Периштенин көз жашы 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 8 бөлүм

Айдар баш көтөрүп эле бөбөгүн карады. Бул үйдөгү балдардан чочуганыбы, же чоочун үйдө корунганыбы бүрүшүп, куурчагын кармап агасынын бутунун үстүнө жатып алыптыр.
– Аруш?
– Абака, кетеличи,- деп ыйламсырап жиберди.
– Ыйлаба, үйгө кетебиз. Мен жакшы болуп калбадымбы.
Арууке көзүн бакырайта тиктеп турду да, агасынын моюнунан бекем кучактап алды.
– Сага бирөө тийиштиби?
– Жок.
– Эмне болду?
– Сен мени таштап кетпейсиңби?- деди тиги көзүн мөлтүрөтүп. Көз карашында ушунчалык сурануу бар эле, Айдар ыйлагысы келип кетти. Чымыркана тиштенип жашын араң токтотту. Алсырап турган эле, араң башын көтөрдү. Кыз өзүнчө сүйлөнө берди.
– Бул үйдөгү эже жаман экен, мени урушту. Балдары куурчагымдын чачын жулуп салышты. Мени “Арууке сийгек” дешти. Мен…
Айдар эптеп кийинип, төшөгүн жыйып, карындашын ээрчитип сыртка чыкты. Калыс атасы короодо отурган экен, сербейген экөөнү көрүп чочуп кетти.
– Айдар, сен кайда?
– Калыс ата, биз кетели. Арууке үйгө барам дейт.
– Сен али жакшы боло элексиң, бир аз күчүңө кир, анан кет. Эт алып келдим, эжең шорпо жасап жатат.
– Жок, биз үйгө баралы.
Канча айтса да көгөрүп туруп алды бала. Акыры экөөнү узата карап ойлонуп кала берди. Кечке маал тамагын ичип алып карыя сыртка жөнөп калды. Колтугунда бир нерсе катып алгандай.
– Ата, түндө кайда барасыз, жарыктык?
– Менби? Тиги Эрнистин балдарынын жанына. Айдар дагы деле жакшы боло элек.
– Бул эмне?- деди кызы дөмпөйүп турган атасынын күрмөсүн карап.
– Нан алдым, сен дагы тиги шорподон банкага куюп бере сал. Бир жилик этин да сал.
– Ата?
– Бол, кызым,- анын түшүнүксүз көз карашын байкабагандай атасы кесе сүйлөдү. Аргасыз тамагын куюп берип атасын жөнөтүп жиберди. Калыс атасы келгенде экөө кужулдашып бир нерсе кылып жатышкан экен. Карыяны көрүп экөөнүн тең кабагы күндөй жаркырап кетти.
– Сиз келдиңизби?
– Келдим, балам. Муну ысыгында ичип ала койгула. Эти да бар. Баса, силердикине жатайын деп келдим. Айдар, балам, сен өткөндө Курманбекти атасы Тейитбек сайып алган жерине келгенсиң. Тамак ичкенден кийин ошол жеринен уланталы.
Карыя өзү билбей балдардын дүйнөсүнө жакшылыктын үрөнүн себелеп жатты. Кийин чоңойгондо Айдар эчен жолу ушул карынын жакшылыктарын эстечү. Жамандык менен жакшылыктын, ак менен каранын, адилетсиздик менен теңсиздиктин ажырымын ушул ата үйрөттү ага. Жөн эле саймедиреп “мындай бол, тигиндей бол” деп сүйлөй берчү эмес. Өзүндө катып койгон китептерди алып келип окутуп, өзү угуп, Айдар түшүнбөй калган жерлерин жакшы түшүндүрүп берчү.
