Периштенин көз жашы 4 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 4 бөлүм 

 

 

 

Айдар биринчи жолу мектептин босогосун аттай турган болду. Чоң энеси пенсиясына ала келген чыкыйган ак көйнөк менен костюм деле анын көңүлүн көтөрө албай койду. Бут кийими да тар сыяктуу улам чечип салып басып кеткиси келет. Тизилген өзү теңдүү 1-класстын балдарына көз кырын салды. Көбүнесе ата-энеси менен келишкен экен. Чоң энеси ысыкта көп тура албагандыктан, көлөкөдө отура турайын деп кеткен. Жалгызсырап кетти. Көзүнө ирмеле калган жашты, тамагына тыгыла калган ызаны ары жутту. Көзүн жума жагымдуу нерсе эстегиси келди. Мурун апасынын колдорун эстечү. Бирок апасы кабар албай койбодубу. Кусалык бара-бара ызага айланып, апасын да көп эстегиси келбей калган. Аруукени эстеп кетти. Бакырайган көздөрү менен талпынып, аркасынан чуркап “абака” дегенин эстеди. Жылмайып жиберди.

– Эрнис уулу Айдар!

Пример HTML-страницы

Эжекеси чакырганын да укпай калыптыр, жанындагы кошунасынын баласы чыканакка түрттү.

– Сени айтып жатат.

Эч нерсени түшүнбөй карап тура берди. Мектепке келгенин, мындан ары атасынын атын кошуп чакырарын ошондо билди. Чоң энеси буга чейин жазганды, окуганды, санаганды үйрөтүп койгон эле. Кээде кошунасынын өзүнөн улуу баласынын жанында отуруп аны менен сабак окуп калчу. Башка балдар эжелеп, кыйналып окуса шар окуп, эсепти шарт-шарт чыгарып берип жатып бир күнү эжекеси аны 2-класска өткөрө турган болду.

– Эрнис уулу Айдар 1-класстын программасын бүт билип алыптыр. Сабак ага эми эле кызыксыз болуп калды. 2-класска которолу,- деди ал директорго. Кандай чечилди ким билсин, Айдарды 2-класска котормой болушту. Классынын босогосун аттап киргенде эле эжекеси атасынын экинчи аялы Айгүл экенин байкап кетенчиктей берди.

– Жок, бул класста окубайм!

– Эмнеге?

– Өзүмдүн классымда эле окуйм,- деди ал Айгүлдөн көзүн албай.

Ал ыңгайсыз болуп кетти. Баары көндүргөнгө аракет кылды, бирок Айдардын айтканын бербеген өжөрлүгү бар эле, таптакыр көнбөдү. Апасын кетирип жиберип, атасына аял болгон бул аялдын классында өлсө да окубайт. Чоң энеси экөө келе жатышты. Тыпылдап жанында баскан небересин сөзгө тарта турган болдубу, чоң энеси акырын кеп баштады.

– Айдар, Айгүл эжеңдин классында окуй бербепсиң да, балам.

– …

– Анда эмне күнөө, балам, ал да өз шорун тартып жүргөн бирөө да.

– Апам эми эч качан келбейби, эне?- деп жиберди Айдар.

– Та-аң, балам. Жашоодо мындай болот деп айта албайт экенсиң. Өтө баласаак болчу апаң. Бирок эмнеге кабары чыкпай калды билбейм, буга бир нерсе болдубу деп да ойлоп кетем. Өткөндө төркүн жагы да ал тууралуу эч нерсе билбейт экен деп уктум.

– Атам эмнеге издебейт, эне?

– Атаң…

Чоң энеси оор үшкүрдү. Айтарга жообу жок болчу.

ххх

– Аруукени силерге таштап турайын, апа, тааныш келиндин туулган күнү эле,- деди Айгүл бир күнү эшикти ачып. Кыш мезгили болчу. Чоң энесинин кашы жыйрыла түштү. Анткени Айгүлдүн көздөрү ойноктоп кызымтал эле.

– Кайсы тааныш келин?

– Сиз тааныбайсыз.

Теңселе түшкөн келин ичкенин билгизбегенге аракет кылып жатты. Кыраакы кайнене баарын билип жүргөн эле.

– Эрнис кайда?

– Мал базарга кетти. Торпок сатам деген.

– Анда эртең деле бар,- деди кайнене салмактуу. – Бүгүнкүң өзүңө деле жетиштүү сыяктуу,- деп кошумчалап койду. Айгүлгө ушу гана жетишпей турган болчу. Атырылып кетти.

