Айдар кызды устаканасынан тапты. Бүк түшүп жатып уктап калыптыр. Ичи эзилип кетти. Бөбөк кезинде жүзү кандай күнөөсүз болсо, азыр да ошондой эле. Болгону анда бармагын соруп уктачу. Ойгонгуча күтүп отурду. Асман маңдайында турган бейтааныш жигитти көрүп чочуп кетти.
– Сиз кимсиз?
– Менден такыр коркпо.
– Кимсиз?
– Атаң айтты бул жерди, ачкычын да берди. Ал сени күтүп жатат. Элдин баары сени издеп…
– Атам менен таанышсызбы?
– Таанышмын десем да болот. Ал ооруканада, «маанилүү сөзүм бар» деди. Сени күтүп жатат.
– Барбайм мен,- деди бурк эткен кыз. Көздөрүнө жаш тегерене түштү.
– Макул, кайда баргың келип жатат? Көңүлүң эмне кааласа… Кайсы жерди айтсаң ошол жерге алып барам,- деди Айдар безелене. Кыздын көзүндөгү үмүтсүздүктү көтөрө албайт эле.
– Мен эми кайда барарымды деле билбейм. Бара турган жерим жок. Мен жалгыз калдым.
Үйүн, Айжанды, апасын эстеп башын чайкады. Ал жакка барбайт. Көзүн жумуп алды.
– Мен сени бир үйгө алып барайын. Эч ким сенин тынчыңды албайт. Атам бар, ал күзөтчү болуп иштейт, үйгө көп келбейт. Азыр кыйналып турасың, түнү менен уктаган эмессиң го. Азыр үйгө алып барайын, тамак ич, укта. Калганын кийин ойлоносуң.
Кыз көпкө Айдарды тиктеп турду да, эч сөз айтпай башын ийкеди. Чындыгында азыр ага баары бир болчу. Бул жигит алдап барып өлтүрүп салса да баары бир эле. Нес абалдан чыга албай жатты.
Экөө Айдардын үйүнө келишти. Тыкан чарбагы бар, тыпырайган үй экен. Бөлмөлөрү да кенен, жарык сезилди. Бир жайлуу жерге туш болгондой кыз жеңилдене түштү.
– Сен отуруп тур, сага чай даярдайын.
Айдар ашканага кирди да атасына телефон чалды.
– Ата, ал биздин үйдө… Үйгө кел десем макул болду.
– Ким?
– Арууке. Ишенесиңби, азыр ал биздин үйдө. Ата, сен келе кал. Жок, жакшысы анан кел, уктап эс алсын. Чочутуп албайлы,- деп Айдар карбаластай берди. Кыз үн катпай бир чыны чай ичти да, көрсөткөн бөлмөгө кирип уктап кетти. Эч нерсени ойлогусу келген жок. Дайымкыдай түшүнө аркасына кичине кызды көтөргөн өспүрүм кирди.
ххх
Сулайман оор абалда жатты. Асманды бир көргөнгө, баарын түшүндүрүп айтканга жетишсе болду. Жанына кол алдында иштеген ишенимдүү адамын чакырды.
– Машинеге урулган келин эмне болду?
– Бир аз жакшы. Бирок сүйлөшө элекпиз. Арыз жаздырбаганга аракет кылабыз. Сиз бул тууралуу ойлонбоңуз.
– Керектүү нерсенин баарын жасагыла, врачтарды чакыртып дары-дармегин…
– Макул.
– Айжан кайда?
– Ыйлап отуруп эсин жоготуп койду, палатада. Апасы жанында отурат. Кам санабаңыз.
– Асман?
– Асманды сиз тапшырган жигит тапты. Үйүнө алып кетти. Кабарлаштым, ал жигит
“Асман эч нерсе деп сүйлөгөн жок, тамак ичирдим, азыр уктап жатат” деди.
– Айдарды чакыр, ага эч нерсени айтпасын. Мен өзүм түшүндүрөм. Бул менин аталык парзым деди деп айт. Эч үн катпасын.
Энтигип сүйлөп жатты Сулайман. Ар бир дем алышы оорлошуп баратканын сезип жатты.
