Пример HTML-страницы

ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ 6- БӨЛҮМ

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ
6- БӨЛҮМ

Айдар биринчи жолу мектептин босогосун аттай турган болду. Чоң энеси пенсиясына ала келген чыкыйган ак көйнөк менен костюм деле анын көңүлүн көтөрө албай койду. Бут кийими да тар сыяктуу улам чечип салып басып кеткиси келет. Тизилген өзү теңдүү 1-класстын балдарына көз кырын салды. Көбүнесе ата-энеси менен келишкен экен. Чоң энеси ысыкта көп тура албагандыктан, көлөкөдө отура турайын деп кеткен. Жалгызсырап кетти. Көзүнө ирмеле калган жашты, тамагына тыгыла калган ызаны ары жутту. Көзүн жума жагымдуу нерсе эстегиси келди. Мурун апасынын колдорун эстечү. Бирок апасы кабар албай койбодубу. Кусалык бара-бара ызага айланып, апасын да көп эстегиси келбей калган. Аруукени эстеп кетти. Бакырайган көздөрү менен талпынып, аркасынан чуркап “абака” дегенин эстеди. Жылмайып жиберди.

– Эрнис уулу Айдар!

Эжекеси чакырганын да укпай калыптыр, жанындагы кошунасынын баласы чыканакка түрттү.

– Сени айтып жатат.

Эч нерсени түшүнбөй карап тура берди. Мектепке келгенин, мындан ары атасынын атын кошуп чакырарын ошондо билди. Чоң энеси буга чейин жазганды, окуганды, санаганды үйрөтүп койгон эле. Кээде кошунасынын өзүнөн улуу баласынын жанында отуруп аны менен сабак окуп калчу. Башка балдар эжелеп, кыйналып окуса шар окуп, эсепти шарт-шарт чыгарып берип жатып бир күнү эжекеси аны 2-класска өткөрө турган болду.

– Эрнис уулу Айдар 1-класстын программасын бүт билип алыптыр. Сабак ага эми эле кызыксыз болуп калды. 2-класска которолу,- деди ал директорго. Кандай чечилди ким билсин, Айдарды 2-класска котормой болушту. Классынын босогосун аттап киргенде эле эжекеси атасынын экинчи аялы Айгүл экенин байкап кетенчиктей берди.

– Жок, бул класста окубайм!

– Эмнеге?

– Өзүмдүн классымда эле окуйм,- деди ал Айгүлдөн көзүн албай.

Ал ыңгайсыз болуп кетти. Баары көндүргөнгө аракет кылды, бирок Айдардын айтканын бербеген өжөрлүгү бар эле, таптакыр көнбөдү. Апасын кетирип жиберип, атасына аял болгон бул аялдын классында өлсө да окубайт. Чоң энеси экөө келе жатышты. Тыпылдап жанында баскан небересин сөзгө тарта турган болдубу, чоң энеси акырын кеп баштады.

– Айдар, Айгүл эжеңдин классында окуй бербепсиң да, балам.

– …

– Анда эмне күнөө, балам, ал да өз шорун тартып жүргөн бирөө да.

– Апам эми эч качан келбейби, эне?- деп жиберди Айдар.

– Та-аң, балам. Жашоодо мындай болот деп айта албайт экенсиң. Өтө баласаак болчу апаң. Бирок эмнеге кабары чыкпай калды билбейм, буга бир нерсе болдубу деп да ойлоп кетем. Өткөндө төркүн жагы да ал тууралуу эч нерсе билбейт экен деп уктум.

– Атам эмнеге издебейт, эне?

– Атаң…

Чоң энеси оор үшкүрдү. Айтарга жообу жок болчу.

ххх

– Аруукени силерге таштап турайын, апа, тааныш келиндин туулган күнү эле,- деди Айгүл бир күнү эшикти ачып. Кыш мезгили болчу. Чоң энесинин кашы жыйрыла түштү. Анткени Айгүлдүн көздөрү ойноктоп кызымтал эле.

– Кайсы тааныш келин?

– Сиз тааныбайсыз.

Теңселе түшкөн келин ичкенин билгизбегенге аракет кылып жатты. Кыраакы кайнене баарын билип жүргөн эле.

– Эрнис кайда?

– Мал базарга кетти. Торпок сатам деген.

– Анда эртең деле бар,- деди кайнене салмактуу. – Бүгүнкүң өзүңө деле жетиштүү сыяктуу,- деп кошумчалап койду. Айгүлгө ушу гана жетишпей турган болчу. Атырылып кетти.