– Сиз мени тескеп эмне кыласыз, биринчи балаңызды карап алыңыз. Жүргөн бир өлүмсүк. Же акча таппайт, же элдин эрлериндей жылуу сөз айтып койбойт. Ооз ачканча ыргыта чабат. Мен күң белем, жок дегенде теңтуштарым менен көңүл ача албаймынбы, ия? Иште, таяк же, баарына чыда. Бүгүн мектептен иштен бошодум. Арыз жаздым. Үйдө отуруп көрөйүн мен дагы, сиздин уулуңуз баксын.

Чоң эне сына түштү. Жалгыз уулу тууралуу жаман сөз дилине камчы болуп тийип жатты.

– Керек болсо сен баламдын уясын буздуң, сен тагдырын талкаладың. Асия менен жашаганда колунан да, оозунан да келген балам бар болчу.

– Ээ, билгениңерди кылып алгылачы,- деген келини Аруукени түртүп жиберип чыгып кетти. Аркасынан чоң энеси чыгып көпкө кер-мур айтышып жатышты. Сууктан эки бети албырып турган Арууке Айдарды карай салып жаркылдап күлүп жиберди. Сабагын окуп жаткан бала тура калып бөбөгүнүн кийимин чечип илип, алдына алып отурду.

– Абака, мен да жазайынбы?

– Сен кичинесиң, чоң болгондо сага жазганды өзүм үйрөтөм. Азыр кел сүрөт тарт.

Куду чоң кишидей альбомун чыгарып, түстүү карандаштарын алып Аруукени алаксыта баштады. Эртеси, анын эртеси да Аруукени алганга апасы келген жок. Чоң энеси айласы кеткенде өзү уулунукуна жөнөп калды.

Эрнис жалгыз экен. От да жагылбаптыр. Чоң энесинин жүрөгү шуу дей түштү.

– Эрнис, Айгүл кайда?

– Кетти.

– Кайда кетти?

– Иштеп келем деп кетти. Урушуп кеткенбиз, мектептен иштен бошойм деп арыз жазыптыр. Документтеринин баарын алып жок… Кетиптир.

– Ботом, эмнеге бир ооз айтпай кетти? Кызы эмне болот? Эмчектен эми араң чыккан баланы кантип багам?

Эрнис үн каткан жок. Туңгуюкту тиктеди. Ага азыр кызы да, уулу да, энеси да, дегеле дүйнө ордунан жылып кетсе да баары бир сыяктуу.

– Кыямат кайым келет деп коркута беришет го, апа. Көрсө, кыямат кайым келбейт окшойт. Ар бир адамдын өзүнүн кыямат кайымы болот окшойт.

– Эмне деп жатасың?

– Эч нерсе.

Жүрөгү титиреп кетти эненин. Алтынчы туюму менен жаман иш болгонун, аны өз уулу кылганын туюп турду. Андан аркысын сураганга да күчү жок болчу. Бооруна Аруукени кыса уулунун үйүнөн чыкты. Көз жашы куюлуп ээгинен агып келе жатты. Мектептен чыгып алып кар урушуп ойноп жүрүп келген Айдар босогону аттаары менен чоң энесинин ысык тамагы даяр болот деп келген.

– Эне, бүгүн мен “5” алдым,- деди кубанычтуу кыйкыра. Бирок чоң энеси мурункудай жалынып-жалбарып тосуп албады. Сустайып отуруптур.

– Эне?

– …

– Эне, эмне болду, коркутпачы.

– Келдиңби, балам? Аруукеңди карачы. Жаным жер тартып турат, жата турайын.

– Аруукени жеткирем дебедиң беле?

– Апасы кетип калыптыр.

– Кайда?

– Чет өлкөгө, иштейм деп кетиптир.

Айдардын жүрөгүнө туңгуюк бир коркунуч кирди. “Эмне эле баары чет өлкөгө кете беришет? Эмне жетишпейт? Эмнеге балдарын ташташат? Мен чоңойгондо эч кимдин апасы чет өлкөгө иштеп келгени кетирбегендей бир нерсе ойлоп таппасамбы…”

Кийимдерин илип жатып да, тамак ичип жатып да, бөбөгүн ойнотуп жатып да Айдардын ойлогону ушул эле. Ошол боюнча чоң энеси ооруп калды. Эми бар түйшүк Айдардын моюнуна түштү. От жагып, суу ташып, азык-түлүк алып келип, чоң энесинин дарыларын алып келип, Аруукени карап, айтор, тынымы жок.

– Кагылайын, моюнуң эле калыптыр го,- деди бир күнү чоң энеси аяп карап.

– Эч нерсе эмес, сиз эле айыгып кетсеңиз болду.

– Акылдуу жигит болосуң. Айдар, сен чоңоюп калдың, балам. Мен… Жаман айтпай жакшы жок. Эгерде Арууке экөөң эле кала турган болсоңор, карындашыңды колуңдан чыгарба, балам. Сага менин аманатым ушул болсун.

