– Мен компаниянын башында тура албайм. Айжандын, апамдын укугу меникине караганда көбүрөөк. Кутман байке, мага эч нерсенин кереги жок,- деди Асман.
– Жакшы ойлондуңбу?
– Ойлондум.
– Анда туура эмес ойлонуптурсуң. Атаң өмүр бою курган бул империяны апаң менен Айжан эки күндө жок кылат,- деди үнүн бийик чыгарып.
– Кандайча?
– Кызым, көзүңдү ач. Апаң көп жылдан бери кумар оюну менен ооруйт. Бул жагы Алматы, тиги жагы Орусияга чейин аты таанылган кумар оюнчусу. Буга чейин атаң аркасын жаап келди. Билесиңби эмне үчүн?
– Жок, билбейм.
– Апаң кезинде тышкы иштер министринин жалгыз, эрке кызы болгон. Атаңа кайнатасы бул медиа империяны курганга жардам берген.
Кутман толтура нерселерди айтып жатты. Асман атасы мээримдүү, сонун адам экенин гана билчү. Ал эми анын караңгы тарабын саналуу адамдар гана билчү. Атасы эч кандай периште эмес болчу.
ххх
Сулайман акылдуу адам болчу. Көкүрөгү көп нерсени көрө алган чебер сүрөтчү эле. Таланттуу, бирок элге белгисиз адамдын тагдыры Сания аттуу кызга ашык болгондон баштап өзгөрдү. Экөө бири-бирине аябай ашык эле. Ошол үчүнбү, аялынын кемчиликтерин өмүрү өткөнчө жашырып келди.
Кайнатасы өлкөдөгү таасирдүү адам болчу. Анын артында тукумун улаган эркек жок болгону үчүн Сулайманды өз баласындай жакшы көрдү. Билген тажрыйбасын, эмгегин, акчасын аяган жок. Ошентип бул чоң империя түзүлгөн. Бир күнү Сулайман командировкадан эрте келип калды. Үйдө башка бир эркектин үнү угулду. Алгач түшүнбөй туруп калды.
– Жаным, сен Сулайманды келесоо деп ойлобо. Биздин байланышыбызды билсе экөөбүздү тең жер менен жексен кылат,- деди эркек. Үнүнөн жакын досу Эсен экенин тааныды.
– Билбейт, атам аны алыска жиберген.
– Билбейм, мага деле үй-бүлөмдүн алдында оор болуп баратат.
– Эсен, наалыбачы. Жашоо биздики. Сүйсөң сүй, сүйбөсөң башканы оңой эле таап алам. Бирок мен сени сүйөм да,- деди аял кылыктанып.
Сулайман эмне кыларын билбей калды. Нес болуп тура берди. Өзүнө келгенде бул ыплас жерден качып кеткиси келди. Жамгыр жаап жаткан. Шөмтүрөп суу болгон ал бир кафеге кирди. Бардыгын ойлоно баштады. Бул мамиле качан башталды? Саниянын сүйүүсү качан өчтү? Акылына эч нерсе келбеди. Ал жакшы аял болчу. Акылдуу болбосо да, кумарлуу аял эле. Сулуу болчу. “Кана, дагы эмнеси менен жакты сага, Сулайман? Эң негизги себебин
айтчы?” деди өзүнө-өзү. Ошондо гана өзү моюнга алгысы келбеген чындык чыга келди. Ал Санияга даражалуу адамдын
кызы болгону үчүн үйлөнгөн.
Башында сүйгөн, албетте. Бирок кийин кайнатасынын таасири күчтүү экенин, өзүнө болгон ишенимин сезе баштаганда үйлөнүүгө максат койгону чын эмеспи? Эми аялы көзүнө чөп салып жатканын билгенден кийин ажырашып кете алабы?
“Жок” деди ичинен. Аны менен ажырашса кайнатасынын таасиринен ажырамак. Эми гана бутуна туруп бараткан компаниясынын келечеги толугу менен кайнатасынан көз каранды болчу. Демек, эч нерсе болбогондой жашоосун улантуу керек.
– Кантип?- деди өзүнө-өзү таң калган Сулайман.
– Ошентип, сенин буга күчүң жетет. Кийин досуңдан да, аялыңдан да өч аласың. Азыр эмес.
– Жок, мүмкүн эмес,- деди алдастаган ойлору.
– Мүмкүн,- деди реалдуулук.
Эртеси командировкадан келген Сулайман аялына суз гана бетин тосту.
