Периштенин көз жашы 19 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=43840&preview=true Кызыктуу окуялар.

Периштенин көз жашы 19 бөлүм

 

 

Айдар кирип келди, атасынын көздөрү кыпкызыл болуп калган экен. Асман жүзү томсоруп башкача, бир нерсе болгонун дароо сезди. Эмне болду деп сурай албады. Эшик тарапка отура калды эле, атасы сыртка чыгып кетти.

– Аруш?

Кыз көзүн көтөрүп агасын карады. Кичине кезинде эле ушундай муңайган көз карашы менен карачу. Жардам сурагандай жалооруган көз карашы жүрөгүн тилип кетти.

– Айдар байке, мени шаарга жеткир.

– Макул.

Машинеде үн катпай бара жатышты. Кыздын көздөрүнө жаш толуп калганын байкап, жолдун жээгине токтоду.

– Ыйлагың келип жатабы? Ыйлап ал, ичиңде эмне болсо төгүп сал, ыза сактаганың эч кимге жардам алып келбейт.

– Жарым жылдан бери жаман түш көрүп жаткандай жашап жатам. Ушунун баары жашоомдо болуп жатканына кээде ишенбей кетем. Бул чындык менен жашоомду кантип улантам? Мени төрөгөн аялды өз атам өлтүрүптүр. Эмне күнөөсү үчүн? Баса, “Асия тууралуу бир нерсе деп айтты” деди. Асия деген ким?

– Ал менин апам.

– Экөөбүздүн апабыз бир эмеспи?

– Жок, башка. Асия менен атам кыз-жигит болуп сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөнүшүптүр. Мен төрөлгөндөн кийин атам сенин апаң менен мамиле түзүп алыптыр. Апама кол көтөрчү, аны элес-булас билем. Ох, Аруш, оор күндөр өттү. Мен кичине болчумун, төрт жашта болсом керек, элес-булас гана билем. Анан меники кетип калат, анткени сенин апаң кош бойлуу болуп калган экен. Айыл жерин билесиң. Жашырганга мүмкүн болбой калган окшойт, атам сенин апаңа үйлөнүшү керек болуп калат. Мени ал кезде чоң апам алып кеткен, кийин сен төрөлдүң. Сени алгач эч жактырбадым, билесиңби? Бирок кийин…

– Демек, баары мен үчүн болгон тура. Эгерде мен боюнда болуп калбасам…

– Жок, сен бул дүйнөгө келген эң сонун белексиң. Сен периштесиң, Аруш. Периштелер эч ыйлабайт дешет. Андыктан сен да ыйлаба.

– Менин апам кандай аял эле, мага окшош беле?- деди кыз улутуна.

– Жок, жүзүң, келбетиң атама окшош. Бирок бир күлүшүң бар. Ошол апаңа окшош. Бир жарк эткен күлкүң менен адамдын ичин жаркыратып жибересиң. Апаң ырдаганды, шаан-шөкөттү, жакшы кийингенди жактырган шайыр адам болчу. Эсимде калганы ушу.

Кыз улутуна агасынын ийинине башын койду. “Сен мени таштаба, Айдар байке, суранам. Таштасаң жоголуп кетем” деди ичинен.

ххх

Кайда барарын билбей турду. Көзүнө жылуу учураган жанагы жаш жигитке кадам таштады.

– Мага бир батир табышканга жардам бере аласыңбы?- деди. Көнгөндөй англис тилинде сүйлөп алды. Тиги таң кала тиктеп калды эле, катасын түшүнө койду. Кыргызча сүйлөдү.

– Ооба, эже. Отуруңуз.

Жолдо сулуу аялды таң кала тиктеп бара жатты. Өңү кыргыз, бирок турпаты башка улуттун өкүлүндөй. Ар тарапты чочуркап карайт. Хиджап кийген аялдын көздөрүндө коркуу бар эле. Сүйлөйүн деп баратып токтоп калды. Тааныштарынан сураштырып жатып Асияга бир бөлмөлүү батир таап берди.

– Мейлиңиз, эже, жакшы калыңыз.

– Рахмат.

Ал чемодандарын четке коюп бир топко отурду да, курсагы ачканын сезди. Шкафтарды караса кофе бар экен, кайнатып ичти. Эчен жылдан бери үй кызматкерине көнүп калыптыр. Өзү эч нерсе кыла албачудай. Бир саамга эч нерсеге карабай кайра көнгөн жашоосуна кетип калгысы келди. Бирок андагы жашоосу жыргалбы? Азыр анын эч кимге кереги жок. Эми эмне кылуу керек? Уулун издөөнү кайдан баштайт? Ички туюму бардыгын кайсы жерге таштаса, ошол жерден баштоо керек экенин сезип жатты. Эрнистин айылына барышы керек. Кимдир бирөө калгандыр, тааныгандар бардыр?