“Жакшылык кыл, балам, бирөөгө жакшылык кылгандан артык бакыт жок” дечү эле. Ошондо баланын дили өрттөнүп “атам эмнеге ушундай адам болбоду, атам эмнеге эч кимге жакшылык кылбай жашады?” деп ойлочу. Чоң адамдардын терс ойлору, амбициясы ал кезде көкүрөгүнө жат болчу. Чоңойгондо түшүндү, бирок анда деле дүйнөсү таза боюнча калды. Балким, дал ушул карыянын тарбиясынан ал көкүрөгү таза, күчтүү, бирок баары бир жаралуу болуп чоңойду.
ххх
Убакыт өтүп жатты. Тирүүлүк өз арабасын айланта берди. Ушул айланкөчөктүн ичинде кыргыздын бир айылында эки чүрпө да өз күнүн көрүп жатты. Алар эч кимге керек эмес болчу. Экөө да бири-биринен башка адамга муктаж болбогонго үйрөнүштү. Эч кимсиз жашап жатышкандарына 1 жыл болуп калды. Атасы калтырып кеткен сандыктагы акчанын аягына чыгып бара жатты. Айдар бул акча түгөнсө эмне кылуу керек деген санаага түшө баштады.
– Арууке, тынч турчу,- дейт ал бөбөгүнүн чачын өрүп жатып.
– Базардан мага эмне алып бересиң?- дейт тентек көзүн жылтылдатып. Анын көз карашына агасы туруштук бере албаарын билет сезимтал кыз.
– Билбейм, акчабызды үнөмдөшүбүз керек,- деди бала түнөрүп. Аны менен кыздын иши жок, күзгүнүн алдында шоктоно берди. Жини келип тарак менен башын нукуп койду эле, тиги башы жулунуп кеткенсип бакырып ыйлап калды. Кечке ыйлады. Көздөрү кызарып чыкканда гана араң токтоду.
– Эмне, эч нерсе алып бербейсиңби?
– Билбейм, Аруш, сен таарынбачы. Мен…
– Макул, сага таарынбайм. Эч нерсе алып бербе, бирок мага жиниңди келтирбечи, ээ?
– Макул.
10 жашында “эртең эмне болот?” деген түйшүктүн камына түштү бала.
ххх
Эрнис булуттарды тиктеп турду. Бул жакта жатканында жаз эле, эми кайра жаз келди. Айылы тоого жакын жайгашкандыктан, бул учурда жаан-чачын көп болчу эле. Кайра эле жүрөгүн тызылдаткан бушаймандык.
“Эмне болушту экен? Чоңоюп калышкандыр”. Айылдан достору, кээде Калыс карыя келет. Досторунан балдарын батынып сурай албайт, бирок карыя келгенде майда-чүйдөсүнө чейин сурайт. Сүрөттөрүн сурайт. Акыркы сүрөтүндө Аруукенин чачтары сербейип өсүп калыптыр, аны өрүп коюптур. Мөлтүрөп суроолуу караган каректерин көргөндө каны башына тээп кете тургандай сезилди. Айдар болсо кабагы салыңкы, бир нерсени ойлонуп тургандай санаалуу түшкөн экен.
– Жакшы турушат, кээде мен барып турам, кээде биздин үйгө келишет. Кам санаба,- дейт оозу бош Калыс атасы.
– Чыгам, буюрса, амнистияга илинип калармын. Эптеп ушул тордон чыксам…- деп кыжынып жатты Эрнис.
– Эмне кыласың?
– Балдарымдын жанынан чыкпайт элем. Ох, Калыс ата, акмак болдум мен. Мен аларды такыр жашоомдо жок деп ойлочумун. Жашоомдун маңызы эки балам экенин билгенимде ушул келесоолуктарды кылат белем? Асияга ыза болдум, өзүм аны кетирип, өкүнүчтөн андан башка эч нерсени көрбөй калдым. Арууке кантип төрөлгөнү эсимде жок, Айдар кантип чоңойду, эсимде жок, энем байкушка топурак сала албай калдым. Ушунун баары Асия үчүн болду. Ал болсо…
– Кабары жок. Төркүн жагынан деле эч ким билбейт,- деди карыя эмнени сурай турганын алдын ала билип.