– Сагындым сени. Азыр сага сонун жаңылык айтам. Менин боюмда бар.
Сулайман оозун ачып туруп калды. Бул анын биринчи наристеси эле. Аныкыбы же Эсендикиби?
– Эмне болду, эч качан балалуу болбойбуз деп ойлодуң беле?- деди кылыктанган аялы.
– Күткөн эмесмин. Мен душка кирип чыгайын.
Жуунуп жатып, тамак ичип жатып да ойлонгону бир гана нерсе эле. Бала кимдики? Аныкыбы же… Бул ойлордон жинди болуп кете жаздаганда врачка барды.
– Мен армияга барып текшерилүүдөн өтүп жатканда “эч качан балалуу болбойсуң” деп айтышкан. Азыр аялымдын боюнда бар. Кайрадан текшерилип көргүм келип жатат,- деди.
Аз убакытта дарыгердин корутундусу колуна тийди. Денеси титиреп кетти. Ал ата болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес эле! Муну апасынан башка эч бир жан билчү эмес. Көпкө ойлонуп отурду. Мейли деди ичинен. Жараткан ага балалуу болууну ыраа көрбөсө, демек, башка бирөөнүн баласына ата болууну ыраа көрүп жаткандыр. Сеникиби, башканыкыбы, айырмасы кайсы?
Ата болуу жакшы эмеспи. Сания кыз төрөдү. Сулайман ал кызды аябай жакшы көрдү. Болгону төрт жашка чыкканда ооруп, чарчап калды. Кийин Саниянын боюнда болгон жок. Ал далай жерге барып көрүнүп жүрдү. Бир күнү Сулайман аялынын убара болуп жүргөнүн көрүп минтип айтты.
– Кел, бала багып алабыз.
– Кандайча?
– Эгерде багып алсак, балким, боюңда болуп калар.
– Мен бирөөнүн баласын жакшы көрө албайм да.
– Мен жакшы көрө алам. Өзүмдүкүндөй мээрим төгө алам. Мага меникиби же башканыкыбы, баары бир. Балдарды аябай жакшы көрөм.
– Мейли,- деди аялы оозу бош. Экөөнүн тең жаралары, жан адамга айта албаган сырлары бар эле. Ошентип алардын жашоосунда Арууке аттуу кыз пайда болду. Биринчи жолу кызды көргөндө Сулаймандын жүрөгү солк этти. Көздөрү жаштуу, периштедей кызга бир көрүп ата болду. Сулаймандын бул жашоодогу эң жалгыз жакын адамы Асман болчу. Жан дүйнөсү сүрөтчү, бирок амбициясы, акылы менен медиамагнат болгон бул адамдын жашоосундагы эң таза периштеси Асман болчу. Сулайманды сүйүктүү аялынын туруксуздугунан, досунун кыянаттыгынан, өзүнүн амбициясынан тазалаган, дүйнөнү жарык, кең, таза көрсөткөн Асман эле.
Бир күнү Сания экинчи жолу боюнда болгонун айтканда күйөөсүнүн өңү бозоруп кеткенин байкаган да жок.
– Канча ай болуптур?- деди аялына түз караган Сулайман.
– 1 ай.
Демек, Индияга командировкага кеткенде болгон иш экен. “Кызык, баланын атасы бул жолу ким болду экен?” деди ичинен. Бул жооп дагы көп узабай белгилүү болду. Айжан досу Эсендин көчүрмөсү болуп төрөлдү. Дал ошондой сары, көздөрү кичинекей, кашы, кирпигинен бери сапсары кызды караган сайын Эсенди көргөндөй болор эле. Эң оору ошол болчу. Дасторкондо бапылдап үй-бүлөсү менен отуруу, бири-бириникине конокко баруу, кыз чоңойгон сайын Эсендин балдары менен көбүрөөк тил табышканын карап туруу жан чыдагыс оору болчу. Бирок ал дагы күнөөсүз эмес эле. Демек, бирге бир. Жашоодо ар дайым ушундай эмеспи. Ар бир адам тандоосу үчүн жооп берет.
Эгерде ал бийликти, байлыкты, таасирди каалабаса, баарын бетине айтып үйдөн чыгып кетиши керек эле да. Бирок анте албады. Демек, жөн гана чыдаш керек. Асмандын атасынын тозогу ушул болчу…
Асман атасынын бул окуясын билчү эмес. Нес болду. Жакшылап ойлонсо бардыгы ачык эле көрүнүп турчу экен. Эсен үйгө келгенде атасынын кабагы чытыла түшчү. Ооруп жатканын шылтоолоп кабинетине кирип кетип чыкчу эмес. Ошентсе да түшүнө албай жатты. Кантип? Үй-бүлөнүн эң жакын адамы болгон Эсен байкеси… Атасы өмүр бою бул нерсеге кантип көзүн жумду? Ушунчалык алсыз адам беле?
– Сулайман сени тандады. Ал өмүрү кыска болорун билбесе керек. Сен анын ишин уланта аларыңа көзүм жетет.
– Кантип? Мен эмнени билем?
– Мен жаныңда болом!
Бул оор жүк болчу. Качып кеткиси келди. Өз тагдырын эптей албай жатканда бул ишти аркалап кетүү мүмкүн эместей сезилди.
– Муну оку, атаң сага жазган. “Кайсы убакта көз жумсам, мен тууралуу чындыкты кызыма айтып, ушул катты бер” деген. Мен атаңдын аманатын аткардым.
Катты мыкчый кармаган Асман сыртка чуркап чыкты. “Асман, эгерде сен бул катты окуп жатсаң, демек, көзүм өтүп кетти. Сен мен тууралуу бардыгын билдиң. Атаң сен ойлогондой күчтүү адам эмес экенин билдиң. Бирок баары бир атаңды жүрөгүң эзилгиче аяп жатканыңды билем. Аяба, кызым. Өзүм бул жолду тандадым. Бул жолдо бактылуу болдум. Жашоомдогу сенден кийинки эң маанилүү ишимди сага тапшырам, кызым. Сага ишенем!”
Төрт бурчтук барак. Колуңду, бутуңду жипсиз байлаган кагаз. Көз алдына Эсендин жана апасынын элеси келди. Жок, атасын уят кылбайт. Кайсы бир күнү баары бир Сулайман жеңиши керек. Асман болсо Сулаймандын кызы.
Эртеси эле чачы иреттүү түйүлгөн, классикалык кийим кийген жаш кыз кызматкерлердин алдында турду. Бири таң кала, бири шылдыңдуу, бири аяп карады. Кыздын көзүндөгү жалынды байкагандар да, байкабагандар да болду.
ххх
– Сен бул чечимди кабыл алып туура кылдым деп ойлойсуңбу?- деди Айдар.
– Ооба.
– Апаң менен сиңдиң…
– Башка айлам жок, Айдар байке. Сен билбеген нерселер бар.
– Мейли, өзүң бил. Мен кеттим.
Айдар сыртка бет алды. Асман агасынын колунан кармай калды.
– Сен менин жанымда болбойсуңбу? Кана берген убадаң?
– Мен бул иштерди жакшы билбейм. Мен…
– Мага ишенимдүү адам керек. Бирге үйрөнөбүз. Бирге жеңебиз. Кичинемде мени аркаңа көтөрүп чуркаган талаа эсиңдеби? Сени менен чогуу кубанганым…
– Аруш, сен эстедиңби?
– Мен унуткан эмесмин. Түшүмдө дайыма бирөө жанымда жүрчү. Мени жонуна көтөрчү, чачтарымдан сылачу. Бирок канча жыл өтсө да бул түштүн сырын чече албай келе жаткам. Эч кимге да айта албадым. Болгону сүрөт тарттым. Сен сүрөттөрүмдө болчусуң, Айдар байке. Азыр деле көз алдыма үзүл-кесил элестер келет. Чоң ата да бар эле…
– Ал Калыс атабыз, Аруш. Калыс ата бизди бакчу, эсиңдеби? Үйүбүздүн жанында чоң бак бар болчу. Ага селкинчек жасап берген. Сен ошол жерде көп ойночусуң.
Айдар жан далбастап кетти. Ошолорду Аруукеси эстесе болду, башка эч нерсенин кереги жок.
– Макул, бир гана сага уруксат берем.
– Эмнеге?
– Мага Арууке деп кайрылганга. Сен мени Аруш деп сонун айтасың. Мен сага гана Арушмун.
Айдар жылмайып жиберди да кучагын ачты.
– Кел анда, Арушум!
Экөө кучакташып турду. Агасы чачынан жыттады. Экөө тең ыйлагысы келди.
– Биз ыйлабайбыз, мындан ары күчтүү жана бактылуу болобуз,- деди Асман акырын гана.
ххх
Аял терезеден сыртты тиктеп турду. Жарым өмүрү ушул жакта өттү. Алгач мигрант болуп келип кийин бир үйдүн кожойкеси болду. Эми жолдошу оор абалда жатат. Бул жерде кармай турган эч нерсе калбады.
– Асие…
Асияны алар ушундай аташат. Топтошкон үч аялы, балдары турса да кырылдап Асияны чакырды.
Көптөн бери сүйлөй албай калган күйөөсүнүн көзүнөн бир нерсе айткысы келип жатканын байкады. Жанына жакын барды.
– Эмне дейсиз?- деди адатынча сылык.
Ал колун кысып койду. Сөздөн калган окшойт, көздөрү сүйлөп жатты. Көздөрү кетпе деп жатты. Төрт аялынын эркеси, эң жашы Асия эле. Кыя албай жатты көрүнөт. Түн ортосунда үзүлүп кетти.
ххх
Ушуга чейин Асия өтмүшүн эстебегенге аракет кылып жашады. Анткени бул жерде ал чындап бактылуу эле. Алтын-күмүшкө оролгону кеп эмес. Ал чындап аял кандай болорун ушул адам менен жашап билди. Бейиши болгон күйөөсү орой сүйлөбөй, көңүлүн оорутпай карады. Асиядан башка үч аялы бар эле. Алардын ар биринен бирден баласы бар болчу. Асия төрөгөн жок. Ал төрөгүсү деле келген жок. Бир баласын тагдырдын бороону менен таштап кетип, башка балага эне болууга акысы жок экенин сезди. Ага баланын кереги жок болчу. Энелик сезимди Кыргызстандын бир айылына, кара тору балакай менен чогуу таштап салгандай балдарга суз болчу. Ошондон бери эч бир баланын башынан сылап, өпкөн жок. Бир да балага мээрим төгүп тигилбеди. Энелик сезимди түп орду менен жулуп салгандай эле. Күйөөсү бир нече жолу “балалуу болууга аракет кылалы” деди. Тагдырданбы же анын каалоосунанбы, балалуу болушкан жок. Тагдырдын суук бороонунан сууруп алып бооруна кыскан, аска-зоо болгон эркекти жерге беришти. Эми гана ал өзү тууралуу ойлонду. Ким бул? Бул өлкөдө баалаган эмнеси бар? Балким, анын да аз күнү калгандыр? Балким, ал өз жерине кетет?..
Аял бул ойдон өзү чочуп кетти. Эч качан бул тууралуу ойлонгон эмес. Өтмүшүн чийип салып жашаган ага оңой болчу. Эми канча качса болбой андай ойлор жыбырап келе баштады.
“Атам менен апам карып калышкандыр” деп ойлоду. Оюна келген эң башкы нерседен качып жатты.
Мурас бөлүштүрүү үчүн бир ай керек эле. Үлүшүнө тийгенди алып бул жерде калуу керекпи же өз жерине кетүү керекпи?
ххх
Айгерим ыйлап жатты. Мына баары бүттү. Ушунча жыл сүйүп келген адамынан баш тартты. Аркасынан ээрчип жүргөн жигиттин бирине барды да макулдугун берди.
– Айгерим, чын элеби?- деди ал жигит таң кала.
– Чын.
– Бир нерсе болдубу?
– Сен мени аялдыкка алгың келеби? Анда ал да көп сүйлөбөй.
– Ушундай да болобу?- деди тиги таң кала күбүрөнүп. Канча жолу гүл көтөрүп барса жанына жолотпогон бул кызга эмне болду?
– Азамат, баары жакшы. Болгону сени жакшы жигит экениңди көрдүм, сездим. Сен мени бактылуу кыласың.
– Албетте, бактылуу кылам.
– Анда болду да,- деп, көз жашын араң токтотуп жылмайды.
Үйүнө келип ыйлап жатты. Канчалык тиги жигит менен бактылуу турмушун элестеткенге аракет кылса да окшошпой жатты. Бирок артка кайтууга жол жок болчу.
Айдарды ойлоп жатты. Анын жылмайганын, кубанганда дирилдеп кеткен кирпиктерин, сүйлөгөнүн, капа болгонун бирден бирден элестеткенден тажабайт.
«Жетишет, аны ойлобойм» дегени менен, көз алдында турганы турган. Бул дарысы жок ооруга каршы турууга эч күчү жетпей бара жатты. Биринчи жолу Айдар жашоосунда пайда болгонуна өкүндү. Ал Баткенге келбесе, эч качан андай адам бар экенин билмек эмес. Кандай гана эркин жашамак…
Уландысы бар…