Асия ошол эле күнү айылга сапар алды.

ххх

– Биз эки күндөн кийин баш кошобуз, ээ?- деди Айгерим Айдардын колдорунан кармай.

– Үйлөнөбүз.

– Буюрса, баары жакшы болот.

– Албетте.

– Эмне эле айткандарымды кайталап жатасың? Өзүң айта турган эч нерсе жокпу? — деп тултуюп калды кыз.

– Билбейм, бардык сөздү эле айтып салып жатасың го?- деди Айдар күлүп.

– Баса, биз үйлөнгөндөн кийин атабыз менен чогуу жашайбызбы же?..

– Ооба, карыган кишини бөлүп коймок белек? Же сен атам менен жашагың келбей жатабы?- деди Айдар.

– Жок, тескерисинче, атабыз менен жакшы тил табышам. Сен жокто телефон чалып калганда жакшы сүйлөшөбүз. Балким, атам каза болуп калган үчүн аталардын баарын жакшы көрөм.

– Мышык десе,- деди Айдар мээрим менен чачын уйпалай.

– Бирок карындашыңды анча жакшы көрбөйм. Ачык эле айта берейин, ээ?

– Эмнеге? Адамды билбей туруп кантип жаман көрсө болот?

– Билбейм, Арууке сени менден алыстаткандай сезилет. Кээде ал болбогондо экөөбүз эрте эле тил табышып алмак белек деп ойлойм. Мен жете албаган көңүлүңдүн борборунда ал кыз тургандай сезилет.

– Жинди кызсың сен…

– Инстаграмдан сүрөттөрүн да көрдүм, эч жакпады. Сулуу экени талашсыз, бирок өтө эле боюн көтөргөндөй, өзүм билем сыяктуу, муздак сезилет.

– Сен аны такыр билбейт экенсиң. Кел, бүгүн экөөңдү тааныштырайын?- деди Айдар. Өзүнө жини келди. Жашоосундагы эң маанилүү эки адамды ушуга чейин тааныштырбай жүргөнүнө таң калды. Айгерим каршы болгонуна карабай түн ичинде Асмандыкына жөнөдү.

ххх

Асия күн батып калганда айылга келип түштү. Эрнис экөө айылдын четинен түшүп калып, талааны аралап басканды жакшы көрүшчү. Оо, анда бир башкача дүйнө эле. Жапжашыл ааламда кол кармашкан экөө. Алдыда бир гана бактылуу жол тургандай, эч кандай тоскоолдуктар болбочудай сезимдер эле. Өзү 18 жашты эми ашкан, Эрнис 19 жашта болчу. Бул талааны аралап баратып жанында Эрнис менен Асия да кол кармашып баратышкандай сезилди. Көздөрүнө жаш толду. Дал ушул жерден баласынын “апалап” чырылдаганына карабай качып баратканын эстеди. Укпаганга аракет кылып, кулагын колдору менен жаап, буту-бутуна тийбей чуркап бараткан келин Асияны эстеди. Бала ошондо кантти экен? Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлагандыр, жол карагандыр? Үмүт менен эчен жолу күткөндүр? Бирок ал келген жок. Башында «иштеп бутума турсам келип алып кетем» деп ойлочу. Бирок жашоо аны такыр башка ой-кырга жетеледи. Абдулга жолукканда мурунку жашоосу тууралуу айткан жок. Алтын-күмүшкө, сүйүүгө, эч бир кыргыз аялы көрүп-билбеген турмушка сүңгүп киргенде баланы унутушка аргасыз болду. Анын жаңы, жомоктогудай керемет жашоосунда балага орун жок болчу. Өтмүшүнө да орун жок эле. Бул сыр 26 жыл бою өзү менен чогуу жашады. Жөн эле жашаган жок, сызгырып, жанын сыздатып жашады.

Эрнис кой-эчкилер кулатып кеткен кашааларын оңдоп жаткан. Кечээ Айдар менен Асман кеткенден кийин шаарга кайтайын деп ойлогон. Бирок дагы бир-эки күн калып, короо-жайын карап коймокчу болгон. Күн батканча бүтүрө салам деп ойлогону менен, иш көп экен. Чекесинен терин аарчый ордунан тура берип, хиджап кийген арык аялдын караанын көзү чалып калды. Бир тиктеп тааныган жок. Кайра башын көтөрүп алдында Асия турганын көрдү.

– Асия?- деди ал өз көзүнө ишенбей.

Алдында Асия, бирок башка аял турган. Көздөрүнүн нуру жок, чарчаган, муздак, ак куба тарткан аял болчу…

 

Ооба. Асия дал маңдайында турат. Түш эмес. Ушул абалда канча убакыт турушканын экөө тең билбейт. Акыры эркек кадам таштады.

