Айгүл терезени тиктеп ойлуу турду. Эрнисти ойлоду. Ушуга чейин бардык кылыктарына чыдап келсе да, уруп-согуп маалынан эрте төрөткөнүнө ичи муздап кетти. Кана кечээги сүйүү? Ата-энесинин абийирине, өзүнүн намысына карабай көгөрүп отуруп колун кармады. Анын баласы, аялы бар экенин билип туруп кашкайып жүрүп алды. Анткени ушу кара каш, кара көз жигитти катуу сүйгөн. Сүйлөгөндө көздөрү күйүп кете турган, олбурлуу жигиттин кучагында баарын унуткан. Арты эмне болорун билбей, акыл токтотконго чамасы келбей сүйгөн. Көзүнүн жашын шыпырып алды. Ыза кайнап турду. Ооба, окууну бүтүп келди, айылда мугалим болуп иштеп жаткан. Жашы да өтүп бараткан, өзү теңдүүлөрдүн баары үй-жайлуу, алды балалуу да болуп калган эле. Бир калыптагы күндөрүнөн тажап жүргөн. Борборго кетип калайын деп, оорукчан апасын кыя албай койгон эле. Бирок кийинки турмушу эмне болот деген бир түпөйүл ой эзгилеп жүргөн учурда Эрниске кезигип калды. Аны мектеп учурунда эле жакшы көрчү. Бирок кыз озунуп сезимин сүйлөй албай арманда кала берген. Кийин борбордо окуп жүрүп татынакай колукту алып келгенин угуп ичинен бир тынган.
– Кандайсың, Айгүл?- деди Эрнис жылмая.
– Оо, сен кайдан?
– Мындай эле иштер менен өтүп баратып… Куттуктайм, мугалим болупсуң.
– Рахмат, сени да уулдуу болду деп уктум. Окууңду таштап салдыңбы, ээ?
– Ии, шарт ушундай болуп калды. Биринчи курста эле бир кызды жактырып, колдон сүйрөп келип отургузуп койдум. Анан экөөбүз тең эле окуубузду таштап салдык,- деди Эрнис окууну таштап салганына ичи ачышып турганын билдирип.
– Эми жашсыңар да, дагы окуп аласыңар…
– Эми кайдан?..
Экөө ээрчише басып сүйлөшүп бара жатты. Коштошуп эки жакка басканда экөөнүн тең ичинде бир жылуулук пайда болуп коштошушту. Андан кийин эмне болду? Болбогон шылтоолор менен Эрнис мектеп жакка айланчыктай берчү болду, Айгүл болсо Эрнис жашаган көчө тараптан көзүн албайт. Укмуштуудай бир күч аны дегдетет да турат. Студент кезинде деле жигиттин колун кармап ээрчип көрбөгөн экен, жаштыктын деми башына тээп айласын кетирип салды. Уятына да, намысына да баш ийбеген аял-эркектин ортосундагы боло турган бир улуу күч анын акылын алды.
Саманканада чөптүн арасында экөө демдерин араң басып энтиге жатып калышты. Жолугушуп жүргөндөрүнө бир айдан ашып калган. Эрнис туруп кийинип баштады.
– Кайда?
– Үйгө да.
– Кичине калып турчу.
– Жок, билинип калабыз. Үйгө барайын. Асия да билип калбасын.
– А менчи?- деди тултуңдаган кыз.
– Сага бош болгондо келип турам.
Жүрөгү шуу деп кетти кыздын. Өмүр бою ушул боюнча ал аялынан бошоп келерин күтүп жашачудай сезим денесин үркүтүп жиберди. Чөптүн башын тиштегилеген боюнча кала берди. Мындай болбойт, Эрнисти кармап калуу керек. Эмне жол менен болсо да кармап калбаса болбойт. Варианттарды карап чыгып, боюнда кылса гана ал аялы менен ажыраша турганын акыл элегинен өткөрдү. Атайын алдырып сал деп айтпасын деп айтпай жүргөн. Эрнис анын ичин сылап жатып ток баскандай секирип кетти.
– Эй, энеңди-и, сенин боюңда барбы?
– Кайдан билдиң?
– Мына, турбайбы бөрсөйүп. Асиянын боюнда барда да дал ушундай болчу.
– Ээй, ары барчы, канча айтам мага аныңдын атын угузбачы деп…
– Жинди го мобу, канча болду билесиңби? Алдырышыбыз керек.
– Алдырбайм!
– Эмне-ее?
– Төрөйм мен, бүтүндөй дүйнө каршы чыкса да төрөйм бул наристени. Сүйгөн адамымдан болгон баланын өмүрүн кыя албайм.
