(Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)
Өспүрүм тыпылдап кетип бара жатты. Жүзүндөгү терлер тып-тып. Бирок чарчаса да токтобой үйүнө жетип, жонундагы 5 жашар карындашын төшөккө жаткырды. Ал уйкусурап быйтыйган колдорун агасынын коюнуна салды. Ушундай адаты бар. Алакандары менен агасынын жүзүн сыйпалап бар экенин сезип, анан уктайт. Карындашынын таноосунан келген жумшак жытты искеп жатып, магдыраган өспүрүм дагы уйкуга жетеленди.
– Аа-аа! Алып кетпегиле Аруукени, карындашым жанымда калсын. Арууке-ее! Ал менсиз уктабайт!
Бакырып түшүндө сүйлөнүп жатып ойгонду. Жигиттин минтип бакырганына жанындагылар көнүп калгандай кайдыгер. Өзү дайым кара терге түшүп жатып ойгонот. Жүрөгү куду биринчи күндөй ээнсиреп көзүн ачат. Жонунда, жүрөгүндө, жашоосунда 5 жыл гана жүргөн карындашын издеген түш канча жылдан бери аркасынан кубалап келе жатканын, бир өзү, бир Кудай билет. Алгач апасы Түркияга иштегени кеткен, кийин өгөй апасы… Алар атасы менен калышкан. Аны бар дешке деле оозу барбайт. Сөлөкөтү жүргөн менен, алардын жашоосунда жок эле. Бирок Арууке анын жашоосунда бар болчу. Топтоголок, капкара көздөрү менен агасына сүйкүмдүү тиктечү.
– Мен сени табам!- деди жигит ишенимдүү.
Окурман, мигранттын балдары 10 жаштагы Айдар менен 5 жаштагы Аруукенин баянына ыйладым. Эч кимиси жок 2 жыл өздөрү жашап, карындашы ооруп калганда балдар үйүнө өткөрүлүп, бири-биринен айрылып калышкан эки бир туугандын тагдыры сизди кайдыгер калтырбайт деп ойлоймун.
(Башы)
Таң жаңы аткан убак.Айылдан чыккан келин келе жатты. Борборго каттай турган унааларга жетиш үчүн чакан айылды басып өтүп, чоң жолго чыгышы керек. Жүзүнөн тери куюлуп, бутун тез-тез шилтеген келин ушу жерден ылдам кеткиси келгендей шыпылдай басып бара жатты. Уулу ойгонуп кетпесе болду. Анткени таң атары менен төшөктү сыйпалай берип өзү жок экенин билгенде бакырып туруп атып сыртка жөнөгөн адаты бар эле. Анын жүзүн карап туруп таштап кете албайт. Андан көрө…
Туура эле болжолдоптур, баланын ыйы кулагына шак дей түштү. Кылчайып караса бакырып ыйлап аркасынан чуркап келе жаткан уулу көрүндү. Буттары шилтенбей туруп калды. Чымын-куюн болуп чуркап келе жаткан бала кан жолго чыгып кетпесин деп алдынан тороду.
– Кетпе, апа!- көкүрөгүнө жыгылган бала бекем моюнунан кучактады.
– Айдар, сен чоң бала болбодуңбу?
– Ыкы, чоң эмесмин мен.
– Мен иштеп келем, сага мо-омундай чоң машине сатып келем. А сен чоң апаң менен каласың.
– Жок дейм, кетпе. Билем мен, сен келбей коёсуң. Дайыма сөзүңө турбайсың. Баягыда да келем дегенсиң.
– Айдар!