– Асия? Бул сенби?

– Мен.

– Келдиңби?

– Келдим.

Эрнис бул ирмемди күтүп келген. Анын кыялында Асия менен ар түрдүү кырдаалда жолугуп калуу ыктымалы бар болчу. Бирок дал ушул жерден жолугуу анын оюнда жок эле. Асия Эрнисти карап турду. Жылдар бою чогулган ызасы, таарынычы, эч бүтпөгөн жек көрүүсү бар эле. Бирок азыр эч нерсени сезген жок. Болгону аябай чарчаганын сезди. Ал кетип жатканда Эрнис 24 жаштагы жигит болчу. Азыр алдында чачтары аппак болгон адам турду.

– Кел, үйгө кир,- деди карбаластаган Эрнис.

Жапыс тамдын ичине киришти. Эч нерсе өзгөрүлбөгөндөй. Кайненеси биринчи жолу ак жоолук салып, кубанычтан ыйлап, көшөгөгө кирген үйү. Кийин Эрнис үй салып, бөлүнүп кетишкенче мээрман кайненеси менен чогуу жашашкан. Айдарды да ишенип ага таштаган. Эски эмеректер көзүнө жылуу көрүндү. Айыл жеринде свет тез-тез өчүп турат эмеспи. Кечке маал свет өчүп калды. Жалгыз шамдын маңдайында экөө үнсүз отурушту. Биринин турмушун бири сураганга даай алышпады. Ошол эле учурда дүйнөдөгү бардык азаптар бүткөндөй бейпилдик бар эле.

– Эмнеге келдиң?

– Күйөөм каза болду. Абдул мен үчүн бардыгы болчу. Ал өлгөндөн кийин эмне кыларымды билбей калдым.

– Өтмүшүң менен жүздөшкүң келди,- деди Эрнис.

– Ооба, канча жашайм ким билет, кетирген каталарымдын жүзүнө тике карагым келди.

– Баарына мен күнөөлүүмүн.

Аял шылдыңдуу тиктеди.

– Сен өзүң ойлогондон да көбүрөөк күнөөлүүсүң.

– Жазамды ашыгы менен өтөдүм, бирок…

– Ким билет, мен сенин күнөөлөрүңдү териштиргени же өз күнөөлөрүмдү актаганы келген жокмун. Бул дүйнөдө жооп бере албай калганыбызды тиги дүйнөдө жооп беребиз. Айдар тууралуу билгим келет. Кандай бала болуп чоңойду? Кимге окшош? Азыр кайда?

Эрнис аялды таң кала тиктеп турду. Адамды айрым кырдаалдар өзгөртүшү мүмкүн. Өзү түрмөдө жатып өзгөрдү. Бирок алдында турган аял таптакыр башкача болуп калган экен. Мурунку Асиядан бир дагы элес жоктой. Алдында Асиянын жүзүн чаптап алып башка аял отургандай. Көздөрү ушунчалык муздак болчу. Асиянын көздөрү башкача эле. Жаркылдаган, курч, жалындуу көздөрү бар эле. Азыр Айдардын көздөрү ошондой, жалындуу карайт, курч тиктейт. “Кудай, уулумдун көзүндөгү жалынды өчүрбө” деп дирилдеп тиленип жиберди Эрнис. Эрнистей же Асиядай дүйнөнү муздак көрсөтпөсүн.

– Мен эмне айтарымды билбейм. Түрмөдө жаттым. Өспүрүм кезин да, балалык кезин да өткөрүп жибердим. Балдар үйүндө…

– Айдар балдар үйүндө тарбияландыбы?- деди аял коркунучтуу тиктеп. Ичинен

“андай болбосо экен” деп ойлонуп жиберди.

– Ооба, Айдар да, Арууке да балдар үйүнө өткөрүлүп берилиптир. Энем каза болуп, мен түрмөгө кеткенден кийин 1 жыл өздөрүнчө жашаптыр. Анан балдар үйүнө өткөрүлгөн экен. Кийин кызымды башка адамдар багып алышыптыр. Айдарды болсо сенин ата-энең алып кетишкен экен. Ал Баткенде чоңойду. Айдар чоңоюп, студент болгондо түрмөдөн чыктым.

– Атам кабыл алыптырбы?- деди Асия таң кала.

– Атаң “баары бир тең, Айдар бир тең” деп мыкты лицейде окутуп, кийимдин жакшысын кийгизип чоңойтуптур. Ал кишиге жолугуп, ыраазычылыгымды билдирем деп жүрөм. Бирок кайсы күнү билбейм. Таята-таенеси менен мамилеси аябай жакшы. Видео байланыш аркылуу сүйлөшүп кабар алып, дары-дармек жөнөтүп турат.