ххх
Ата-бала уктап жаткан кызды тиктеп көп убакыт отурушту. Бул уктап жаткан кыз алардын Аруукеси болчу. Эчен жыл мурун тагдырдын буйругу менен ажырап калышкан. Мына, маңдайында уктап жатат. Мындан башка бакыт барбы?! Мейли, ал мурдагыдай “ата” дебесин, “абака” дебесин, болгону жашасын. Эч бир нерсе жүрөгүн оорутпасын, жашоосу караңгы болбосун. Алыстан карап Арууке бар экенин билип, ага шүгүр кылып жашоо жетет экөөнө. Экөө тең ушуну ойлошту. Алар кыз чындыкты билбейт деп ойлоп жатышты. Сиңдисинин жол кырсыгына кабылганын, анын жанында Арууке болгонун гана билишчү.
– Эми эмне болот?- деди шыбыраган Эрнис.
– Билбейм, уктап турса атасына алып барам,- деди Айдар да шыбырап. Эрнистин жүрөгүнө бирөө бычак сайгандай сезилди. Дагы да болсо Аруукенин өзүнөн башка атасы бар экенин кабыл ала албай койду. Айдар атайын баса белгилеп айткандай олурая карады. Бирок ал эч нерсени байкаган жок. Жөн эле карындашын тиктеп отурду. Кыз акыры ойгонду, көз албай тиктеп отурган эки адамды көрдү. Таң калды. Алгач кайда жатканын да билген жок. Бир топко көзүн ачып-жумуп жатып башынан өткөн окуяны эстеди.
– Бул менин атам!- деди Айдар.
Кыз башын ийкеп саламдашты да Эрнисти карап калды.
– Мен сизди көргөм. Сиз сүрөт көргөзмөсүнө келгенсиз.
– Ооба, кызым, мен…
– Силер кимсиңер? Сиз дагы мага университетке келип кайра кетип калгансыз. Силерге менден эмне керек?- деди кыз коркунуч толгон көздөрүн албай.
– Эч нерсе. Коркпо, Арууке биз…- деп келе жаткан Айдардын сөзүн кескин бөлдү кыз.
– Кайсы Арууке? Менин атым Асман.
– Асман, адаштым мен…
– Бул жолугуунун баары бекер эмес. Демек, силер мен тууралуу, менин мурунку жашоом тууралуу билесиңер!..
Эрнис менен Айдар бирин-бири карап калышты. Ошол учурда телефон чалуу келди. Айдар сүйлөштү да, телефонду койду.
– Атаңдын абалы оор, сени тез алып барышым керек! Калганын анан сүйлөшөбүз.
ххх
– Мени ук, Асман. Мен бул окуяны мындай абалда айтып берем деп эч ойлогон эмесмин. Деги эле эч бир убакта айтам деп ойлобогом. Эң негизгиси, сен менин кызымсың! Эки дүйнөдө мен сенин атаңмын. Кызым, мен сени биринчи көргөндө… Балдар үйүнөн көргөндө эле менин кызым болоруңду сезгем.
Кыз башын чайкай кетенчиктей берди. Сулайман акыркы күчүн жыйнап:
– Акыйкат бул. Сени балдар үйүнөн алдык. Алгач сага чындыкты айтып эле чоңойтобуз дегенбиз. Бирок мен өзүмчүлдүк кылдым. Сенин менден башка атаң болушун каалаган жокмун. Балким, билбей калат деп ойлодум. Сени жоготуп алам деп корктум. Эки үй-бүлөнүн ортосунда чайналат деп ойлодум.
– Калп айтасың! Сен менин атамсың. Өгөй кызын сенчелик эч ким жакшы көрбөйт болчу, сен менин атамсың, бирок апам башка болушу мүмкүн. Ата, суранам ошондой де, атаң менмин де, мен сенин кызыңмын. Мындан башка чындык жок.