Келин үнүн катуу чыгарды, бирок моюнуна оролгон колдорду чыгарып салганга күчү жетпей туруп калды. Кичинекей денеси дир-дир эте азыр апасы колунан чыгып кетсе алаамат башталчудай сезилген баласынын коркунучун сезип турду. Бекем бооруна кысты. Майышып токтоду. Көздөрүнөн салаа-салаа жаш кетти. “Бүгүн эмес, башка күнү кетсемби?” деди ичиндеги бир үмүт жылт эте. Балким, баары жолуна түшөр. Эртеңкиге чейин, балким, атасы эсине келер…
ххх
Ээн талаада эне-бала кол кармаша чөптөрдү аралап жай келе жатышты. Бала энесин алып калганга корстон. Мурдун улам шыр тарта бутуна кирген куурайларга карабай келе жатты.
– Курсагың ачтыбы?
– Жок.
– Чарчадыңбы?
– Жок дейм.
Азыр курсагым ачты десе, алаксытып апасы кетип калчудай шаша сүйлөдү. Бир жолу апасы ушинткен. Ошондогу сагынганы, ай! Эти ысып ооруп да калган, чоң энеси күбүрөнүп жаттаган дубаларын айтып жатып ысытмасын түшүргөн. Бирок апасы келмейинче тамак жебей койгондуктан, атасы апасын таап келген. Ошондон бери балада апасы кетип калчудай коркунуч жашайт. Апасын атасы көп капа кылат. Кээде ал уктап калганда кыжы-кужу болушуп, анан дүңкүлдөгөн дабыштар чыгат. Апасынын муунуп ыйлаган үнү угулат. Ошол кездерде Айдар апасынын жанына баргысы келет, атасынан коргогусу келет. Бирок коркот. Каректери канталаган атасы Айдар үчүн коркунучтуу жана такыр түшүнүксүз адам болчу.
– Тойдум мен сага, кет дейм. Мен башканы сүйөм.
– Шуркуяңды аласыңбы? Мен ага үйдү бошотуп чыгып кетишим керекпи?- деп кыйкырган апасынын үнү. Мындай учурда алар Айдар төркү үйдө уктап жатканын да унутуп калышат. Күрөө тамырлары көөп, эмне деп айтып жатышканы да белгисиз бири-бирине бакырышат. Мындай тозок жашоодо жашап жатышканына бир жыл болду. Бирок бала ичинен дайым апасы жакта. Анын балалык дүйнөсүндө апасы күнөөсүз эле. Азыр да колундагы жылуулуктан күч алып эрдемсий кетип бара жатат.
– Апа, экөөбүз кетип калбайлыбы?- деди бир учурда.
– Кайда барабыз?
– Билбейм.
– Менин борбордо иштеп кете тургандай билимим жок. Билимим болсо деле мени ким күтүп туруптур? Андан көрө Москвага иштеп келейин.
– Мени да ала кет ошол жакка.
Келин эрксизден күлүп жиберди. Топтоголок сүйкүмдүү уулун бооруна кыса кучактады.
– Үйгө барбай эле коёлубу?- деди уулуна.
– Кайда барабыз?
– Бүгүн экөөбүз эле болобуз. Токойдо ойнойбуз. Мен тамак ала чыккам, ошону жейбиз. Кандай дейсиң?
– Атам таап алсачы?- деди көздөрүн бакырайткан бала. Келин үн каткан жок. Ага баары бир эле. Ата-энесинен да кечип, сүйүү деп этегин кармап келген адам болчу. Минтип кайдагы бир шуркуянын айынан жылуу уясы бузулары үч уктаса түшүнө кирген эмес. Эми “биздин макулдугубуз жок тийгенсиң” деген ата-энесине да бара албайт. Муну менен да жашай албайт. Кең дүйнөсү тарып турганда чогуу окуган курбусу чакырып калды. Эми кетүүгө тийиш. Ошол күн Айдардын эсинде өмүр бою сакталып калды. Жерге апасынын жоолугун жайып тамак ичишкендери, анан ойноп, чарчап кучакташа уктап калганы, күүгүмдө үйгө келгени, атасы “уй саалбай калды” деген шылтоо менен апасын сабап салганы, бүт баары эсинде. Болгону апасынын жүзү бүдөмүк…
Уландысы бар…..