Периштенин көз жашы 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 11 бөлүм 

 

Көкүрөгүңдүн сол тарабында муштумдай эт бар. Жүрөк дешет аны. Мына ошол жүрөк азап чеккен абал жаман. Куду бирөөнүн карылуу колу келип мыжып-мыжып канын агызып жаткандай сезилет. Кайда качсаң да, жатсаң-турсаң кутула албайсың, мыжыгып турганы турган. Сен эркиндиктесиңби же түрмөдөсүңбү баары бир. Эрнис ошол абалда эле, ага оор келген нерсе жан дүйнөсүнүн түрмөсү болчу. Бир Айдарды көргөндө жылмаят, ичи жылыйт, ушундай уулу бар экенине сыймыктанат. Ата-бала чакан батирге чыгып алып тиричилигин башташты. Бир күнү үйдө отуруп Айдардын китеп-дептерлеринин арасынан бир нерселерди окуп калды. Арууке деп жазылган күндөлүк экен. Окуганга дааган жок. Арткы барактарында издөө планы жазылыптыр. Айдар сырттан кирип келип, атасы кармап турган күндөлүктү карап катып калды.

– Ата, мен…

– Бул эмне?- деди атасынын колдору калчылдай.

– Мен аны табам, ата.

– Сен менин жалгыз чырагымсың. Сенин жолуң бул эмес, уулум. Сенин окууң бар, чоң адам болосуң. Балдар үйүнө кызматкер болуп кирип, андан документтерди уурдап чыгуу эмне деген жорук? Детектив ойноюн деп чечтиңби?

– Ата, анан биз Аруукесиз кала беребизби, ансыз тамак жеп, ансыз уктап, ансыз жашообузду улантып, ал эмне болгонун эч билбей кала беребизби?

– Калбайбыз! Кызымды мен жоготтум. Өзүм издейм, сен буга киришпе. Бул менин кызымдын алдындагы аталык милдетим. Суранам сенден, мага буга укугуң жок дебе. Мен атамын, жаман болсом да атаңармын. Түштөн кийин келип алып эмнени коргогону жатат деп ойлойттурсуң.

– Жок, ата, антип ойлобойм.

– Мен өзүм издейм. Ошол жерге күзөтчү болуп мен орношом. Сен окууңду оку.

– Мен ушул жума модулдарымды тапшырып бүтөм. Башка иш издейин анда. Таятамдарга барып келишим керек, таенем менен таятам сагынды мени.

Эрнис үн катпай калды.

– Сен менин таятамдарга барып келгениме каршысыңбы?

– Жок, эмнеге каршы болоюн. Барсаң барып кел.

ххх

Айдардын келгенине абышка-кемпирдин сүйүнгөнү, ай. Айрыкча таятасы барбалаңдап катуу сүйүндү. Айдар атасына жолукса келбей коёт деп коркуп жүргөн окшобойбу.

– Атаң чыгыптыр. Кадыржан айтты.

– Ооба, азыр экөөбүз чогуу жашап жатабыз.

Абышка өз ойлору менен тунуп калды. Айдар ала келген базарлыгын таратып жатты. Бүт баарын унутпаптыр. Таенесине гүлдүү жоолук, таятасына жакшы телефон, балдарга таттуу, жеңелерине жоолук алып алган экен. Үй бака-шака түшүп шаңга толуп кетти. Айдар баарына көңүл бурганга жетишип, баарынын окууларын сурап отурду. Сыртты улам карап коёт, анткени көңүлүндө эки нерсе бар эле. Бирөө – атасы белек кылган жылкысы, экинчиси – бир кыз. Жеңелеринин бири тамашалап калды.

– Асан акенин кызы быйыл мектепти бүтөт. Сени сурап калчу болду.

– Айгеримби?- канчалык жашырайын десе болбой кабагы жарк этти. Аны үйдөгүлөрдүн баары сезип калышты.