– Сиз мени тескеп эмне кыласыз, биринчи балаңызды карап алыңыз. Жүргөн бир өлүмсүк. Же акча таппайт, же элдин эрлериндей жылуу сөз айтып койбойт. Ооз ачканча ыргыта чабат. Мен күң белем, жок дегенде теңтуштарым менен көңүл ача албаймынбы, ия? Иште, таяк же, баарына чыда. Бүгүн мектептен иштен бошодум. Арыз жаздым. Үйдө отуруп көрөйүн мен дагы, сиздин уулуңуз баксын.

Чоң эне сына түштү. Жалгыз уулу тууралуу жаман сөз дилине камчы болуп тийип жатты.

– Керек болсо сен баламдын уясын буздуң, сен тагдырын талкаладың. Асия менен жашаганда колунан да, оозунан да келген балам бар болчу.

– Ээ, билгениңерди кылып алгылачы,- деген келини Аруукени түртүп жиберип чыгып кетти. Аркасынан чоң энеси чыгып көпкө кер-мур айтышып жатышты. Сууктан эки бети албырып турган Арууке Айдарды карай салып жаркылдап күлүп жиберди. Сабагын окуп жаткан бала тура калып бөбөгүнүн кийимин чечип илип, алдына алып отурду.

– Абака, мен да жазайынбы?

– Сен кичинесиң, чоң болгондо сага жазганды өзүм үйрөтөм. Азыр кел сүрөт тарт.

Куду чоң кишидей альбомун чыгарып, түстүү карандаштарын алып Аруукени алаксыта баштады. Эртеси, анын эртеси да Аруукени алганга апасы келген жок. Чоң энеси айласы кеткенде өзү уулунукуна жөнөп калды.

Эрнис жалгыз экен. От да жагылбаптыр. Чоң энесинин жүрөгү шуу дей түштү.

– Эрнис, Айгүл кайда?

– Кетти.

– Кайда кетти?

– Иштеп келем деп кетти. Урушуп кеткенбиз, мектептен иштен бошойм деп арыз жазыптыр. Документтеринин баарын алып жок… Кетиптир.

– Ботом, эмнеге бир ооз айтпай кетти? Кызы эмне болот? Эмчектен эми араң чыккан баланы кантип багам?

Эрнис үн каткан жок. Туңгуюкту тиктеди. Ага азыр кызы да, уулу да, энеси да, дегеле дүйнө ордунан жылып кетсе да баары бир сыяктуу.

– Кыямат кайым келет деп коркута беришет го, апа. Көрсө, кыямат кайым келбейт окшойт. Ар бир адамдын өзүнүн кыямат кайымы болот окшойт.

– Эмне деп жатасың?

– Эч нерсе.

Жүрөгү титиреп кетти эненин. Алтынчы туюму менен жаман иш болгонун, аны өз уулу кылганын туюп турду. Андан аркысын сураганга да күчү жок болчу. Бооруна Аруукени кыса уулунун үйүнөн чыкты. Көз жашы куюлуп ээгинен агып келе жатты. Мектептен чыгып алып кар урушуп ойноп жүрүп келген Айдар босогону аттаары менен чоң энесинин ысык тамагы даяр болот деп келген.

– Эне, бүгүн мен “5” алдым,- деди кубанычтуу кыйкыра. Бирок чоң энеси мурункудай жалынып-жалбарып тосуп албады. Сустайып отуруптур.

– Эне?

– …

– Эне, эмне болду, коркутпачы.

– Келдиңби, балам? Аруукеңди карачы. Жаным жер тартып турат, жата турайын.

– Аруукени жеткирем дебедиң беле?

– Апасы кетип калыптыр.

– Кайда?

– Чет өлкөгө, иштейм деп кетиптир.

Айдардын жүрөгүнө туңгуюк бир коркунуч кирди. “Эмне эле баары чет өлкөгө кете беришет? Эмне жетишпейт? Эмнеге балдарын ташташат? Мен чоңойгондо эч кимдин апасы чет өлкөгө иштеп келгени кетирбегендей бир нерсе ойлоп таппасамбы…”

Кийимдерин илип жатып да, тамак ичип жатып да, бөбөгүн ойнотуп жатып да Айдардын ойлогону ушул эле. Ошол боюнча чоң энеси ооруп калды. Эми бар түйшүк Айдардын моюнуна түштү. От жагып, суу ташып, азык-түлүк алып келип, чоң энесинин дарыларын алып келип, Аруукени карап, айтор, тынымы жок.

– Кагылайын, моюнуң эле калыптыр го,- деди бир күнү чоң энеси аяп карап.

– Эч нерсе эмес, сиз эле айыгып кетсеңиз болду.

