Абдул каза болгондон кийин бул заңгыраган үйдө кармап турган эч нерсе калбагандай. Ички туюму аны мекенине кайтуусу керек экенин айтып жаткандай.
“Канча жашайм? Ким үчүн жашайм? Өлсөм кимдин эсинде калам?” деди ичинен. Эми гана бул жер мекени боло албаганын түшүндү. Бир гана адам ага мекен болгон экен. Канаты кайрылганда, жүрөгү канаганда, жашоосу бурганакка кабылганда сууруп чыккан адам гана мекени болуптур. Аны жоготуп жаны кыйнала баштады. Абдулсуз кантип жашоо керек? Аны күтүп, гезит окуп берип, баарлашууну ушунчалык каалап жашачу. Бара-бара жашоосунун маңызы ошол адам болуп калыптыр. Эми ал жок. Бирок бул жоготууга өзүн мурунтан эле даярдап койгон. Жоготууга көнүп калган жүрөк тагдырдын дагы бир соккусун кабыл алганга даяр болчу. Булардын баары эч нерсе эмес эле. Абдул дүйнөдөн кайткандан кийин жашоосу кунарсыз болуп калды. Жашоосу эч нерсеге толбой жанын кыйначу болду. Уйку бетин көрбөй, кыйналып таң атырган бир күнү чечим кабыл алды. Кетиш керек. Канчалык оор болсо да өтмүшү менен кайрадан бетме-бет келүүсү керек. Таарыныч оор нерсе. Ушунча жылдан бери ата-энесине таарынды, баркталбай калган жаштыгы үчүн Эрниске ыза болду.
– Сен аларды кечиргенге даярсыңбы?- деди ички үнү.
– Жок, эч бирин кечирбейм. Атам Эрниске тийгеним үчүн кечип кетти. Эмне үчүн менден кол үздү? Анын эркеси, жалгыз кызы элем. Жаш болчумун. Жаш кезинде ким жаңылыштык кылган эмес? Бирок ошентсе да босогосун аттатпайм деди. Эч бири түшүнө алган жок. Өз колдору менен отко түртүштү. Баарынан кечип Эрнистин колун кармадым. Жүрөгүмдү арнаган адамым башканы сүйүп калды. Өлөрүмө карабай токмоктоду. Намысымды тебелеп, аны кош бойлуу кылып, көз алдымда ээрчишип жүрдү. Жүрөгүмдү өрттөп жиберди. Дүйнө капкараңгы болду. Уулумду таштаганга аргасыз кылды. Энелик сезимимди уурдап алды. Мен эч качан кечирбейм! Эч бирин кечирбейм.
– Анда эмнеге барганы жатасың? Байлыгың өмүрүңдүн аягына чейин жетет…
– Билбейм. Көкүрөгүм бош калды. Абдул да өлдү.
– Кечирбесең барыштын кереги жоктур?
– Уулумду… Айдарды бир көрсөм…
– Ха, ал сени кечиреби? Сен ата-энеңди кечирбей жатасың. 4 жашында таштап, бир кылчайып койбогон энесин ал кечиреби?
– Мейли кечирбесин, кечирим сурабайм деле. Бир көрсөм…
– Көргөндө көкүрөгүң ачышат. Жанында болгуң келет. Жараң козголот. Көп жыл бою бул жараңды айыктырганга аракет кылдың го.
– Мейли, алыстан болсо да бир жолу көрсөм. Кимге окшош болуп чоңойду экен? Балким, мага окшоштур?
Реалдуулуктун үнүнө каршы эне жүрөгү жооп берип жатты. Күндөн-күнгө ичиндеги диалог күч ала берди. Акыры энелик сезим жеңип чыкты. Ал Кыргызстанга кетүүгө билет алды.
ххх
– Сен жыргап эле жүрөсүң да. Кабарың жокпу?
– Эмнеден?
– Айгерим турмушка чыкканы жатат деп уктум.
Айдар досун жалт карады. Чын айтып жаткандай. Эмне кыларын билбей туруп калды. Үн каткан жок. Демек, ошентип чечти. Жашоосундагы чоң сырын ачып, карындашы тууралуу айткан адам сатып кетти. “Хе, эмнени күттүм? Баары бирдей сүйөм, күйөм дешет. Атүгүл бир топ жыл артыңдан жүрүшөт. Бирок чындап туруктуулук эмне экенин билишпейт. Мени өз энем таштап кеткен. Айгеримден кайсы туруктуулукту күтүп жатам?” деди ызалуу. Бир аз убакытка өзүн токтотуп «а мен бул кызга эмне кылдым?» деп суроо сала алган жок. Жылдар бою артынан чуркап, көзүнүн кареги менен тең айланып келген кызга эмне кылганын ойлонгон жок. Көкүрөгүндө бир гана ыза турду.