– Асманым, сен менин кызымсың. Канымдан болбосоң да меникисиң. Эми жакшылап ук. Эгерде мен бир нерсе болсом, атаң бар. Бир тууган агаң бар. Жалгызмын деп ойлобо. Уктуңбу? Билем, оор болот сага муну кабылдаш. Таарынасың, ыйлайсың, бирок эч качан бул нерселер сени сындырганга уруксат бербе. Айдар сенин бир тууган агаң. Жакында билдим.
– Ата, эмне деп жатасың?
– Айжанды жакшы кара, апаңа камкор бол. Алардан кол үзбө.
Кыз коркуп кетти. Эми гана чындап атасынын абалы оор экенин түшүндү. Анан атасы кырылдап баратканын, врач келгенин, өзүн палатадан зордоп чыгарышканын элес-булас гана билди. Куду мунун баары түшүндө болуп жаткандай сезилди. Атасы комага түшкөнүн айтышты.
ххх
Караңгылык. Туш-тарабы жылчык жоктой бул сезимде болуп көрдүңүз беле? Аракет кылып жарык издеп жаткандай, ошол жарык табылса эле өмүр бою бактылуу болчудай сезим. Кимдир бирөөнү жоготуп алуу коркунучу канчалык оор болорун кыз эми түшүндү. Атасы өзүн жоготуп алуудан коркуп, чындыкты айтпаганын эми билди. Ошол түнү суук коридордо каршы-терши баскан адамдарды карап дирилдеген ал угуп жүргөн сүрөлөрдү чала-чарпыт кайталай берди. “Оо, Кудай, атамды сактап кал. Мен өмүр бою башка эч нерсе сурабайын, болгону атамдын жанын сактап кал. Мейли, башыма келген сыноолордун баарына макулмун, атамды бул дүйнөдөн алып кетпе”
жалгыз калуу коркунучу ушунчалык оор болчу. Жан талаша бирөөнүн колдоосун, жылуулугун издеди. Канча жолу көзүн көтөрсө, ошончо жолу Айдардын көз карашына туш келип жатты. Куду ичинде болгон нерсенин баарын билгендей сезилди. Көзүн албай тиктеп турганын билди. Бүт дүйнөсү менен Айдардан келип жаткан жылуулукту сезди.
Асман Айдарды жакшылап караганга даай албай турду. Көздөрүн көтөрсө эле такыр моюнуна алгысы келбей жаткан чындык өзүнөн-өзү чыга калчудай. Айдар да эмне кыларын билбей жатты. Жанына барып кучактайын дейт, жакшы сөз айтайын дейт, бирок «кагып салса эмне болот?» деген коркунуч каптап турду. Оорукананын босогосунда отуруп таң атырышты. Эртең менен Сания келди. Асманды көрүп эмне дээрин билбей туруп калды.
– Кандайсыз?- деди Асман. Апа деп айта албады эмнегедир. Көзүн алып качты.
– Жакшы, Айжанды алып келген жокмун. Абалы оор. Сен анын жанында болсоң жакшы болмок.
– Мен ал үйгө бара албайм,- деди кыз терс бурулуп.
– Ал эмне дегениң? Сенин үйүң ошол эмеспи.
– Эми мен үйүм, ордум кайсы жакта экенин билбейм. Жадакалса ким экенимди да билбейм.
Сания Асмандын жанына жакын келди. Кучактагысы келди. Колун созуп барып туруп калды.
– Сени атаң алып келгенде кичине элең. Мени такыр жаныңа жолоткон жоксуң. Болгону чачыңды тараганга гана уруксат берчү элең. А мен чачтарыңды тараганыма эле бактылуу болчумун. Кийин Москвадагы күчтүү гипнозчуга алып барып эс-тутумуңдагы нерселердин баарын өчүрткөндө гана «апа» дедиң. Мен дүйнөдө уккан эң сонун сөз ушул болчу. Кийин Айжан төрөлдү. Ал төрөлгөндө… Кыскасы, мен сенден баш тартып кеттим. Кандайча болду өзүм да билбейм. Өзүңдүң каныңа башка сезим пайда болот окшойт. Бирок атаң анткен жок. Бир көргөн күндөн баштап сени жакшы көрдү. Бул мени ого бетер ыза кылды. Мен төрөгөн кыз сендей сулуу, сендей акылдуу болбосо да өз каны экенин дайыма көрсөткүм келди. Ортобуз ошентип алыстай берди.