– Ал тирүү эле, өлгөн болсо сезет элем. Бирок мен үчүн өлдү. Ал өлдү, бирок балдарым бар. Эптеп ушул жерден чыгып кетсем…
Куду капаска түшкөн жырткычтай айласыз эле. Ошол айласыздыгына да көнүп калбай ичинде дагы деле буркан-шаркан…
ххх
– Мага жумуш бериңизчи…
– Сен кипкичине баласың, колуңдан эмне келет?
– Суу сугарышам, кулак байлаганды билем.
– А мунуңду эмне кыласың?- деди тиги киши сексейип колун оозуна салып турган кызды карап.
– Отургузуп коём, ал ыйлабайт, байке.
– Талаадан келе жатканда кантесиңер? Араба келе жатканда башка нерсе жүктөйм. Үстүнө экөөңдү отургузуп койсом учуп кетсеңерчи.
– Жөө деле келебиз, жакын эле го.
– Мейли, ишемби күнү кел. Окууң бар да, ээ, сенин?
Эртеси түшкө тамагын алып, жанына карындашын ээрчитип алып арабага түшүп жөнөп калышты. Араба үстүндө бараткан кандай сонун?! Тиги киши элдик ырларды сызылта ырдайт экен. Ого бетер балдардын көңүлү ачылып, куду майрамга бараткандай жымыңдашып коёт. Аруукени чөмөлө жасап отургузуп коюшту. Кечке тызылдап чуркап кулак байлап, жан дили менен жардамдашкан балага ыраазы болдубу же аядыбы, иши бүткөндө тиги киши 500 сом кулагына кыстарып койду.
– Айыл жакын, чуркап жетип аласыңар. Мен башка жакка барам,- деди тиги киши.
– Рахмат, байке…
Айдар колундагы 500 сомду карап ишенип-ишенбей турду. Бул Айдардын биринчи жумушу, биринчи эмгек акысы эле. Көздөрү жайнаганычы…

Айдар колундагы акчаны сүйүнүп карап турду. Көрсө, болот экен да.
– Аруш, көрдүңбү, бул акча! Экөөбүздүн акчабыз.
– Ооба, биздики.
Арууке эч нерсени түшүнбөсө деле көздөрүн жадыратып агасы сүйүнсө кошо сүйүнө берди. Төш чөнтөгүнө акчасын салып, айылды көздөй чуркап жөнөштү. Бир аздан кийин эле бөбөгү чарчап калды.
– Кел, аркама мин.
Тырмышып агасынын аркасына минип экөө талаа аралап кетип бара жатышты. Өспүрүм тыпылдап жонундагы салмакты деле сезбей бара жатты. Жүзүнөн аккан тер тып-тып. Бирок уктап калган бөбөгүн ойготкусу келбей үйгө чейин чыдап алып келди. Аны акырын төшөгүнө жаткырды. Арууке уйкусурап колун агасынын коюнуна салды. Анын ушундай адаты бар. Жанына жатып, таноосунан чыккан жытын искеп жатып уктап кетти.
ххх
– Сен акмаксың, сага караганда карачы 10 жаштагы Айдар жаны тынбай жалданып иштеп жатат. Чычкандай богуң менен тең бала сенден жакшыраак оокат кылып жатат,- деди Калыс атанын кызы жалкоо күйөөсүн жемелеп.
– Турчу, эй, ары жакка жебиребей…
– Калппы? Сен мени алганы тырмактай дагы киреше алып келбедиң. Атамдын пенсиясын аңдып отурабыз. Атамдын үйүндө анын малын жеп, чарбагындагы мөмө-жемишти сатып оокат кылып келе жатабыз. Мен уялып бүттүм.