– Жуучу жиберели, ыя, Айдарбай,- деп таякеси күлүп калды. Үйдөгүлөрдөн эптеп бошонуп жылкысына жетти.

– Кандайсың, жаныбарым, сагындыңбы мени?

Жылкы ээсин тааныгандай таноолорун дердеңдете окуранып койду.

– Кеттикпи экөөбүз?- деди Айдар шыбырай. Эли жык-жыйма шаардан эңсегени ушул эле. Чаап бара жатты. Шамал кулактарын дуулдата берди. Суу боюнан кызыл спорт күрмөсүн кийген кыздын карааны көрүндү. Айгеримби бул? Кайдан билди экен ал келгенин? Жүрөгү ыраазы болуп кетти.

– Айдар, сенби?

– Мен.

– Келдиңби?

Айдар жылмая берди. Жигиттин жылмайганы сонун болчу. Ааламдагы бардык жылуулукту чогултуп алып, кайра элге берип жаткандай, жылуу жылмаюу эле. Кыздын узун кирпиктери ирмелип, көздөрүнүн кычыктарына жаш келип кетти. Экөөнүн ортосунда эч бир сөз айтылган эмес, кыз-жигиттей жакындык да болгон эмес. Өспүрүм кезинен баштап бирин-бири алыстан карап, кээде саламдашып койгондоруна эле жүрөктөрү чымылдап кетчү. Кыз Айдар кеткенде гана анын бул айылда жок болгону өзү үчүн тозок экенин билди. Сагынса да телефонун алып байланышканга намысы жол бербеди. Мына эми өзү келип алдында турат. Деми билингендей жакын, жылмайганы көз алдында, кол сунса жетчүдөй аралыкта. Кыз алдыга кадам жасады. Бойлошо түшүштү. Айдар анын чачтарынан сылагысы келди, узун кирпиктүү бото көз кызга жакшы сөз айткысы келди. Бирок колун көтөрүп баратып шарт артка чегинди. Анан дагы бир кадам артка чегинди.

Кыз селдейе түштү.

– Ошо келдим мен. Таятамдарга учурашайын дедим. Сен чоң кыз болуп калыптырсың, Айгерим…

– Чоңойдум,- деди кыз ызалуу.

– Сен да шаардык болуп калыптырсың.

– Шаардык болбой эле турам.

– Чачтарыңды өстүрүп…

Кыз ичиндеги ызаны билдирбегенге аракет кылып жатты.

– Кел, отур. Сен дагы ушул күздө шаарга окууга барат эмессиңби, шаар тууралуу айтып берейин.

– Жок, мен Орусияга кетем. Апамдар

«таежеңдин жанына барып иштеп, кийинки жылы окууга тапшыр. Бишкекте эч бир таанышыбыз жок. Кимдин үйүндө жашамак элең?» дешти.

Эми Айдар селт эте түштү.

– Жок, болбойт. Мен өзүм окутам сени. Апаңа айт, эч нерседен кам санабасын. Мен жардам берем сага.

– Кандайча?

– Сен ага баш оорутпа, болгону республикалык тестке жакшы даярдан. Англис тилинен мен жардам берем. Москвага барбайсың!

– Бирок апам…

– Мен сүйлөшөм апаң менен, сен али кичинесиң. Окушуң керек, анан каалаган жагыңа барасың.

Эртеси Айдар кыздын апасына жолугуп, жардам бере турганын айтты, чечилди. Курч жигит болчу, ишенимдүү жигит эле. Андыктан апасы кубанып кабыл алды.

“Айдар акеңдин жанында эч нерседен капарсыз окуй бересиң. Кайда жашай турганыңды да чечип берет” деди кубана. Бир гана Айгерим түпөйүл болчу. Көз алдында саамайын сылайын деп баратып, көздөрү муздай түшүп артка чегинген Айдар бар эле.