Атаң…

 

 

Чоң эне ооруп калды. Эмнеси экенин да билбейт, бир аз турса эле башы айланып жыгылып кетчүдөй болот. Эрнис апасы ооруп жатканын деле билбеди. Таң атып бара жаткан эле. Чоң эне араң турду, жылуусу кете элек мештин үстүндөгү чайнекти алып жакшылап даарат алды. Намаз окуганга алы такыр калбаган экен, ичинен тээ мурунтан тилине жат болгон келмелерин айтып, теспесин тартып отурду. Жарык таттуу уйкуда жаткан эки наристенин жүзүнө түштү. Биринен-бири өтүп сүйкүмдүү. Жүрөгү сыйрыла түштү. “Катыгүн ай, булар эмне болот? Бир аз туруп турсам болбойт беле? Эми эмне кылам?” Неберелеринин төшөктөрүн кымтылап койду да, күнөөсүз периштелерине узак дуба кылды.

Эне көп нерсени көргөн. Бирок ушундай заманды эч көрбөптүр. Тирүү туруп ата-энесиз калган балдарды, турмуш менен күрөшкөн бул кансыз согуш болгон коомду көрбөй койсо эмне? Энеси балдарына кылчайбай басып кеткен, атасы балдарына кайдыгер, бооруна басып өзү кийбей-ичпей чоңойткон бала энеге кайдыгер бул заманды көрбөсө кана? Канча кейисе да, эне Эрнисти эч күнөөлөбөдү. Ачык сүйлөшпөсө да уулунун абалын билип турчу. Ар бир жеңилүүсүн жүрөгүнүн тереңинен өткөрчү. Ичинен эки келинин жектеп турду. Ичинен эбак маркум болуп кеткен абышкасын жектеп турду. Абышкасы да ушундай эле. Өзүн ал үймө-үй кубалап сабачу. Эрнистен кийинки боюнда болгон баласын сабап жүрүп ичинен өлүк түштү. Ошол боюнча төрөбөй калды. Балким, жалгыз болбой бир туугандары болгондо ал мынчалык сынбайт беле турмуштан? Атасындай ызакор уул, колунан эч нерсе келбей калганда ызасын аялынан чыгарганды мурас кылып алгандай. Окуп кетсе, балким, жашоосу башкача болот беле? Балким, балким… Эненин ичиндеги “балким” деген балээлер эч бүтпөчүдөй. Минтип эки чүрпөлүү болду. Булар менен эч кимдин иши жок.

Эмнегедир ошол күнү Эрнис энесинин үйүнө келди. Кубарып жаткан энесин көрүп чочуп кетти.

– Сизге эмне болду?

– Бир айдан бери алым куруп…- деди демиккен энеси.

– Апа, коркутпачы…- Эрнис чөгөлөй калып энесинин колдорун өпкүлөп жиберди. Коркунуч толуп чыкты жүрөгүнө. Тыкан, турмушка бышкан энеси минтип төшөктө жатып калышы мүмкүн эмес эле. Кайпактап эмне кыларын билбей калды.

– Балдар кайда?

– Айдар мектебине кетти. Арууке мына.

Арууке бурчта турган экен. Бакырая атасын корко тиктеди. Узун бойлуу бул чоочун адам ага дайым коркунуч алып келчү. Кыздын жалооруган көздөрүнө чыдап карай албай терс бурулду Эрнис.

– Машине алып келейин, доктурга барасың.

– Тыйыным жок, балам. Сенде деле жок го, мал-жанды сатып бүттүң. Кыйналба, өтүп кетер.

– Мен табам, апа.

Көз жашын көрсөтпөгөнгө терс бурулду. Өлүм алкымдан алса да эне баласынын акчасын аяп жатканына жаны кейип кетти.

“Мен келесоомун! Эч нерсеге жарабаган макулукмун” деп жатты.

xхх

Аракет кылганы менен, Эрнис акча таба албады. Аргасыз уурулукка барды. Эртеси эле бул кабар айылдын аяк-башына жайылды.

– Эрнис кармалыптыр дейби?

– Милиция алып кетип жатканын балам өз көзү менен көрүптүр.

– Ий, бетим, ушунчага да бардыбы? Бир кезде айылдын мен-мен деген жигиттеринин бири эле.

– Жанагы Айгүл шойкому бузук неме, тагдырын бузуп кетти.

Айтор, айыл уу-дуу. Айдар сабактан келе жаткан. Аруукени тургузуп тамагын берип кетет. Бирок түшкө чейин барып тамак бериши керек эле. Мурункудай ойнобой да калган. Үйүнө шашып бараткан аны коңшунун баласы чакырды.

– Айдар!

– Эмне?

– Кайда шашып?

– Үйгө, Арушка тамак бериш керек,- деди каадалуу кишидей.

– Атаңды милиция кармап кетиптир го, уктуңбу?