Айгүлдүн өжөрлүгү бар болчу. Боюндагы баланы такыр алдырбайм деп туруп алды. Мына, жанында ыңаалап жаткан кыз ушундай жол менен жарык дүйнөгө келген эле. Баары Айгүл пландагандай болду. Айылдын баары Айгүлдүн ичиндеги наристенин атасы Эрнис экенин билишти. Асиянын көрбөгөнүн көр кылып жатып, ал чет өлкөгө кетип калды. Өзү келин болуп кирди. Бирок жеттим деген бактысы такыр көрүнбөйт го. Ушул элдин сөзүнөн, ата-апасынын уятынан артык болуп келген адамы аны өмүр менен өлүмдүн ортосуна кептеди. Адилеттик кана?
Келин кекиртегине кептелген жашын ары жутту. Таарынычы дайрадай болуп жатты. Ыңаалаган наристени колуна алып жүзүнө көз чаптырды. Эрнистин көчүрмөсү экен. Каш-кабагын бүркөп койду эле, өзү болуп калды. Келин күлүп жиберди. Биринчи жолу келин болуп келгенден берки чын дилден күлгөн күлкүсү ушул болчу.
xxx
Айдар дайыма чоң энеси менен. Колуна чоң нан көтөрүп алат да, чоң эненин белдемчисинин бир учун кармап кайда жүрсө ошол жакта. А энесинин оокаты деле бүтпөйт. Ичине батарейка киргизип алгандай эле кыбырайт да турат. Чоң энеси көп сүйлөчү эмес, кабагын чытып ойлуу жүрчү. Бирок ошол сүйлөбөгөн абалында да балага сүйүү берчү. Ал эми апасы башкача эле, кыңылдап ырдап, көп нерселерди сүйлөп, кээде китеп окуп берип, чогуу ойночу. Айдар ошолорду эстегенде улутунуп жиберди.
– Эмне үшкүрөсүң, көйнөгүңдү уй жегир?
– Көйнөгүмдүбү? Уй кантип жейт, эне?- деди бала бакырая тиктеп.
Чоң энеси күлүп калды. Чоң энеси экөө казанга нан жасашат. Балага баарынан ушул абал жагат. Беттери кызарып кеткиче отту тиктеп отурат, энеси көмкөрмөсү бышканда “быссымылда” деп өзү ооз тийип, четинен сындырып балага сунат.
– Эне, сиз эми тиги кызды да мендей жакшы көрөсүзбү?- деди капысынан Айдар.
– Ии, жакшы көрбөй анан. Ал дагы сага окшогон эле неберем да.
– А менчи?- баланын көзүнөн жаш айлана түштү.
– Сени дагы. Кичине чоңойсо сен дагы аны жакшы көрүп каласың. Сени менен кубалашып ойнойт. Байкем дейт.
– Ики,- деди Айдар башын чулгуп. Эч качан! Тиги аял төрөгөн баланы эч убакта бир тууганым дебейт. Ошол экөөнүн айынан Айдар апасыз калбадыбы?
– Антпе, балам, ал бечарада эмне күнөө? Эч качан балдарда күнөө болбойт. Күнөө чоңдордо болот.
Чоң энеси ойлуу ушуларды айтты. Жалгыз уул деп көкүлүнөн сылап чоңойткон уулу Эрнис эле. Асияны алып келгенде кубанганынан ыйлаган. Чынын айтыш керек, колунан да, тилинен да келген тың келин болчу. Өңдүү-түстүү да эле. Бул кабагы чытылып турган Үсөндүн кызы
(жаңы келини) деле сүйлөшкүсү келбейт. Апакелеп көңүлүн алайын да дебейт. Балким, ал дагы кайненесиндеги салкындыкты сезеби, ким билсин? Уулунун кийинкиси эмне болор экен деп ич майын жеген энесинин убайымын Айдар кайдан билсин?
– Мен ал кызды жаман көрөм,- деди Айдар бултуюп.
– Бир күнү сен андан жакын эч кимиң жок экенин сезесиң, балам. Карындаш деген аябай күйүмдүү болот. Биринчи чоңоюп басып алсынчы, сенин артыңдан калбайт.
Чоң энеси көзү ачыктай айткан экен…
Азыр Айдар чоңоюп жигит болгондо да ошондогу Аруукенин ысык алаканынын табын сезет. Эсинде таптак сакталып калган экен. Аруукени биринчи жолу кучагына алган көз ирмем болгону 5 жаш болсо да эсинде түбөлүк сакталып калыптыр. Ал дагы аргасыздыктан чыккан. Чоң энеси менен атасынын үйүнө барып калса деле бешикте жаткан карындашын карагысы келбей терс бурулчу. Канча алдап, дүкөндөн эмне каалаганын сатып берем десе да болбой баш чайкап наристе жакка тиктебей тура берчү. Кокус эле көзүнө урунуп калса итиркейи келип, “үйгө кетеличи” деп чоң энесинин жанын койчу эмес. Апасына болгон кусасы бир аз басаңдап, мектепке даярданып, тамга таанып, кошуна балдар менен ойноп калган кези болчу. Ошол учурда туугандары чоң энесин тойго чакырып, ал аргасыз Айдарды атасынын үйүнө таштап кете турган болду. Өзүнө айтса таптакыр көнбөйт болчу. Уктап жатканда атасы көтөрүп өз үйүнө алып келиптир. Түн бир оокумда ызы-чуудан ойгонуп кетти.