– А мен тууралуу сурайбы?- деди Асия үнү калтырай.

– Жок. Бир-эки жолу сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Бирок сүйлөшкүсү келген жок. Билишимче, эң чоң жарасы, эң чоң ызасы сенсиң.

– Жашоодо дайым ушундай. Эң жакын адамың гана оор сокку бере алат. Эң жакын ишенген адамың тирүүлөй көмүп, жүрөгүңдү сууруп, башка адам жасай алат. Меники да ошондой болду. Атам эң жакын адамым эле. Бирок оор учурда жүзүн буруп кеткен да ошол адам болду. Эгерде мен сени да, атамды да кечире албасам, Айдар мени кайдан кечирсин?..

– Ушу жумада Айдардын үйлөнүү тою болот.

– Чынбы?

Асия уккан кулагына ишенбей жатты.

ххх

Апакай көйнөк кийген колукту тынчсыздана телефонун карап жатты. Айдар келмек. Жүрөгү алып-учат. Убакыт тез өтүп кетишин тиледи. Бир кезде Айдар келди.

– Эмнеге кечиктиң?

– Сени бир аз тыбырчылатайын дедим.

– Кандай экенмин?- деди Айгерим тегерене. Кыз чындап супсулуу болчу.

– Кереметсиң!

– Сен дагы.

– Кеттикпи?

– Атам келмек, кечигип жатат. Арууке менен атам келсин, анан чыгабыз.

Таежесинин үйүнөн ары ЗАГСка жөнөп кетишмек. Бир аздан кийин Асман келди. Сонун гүл көтөрүп алыптыр. Ак куудай керилген кызды көрүп, Айдардын достору ооздорун ачып калышты.

– Айдардын карындашы…

– Аябай сулуу экен, ээ? Карасаң, бизден жашырып жүргөнүн…

– Абайла, Айдар моюнуңду жулуп албасын.

Ушинтип күбүрөшүп жатышты. Асман түз эле агасын кучактады.

– Куттуктайм, бүгүн сенин күнүң. Бактылуу бол, сен чындап татыктуусуң.

– Чүш-ш, бүгүн ыйламай жок.

– Жок, ыйлаган жокмун. Мен сени жакшы көрөм, Айдар байке.

– Мен дагы.

Ага-карындаш бири-бирин бактылуу тиктеп турушту. Босогодон келин көрүндү. Жүзү албырып, бактылуу эле. Айдар колунан аяр кармап тепкичтен түшүрдү. Дал ушул учурда атасы короого баш бакты.

– Ата, каякта жүрдүң? Эмнеге кечиктиң?

– Айдар, балам, бүгүн сенин эң бактылуу күнүң. Бактыңды бөлүшө турган дагы бир адам бар.

– Ата, таятамдар келишпейт. Болуңуз эми, машинеге отуралы.

– Апаң келди.

– Эмне-е?!

Айдардын аң-сезимине бул сөз жеткен жок. Апасы дейби? Кайсы апасы? Атасы эмне деп жатат? Ушул учурда короодон Асия көрүндү. Эчен жыл көрбөсө да, бала кургурдун жүрөгү тааный койду. Бул аял элес-булас эсинде калган. Аң-сезиминин түпкүрүнөн эстегенге тырышкан, эчен жылдар бою эзилип күткөн ушул аял. Күтө берип боору катып, ызасы тоодой болгон. Түндө сагындырган, жаздыгын суу кыла ыйлаттырган ушул аял эле. Эми маңдайында эч нерсе болбогондой турат. Төрт мүчөсү түгөл, атүгүл эң жакшы жашоодо жашаганы да көрүнүп турат. Айдар теңселип кетти. Анын колдору титиреп жатканын Айгерим гана сезди.

– Жок, ал эмес!- деди ичинен.

Качып кеткиси келди. Бул аялдан качып кутулуу керек. Азыр үйлөнүү тою экенин, колуктусу жанында турганын да унутуп калды. Колун бошотту да, кетенчиктей берди.

– Айдар!

Ал эч нерсени уккан жок. Бул аялды карап туруу мүмкүн эмес болчу. Тез бурулуп машинесине отурду да, от алдырып жөнөп кетти. Аркасынан кыйкырган досторун, ак көйнөк кийген колуктусун, атасынын бир нерселерди айтып чуркап келе жатканын көрдү. Жер-суу тегиз болуп кетип бара жатты. Сол жагындагы муштумдай эт гана дүкүлдөп кагып, ээ-жаа бербей жатканын, каны дүрүлдөп мээсине чыгып баратканын сезди…

 

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️