ххх

Айдар Баткенден келип борбордогу элиталык аталган ресторандардын биринде иштеп калды. Келбеттүү, жүзү экрандан түшө калган актёрлордой жигитти сүйүнүп эле кабыл алышты. Ага кошумча бир нече тилде эркин сүйлөй алганы да жардамчы болду көрүнөт. Кирип келген жашы 50дөн ашкан эркек кишиге утурлай басты.

– Кош келдиңиздер.

– Рахмат, биз чалып алдын ала стол буйрутма кылдык эле.

– Канча адамга?

– Үч адамга.

– Жүрүңүз бул жакка.

Ага удаа эле жарашыктуу кийинген аял, аркасынан 15 жаштагы кыз кирди. Кыз сулуу болчу. Тептегерек көздөрү, узун кирпиктери ак жүзүнө жарашкан периштедей кыз эле. Айдар эркек кишини карап буйрутмаларды ала баштады. Эмнегедир кызга да, аялга да көз токтотуп караган жок. Аял бир нерсе деп айта турган болуп барып, официант жигитти тиктеп селдейе түштү.

– Суу сурадыңызбы?

– Ооба… ой, жок… мен…

Карбаластап кетти. Айдар дагы деле эч нерсени сезген жок. Тамактарды алып барып, ордуна кайтты.

– Бул адам ким билесиңби?- деди жанындагы жигит.

– Жок, кайдан билейин?

– Медиамагнат. Бир нече телеканалы, бир нече сайты бар. Өтө бай адам.

– Бул жерге жалаң эле байлар келет да, эмнеси таң калычтуу?

– Жөн эле айттым. Болгону мурун сендей, мендей эле болбогон бир сүрөтчү болгон экен.

– Хе-хе, биз дагы байып кетербиз деген үмүтпү?- деп Айдар күлүп койду. Кимдир бирөөнүн шыңгыр күлкүсү чыкты. Айдар күлкү чыккан жакка жалт карады. Бул Аруукенин күлкүсү болчу! Нечен жыл өтсө да эч бир унутулбаган тунук, шыңгыр күлкү эле. Минтип жалгыз гана Арууке күлө алчу. Көздөрүн тептегерек кылган төрт жашар Аруукесинин күлкүсү эле!..

 

Айдар бир саамга кайда турганын түшүнбөй калды. Үн чыккан жакка жалт бурулуп карап жиберди. Эч ким жок болчу. Эшикке чуркап чыкты. Көзүнө эч ким көрүнбөдү. Бир аздан кийин жанагы орто жаштагы адам келди да, аялына бул жер жакпай калгандыгын айтып буюртманын акчасын төлөп чыгып кетти. Кулагына Аруукенин үнү угулгандан бери Айдар дагы деле эс-мас. Үйүнө келгенде да кулагынан ошол күлкү кетпей туруп алды. “Арууке” деп аталган күндөлүгү бар эле. Бул күндөлүктү ал кийин карындашы кезиккен учурда ага берип, ансыз кантип жашаганын, жашоосунда эмнелер болгонун, аны кантип сагынганын окутам деген максатта ачкан. Барактап отурду.

Бүгүн Аруукенин туулган күнү болчу. 15ке чыкмак. Кандай кыз болду экен? Азыр кимдер менен туулган күнүн майрамдап жатты экен? Кандай адамдарга туш келди экен? Балким, азыр ага муктаждыр, “абака”

