Периштенин көз жашы 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 9 бөлүм

 

 

Калыс карыя бийик дарбазанын жанына келип, киргенге даай албай туруп калды. Ушунча жол басып келген соң кириш керек эле. Бак-шагы, короо-жайы жакшы каралган, чоң үй экен. Тапчанда эркек менен аял отуруптур. Кирип келген ак сакалчан жылдыздуу кишини карап туруп калышты.

– Ассалом алейкум,- деп үн сала салам берип Калыс ата тигилерге жакындады.

– Алейкум салам, келиңиз.

Ал-жай сурашып төргө отургузуп экөө тең таң кала тиктей беришти. Адашып келип калдыбы деген кыязда.

– Ии, алыс жолдон келе жаткан окшойсуз.

– Ысык-Көлдөн келе жатам. Алдыңыздарга бир ирет келип өтөлү десек, ушул дарбазадан киргизбей койгон экенсиздер. Арадан 11 жыл өтүп, кайра ушул жерге келип отурам. Мен кызыңар Асиянын күйөөсү Эрнистин жакын тууганы болом. Жубайым кайтыш болуп кудага мен келген эмесмин, бирок Эрнистин ата-энеси келишкен экен.

Асия! Эрнис! Бул үйдө бул ысымдардын айтылышына тыюу салынганына эчен жыл болду. Аял күйөөсүн коркуп тиктеп калды. Тигил болсо азыр бакырып жиберчүдөй абалда чыңалып турганын байкай койду.

– Тынч болуңуз, бул тууганы экен, эл сыйлаган адам экени көрүнүп турат,- деп шыбырай салды.

– Келген себебим…- деп баратып Калыс ата ойго чөмүлүп кетти.

– Жашым 78де. Бул жашта деле ден соолук болбой калат экен. Бирок көзүмдү жумуп келген себебим – бала. Силердин небереңер!

– Менин кызым да, неберем да жок!- деди Асиянын атасы. Сакалдары дирилдеп кетти. Кызын эстегенде көзүнүн жашы каканактап кетти. 5 уулдун арасында жалгыз өскөн, “жалгыз кызым, жалама тузум” деп эркелеткен кызы эле. Мектепти бүтө электе эле сөз айттыргандар көп болчу. Өзү “мен окуйм ” деп болбой туруп алганынан макул деп борборго жиберген. Эрнис менен ошол жактан табышып калып сүйүшүп, биринчи курсту бүтө электе эле баш кошуп алышкан экен. Аны да кийин билишти. Кудалар келгенде ичи күйгөн ата киргизбей койгону да чын. Кызы аркасынан жиберген кишилерге “мен калам, атам мага таарынбасын” деп койгон экен. Ошол боюнча кабар албай койгон. Кийин күйөөсү менен ажырашып, чет өлкөгө кеткенин билишти. Эми канча жыл өткөн соң…

– Антип айтпаңыз. Небереңизди бир көрсөңүз. Алла ар кимге эле ата болууну насип эте бербейт экен. Таята болушту дагы. Небереңиз Айдар бир айыл кеп кылган, акылы, күчү, зээни менен айырмаланган бала. Кызыңызга окшош. Тагдырды биз сурап албайт экенбиз. Атасы экинчи аялын капыстан өлтүрүп алып түрмөдө жатат, чоң энеси болсо өтүп кетти. Тырмактай бала эч кимиси жок калып балдар үйүнө өткөрүлдү. Мен алайын десем жакын туугандарына гана берилет экен. Ошончо жол басып мен бир үмүт менен келдим. Айдардай балдар төрөлө бербейт. Балдар үйүндө калса бузулуп жаман жолго түшүп же жаман тарбияга туш болот,- деди Калыс ата. Адамды уютуп, дилин жумшартып сүйлөй турган сапаты бар эле. Атасы ийге келгендей үн катпай калды. Апасы ыйлап жиберди.

– Кагылайын кызым, ай, эмне мынча жолуң татаал болдуң экен?

– Асиянын бир уулу бар экенин билчү белеңер?

– Ооба, бирок кароосуз калганын билген эмеспиз,- деди Асиянын апасы. Калыс ата ушул жерден болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.

ххх

– Ушундай татынакай балдарды кантип таштады экен, ээ? Балдар үйүнүн тарбиячысы улутунуп алды. Аруукенин уктаганда апакай бети нурданып, узун кирпиктери капкара болуп созулуп калар эле. Асмандагы периште жерге түшүп келип калгандай өзгөчө кыз болчу.

– Муну бат эле багып алышат. Көрөсүң го, бир айга да жетпей алып кетишет.