– Эмне-е?

– Уй уурдаптыр дейт.

Тиги бала бул көрүнүш күндө болуп жаткандай бейкапар сүйлөдү. Айдардын жүрөгү мыкчыла ооруп кетти. Атасын жакшы көрчү. Кандай өзүн алыс кармаса да, эч бир убакта башынан сылап оюнчук алып бербесе да, мектептен алып келген жакшы бааларын мактабаса да ал атасын эч бир жанга теңебей жакшы көрчү.

– Калп айтасың,- деди чымыркана. Көзүнөн жаш ыргып кетпесе эле болду. Тигини жөөлөп өтүп чымын-куюн болуп чуркап жөнөдү. Атасынын үйүнө келди. Эшик ачык экен. Үй чаң-тополоңу чыга чачык. Бир нерсе издешкен окшойт. Меш жагылбай, жагымсыз суук денесин ичиркентип жиберди.

– Ата-а!- деди ал күбүрөп. Бир нерсе болгонун сезди окшойт, ыйлап жиберди. Жалгыз болгон үчүн өзүн токтотпой тим койду. Суук тамда жалгыз отуруп алып эси оогончо ыйлады. Ууру аталган атасына, такыр кабар албаган апасына ыза болуп ыйлады. Бир топто барып өзүнө келди да, шылкыя чоң энесинин үйүнө жөнөдү.

– Айдар, келдиңби кагылайын, эмне кеч келдиң?

– Мугалимдер…- бир нерсе деп айтса эле бакырып жиберчүдөй эрдин кыса тиштеди.

– Отуңду жага сал, бөбөгүң ачка болуп ыйлап жатып уктап калды.

– Азыр, эне.

Көнгөн иштерин кылып жүрүп да такыр кабагы ачылбады. Эмне болду экен? Балдары менен уруштубу? Чоң энеси көз салып жатты.

– Абака!- тура калып от жагып жаткан байкесинин жонуна жабышты Арууке.

– Коё тур, от жагып жатпаймынбы.

– Хм, абака кайда жүйдүң?

– Мектепте.

Айдар күңк этти. Адатта бөбөгү менен бир топ кожурашып, кээде күлүп калчу. Азыр эч маанайы жок.

– Балдар менен уруштуңбу?- деди чоң энеси.

– Жок.

– Эмне болду? Бирөө бир нерсе дедиби?

– Эне, сен өлүп калсаң, биз ким менен калабыз?- деди Айдар.

– Ок, антип айтчу эмес!- деп чоң энеси чочуп кетти.

– Өлбөйм мен!

– Ооруп жатпайсыңбы?

– Айыгам.

– Деги дейм да…

– Атаң бар, балам. Силерди жалгыз калтырбайт,- деди чоң энеси оозу бош. Айдар терс бурулду. Айтпаш керек. Ого бетер ооруп калат чоң энеси. Анын мал уурдап түрмөгө түшкөнүн айтпаш керек.

– Баса, атаңа чалчы. Келип кет, энемдин сөзү бар экен де.

– Чалбай эле коёлучу.

Эненин жүрөгү бир нерсени сездиби, кайта өтүндү. Айдар каалабай туруп чоң энесинин эски телефонун алып атасына чалды. Кудай жалгап бирдиги түгөнүп калган экен. Ал күнү чоң энеси билбей калды.

ххх

– Карга бок чокуй электе туруп алыпсың го, балам.

– Кар күрөп жатам.

– Эрниске айтчы, кабыргаң ката элек, чоң жумуш кылсаң боюң да өспөй калбасын.

– Эрнисиңден мен эле кыйын кылам,- деди Айдар бурк этип. Чоң энеси аргасыз жылмайып алды. Эрнис чын эле эрке чоңоюптур. Жалгыз бала деп атасы да, өзү да калкалай берип такыр алсыз кылып салышыптыр. Айдар башкача. Азыртан эле өжөрлүгү, турмушка бышыктыгы, жоопкерчилиги бар. Эркек бала энесинин канын көбүрөөк тартып калдыбы же? Эне ушуларды ойлоп турду.

ххх

Кызыл терге түшүп ойгонду жигит. Түшүнө чоң энеси кирип жатыптыр. Тээ мурункудай эле узун боюн койкойтуп басып жанына келди. Чоң энеси түз басчу. Башка кемпирлер сымал бүктөлүп албаганына энесине аябай сыймыктанчу. Артка байлаган жоолугу да сулуу көрүнчү. Дал ошондой басып келди да, энеси жанына отурду. “Аруукени тап, балам. Мен сага аманат кылбадым беле?” деп таарынгандай карап турду. “Табам, эне. Аман болсо эле табам” деп убада кылгысы келет, бирок сүйлөй албайт. Чабалактап жатып ойгонуп кетти.

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️