– Тийгени жатса бактылуу болсун!
– Келесоо болбочу, сен аны сүйөсүң. Жөн эле жинди болбой бар, сүйлөш.
– Сүйлөшпөйм.
Көк бет экенин досу билет. Башын чайкаган боюнча үн каткан жок. Бирок Айдар барбай койгонго күчү жетпеди. Бир маалда байкап көрсө унаасы менен Айгеримдин үйүнүн жанында турат. Алгач өзү да чочуп кетти, “эмнеге келдим?” деп эсин жыйганча Айгерим чыгып калды. Качып кеткенге жол жок. Үн катпай келип машинасына отурду. Жарым сааттай жөн эле отура беришти. Айгерим кайра түшүп кете турган болгондо гана Айдар шашкалактап кетти.
– Отуруп турчу.
– Эмнеге?
– Мага бул жерде отурганың жагып жатат.
– Ким ал?- деди бир маалда.
– Бир жигит.
– Жигит экенин билип жатам, кызга тийбейсиң да. Ким? Кайдан чыкты?
– Бир жерден чыкпай эле бар болчу. Сен мени кандай байкабасаң мен да аны ошондой байкабай келгем. Байкадым. Жакшы жигит экен. Эмнеге болбосун?
– Сүйүп калдың?
– Ии, сүйүп калдым,- деди кыз эрегише.
Айдар кызды чыканактан алып көзүнө карады. Кыздын көздөрүнө жаш айлана түштү.
– Сен аны сүйбөйсүң.
– Сүйбөсөм эмне болуптур, жакшы эр болсо болду,- деди кыз өжөрлөнө.
– Кабыл алгысы келбеген адамдын аркасынан чуркаганча, сүйгөн адам менен бактылуу болоттурмун.
– А мен баары бир сени сүйөм. Канчалык качсам да…
Кыздын көздөрү бакырая түштү.
– Сүйгөн адамыңдан эмнеге качасың?
– Анткени корком. Үй-бүлө кургандан корком. Сен башынан «баш кошолу» деп туруп алдың. Биз ошонун айынан кыз-жигит да боло албадык. Мен үй-бүлө үчүн жаралган адам эмесмин. Аны такыр түшүнбөйсүң. Сүйөм мен сени! Эч кимди эч качан сүйбөгөндөй сүйөм! Бирок үйлөнө албайм.
Кыздын башы маң боло Айдарды карап калды. Эмне деп дөөрүп жатат бул? Алаканын чекесине койду. Салкын эле.
– Жөөлүбөй эле турам.
– Адамдай түшүндүрчү мага. Мени сүйсөң эмнеге аялдыкка ала албайсың?
– Биринчи карындашымды издедим. Аны тапмайынча өзүм тууралуу ойлоно албайм дедим. Таптым, баары жакшы болду. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө дагы деле коркорумду билдим.
– Эмнеден?
– Атам менен апамдын тагдырын кайталагандан. Балким, биздики да ошондой болуп калсачы? Атам апамды ушул күнгө чейин сүйөт. Асия деген атты укканда көздөрүндө бир жарык пайда болот дейсиң. Эч бир адам ага башкача таасир бере албайт. Бирок алардын сүйүүсү түбөлүктүү болбой калды. Ортодо биз жапа чектик. “Балдар көп учурда ата-энесинин тагдырын кайталайт” дешет. Балким, сен башканы сүйүп каласың же мен… Билбейм. Мага оор.
– Анан эч качан үйлөнбөйсүңбү?
– Менден кетсең эч качан үйлөнбөйм. Балким, сени менен бул коркунучту жеңем. Балким, экөөбүз бактылуу болобуз? Эмне кыларымды билбейм. Мага жардам бер, үмүт бер.
Айдар жалооруй тиктеди. Айгерим күлүп жиберди. Жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан эң таза, бактылуу күлкү болчу. Айдардын моюнуна асылды.
– Эмне күлөсүң?
– Мен эми түшүндүм сени. Сен эч ойлонбо, ЗАГСка арыз жазабыз, эч кимге айтпайбыз, жөн эле үйлөнүп алабыз. Эң башкысы, мени сүй. Башкасын өзүм жайгарам.
– Кандайча?
– Баш кошобуз. Сен корксоң, мен коркпойм. Бактылуу болобуз, быжыраган балдарыбыз болот. Сонун ата болосуң, эч качан айрылышпайбыз.
– А тигичи?
– Ал шылтоо болчу. Аны эбак эле жолуна салгам. Сенден башка эч ким менен жашай албайм.