– Байкеси жанынан карыш жылбайт экен.

– Төшөккө сийип койгону эле болбосо сонун кыз бойтойгон.

Тарбиячылар ушинтип сүйлөшүп жатышты. Бир күнү короого чыгып ойноп жатышкан. Айдар бир нерсеге алаксып кеткен экен. Чырылдаган карындашынын үнүн угуп чуркап жетти. Тентек балдар анын үйдөн алып келген куурчагынын буту-колун жулуп салышкан экен. Каткырып шылдыңдап жатышыптыр. Жетип келген Айдар колуна тийген бирин бет талаштыра муштады.

– Эй, келесоо го могу,- деди жанындагы сары бала коркуп чегине берип.

– Эмне тиесиңер, ыя?- деди жулуна берген Айдар экинчисин ичке тээп. Тигил балдар жатып калганда үчүнчүсү качып жөнөдү. Чачы жулунуп жаткан куурчакты алып ыйлап жаткан карындашынын башынан сылады.

– Аруш, мына буларды өзүм кайра оңдоп берем.

– Абака…- муңкана жаштуу көзүн көтөрүп карай берген каректер Айдардын өмүр бою эсинде калды. Жамгырдан кийинки карагаттай жаштуу көздөр өзүнөн жардам сурап кайрылып турду. Бул көз караш эч бир убак көкүрөгүнөн өчпөй тургандай сакталып калды. Кичинекей денесин кучактай калып жүзүнөн өпкүлөп жиберди.

– Кетебиз, Аруш, аз калды кетебиз.

– Кайда?

– Билбейм, бирок бир жолун табабыз, бул жактан качабыз.

– Кетпе, абака, менин куурчагымды карачы, буту жок калды.

– Мен сага жаңысын сатып берем. Сен ыйлабачы, болгону сен ыйлаба. Мен…- байкаса, өзү дагы көзүнөн жаш агып бара жаткан экен. Шаша-буша сүртө салды. Чырмалыша кучакташып экөө балдар үйүнүн чет жагындагы бакта көпкө отурушту.

ххх

Ойноп жаткан балдардын арасынан четте турган кызга көзү түштү кишинин. Куурчагын бооруна кысып, колун оозуна салып туруптур. Жаңы эле ыйлап сооронгондой кебетеси жүрөгүн тешип кете жаздады. “Ушул кыз” деди жүрөгү. Элеп-желеп болуп кетти. Жанына барып сүйлөшкүсү келди. Бооруна кыса кучактап керек болсо ушул турган желден да коргогусу келди. Бирок өзүн токтотуп калды. Эч кимге билинбеши керек. Эч кимдин эсинде калбашы керек.

ххх

Калыс атасы келди. Айдар менен Аруукенин чоң атасы деп билип калышкан булар. Өзү менен кошо жайкы алмалардан ала келет.

– Калыс ата, бул жерде жашай албайбыз. Куду түрмөдөгүдөй. Эгерде атам чыкпаса мен Аруукени алып бул жерден качам,-деди Айдар.

– Шүк, ошол да болчу беле.

– Мен чыдабайм, Калыс ата.

– Мен сенин таята-таенеңе бардым. Баткенге барып келдим,- деди карыя аргасыз сырын ачып.

– Бул жерден качып кетсең алар сени кайдан табышат?

– Таятамбы?

– Ооба, апаңдын ата-энеси. Аларга баарын түшүндүрүп айттым.

– Анан?

– Бир аз чыдагыла, балам.

– Эмне дешти алар?

– Эч нерсе дешкен жок. Азырынча эч нерсе дешкен жок. Бирок алып кетишет. Сени да, Аруукени да алып кетишет.

– Алып кетпесечи…

– Айдар, эгерде алып кетпесе мен алам силерди.

– Сага беришпейт бизди,- деди баш чайкаган Айдар. Бул жактагы балдардан баарын билип калган эле. Балдар кимге берилет, мыйзам боюнча кимдер ала алат баарын билип бүтүшкөн экен, айтып беришкен. Бирок таята-таенең бар экен деген кепке көкүрөгү жибип турду. Чын эле, балким, алып кетишет, балким, апасы да табылып калар. Үмүт жылт этти.

Так ушул маалда Айдардын таята-таенесинин ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатты…

 

– Сен аны көрсөң дароо сенин кызың экенин сезмексиң. Сания, бул биздин кызыбыз.