– Акылдуу жигит болосуң. Айдар, сен чоңоюп калдың, балам. Мен… Жаман айтпай жакшы жок. Эгерде Арууке экөөң эле кала турган болсоңор, карындашыңды колуңдан чыгарба, балам. Сага менин аманатым ушул болсун. Атаң…

ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ
7- БӨЛҮМ

Чоң эне ооруп калды. Эмнеси экенин да билбейт, бир аз турса эле башы айланып жыгылып кетчүдөй болот. Эрнис апасы ооруп жатканын деле билбеди. Таң атып бара жаткан эле. Чоң эне араң турду, жылуусу кете элек мештин үстүндөгү чайнекти алып жакшылап даарат алды. Намаз окуганга алы такыр калбаган экен, ичинен тээ мурунтан тилине жат болгон келмелерин айтып, теспесин тартып отурду. Жарык таттуу уйкуда жаткан эки наристенин жүзүнө түштү. Биринен-бири өтүп сүйкүмдүү. Жүрөгү сыйрыла түштү. “Катыгүн ай, булар эмне болот? Бир аз туруп турсам болбойт беле? Эми эмне кылам?” Неберелеринин төшөктөрүн кымтылап койду да, күнөөсүз периштелерине узак дуба кылды.

Эне көп нерсени көргөн. Бирок ушундай заманды эч көрбөптүр. Тирүү туруп ата-энесиз калган балдарды, турмуш менен күрөшкөн бул кансыз согуш болгон коомду көрбөй койсо эмне? Энеси балдарына кылчайбай басып кеткен, атасы балдарына кайдыгер, бооруна басып өзү кийбей-ичпей чоңойткон бала энеге кайдыгер бул заманды көрбөсө кана? Канча кейисе да, эне Эрнисти эч күнөөлөбөдү. Ачык сүйлөшпөсө да уулунун абалын билип турчу. Ар бир жеңилүүсүн жүрөгүнүн тереңинен өткөрчү. Ичинен эки келинин жектеп турду. Ичинен эбак маркум болуп кеткен абышкасын жектеп турду. Абышкасы да ушундай эле. Өзүн ал үймө-үй кубалап сабачу. Эрнистен кийинки боюнда болгон баласын сабап жүрүп ичинен өлүк түштү. Ошол боюнча төрөбөй калды. Балким, жалгыз болбой бир туугандары болгондо ал мынчалык сынбайт беле турмуштан? Атасындай ызакор уул, колунан эч нерсе келбей калганда ызасын аялынан чыгарганды мурас кылып алгандай. Окуп кетсе, балким, жашоосу башкача болот беле? Балким, балким… Эненин ичиндеги “балким” деген балээлер эч бүтпөчүдөй. Минтип эки чүрпөлүү болду. Булар менен эч кимдин иши жок.

Эмнегедир ошол күнү Эрнис энесинин үйүнө келди. Кубарып жаткан энесин көрүп чочуп кетти.

– Сизге эмне болду?

– Бир айдан бери алым куруп…- деди демиккен энеси.

– Апа, коркутпачы…- Эрнис чөгөлөй калып энесинин колдорун өпкүлөп жиберди. Коркунуч толуп чыкты жүрөгүнө. Тыкан, турмушка бышкан энеси минтип төшөктө жатып калышы мүмкүн эмес эле. Кайпактап эмне кыларын билбей калды.

– Балдар кайда?

– Айдар мектебине кетти. Арууке мына.

Арууке бурчта турган экен. Бакырая атасын корко тиктеди. Узун бойлуу бул чоочун адам ага дайым коркунуч алып келчү. Кыздын жалооруган көздөрүнө чыдап карай албай терс бурулду Эрнис.

– Машине алып келейин, доктурга барасың.

– Тыйыным жок, балам. Сенде деле жок го, мал-жанды сатып бүттүң. Кыйналба, өтүп кетер.

– Мен табам, апа.

Көз жашын көрсөтпөгөнгө терс бурулду. Өлүм алкымдан алса да эне баласынын акчасын аяп жатканына жаны кейип кетти. “Мен келесоомун! Эч нерсеге жарабаган макулукмун” деп жатты.

xхх

Аракет кылганы менен, Эрнис акча таба албады. Аргасыз уурулукка барды. Эртеси эле бул кабар айылдын аяк-башына жайылды.

– Эрнис кармалыптыр дейби?

– Милиция алып кетип жатканын балам өз көзү менен көрүптүр.

– Ий, бетим, ушунчага да бардыбы? Бир кезде айылдын мен-мен деген жигиттеринин бири эле.

– Жанагы Айгүл шойкому бузук неме, тагдырын бузуп кетти.

Айтор, айыл уу-дуу. Айдар сабактан келе жаткан. Аруукени тургузуп тамагын берип кетет. Бирок түшкө чейин барып тамак бериши керек эле. Мурункудай ойнобой да калган. Үйүнө шашып бараткан аны коңшунун баласы чакырды.

– Айдар!

– Эмне?

– Кайда шашып?