Айдар таң калып тиктеп турду. Жүрөгүндө үмүт жана баштады…
Асман көздөрүн жумду. Акыркы ай ушундай оор болду. Компаниянын бүт документтерин изилдеп, бул медиа холдинг кантип иштээрин билип, турмушундагы эң оор тажрыйбадан өттү. Эмгекчил кыз болчу. Түнү 2-3кө чейин иштеп, эртең менен кайра таң атпай ишке киришүү адатка айланды. Айдар анын эң жакын жардамчысы болуп дайындалды. Көп ишке көзү жеткен жөндөмдүү жигит чындап карындашына чоң колдоо болду. Иш кагаздарга, күтүүсүз идеяларга, ойлорго, түйшүктөргө бай жумалар өтүп жатты.
– Аруш, сен эс алышың керек.
– Жок, мен иштеримди бүтүрүшүм зарыл.
– Ишиң качпайт, оор абалдан бир аз чыгып алдык. Эгерде дагы бир аз ушундай темп менен иштесең жок болуп кетесиң. Түшүндүңбү?
Асман ууртунан жылмайып турду. Кандай сонун адам бул? Көзүнөн баарын билип турат.
– Айдар байке, сен кичинеңден эле дайыма ушундай болчусуң, ээ?
– Билбейм, балким.
– Сен аябай сонун агасың. Баса, Айгерим эмне деди?
– Бир жумадан кийин үйлөнөбүз. Арыз жазып койдук.
– Ыя? Чукул экен го, биз эмнеге даярданбай жүрөбүз?
– Биз жөн эле эч кимди убара кылбай үйлөнөбүз. Атам үйгө молдо чакырат, ал никебизди кыят. Шаан-шөкөт болбойт.
– Кыз тарап ошого макул бекен? Андай болбойт го?
– Баткенге кийин барабыз. Апасы эле бар. Ал “бекер алса да Айдарга тийчи” деп айтат экен. Кийин барып салт-санаасын жасап коёбуз деп чечтик. Азырынча ушундай. Сен, атам, эки досум, Айгеримдин таежеси ушул адамдар эле катышат.
– Макул. Жеңем менен качан таанышам?
– Билбейм, көрөбүз. Бир күнү тааныштырам.
Айдар коомайлана берди. Көздөрүн ала качып, куду бир күнөө жасап жаткандай ыңгайсыздана түштү. Асман агасынын ички дүйнөсүнө кире аларын билет. Кайсы бир учурда өзү менен өзү болгонду жактырарын да сезип калган.
– Биз бул жумада төрөлүп-өскөн айылыбызга барып келбейлиби? Мен дагы эс алат элем. Сен мага көп нерселерди айтып бересиң,- деди Асман капысынан.
– Атамды да алышыбыз керек.
– Эмнеге?
– Аруш, канчалык ал кишини жокко чыгарсаң да ал бар. Атаң тирүү. Анын да сага өтмүштө эмне болгонун айтып бергенге толук укугу бар. Ооба, ката кетирди. Бирок өмүр бою жазасын тартып келе жатат. Андыктан атаң менен сүйлөшүшүң керек.
– Менин бир эле атам бар. Ал Сулайман.
– Жүрөгүңдөгү атаңды эч ким талашпайт. Бирок менин атамдын да чындыгы бар. Сага өмүр бергени үчүн болсо да аны бир жолу угуп коюшуң керек. Сени айылга алып барам. Бирок атам да ал жакта болот.
Асман башын чайкады. Эрнис ал үчүн чоочун адам болчу. Атам деп кабыл алуу таптакыр мүмкүн эместей сезилди.
ххх
Чакан айыл. Аркасына карындашын көтөрүп тырбалаңдаган Айдар. Көздөрү мончоктой Арууке. Кызык, бул окуя кечээ эле болгондой. Атүгүл бут алдында турган топуракта издери калгандай. Машинадан түшүп бир топко басышты.
– Эстедим мен. Мындан бир аз алыста дарак болушу керек. Дарактын жанында кичине арык бар. Сен мени дарактын алдына отургузуп коюп бети-башыңды жуучусуң. Бир аз ойлонуп отурчусуң.
– Ооба. Эс алчу жерибиз ошол болчу. Анын ары жагында көрүстөн бар. Калыс ата, энем…- деп баратып Айдардын үнү өзгөрүлө түштү. Тогуз жаштагы кезин, энекем деп өксүп кайгырып жатканын, бою узун, алакандары дайыма жылуу чоң энесин эстеди. Жашоодогу эң мээримдүү көздөр болчу. Бирок тереңине кайгы чөгүп кеткендей көздөрү бар эле энесинин. Муунуп кетти.
– Көрүстөнгө бара кетели.
– Макул.
Айдар энесинин көрүстөнүнө келди.