– Жетет! Сүйлөбөчү мага…
– Сыртка чыгып бир аз элге аралаш, иш тапканга аракет кыл. Эмне, жата бересиңби? Картошка казыла элек, “трактор менен сүйлөшүп койдум” дедиң эле же дайын жок.
– Сенин ишиң болбосун!
– Сенин тирүүлөй өлүк абалыңдан чарчадым мен. Эмне болуп бара жатасың, жок дегенде сакалыңды кырып алчы, эшикке чыксаң балдардын жүрөгүн түшүрчүдөй болбой.
Эрнис аялынын үнүн укпаганга аракет кылып кулагына жаздыкты басып алды. Айгүл токтободу. Мурдун алып ыргытып, бышактап ыйлап, түн жарымында убакыт тапкансып сүйлөнө берди.
– Менин мугалимдик менен тапкан акчам эч нерсеге жетпейт. Жок дегенде 1-сентябрда кийип барганга тыңыраак көйнөгүм жок. Шыпты тиктеп эле үшкүрүп, онтолоп жатасың. Билем сенин дартыңды. Тигиниңди унута албай жатасың да, ээ?
– Токтоп кал дедим сага!- деди тиштенген Эрнис. Көзүн жумуп жиберди. Түн жарымында балдарды коркуткусу келбеди. Энеси “тынч болгула” деп суранып кетти эле, барган тойдо тынч отуруп эс алып келсин, Айдар коркуп кетпесин деп ойлоду. Терең дем алып ичинен сандарды санай баштады. Токтоп калса кана?!
– “Асия эле, Асия” , кайда барбайын ошол желмогуздун атын угам. “Ал мындай эле, тигиндей эле, жаркылдап турчу эле. Оокатты тың кылчу эле” . Мен эч нерсе жасабай эле отургансып… Бардыгын кылып жатам, бул үйдү эптеген менмин. Канча аракет кылсам да бир Асиядай боло албадым. Бүт айылдын башын айлантып алганбы ал? Керек болсо мен андан билимдүүмүн, 5 жыл окугам. Ал укмуш болсо бир келип баласынан кабар алат эле го. Бир жылдан бери баласынан кабар алган жок.
Аял кургур азыр тыпырап муштумдун алдында каларын билсе да тилин тартпай быдылдай берди. Анткени чыдабай калган эле. Айылдагы терс көз караштан, кайын энесинин салкын көз карашынан, Эрнистин кайдыгерлигинен ызасы ташып бараткан. Эң негизгиси, сүйүктүү боло албаган аялдын ызасы эле. Кандай жол менен болсо да Эрнисти өзүнө байлай албай, айласы кеткендеги ызасы атылып чыгып жаткан кези эле. Эрнис жарым саат укту. Жини келип колдору карыша баштады. Күңкүлдөгөн аялы токточудай эмес. Такыр чыдамы кетти да, эркек ыргып туруп былч эттире бир муштады.
– Токтоп кал дедим го сени. Асия деген атты атаба дедим го сага! Башымды айлантып боозуп туруп андан ажыратып тийип алдыңбы, ия? Мына сага, көрсөтөм Асия дегенди оозуңа алган кандай экенин! Сениби шашпа!
Былч-былч урулган муштумдар. Аялдын уңулдап ыйлаган үнү. Айдар кулагын колдору менен жапты. Тээ мурункудай эт-жүрөгү титиреп коркуп кетти. Бул коркунучту бала кезиңде гана сезесиң. Түрсүлдөй соккон жүрөк алкымыңа келип, алакандарың нымдашып кетет. Ошол эле маалда ызы-чуудан Арууке ойгонуп кетип ыйлап жиберди. Атасы мунун ыйлаганын угуп бул бөлмөгө келип бизди да урат деген коркунуч пайда болду балада. Керебетинен тура калып, бөбөктү шыпылдата бешиктен чечип кучактай калды.
– Болду, Арууке, болду ыйлаба…
Кыз солуктай басылды. Көп учурда аны түн ичинде эч ким колуна алчу эмес. Ыйлап жатып, ата-энеси кырылышып жатып анын үнүн укпаганда кайра уктап калчу. Бакырайган көздөрү менен Айдарды тиктей калып тааныдыбы, дымып калды.