– А мен дайыма өзүмө суроо берчүмүн.
“Эмнеге апам мени Айжандай жакшы көрбөйт?” Жакшы окусам, көп ийгиликтерге жетишсем апам мага да көңүл бурар дечүмүн. Бирок сен мени таптакыр эле көрбөгөнгө өттүң, а мен тырыша бердим. Сенин көзүңө көрүнүүгө эки көзүм төрт болду. Бирок сен мени дагы да көрбөдүң. Көрсө…
– Эне болгондо түшүнөсүң. Кыз жалт тиктеди.
– Мен билген энелик такыр мындай эмес. Кечирип кой, мен билген инсандык да мындай эмес. Мени каалабасаң кой, сенин жашооңдон чыгып кеткенге даярмын. Бирок эч качан атамдын жана Айжандын жашоосунан мени кууп чыгам деп ойлобо. Эртең кийимдеримди алып кетем.
Асман тез-тез басып чыгып кетти. Аркасынан Айдар чыкты.
ххх
– Кайда барасың, эже?
– Билбейм, батирге чыгам. Жумуш таап, окуумду улантам. Атам жакшы болгондо чет өлкөгө кетем.
– Кечир, баары менин айымдан.
– Жок, сенин айыңдан эмес. Бул эртеби-кечпи билинмек. Билингени жакшы болду.
Кийимдерин чогултуп жаткан эжесинин колунан кармап Айжан кучактай калды.
– Кандай болбосун сен менин эжемсиң. Эч бир нерсе муну өзгөртө албайт. Сен менин Асманымсың, кичинемден бери мени багып келген, мен үчүн жанын бергенге даяр эжемсиң,- деди жаш аралаш.
– Ыйлаба. Мен өлгөн жокмун го, болгону башка жерде жашайм. Бир аз акыл-эсимди жыйгандан кийин чет өлкөгө кетем. Атам жакшы болуп калса эле болду. Бир шаарда жашап жатабыз. Тез-тез көрүшүп турабыз.
– Сен азыр жиниң келип айтып жатасың, кийин келесиң да, ээ? Бул сенин үйүң…
Асман унчуккан жок.
– Мен ушундай болгонуна сүйүндүм, эже. Бул чындыкты бир жыл мурун уккам. Апам атама сени багып алышканын айтып жатканда угуп калдым. Аябай кыйналдым. Ишенгим келген жок. Бирок кайсы бир убакта угушуңду каалагам. Бул жүктү көтөрүп жашоо мага оор болчу. Апам мени жакшы көргөн сайын өзүмдү сенин алдыңда күнөөлүү сезчүмүн. Эми баары ордуна келет.
“Эч нерсе ордуна келбейт. Мен өзүмдү жоготуп алдым. Ким экенимди деле билбейм. Куду түш көрүп жаткандаймын. Ишенгим да келбейт, бирок ишенбегенге да айлам жок” деп ойлоп турду Асман. Сиңдисине бир нерселерди айтып алдап-соолап жатып кийимдерин алып сыртка чыкты. Бурулуштан Айдар аркасынан келе жатканын байкады. Машинасын тез токтотуп сыртка чыкты.
– Сага эмне керек? Эмне эле артымдан калбайсың? Мени өлүп калат деп ойлоп жатасыңбы? Коркпо, өлбөйм!
– Билем, сен күчтүү кызсың, Аруш…
Айдар “Аруш” деген сөздү аябай жылуу айтты. Эрксизден Асмандын ыйлагысы келип кетти. Кулап бараткан жашын колу менен аарчыды.
– Асманмын мен! Уктуңбу? Эс тартканы, өзүмдү билгени Асманмын. Арууке дебе мени.
– Мен бул атты аябай көп атадым. Ошол үчүн… Сени Асман деп аташ оор. Анткени сен Аруукесиң. Менин Аруукемсиң.
– Мен эч кимдики эмесмин! Жайыма койгулачы мени.
– Макул, Асман деп айт десең антип деле айтайын. Кайда барасың?