“Эне, мына, Аруукеңди таптым. Сага алып келдим. «Карындашыңа көз бол, балам” деп айткансың. Сөзүмө турдум. Сени эч унутпадым, эне. Таенем мага үйрүлүп түшүп, ысык наны менен айранын берип жатканда көз алдыма келчүсүң. Сен өз заманыңдын эң кыйын аялы болдуң, эне. Мен баарын билем. Сага канчалык оор болгонун билем. Жалгыз уулуң ишенимиңди актабай калганда, үмүтүң уурдалганда неберелериңе карманганыңды билем. Сен бизди аябай жакшы көрдүң. Мына, эми сенин алдыңдагы карызымдан кутулдум. Арушту алып келдим. Эми тынч жат, энеке”
деп сүйлөп жатты ичинен. Энесине, Калыс атасынын көрүстөнүнө барып куран окуду. Ичинен ага да ыраазычылык билдирди.
Үйүнө келишти. Эшик ачык, түтүн чыгып жаткан экен. Атасы кечээ эле бул жакка келген. Машинадан түшкөн балдарын утурлай сүйүнүп жөнөдү.
Айдар менен учурашып Асманды карап калды.
– Саламатсызбы?- деди кыз жөн гана.
– Жакшы, кызым, жүрү үйгө киргиле. Чарчадыңарбы?
– Сүлгү алып, суу жакка барып түшүп келейинчи. Анан келип чай ичели,- деди Айдар. Кызы менен атасын жекеме-жеке таштоо үчүн айтты окшойт. Берки экөө да билип турду.
Айдар кеткенде экөө үнсүз чай ичип отурушту. Асман кулак-мурун кескендей үнсүздүктөн ыңгайсыз болуп кетти. Көзүн көтөрүп алдында отурган адамды тиктеп калды. Көз токтотуп биринчи жолу карады. Тобо, чындап бул кишиге окшош тура. Көздөрүн, каштарын, мурдун, чай ичип отурган колдорун карады. Шадылуу колдору да өзүнүкүнө окшош экен. Жини келе түштү.
– Апам тууралуу айтып бере аласызбы?- деди. Ал дилинде жүргөн суроону берди.
– Апаң…- Эрнис алаңдап кетти. Эмне дээрин билбей калды. “Апаңды мен өлтүргөм” дейби? “Кырсык болду” дейби?
– Апам кайда менин? Таштап кеткенби? Башкага турмушка чыкканбы?- деди кыз чыдамсыздана.
– Жок, апаң…-Эрнис мукактанып кетти.
– Апаң каза болду. Сен кичине кезиңде каза болгон.
Кыздын көздөрү бакырая түштү. Көкүрөгүнүн кайсы бир жеринде өз апасынын тирүү болушун, аны табууну каалаган тура.
– Апаңды… Мен… Өлтүрүп алдым, кызым. Чындап эле кырсык болду. Анын өлүмүн, түрмөдө жатышымды, силер кароосуз калышыңарды каалаган эмесмин. Кызуу кандуу элем. Ал дагы жиниме тийди. Мен ага көп жолу Асия дебе, Асияны айтпа дегем. Ал уккан жок. Кайра-кайра жарамды тырмай берди. Кызым, анын өлүмүн каалаган эмесмин.
Чоң эле киши солкулдап ыйлап жиберди. Өпкө-өпкөсүнө батпай, күч менен басып жүргөн кайгысы чыгып кеткендей ыйлап жатты.
Асман бутун кучактап “кечир” деп ыйлап жаткан адамды тиктеп тура берди. Нес болуп калды. Ата менен кыз ушул абалда көпкө отура беришти. Буркурап кайнап жаткан самоордун да буусу тарап тынчыды. Эченден бери катылып келген бугу чыгып Эрнис да энтигип турду. Ушу саам гана ал өзүн бактылуу сезди. Кызынан кечирим сурап, дартын түшүндүрүп жатып гана өзүн-өзү кечиргенин сезди. Акыры жан азабы бүттү.
ххх
Учак таңга маал Кыргызстанга келип конду. Өз жеринин босогосун аттаган аял дендароо боло түштү. Жүзүнө жагымдуу салкын аба келди. Мурдуна тааныш жыт… Чымчыктардын үнү да тааныш. Өрөпкүп кетти. Көрсө, Ата Журтун сагынган экен.
“Сагынбайм, көргүм келбейт” дегени менен, ушул жытка, топуракка куса болгон экен. Көздөрүнөн жаш агып жатты. Кызык, Абдул каза болгондо да мынчалык ыйлай албай койгон. Азыр көз жаш ээ-жаа бербей агып жатты.
– Такси керекпи, эже?- деди бир жаш жигит алдынан чыга.
Асия жигитти тиктеп турду. «Айдар да ушундай жигит болуп калса керек. Чоңойгондур…»
Уландысы бар…