– Ыйлаба, тигилер дагы урушуп жатышат.
Быйтыйган алакандары менен кыз агасынын жүзүн сыйпалай берди. Айдар акырын кыңылдап, чоң энесинен көргөндөй май куйрукка таптады. Тынчый агасынын бооруна жабышкан боюнча бышылдап уктап кетти. Айдар уктаган жок. Түнү менен бөбөгүн колунда алып отурду.
xхх
Эрнис аялын уруп моокуму кангандан кийин сыртка чыгып кетти. Мындай учурда картошка каздырсам кереги тиет деп катып койгону эсине түштү. Сарайга барып катып койгон жеринен бир шише аракты алды да, оозунан эле иче баштады. Негизи ичкиликке жакын эмес болчу. Өзү эле чарт-чурт кыялы чукул неме ичкенде такыр жинди болуп калсам керек деп ойлочу. Бөлмөдө эсинен танып канга боёлуп жаткан аялын табалай ичинен күлүп койду. “Чала болот! Шиши толгон. Асия деп коёт дагы. Анын тырмагына татыбайсың сен” деп алды күбүрөнө. Көкүрөгү ачышып кетти. Эстебегенге аракет кылса да, анын элеси турганы-турган. Кайда болду экен? Бирөө-жарымды таап алса керек эмгиче. Өңдүү эмес беле. Кызганыч мээсин жеп кирди. Эрдин кесе тиштеди. Тээ ички туюмунда Асия эч качан кайтып келбесин билчү. Онтоп жиберди. Айгүл менен өзү жакындашып албаганда, боюндагы бала аныкы экенин элдин баары билбегенде, айласы кетип эки оттун ортосунда калган Эрнис кол көтөрбөгөндө кетмек эмес. Адам баарына өзүн-өзү күнөөлөгөнү жаман. Өзүн-өзү кечире албаганы жаман. Сарайдын бир бурчунда караңгыда отуруп башын дубалга ургулап жаткан Эрнистин кайгысы бир гана өзүнө белгилүү болчу.
xхх
– Жигит, канчанчы жолкусу бул? Жашагың келбесе ажырашып кет да. Соо жери калбаптыр аялыңдын,- деди врач. Эрнис эч нерсе дебеди. Кечирим да сурабады, өзүн күнөөлүүмүн деген ою да жоктой.
– Арыз жазып туруп кестирип жиберет.
– Мейли.
Кайдыгер эле баарына. Тиги эмне дээрин билбей кол шилтеп басып кетти. “Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген абал кайталана берди. Айгүл кетип калбады, Эрнис ызасын аялынан чыгаргандан тажабады. Бул арада Арууке эки жашка чыгып, көз тойгуза турган сүйкүмдүү кыз болду. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эң жакшы көргөнү Айдар. Көчөдө ойноп жүрсө да жазбай тааныйт. “Абака” деп атайт. Кайдан тапты бул ысымды ким билсин? Көрсө эле талпынат, жетип бети-башынан сыйпалай берген адаты бар. Айдардын жүрөгүндөгү муз да акырындан эрий баштады. Чоң энеси салып берген момпосуйларын кээде акырын чыгарып колуна кармата салат.
Жакындашып калганынын дагы бир себеби бар. Айгүл жумушка кеткенде кызын чоң энесиникине таштап кетчү. Тиричилик менен алек болгон чоң энеси “Айдар, кагылайын, Аруукени карай тур, камыр жууруй салайын, тамак жасай калайын” деп экөөнү бир бөлмөгө таштап коёт. Кыз жанына келип Айдардын көзүн чукуйт, чачын сылайт. Үстүнө чыгып алып ат кылып минет. Башында сыртын салып же сулк эле жатып берген Айдар эми анын колдорун кармалап, кээде кытыгылап күлдүрөт. Борсулдап экөө тең болбогон нерселерге каткырып калышат. Чоңдордун дүйнөсүндөгү катаалдык, өздөрү түшүнбөгөн бүтпөгөн чыр экөөнө тиешеси жоктой эки бир тууган бир дүйнө курушту. Анда адилеттик, катаалдык, кол көтөрүү, коркуу жок, керемет дүйнө болчу. Ал дүйнөдө экөө эле бар болчу. Ата-энелерине керек эмес, мээримге тойбой калган экөө бири-бирине сүйүү, жылуулук берчү. Бара-бара экөө такыр ажырашпай калышты. Айылдын эли 6 жаштагы бала аркасына көтөргөн эки жаштагы кызды ар көчөдөн көрүп жылмайып өтүшчү. Экөө тең “менин балам болсочу” деп эңсей тургандай таттуу эле. Аттиң, ошол кереметти ата-энеси сезген жок…
Уландысы бар…