деп чакырайын десе үнү жетпей жаткандыр. Кармап отурган калеми сынып кетти. Белгисиздик эң жаман нерсе. Куду кооптонуудан жүрөгүң айрылып кете жаздачудай, өпкөң көөп, колуңдагы бардык нерсенин бырын-чырынын чыгарып салгың келет. Айдар бул абалда эчен жылдан бери жашап келет. Оор улутунду. Аттиң, көкүрөгүндөгү бардык ойлорун айта алган адамы болсо кана?! Жан дүйнөңдү жылаңач көрсөтө алган адамың жок болгону жаман. Көп учурда эркек үчүн бары-жогун төгүп айтып бере турган адамы бир гана апасы болушу мүмкүн. Балким, аялы. Же бир досубу? Бирок атасы эмес. Атасын Айдар аябай жакшы көргөнү менен, ага алсыз жагын эч бир убакта көрсөтө албайт эле. Азыр апасын ойлоду. Жөн эле жарым эле саатка башын тизесине жөлөп абалын түшүндүрүп айтып берсе жеңилдеп калмак. Көзүнүн жашын алаканы менен сүрттү. “Мүмкүн эмес” деди ичинен.

ххх

Эртең мененки чогуу тамактанууну жакшы көрөт кыз. Атасын күнү кечке көрбөйт. Ошондуктан аны менен тамактанып калгысы келет.

– Кана, менин сулуу кыздарым бүгүн эмне кылышат?- атасы адатынча шайыр. Бул эки кыз атасынын эки көзү. Асман (Арууке) жана Айжан. Бири мончоктой кара көздүү, апакай кыз. Экинчиси өзүнө окшоп өңү сары, жашыл көздүү башкача кыз.

– Асман сүрөт тартат. А мен сыртка ойнойм,- деди сары кыз.

– А сен эмнеге сүрөт тартпайсың?

– Билбейм, тарткым келбейт.

– Эжекең сендей кезинде эле Олимпиаданын жеңүүчүсү болчу. А сен эркек балдардай эле велосипед тээп ойноп жүрөсүң,- деди атасы.

Айжан мурчуйду. Качан болсо атасы эжесин мактайт. Жини келип кетти. Экөөнүн тең маңдайынан өөп, атасы жумушуна жөнөдү. Апасы аны узатып ашканага кирип келди да Асманга карады.

– Бүгүн эмнеге атаңа «сүрөт тартам» дедиң? Атайы Айжанды жаман көрсөтүш үчүнбү?

– Апа, мен…

– Токтот, бүгүн сүрөт тартпайсың! Айжандын үй тапшырмаларын чыгарып бер. Кандай акылдуу экениңди дагы бир жолу далилде.

Асмандын көздөрүнө жаш толуп кетти. Дайыма ушундай. Кээде Айжанды карагандай, мээримдүү көздөрү менен мени караса дечү. Айжанды бооруна кыскандай мени да кысып, чачтарымды тарап берсе дечү. Апасынын мактоосуна арзуу үчүн жан талашып аракет кылчу. Медаль, грамота, спорттогу жетишкендиктери бүт баары апасы үчүн эле. Анын көзүнө, көңүлүнө кирүүнүн далалаты болчу. Бирок апасы мунун эч бирин көрчү эмес. Жөн эле көрчү эмес. Бирок эмнеге? Бир эне эки кызынын бирин эмнеге сүйбөшү мүмкүн? Бул Асман үчүн чечилгис табышмак эле. Бир гана сүрөт тартууну атасы үчүн өздөштүрдү. Жашоосундагы эң чоң жарык берген адам менен жакын болуу максатында сүрөт тарта баштады. Кийин ага бул чындап ырахат алып келе баштады. Ата-кыз саат бою устаканада болушчу. Экөөнү байлаган бир дүйнө бар эле. Асман атасынын көзүнөн сүйүүсүн, мээримин көрчү. Анан атасынын көздөрүндө терең бир сыр бардай сезилчү.