– Үйгө, Арушка тамак бериш керек,- деди каадалуу кишидей.

– Атаңды милиция кармап кетиптир го, уктуңбу?

– Эмне-е?

– Уй уурдаптыр дейт.

Тиги бала бул көрүнүш күндө болуп жаткандай бейкапар сүйлөдү. Айдардын жүрөгү мыкчыла ооруп кетти. Атасын жакшы көрчү. Кандай өзүн алыс кармаса да, эч бир убакта башынан сылап оюнчук алып бербесе да, мектептен алып келген жакшы бааларын мактабаса да ал атасын эч бир жанга теңебей жакшы көрчү.

– Калп айтасың,- деди чымыркана. Көзүнөн жаш ыргып кетпесе эле болду. Тигини жөөлөп өтүп чымын-куюн болуп чуркап жөнөдү. Атасынын үйүнө келди. Эшик ачык экен. Үй чаң-тополоңу чыга чачык. Бир нерсе издешкен окшойт. Меш жагылбай, жагымсыз суук денесин ичиркентип жиберди.

– Ата-а!- деди ал күбүрөп. Бир нерсе болгонун сезди окшойт, ыйлап жиберди. Жалгыз болгон үчүн өзүн токтотпой тим койду. Суук тамда жалгыз отуруп алып эси оогончо ыйлады. Ууру аталган атасына, такыр кабар албаган апасына ыза болуп ыйлады. Бир топто барып өзүнө келди да, шылкыя чоң энесинин үйүнө жөнөдү.

– Айдар, келдиңби кагылайын, эмне кеч келдиң?

– Мугалимдер…- бир нерсе деп айтса эле бакырып жиберчүдөй эрдин кыса тиштеди.

– Отуңду жага сал, бөбөгүң ачка болуп ыйлап жатып уктап калды.

– Азыр, эне.

Көнгөн иштерин кылып жүрүп да такыр кабагы ачылбады. Эмне болду экен? Балдары менен уруштубу? Чоң энеси көз салып жатты.

– Абака!- тура калып от жагып жаткан байкесинин жонуна жабышты Арууке.

– Коё тур, от жагып жатпаймынбы.

– Хм, абака кайда жүйдүң?

– Мектепте.

Айдар күңк этти. Адатта бөбөгү менен бир топ кожурашып, кээде күлүп калчу. Азыр эч маанайы жок.

– Балдар менен уруштуңбу?- деди чоң энеси.

– Жок.

– Эмне болду? Бирөө бир нерсе дедиби?

– Эне, сен өлүп калсаң, биз ким менен калабыз?- деди Айдар.

– Ок, антип айтчу эмес!- деп чоң энеси чочуп кетти.

– Өлбөйм мен!

– Ооруп жатпайсыңбы?

– Айыгам.

– Деги дейм да…

– Атаң бар, балам. Силерди жалгыз калтырбайт,- деди чоң энеси оозу бош. Айдар терс бурулду. Айтпаш керек. Ого бетер ооруп калат чоң энеси. Анын мал уурдап түрмөгө түшкөнүн айтпаш керек.

– Баса, атаңа чалчы. Келип кет, энемдин сөзү бар экен де.

– Чалбай эле коёлучу.

Эненин жүрөгү бир нерсени сездиби, кайта өтүндү. Айдар каалабай туруп чоң энесинин эски телефонун алып атасына чалды. Кудай жалгап бирдиги түгөнүп калган экен. Ал күнү чоң энеси билбей калды.

ххх

– Карга бок чокуй электе туруп алыпсың го, балам.

– Кар күрөп жатам.

– Эрниске айтчы, кабыргаң ката элек, чоң жумуш кылсаң боюң да өспөй калбасын.

– Эрнисиңден мен эле кыйын кылам,- деди Айдар бурк этип. Чоң энеси аргасыз жылмайып алды. Эрнис чын эле эрке чоңоюптур. Жалгыз бала деп атасы да, өзү да калкалай берип такыр алсыз кылып салышыптыр. Айдар башкача. Азыртан эле өжөрлүгү, турмушка бышыктыгы, жоопкерчилиги бар. Эркек бала энесинин канын көбүрөөк тартып калдыбы же? Эне ушуларды ойлоп турду.

ххх

Кызыл терге түшүп ойгонду жигит. Түшүнө чоң энеси кирип жатыптыр. Тээ мурункудай эле узун боюн койкойтуп басып жанына келди. Чоң энеси түз басчу. Башка кемпирлер сымал бүктөлүп албаганына энесине аябай сыймыктанчу. Артка байлаган жоолугу да сулуу көрүнчү. Дал ошондой басып келди да, энеси жанына отурду. “Аруукени тап, балам. Мен сага аманат кылбадым беле?” деп таарынгандай карап турду. “Табам, эне. Аман болсо эле табам” деп убада кылгысы келет, бирок сүйлөй албайт. Чабалактап жатып ойгонуп кетти.

ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ
8- БӨЛҮМ

Айылда узун кулак аялдар бар го. Алардан жабыр тарткандар да көп эмеспи. Бул жолу узун кулактардын кесепетин чоң эне да тартты. Кар күрөтүп бүтүп, неберелери менен ысык чай ичкени отурушкан эле. Шып этип кирип келген коңшу аялды көрүп чоң энеси жайдары сүйлөдү.

– Ии, Сайракансыңбы? Кел кирегой.

– Мен эле, жакшы турасызбы?

– Жакшы, кыбырап турабыз. Кел чай ич.

Жылып кирип отурган аял Айдардын тик сайылган көзүнөн жалтанып кетти. “Капырай ботом, Асиянын эле көзү го. Деги ушундайлар тукумду жакшы беришет, муну менен тең балам оозуң кайсы десе мурдун көрсөтөт. Муну карасаң, биттин ичегисине кан куят” деп ойлонуп отурду.

– Эрнис келип калабы десем келчүдөй эмес, күйөөңдү жиберсең жалгыз улакты союп берсе дедим. Балдарым да сууктап кетишти,- деди кемпир алсыз гана. Тиги ушуну эле таба албай тургандай алаканын бир чапты.

– Ошо, эже, сизди уга элек деп ойлодум эле. Уулуңуз уй уурдап кармалбадыбы?..

– Эмне-е?

– Ой, тиги Сокендин уюн уурдашыптыр, Эрнис, дагы бир бала, кармап кетишпедиби?

Чоң эненин көздөрү тумандап кетти. Колдору калчылдап, эмне кыларын билбей калды.

– Сизден бирөө сурадыбы? Кетиңиз!-деп тиги аялга жаалдана бакырып жиберди Айдар. Чоң энесин жөлөй калды.

– Эне!

– Сен… Сен билдиң беле?

Айдар үн ката албады. Чоң энесинин алдында чоң кылмышы бардай жер тиктеди. Кылгылыкты кылган аял акырын жылып сыртка чыгып кетти.

ххх

Суук кабарды уккандан кийин өйдө боло албады. Ошол түн Айдардын эсинде түбөлүк сакталып калды. Энеси араң дем алып, онтоп, бир нерселерди айтып ыйлап жөөлүп жатканын көрүп турду. Энесинин төшөгүнүн жанына барып эмне кыларын билбей чебелектейт.

– Эне, суу ичесизби? Жаздыгыңызды бийик коёюнбу? Эне, коркутпачы…

Жалгыз тамда жандалбастаган кичине баланын чарасыз үнүн эч ким укпады. Корккондон дирилдеген денесин кучактап, бооруна кыспады. Таңга маал Айдардын көзү илинип кеткен экен, ойгонуп кетсе энесинин бут жагында уктап калыптыр. Ал болсо тыптынч. Кызыктай үндөрдү чыгарбай жатканынан улам бала энем жакшы болгон экен деп сүйүнүп кетти.

– Эне, жакшы болдуңузбу?

Барып колун кармай калды эле, муздак денеси денесин үркүтүп жиберди. Чочуп артка кетенчиктей берди.

– Эне?

– …

– Эне, мен коркуп жатам, турчу, көзүңдү аччы. Мени жалгыз калтырбайм, өлбөйм дегенсиң. Эне дейм… Мен кантем?- такыр чыдабай кетип энесин жулкулдатып өңгүрөп ыйлап жиберди. Анын үнүнөн улам коңшулар чогулуп калышты.

ххх

Эне дүйнөдөн кайтты. Чырылдап ыйлаган Айдардын үнү азага келген элдин баарын ыйлатты. “Эсил кайран энем” деп кулундай чыңырган үнү алыска тарап сиңип кетип жатты. Өмүрүн таза, ак ниет, чоң жүрөк менен жашаган аялды аркасынан жоктогон бир гана ушу бала эле. Өпкөсүнө батпай калганда араң токтотушуп, жүзүн жуудуруп, тамак берип жатышты. Жаназа окулгандан кийин Айдар үйрөтүлгөн сөздү каргылданып сурады.

– Энемдин бересеси болсо менден алгыла! Оо, эл, энемдин аласасы болсо кечтим!- чыңкылдап чыйрак чыккан үнүнө ыраазы боло абышка башынан сылады.

– Бали, балам, жүрү эми энеңе өз колуң менен топурак сал.

Айдар наристе эле. Өлүк башында туруп, аркы дүйнө менен бул дүйнөнүн жоопкерчилигин алганга таптакыр кичине болчу. Жаш болгонуна карабай бул дүйнөнүн акыйкаты менен эрте жүздөштү. Энесин акыркы сапарга татыктуу узатты. Бирок ал өмүр бою көз алдында бул элес калкып каларын билбеди.

