – коммунизмди куруу жолунда күжүрмөндүк менен иштеп жаткан колхозчуларга терс таасир көрсөткөн жетекчи катары аны эртең эле камап коюшат. Чынын айтса, жыл сайын үймө-үй жүрүп, айылдыктарына жаман көрүнүп торпок жыйнагандан өзү да тажап бүттү. Кадырбек бригат колхоз планын толтуруп, райистен кутулганы менен Токтожан кемпир эсинен кетпей койду. Эки бирдей азамат уулу согуштан кайтпай, бул аял өмүр бою кайгыдан карып кейпин кийип жашады. Азыр кемпир не акыбалда экен, өзүнө келди бекен? Андан кабар алгысы келди, бирок кантип барат, анын бетин кантип карайт, ага эмне деп көңүлүн жубатат…
Азыр эстеп көрсөм, эт планын толтуруу өнөктүгүндо да коррупция болгон экен. Сүр-сөөлөттүү торпок алчулар командасы мектеп директорунун, бригадирдин, звеновойдун жана дүкөнчүнүн үйүнө киришчү эмес.
ТОПЧУГУЛЬ ШАЙДУЛЛАЕВА.
1997-ж