– Жоголчу ары, эр албай эптеп мага тийип алып…
Аял селдейе түштү. Эң эле талуу жерине тийди бул сөз. Урушканда мындан да жаман сөздөрдү айтчу эле, бирок бул сөз чучугуна жетти. Ушул деп баарынан кечкенине, күйөөсү жанын оорутканына чыдабай кетти. Туруп барып шкафтагы кийимдерин жыйнап туруп тигиге көзү менен эшикти көрсөттү.
– Эмне-е?- деди күйөөсү жаны чыга.
– Тур, чыгып кет. Менин үйүм, менин жайым, менин балдарым. Бул үйгө эч нерсеси жок келгенсиң, кийимдериңди ал да, чык.
– Эй, азыр мен сени,- ызырынып туруп келе жаткан күйөө негизи жүрөгү жок неме эле, жалтана түштү. Сыртка чыгып кетти.
“Чычкандай Айдар сенден жакшы оокат кылып жатат” деген сөз жанын куйкалап бара жатты. “Айдар, ээ?! Ошонун көзүн тазалайм! Бул айылдан жок кылам, силер сыймыктанган Айдарыңарды” деди өзүнө өзү.
ххх
– Бир жыл болду, балдар эч кимиси жок жашап жатышат. Силердин кызмат ушундай балдарды караш керекпи?- деп күпүлдөп жатты ал эртеси күнү райондун социалдык кызматкерлерине.
– Жакшылап түшүндүрүп айтыңызчы, кандайча эч кимиси жок?
– Апасын өлтүрүп салып атасы түрмөдө. Чоң энеси бакчу эле, оо дүйнөгө кетип калды. Менин кайнатам каралашып жүрөт, бирок ал картаң чалдын колунан эмне келмек?
– Макул, чара көрөбүз.
– Силердин милдетиңер бул, чара көргүлө,- деп күпүлдөп кетип калды ал.
Мүнөттүк ич күптүсү үчүн балдардын тагдырын талкалап жатканын эч сезбеди. Базарга барып мантыдан тоё жеп, айылына жол тартты. Бир жумадан кийин социалдык кызматкерлер келип, балдарды балдар үйүнө өткөрүп беришти.
ххх
– Калыс ата, эмне болду?- деди Эрнис дароо эле карыянын кебетесинен бир нерсе болгонун билип.
– Акмак, арсыз, келесоо…
– Ким?
– Күйөө балам.
– Эмне болду?
– Кызым экөө урушуп кетип балдардын жалгыз жашап жатышканын айтып коюптур, тигил ашкеби күйөө балам. Алып кетишти экөөнү,- деди демигип чыккан Калыс ата. Эрнис купкуу болуп кетти. Жүрөгүнүн түпкүрүндө ушундай нерсе болорун билген. Эң корккон нерсеси ушул эле. Шалдайып отуруп калды.
– Мен багып алам балдарды!- деди Калыс ата.
– Сизге беришпейт.
– Эмне кылуу керек?
– Эч нерсе. Биз эч нерсе кыла албайбыз,- деди үнү өчкөн Эрнис.
– Бир гана Асияда үмүт бар. Эптеп бир жолун таап аны тапканга аракет кылыңыз. Айдардын таята-таенеси Асия мага турмушка чыкканда “топурагымды түйүп бердим, батаны бузуп аркалыкка тийип кеттиң” деп катышпай коюшкан. Ошол боюнча кабарлары жок болуп кетти. Ата-энеси бар экенин кечээ жакында билдим. Асия Орусияга кетиптир, бир-эки жолу ата-энесине кабарлашып амандыгын билдирген экен. Кийин “Дубайга кетем” дептир. Ошол боюнча жылдар бою кабары жок имиш. Эч ким дайынын билбейт экен. Бирок ата-энеси тирүү дейт.
– Анан?