ххх

Каза болгон эненин азасы бүткөндөн кийин балдардын жанында ким болорун туугандар отуруп чече турган болушту. Замандын каатчылыгында эки баланы кошуп багып ала турган жакын туугандары деле жок эле. Алыс туугандары аркасын качырышып күңк-мыңк деп тим болушту.

– Асылбек агабыз менен Зуура апабыздын тукумдарын балдар үйүнө өткөрүп берип кайсы бетибиз менен жашайбыз? Чоңко уруусуна сөз кетет, туугандар. Эки тырмактай чүрпөнүн кимге залалы бар эле?- деди жанагы салмактуу сүйлөгөн карыя.

Эч бири жер чукуп үн катышпады. Тынчтыкты бузган кайрадан Айдардын чаңкылдаган үнү болду.

– Калыс ата, мен чоң эле болдум. Бөбөгүмдү өзүм багам. Эч ким биз үчүн убара болбосун. Атам чыгып калар…

– Туура айтат, андан көрө Эрнисти чыгарганга кам көрөлү, бир айылдан эмеспи, уйдун акчасын төлөп берсек Сокен байке ишти жаптырып койсо керек,- деп бири айтты. Аны кубаттап дуулдап кетишти.

ххх

Эрнис энесинин кайтыш болгонун абактан укту. Айылдаш тууганы келип айтты. Эмне дээрин билбей калды, куду бир жалындын ичине түшүп кеткендей, куйкаланып бараткандай сезди өзүн. “Аа!” деп бакырдым деп ойлоду. Бирок үнү чыкпай калган экен. Дубалды муштагылап башы менен сүзүп жинди болуп кеткендей сезилди. Бирок баары бир ичиндеги жалын токтобой койду. Куйкалай берди. Бир айдан кийин ал абактан бошотулду. Туугандары акелеп, жакелеп ордуна уй алып берип, араң бас-бас кылышты. Тосуп барып айылына алып келе жатканда айылдын четине түшүп калды.

– Рашка, токтотуп койчу,- деди ал машине айдап бара жаткан инисине.

– Эмнеге?

– Апама барам. Сен кете бер, мен өзүм барам.

Тиги “өзүң бил” дегендей ийинин куушуруп жүрүп кетти. Бут алдында кар кырт-кырт. Көрүстөн өйдө жакта эле. Араң жетти. Атасынын көрүстөнүнүн жанында дагы бир дөбө пайда болуптур. Көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Апасынан калган нерсе ушу гана боз дөбө эле. Дүйнөнү тиреп тургансыган, эч бир заман өзүн таштап кетпей тургандай сезилген апасы эми жок. Шалак эте чөгөлөдү.

– Кечир мени, апа! Мен… Мен сага татыктуу уул боло албадым. Мен сени эч бир кубанта албадым. Сенин жүзүңдү күлдүрө албадым, апа, бирок мен сени ушунча жакшы көрдүм. Сен менин жүрөгүм экениңди, сени дүйнөдө эч кимге теңебей жакшы көрөрүмдү өзүңө айта албай калдым. Билбейм, мен кичинемден сүйүүмдү да, жек көрүүмдү да ичимде сактап чоңойдум. Эмнеге анттим? Сени жакшы көргөнүмдү айта албай калдым, сүйүктүү аялымды өмүрүмдүн акырына чейин сүйөрүмдү кеч түшүндүм. Бала жараттым, ата боло албадым. Мен ит болдум, апа! Мен алсыз болдум. Бирок ичимде күйүт эч жылдырбай койду. Мен деле жакшы ата, жакшы күйөө, жакшы уул болгум келет. Бирок бир нерсе колумду, бутумду байлап, мээмди тоңдуруп салгандай сезилет. Ох, апа, мен жаралбай койсом эмне? Жаралбай койгонум сени бактылуу кылат беле? Мен эмне кылам?..

Жалгыз караан көрүстөндө дартын айтып жатты, ыйлап жатты. Көкүрөгүнө жыйылып калган экен. Кар баскан дөбөнү кучактап өксүй берди. Жеңилденгенден кийин терең дем алды.

– Эмне кылам, апа? Күнөөмдүн оордугунан жанымды коёрго жер таппай жатам. Жаңы жашоо баштайын дейм, баарын унутайын дейм. Бирок…

ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ
9- БӨЛҮМ

Канчалык зарласа да боз топурак былк этпеди, ичинен энеси чыга калып мурункусундай маңдайынан сылап жолун көрсөтүп бере албады. Чарчаганда илкий басып Эрнис үйүнө жөнөдү. Биринчи өз үйүнө бара турган болду, кайра ошол үйдү көргүсү келбей энесиникине жөнөдү. Түтүн чыгып жаткан экен. Эмнегедир энеси үйдө бардай жүрөгү булкуп кетти. Түтүндөн улам үмүтү жана түшүп кадамдарын тездетип басты. Эшикти шарт ачып кирип барганында эки баласы тамак ичип жаткан экен. Жалт караган капкара көздөр. Алдастап, шаштысы кетип калды.