– Эмне кыласың, мени менен эми кимдин иши бар?
– Менин ишим бар.
Айдар жөн эле тиктеп турду. Сулуу, бойлуу, көздөрү капкара. Ушул турушунда Асман бул жигитке өзү аябай окшош экенин байкады. Көзүндөгү бир жалын, бир учкун аябай окшош экен. Катуу урушайын деп баратып оозунан сөзү түшүп тиктеп туруп калды. Машинасына таяна шалдайып эмне кыларын билбей турду.
– Жүрү биздин үйгө бар.
Асман башын чайкады.
– Бара албайм. Ичимдеги бир нерсени жайгарып, суроолорума жооп тапмайынча эч кайда бара албайм.
– Албетте, жалгыз калгың келип жатат. Бирок эгерде сага бирөө болгон окуяны башынан айтып бербесе кантип түшүнөсүң?
– Билбейм.
– Атама баралы. Бардыгын анын өз оозунан уксаң сага түшүнүктүү болот. Мен да кичине болчумун. Чоң энем бар эле. Анан сен…
– Менин апам бар беле?
– Айдар үн ката албады.
– Эмне унчукпай калдың? Инкубатордон чыкпасам керек. Менин да энем болсо керек. Ал мени алдабайт. Энем менен жолуккум келет. Экөөбүздүн энебиз барбы?
– Досумдун бир бош батири бар. Ошол жер сага ыңгайлуу болот. Керектүү нерсенин баары бар. Сени ошол жакка жайгаштырайын, макулбу? Калганын кийин сүйлөшөбүз.
ххх
Өтмүштү эки ооз сөз менен айтып бере албайсың. Каталарыңды, өкүнүчтөрүңдү айта албайсың. Кээде аларды түшүндүрүү да мүмкүн эмес. Анткени сенчелик бул абалда эч ким жашаган эмес. Айдар карындашына өтмүштү айтып бере албады. Ансыз да алсырап турган кызга
“апаңды атаң өз колу менен өлтүргөн” деп айта албайт эле. Ойлонуп жатып акылына келген бир нерсени ишке ашырып көргүсү келди. Ал эч качан издебеген апасын издөөнү чечти.
ххх
– Ата, «Апамды издеп» деген тасма бар го, ошону көрдүң беле?
– Жок.
– Кичине бала апасын издейт.
– Ии, табат бекен анан?
– Таппайт.
– Аны мага эмнеге айтып жатасың?
– Мен да издешим керек.
– Эмне кыласың? Өз жашоосу менен жашап жүргөн немени…
– Бүгүн Арууке апасы тууралуу сурады. “ Мен апама гана ишенем. Апам айтып берген нерсеге гана ишенем” деди. Болгон окуяны айтып берсек андан да жаман болот. Жаш кыз, турмушунда эч нерсе көргөн жок. Бир үйдүн эрке кызы болуп жүрүп эле бакма кыз экенин билди. Эгерде атасы апасын өлтүргөнүн билсе…
– Айдар!
– Турмуштан такыр көңүлү калып калабы деп корком, ата. Ал дагы сонун нерселерди көрүшү керек. Эне болушу керек. Алдында сонун жашоо бар. Азыртадан жашоонун…
– Сен өзүңдү Кудаймын деп ойлойсуңбу? Акыры бардык чындык чыгат. Мен баарын өзүм айтам. Керек болсо апасын мен өлтүргөнүмдү айтып берем. Сен токто, ушунчаңда токто!
Эрнис үйдөн чыгып кетти. Айдардын апасын издейм деген сөзү эсинен кетпей туруп алды. Аман-эсен болсо бир жолу анын көзүнө карасам, “мейли, мен акмак болдум, башка аял менен көңүл ачтым, урдум, кеткенге мажбурладым. Бирок кантип Айдарды кыйды? Өмүр бою баласынын жүзүн көрбөй, көргүсү да келбей жашашы мүмкүн беле? Аттиң, бир күнү кезигип ушул суроону берсем өмүрүмдө арманым болбос эле” деп ойлочу…
Уландысы бар…