ххх

Сания бөлмөсүнө кирип шуу үшкүрө отуруп калды. Кечээ ресторанда көргөн жигитти эстеди. Асмандын көздөрүнө окшош болчу. Болгону кыздыкындай тептегерек мончоктой эмес, бадам сымал сүйрү тартып кетет экен. Бирок окшош… Балким, агасыдыр. Өз оюнан чочуп кетти. Сания кызды багып алгандагы бактысын эстеди. Аябай кубанган эле. Дүйнө ушу төрт жаштагы кыздын уучунда тургандай сезилчү. Жерге койбой көтөрүп алчу. Алгачкы апа деп үйрөткөндөрүн эстеди. Ал такыр айтпай койгон. “Абака” деген сөздү айтып, “ апа дечи” деп жалынса да баш чайкап туруп алчу. Чет өлкөгө барып күчтүү гипнозчулардын, психологдордун жардамы менен кыздын эс-тутумунда калган элестерди өчүртүп тынышкан. Ошондон кийин гана “апа”, “ата” дей баштаган. Алгач апа дегенин укканда бактылуу болуп көз жашын төккөн эле. Кызга төгүлгөн мээримден уламбы, жыл айланбай боюнда болду. Эчен жыл боюнда болбой үмүтүн үзүп койгон аял бактысына мас болуп жүрдү. Экинчи кызы төрөлдү. Мына ушул жерден баары башталды.

Бакма бала менен өз баланын айырмасы калкып чыга келди. Кээ бир энелер баккан баланы өз балдарынан да жакшы көрөт деп айтышат. Бирок бул нерсе, тилекке каршы, Санияны айланып өттү. Көрсө, ал бакыттын четин көрүп алып эле ошол чоң бакыт деп элестетип жүргөн тура. Эмчегин балкылдата эмизип, жетимиш тамыры эрип эне болуу башкача экен. Наристенин жүзүнөн өзүнүн көзүн көрүү, тырмактарынан бери атасына же өзүнө окшоштуруу, каныңдан жаралган наристе башкача бир бакыт экенин билди. Асман көңүлүнүн сыртында калды. Көкөлөтүп коёрго жер таппай жүргөн кызды өз наристесин кучагына алганда таптакыр байкабай деле калды. Башында кичинекей болгону үчүн буга көңүлүм ооп жатат деп өзүн алдачу. Мына, бири он беш жашка чыгып, экинчиси 10 жашта болгон учурунда деле өз кызы көңүлүнүн борборунда. Асман көңүлүнүн бир жарасы болду. Же айыгып кетпеген, айыгууну да каалабаган, жашоосунун кайсы жерине коёрун билбеген кызы болду. Кээде бир буюмду жактырып алгандан кийин жакпай калып текченин бир бурчунда калат эмеспи, ыргытып салгың да келбейт. Жөн эле бир бурчта калат… Асман Сания үчүн дал ошондой эле. Болгону каалаганда ыргытып жибере тургандай ал буюм эмес, жандуу адам болчу. Баарынан жаманы кыз күн санап көз жоосун алып чоңоюп баратканы эле. Баарынан иренжиткени ал ийгиликтүү болчу. Келген меймандар, катышкан чөйрөсү Асманга көңүл бурчу. Ал эми Айжан анын көлөкөсүндө калар эле. Андан да жанын кашайткан нерсе атасы Асманды жанындай жакшы көрчү. Санияга эки кыздын ажырымы билингендей, атасына эч билинбеди. Көзү Асманды биринчи издечү. Белектин кымбатын улуу кызына арначу. Эшик ачылып Асман кирди.

– Эмне болду?- деди кыжырданган апасы.

– Апа, мен…

– Ии?

– Айжандын тапшырмаларын аткарбайм. Анткени атам “ал үчүн аткарба, өзү көнсүн”

деген.

– Асман?!

– Мен мындан ары Айжан үчүн эч нерсе кылбайм, апа. Мен ушинтип чечтим.

Асман карап турду. Көзүндө майтарылбай турган кашкөйлүк бар болчу. Эшикти шарт жаап чыгып кетти. Кыз жеңилдене дем алды да, сыртка чыгып жолун улай берди. Кызыгы, ошол эле көчөдө бетме-бет Эрнис келе жаткан.

 

 

Уландысы бар…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️