– Ата?

– Кандайсың?..

Ушуга чейин “балам” деп айтпаган жаны эмнегедир балам дегиси келип кетти. Өз атасы да катуу мүнөз эле, өзүн эркелеткени эсинде жок. Кызы корко тиктеп калды.

– Кел, ата.

Сырткы кийимдерин чечип отурган Эрнис үйдү айланта карады. Баары апасы бардай. Таптаза, тыкан, жайлуу, ысык экен үйү. Ичи ысып кетти.

Айдар чоң чыныга тамак куюп алдына койду. Нанга колун сунуп бир тиштеп алып чочуп кетти. Нан бышпай калган экен. Айдар жасаганы көрүнүп турат. Тамагына тыгыла калган жаш менен нанды кошо күрмөп жиберди. Жаш токтобойт. Чыныны жүзүнө калкаласа да болбой көзүнөн каканактаган жаштар куюлуп кетти. Абалын балдары байкабады. Алар өз ойлору менен эле. Арууке тамагын ичип бүтүп, байкесин жалооруй карады.

– Эмне болду, Аруш?

– Астыңа отурам…

Айдар кооптоно атасын карады. Урушуп жибербесе экен деп ойлоду. Ал өзү менен өзү. Арууке акырын агасына жакындай берди да, көнгөн адатынча алдына отура калып жүзүнө алакандарын койду.

Атасы келгенден бери эки ооз сөз сүйлөбөдү. Атүгүл жүзүнө деле тигилип карабады. Түпөйүл ойлор менен жатып Айдар уктап кетти. Эртең менен турса күн чыгып калган экен. От жагып, бөбөгүнүн курсагын тойгузуп мектепке кетчү эле, “кечиктим” деп ойлоп ыргып турду. От жагылып туруптур. Эртең мененки тамак да даяр экен. Көргөн көзүнө ишенбей калды. Сыртта күрөктүн кырт-кырт дегени угулду. Кандайдыр бейпилдик үйгө келгендей Айдардын жүрөгү жылып кетти. Колу-бетин жууп, даярдалган тамагын шаша-буша ичип, сыртка чыкты.

– Ата, мен сабакка кеттим.

– Ии, бар.

Эрнис жадырап өзүнөн жылуу сөз күтүп турган уулуна эмне деп айтарын билбей турду. Табиятында эт-бетинен кетип эркелеткен жок эле. Бирок бир нерсе күткөндөй бажырайган көздөрдү кыйбай кетти. Шымынын чөнтөгүн сыйпалай берип, жыйырма сом таап чыкты да, сунду.

– Карма, бир нерсе сатып ал.

Айдар сүйүнө акчаны алып мектебине чуркады. Атасы болгон сонун тура. Атасы акча берген, аны үшүбөсүн деп от жагып, тамак даярдап койгону сонун тура. Капыстан караңгы дүйнөсүнө күн чачырагандай ансыз да күйүп турган көздөрү балбылдай бара жатты. Жүрөгүн биринчи жолу атанын мээрими жылытты. “Атам сонун киши тура” деп ойлоду.

Сабактан келип көргөн көзүнө ишенбей калды. Атасы бир кыйла жумуштарды бүтүрүптүр. Чар жайыт жаткан короо чекчейип калыптыр. Кар күрөлүп, отундар өзүнчө, көңдөр өзүнчө жыйналып, үстү жабылып, айтор, бир сыйкырчынын колу келип жасап койгондой. Үйгө кирсе Аруукеси куурчак менен ойноп отурган экен.

– Аруш, ата кайда?

Эрнис бир нерсе кылып жаткан экен.

– Мынабу кыздын чачын алалы. Мени такыр жакындатпай жатат. Сен чачын жибитип бер.

– Аруштун чачынбы? Эмнеге?

– Ким карамак эле мунун чачын, кийин өстүрүп алат,- деди бурк эткен атасы.

– Ата, мен карайм, мен жууп турам. Албай эле коёлучу, ата,- деп чырылдап жиберди. Жупжумшак кебез сымал, бир аз тармал карындашынын чачтарын кыйбай турду. Көкүлү тармалданып тим эле куурчактай сонун көрүнчү.