– Мен түшүмдө колума куш кондуруп жатыптырмын, демек, бул кыз…

Телефондогу сүрөттү тиктеп турду. Тептегерек жаштуу көздөрү менен тиктеп турган наристе периштедей көрүндү. Дароо бооруна кыскысы келди. Бала деп зарлашкан экөө ийин тийиштире сүрөттү тиктеп турушту. Андан кийинкиси тез чечилди. Мурун эле документтери даярдалып коюлган эле, балдар үйүнүн директору менен иш чечилип калган болчу.

ххх

– Ал биздин каныбыз, Асиянын баласы, кантип сен ошол бала балдар үйүндө чоңоюшун каалайсың?- деди Айдардын таенеси.

– Мен аны кайсы бир аты-жыты жок кайсарга тийип ал деген эмесмин. Мына, биздин сөзүбүздү укпай тийип алды эле, баласы бир жакта, өзү экинчи жакта калды.

– Мен борборго барам, баары бир неберемди алып келем.

– Мен сага алып келбе деп жатамбы? Ушул жумуштар бүтсүн, чогуу барып алып келебиз.

Абышкасынын жумшарып калганына кубана түштүбү, аял чогуу барабыз дегенине дем байлай түштү. Күйөөсүн билет эле, дагы качан деп сураса кыжырланып кетиши мүмкүн болчу. Акырындап көндүрөм деп ойлоду. Бирок убакыт аз эле.

ххх

– Эч бир адам билбесин, атын да башкача которуп алабыз, чет өлкөгө алып кетип гипнозчу психологдор менен сүйлөшүп мурунку жашоосунун изин жоготобуз. Бул биздин кызыбыз болот! Канча убакыт өтсө өтсүн, бирок кыз тууралуу эч ким билбеши керек.

Кыргызстандагы аты белгилүү искусство адамы эле. Таасири, күчү бар болчу. Башын ийкегилеген балдар үйүнүн директору Аруукенин агасы бар экенин айта албады. Агасына жакын экенин, ал ар дайым агасынын жаагына колун коюп жатпаса уктабасын айтпады. Булар 10 жыл бою күткөн наристеси эле Арууке. Өздөрүнүн кызы 4 жашында каза болуп калып, андан кийин Саниянын боюна эч бүтпөй койгон. Үмүттөрү үзүлгөндө бала багып алууга чыгынышкан эле. Айдардын Аруукеси мына ушундай адамдардын колуна бармак.

Түндө уйкудан ойгонуп кетти Айдар. Чоң балдар өзүнчө бир корпуста, кичинекейлер өзүнчө корпуста жатышчу. Бутунун учу менен басып Аруукенин жанына келди. Ал төшөгүндө соксоюп отуруптур.

– Аруш, эмне болду.

– Абака…

Ыйламсыраган кыз төшөгүн көрсөтө берди. Түн ичинде дагы сийип койгон экен. Тарбиячыдан корксо керек, соксоюп отуруп алыптыр.

– Коркпо, азыр мен…

Айдар карындашын жерге түшүрө коюп, бош турган керебеттеги төшөк менен шейшепти алып карындашыныкына салып, тигилерди башка керебетке жыйып үстүн тегиздеп койду.

– Мына, эч ким билбей калды.

– Менин жаныма жатасыңбы?

– Бизди урушат көрүп калышса, андан көрө мен сен уктаганча отуруп турайын.

– Жатчы жаныма.

Айдар кыйбай кетти. Кичине керебетке батпаса да бүрүшүп Аруукенин жанына жатты. Ал адатынча колдорун бетине коюп кобурап койду.

– Биз үйгө кетебиз, ээ, абака,

– Кетебиз, аз калды.

Кучакташып жаткан бул түн экөөнүн тең чогуу болгон акыркы түнү эле. Экөө тең билишкен жок. Түн ичинде уктап калган карындашын жылуулап жаап жатып, чачтарынан сылап, маңдайынан өөп жатып да Айдар эч нерседен шек албады. Эртеси дароо Аруукеге бара турган болду эле улуу тарбиячы башка корпуска бир жумушка жиберип ийди. Тапшырган ишин бүтүп келе калса башкасы дагы бир ишке жумшады. Ошентип эки көзү төрт болуп жатып түштө араң Аруукенин тайпасына келди. Бардык балдар жүрөт, бир карындашы жок!

– Аруукени көрдүңөрбү?

– Жок.

Ийин куушурган баары көздөрүн ала качып ушул жоопту айтышты. Чымын-куюн болуп эки кабат имараттын баарын карап чыкты. Жок! Ансайын жүрөгү дүкүлдөп кетти. Директордун кабинетине атып кирди.

– Эже, Арууке жок!

– Аруукени багып ала турган ата-энеси алып кетти.

– Эмне-е?!

Оозу айттыбы, жүрөгү айттыбы, жердеби же асмандабы бала билбей турду. Көз алдындагы кабинеттеги бардык нерселер калкып кетти.

– Айдар, ишенип кой, Арууке үчүн бул жакшы. Бул жерде калганы туура эмес, анын аябай жакшы көргөн ата-энеси болот. Баарын сатып берет, жакшы тарбиялашат. Атаң азыр түрмөдөн чыкпайт, Айдар.

Директор көп сөздөрдү айтып жатты. Айдардын кулагына үзүл-кесил гана угулуп жатты. Эч нерсени ойлоно албады. Күп эте жыгылып кетти.

ххх

Көзүн ачканда бөлмөдө экен. Ак халатчандар жүрөт.

– Мына, өзүнө келди,- деди бири.

– Арууке кана?- деди. Тили батпай кеткенсип, тамагы кургап чыкты. Анын үмүттүү көздөрүн карап туруу мүмкүн эмес эле, көбү көзүн ала качышты. Жалгыз калтырып чыгып кетишти. Жалгыз калган бала шыпты тиктеп жата берди. Көздөрүнөн жаш куюлуп жатты. Кулагына атасынын “Кандай болсо да Аруукени жаныңдан чыгарба” деген үнү жаңырды. Чоң энесинин “карындашыңа көз бол, көлөкөм, жарык дүйнөдө экөөңдүн бири-бириңден башка эч кимиң жок” деген каргылданган үнү угулду. Апасынын башынан сылаган жумшак колдорун эстеди. Өзүнүн кыялдарын эстеди. Кунан чабышта байге алып, аттын алдына Аруукени өңөрүп алып айылдын көчөлөрүн аралап бараткан кыялын эстеди. Базарга барганда дайым чупа-чупс же сагыз сураган быйтыйган колдорду эстеди. Карындашын аркасына көтөрүп, эмгегине акча алган күнү чуркап келе жаткан талааны эстеди. Мунун баары эми болбойт!

– Аааа-аа!

Бакырып ыйлап жатты. Апасы кеткенде, чоң энеси өлгөндө, атасы түрмөгө түшкөндө да мынчалык жүрөгү күйүп, айласы кетип жаздыкты муштагылап ыйлабаса керек эле. Мынчалык муштумдай жүрөгү канабаса керек.

Бир жума бөлмөсүнөн чыккан жок, тамак да жарытылуу ичпеди. Күндөн-күнгө алы кетип, көзүнүн нуру өчүп бара жатты. Колуна Аруукенин куурчагын алып, терезени тиктеп отура берген адат тапты.

“Мен сени баары бир табам, Арууке. Чоңоюп эр жетейин, мен баары бир сени табам. Мен сени өлгүчө издесем да табам. Чоңойсом эле…” Анын жашоосу эми тек гана күтүүгө айланды. Өзү да билбей жашоодогу эң сабырдуу адамга, күткөндү билген адамга айланды.

ххх

– Сени директордун кабинетине чакырып жатат,- деди бир бала жүгүрүп келип. Айдар туруп көңүлсүз гана кадам шилтеди. Кабинетинде бир сакалчан киши жана жоолук салынган орто жаштардагы аял отуруптур.

– Кел, Айдар. Бул адамдар сага келишти?

– Магабы?

– Булар сенин апаңдын ата-энеси. Сенин таене-таятаң!

Айдар көздөрү жашылданган аялды, каштары түйүлгөн адамды тиктеп турду. Жөн гана тиктеп турду. Көкүрөгүнө эч бир жакындык сезилген жок. Айлар бою бул жолугушууну күтүп жүрсө да экөөнө кайдыгер гана тиктеп турду. Ата-эне да ичтен сыза беришти. Жашоону жашап койгондой, чарчаган, бардык адамдардан көңүлү калган көз караш менен тиктеп турган баладан бул кабинетте турган үчөө тең көздөрүн ала качышты. Өздөрүн күнөөлүү сезишти. 10 жаштагы бала минтип карабашы керек эле! Жадырап, жайнап, ишенип тиктеш керек болчу бул бала. Канаты сынып калган куштай илкип басып, араң баш ийкеп сүйлөбөшү керек эле. Таята менен таенеси алып кете турган болуп чечилгенде Калыс атасы да борборго келип калды. Айдарды көргөндө эси ооп отуруп калды. Көздөрү курч тиктеген, зээндүү, жароокер бала жалдырап калган экен..

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️