– Менин оюмча, алар менин түрмөдө экенимди, апамдын каза болгонун билишпейт. Небереси жалгыз калганын билсе алып кетишет. Сен аларды тап, Калыс ата. Балдарды сен ала албайсың, бирок таята-таенеси ала алат. Жүрөгү таптакыр таш болуп катып калбаса жалгыз кызынын баласын алышар, Айдар болсо эч качан Аруукени таштабайт. Демек, экөөнү тең алар алышы мүмкүн. Менин акылыма келгени ушул, Калыс ата.
– Атаң көрүнүн баласы, башынан эмне айткан жоксуң?
– Асия келет деп эле үмүт кыла бердим, ата. Ал аябай баласаак эле. Мени жек көрсө да баласын эч бир жамандыкка кыйбайт болчу. Мен ага ишенчү элем. Келген жок. Айла жок, эми анын ата-энесине барышыңыз керек.
– Болуптур, кана дарегин жаз.
Эрнис алакандай кагазга мээсиндеги даректи чиймелей калды.
– Атасы катуу киши дешкен. Апасына жолук, Калыс ата.
Эки эркек тең үмүт менен коштошушту.
ххх
Ош. Алыстан келгени билинген карыя автобустан түшүп эмне кыларын билбей туруп калды. Шуулдаган таксисттердин бири жанына келди.
– Такси алыңыз, ата.
– Алайын, баатыр. Сен биринчи мага ушул кагаздагы даректи бир түшүндүрүп бер.
Тигил алакандай кагазды карап туруп ийинин куушурду.
–Такси менен барганга акчаңыз жетеби Баткенге.
– Жок, кагылайын.
– Баткенге кете турган автобустарга алып барып коёюн анда.
– Шам-шум этип алсамбы дедим эле.
– Жүрүңүз, тамак ичкен жерге алып барайын.
Калыс ата чайханага келип чарчаңкы отуруп калды. Ойлор термеди. Кирип барганда кучактай моюнуна асылган Аруукени, жылмайып тосуп алган Айдарды эстеди. Экөө өз неберелериндей эле ысык болчу. Өмүр бою мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан карыя жан дүйнөсү балдарга жакын эле. Бирок ушул эки баланы ушунча жакшы көрүп калам деп ойлогон эмес. Эптеп тайларын тапса, бул иш бир ыңгай чечилсе деп санаа басып турду.
ххх
Балдар үйүнө келгенден бери Айдар тарбиячыларынан уруш жейт. Анткени жашына карап эки тайпага бөлгөнү менен, Аруукени дээрлик жанынан чыгарбайт. Кайда болсо экөө чогуу. Бала сымал ойноп да кетпеген бул балага таң калып бүтө алышпайт.
– Аруш, сен бир аз чыда, ээ, макулбу?- деди бала короого чыкканда.
– Биз үйгө качан кетебиз?
– Билбейм, бирок кетебиз.
– Бул жер мага жакпайт.
– Мага дагы. Бирок ыйлабай бир аз чыдасак Калыс ата келет. Ал мага атаңарга барып бир айласын табам деди.
– Атам да келеби?- деди кыз сүйүнө. Айдар анын сүйүнгөн жүзүн карап туруп түнөрө жооп берди.
– Келбейт ал.
– Эмнеге? Бизди жаман көрөбү?
– Жакшы эле көрөт, бирок келе албайт, Аруш.
– Биз бул жакта калып калбайбызбы, абака?
– Жок! Биз кетебиз. Эч болбоду дегенде сен экөөбүз качып кетебиз. Калыс атаны күтөлү, болбосо качабыз.
– Макул.
Кичинекейдин акылы деле жеткен жок. Агасы “качабыз, Аруш” дедиби, демек, бир нерсе ойлоп табат. Агасы аны эч качан таштабайт деген сокур ишеними бар эле кыздын. Бул ишеним анда өмүр бою жашады. Өзүнүн ишенимдүү колдо экенин ал бой жеткенде да сезчү. Бирок бул сезимдин үрөнүн ким сепкенин унутуп калган.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️