– Суу жылып турат, кийимиңди чечип чачын жибитип бер,- деди атасы тоң гана. Кайрылып сөз айта албады Айдар. Ичи ачышып турса да эч нерсе дей албады. Бүжүрөтүп чачын жибитип келип, атасынын алдына берди. Бөбөгү эч каршылык көрсөтпөдү, болгону агасынын колун катуу кармап көзүн жумуп туруп берди. Чачын алып бүткөндөн кийин карап алып Айдар сыртка атып чыкты. Моюну илмийип, кулактары чыгып, чачтары жок бөбөгүнүн кебетесин көргүсү келбеди. Үйдү айланып барып ыйлап жиберди.

– Мен өзүмдүн балдарым болгондо эч качан чачтарын албайм,- деди бышактап. Чоң энеси барда экөөнүн тең чачтарын алчу эмес, тыпырайтып кайчысын алып чыгып өзү жарашыктуу кыркып берчү. Каалабаган нерсесин эч качан таңуулачу эмес чоң энеси. Ал тургай китеп капты да өзү каалаган сүрөтү менен сатып берген. Ого бетер өпкөсү көөп чыкты. Улутуна токтоп, анан үйгө кирди.

– Капа болбо, кыздын чачын экөөбүз карай албайбыз,- деди атасы туюк гана. Айдар башын ийкеп тим болду.

Ошентип үчөөнүн жаңы жашоосу башталды. Эрниске бир жаңы жашоонун учкуну пайда болду. Өзү да байкабай жашоонун жаңы агымына кирди. Максаты пайда боло баштады. Эки бала өздөрү да байкабай атасын жашоого кайтарышты. Түнт мүнөзү бир аз ачылып, Айдар менен кээде тамашалашып, кээде эркелете көтөнгө чаап, кызын сыртка ээрчитип чыгып, коңшу-колоң менен сүйлөшүп калды.

– Тиги Эрнис өзүнө келди байкуш.

– Эмне кылмак эле, балдардын карманганы жалгыз ошол калды.

– Сулкуюп эле жатчу мурун, азыр оокат кылып жатат, ай. Депрессия дейби, азыр ошондой оору болот тура.

– Ии, бечара, ошентсин, башка айла барбы? Баса, Айгүлдөн эч кабар жок го. Түркиядабы же Орусияга кетиптирби?

Айылда ошентип сүйлөшүп калышчу болду. Жаз келди. Атасына кол кабыш кылып жүргөн Айдар чарчап, атасынын жанына отура калды.

– Ии, чарчадыңбы?

– Жок.

– Жазгы иштерибизди бүтүрүп алалы, анан тиги үйдү сатам. Сага кунан алып берем. Өзүң таптайсың,- деп койду Эрнис.

– Чынбы?- көзү жайнап кетти Айдардын. Так маңдайында биринчи аялы Асия келе калгансып жүрөгү толкуп кетти Эрнистин. Баары окшош дешчү Айдарды апасына. Бирок өзү элес албаган экен. Азыр дал Асияны көрүп тургандай селдейди. Кайрадан жанын түтөткөн сагыныч эзип кетти.

– Алып берем.

– Ураа!- деп кыйкырып алды бала. Атасы ага бүтүндөй дүйнөнү тартуулагандай сүйүндү.

– Айдар, көйнөгүң кирдептир, чечип койчу, жууп салайын,- деди атасы негедир.

– Азырбы?

– Азыр.

Көйнөгүн чечип атасына карматты эле, ал далысын айланта карады. Анан өзүнүкүн чечти, далысынын алдындагы калды көрсөттү.

– Көрдүңбү, дал ушундай калың бар сенин да. Аруукенин да далысынын алдында калы бар. Эгерде бири-бирибизди жоготуп алсак, ушул кал менен издейбиз,- деп койду тамашалай.

Аттиң, ушул айтылган сөз үчүн өзүн миң жолу каргады кийин. Бирок айтылган сөз атылган ок. Тагдыр аларды бөлүп, балдары өзүн, бири-бирин тааныбай чоңоюп калары эч оюна келбеген эле. Айдар ал сөзгө анда такыр маани берген эмес. Эси-дарты атасы алып бере турган кунанда болчу. Ала элек кунанга ат коюп алганычы. Кыялында аны менен кунан чабышка түшмөк, балким, биринчини алмак, атасы аны менен сыймыктанып ат үстүнөн көтөрүп алмак. Балким, ошондо ал “жарайсың, уулум” деп кулагына шыбырамак. Аруукесин аркасына учкаштырып алып айылда өзү теңдүү балдарга мактанып бастырмак. Балким, анан апасы да алыстан келип калмак. Биринчи таарынса да Айдар апасын кечирмек. Чындап кечирмек. Болгону “экинчи бизди таштабачы, апа. Атам оңолду” деп өтүнмөк. Бирок мунун бири да болгон жок…

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE