Азыр Арууке алдынан чыгат. Анан? Эмне дейт? Ага канткенде катуу сагынганын, издегенин айта алат? Жүрөгүндө коркуу турду. Тааныбай коёт деп ойлоду. Бир туруп жолукпай эле кетип калгысы келди. Өзүн колго алып экинчи кабатка көтөрүлдү. Топтошкон эл. Кимисине көз токтоторун билбеди. Акыры аты, фамилиясы менен издеп жүрүп тапты.
– Асман, сени бир жигит издеп жүрөт,- деди кыздардын бири.
– Ким экен?
– Кафедра жакта бирөөдөн сурап жатканын уктум.
– Кызык, ким болду экен?- сүйлөнүп бара жаткан Асман тык токтоп калды. Ошол учурда Айдар басып келе жаткан.
– Тетиги жигит…- кыздар кызыктуу нерсеге күбө болчудай жапырт карап калышты. Асман бою узун, кара каш, кара көз жигитке утурлай басты.
– Сиз мени издедиңизби?
Айдар тааныш үнгө жалт карады. Алдында турат! “Аруш!” деди дирилдеп кеткен жүрөгү. “Өзгөчө кыз болуптур! Көздөрү мурункудай экен. Чоңоюптур. Эч тааныбады”
ушуларды ойлоп жиберди.
– Сиз мени издедиңизби?
– Издедим! Көп болду… Мен сени издеп…- дагы бир нерсе айтайын десе эле ыйлап жиберчүдөй. Эриндерин кымтый берди. Тамагына таш тыгылып калгансып, көзүнө жаш каканактап, аны токтотконго аракет кылган сайын кызарып…
– Эмнеге издедиңиз?
Өзүн колго ала албай баратканын билгенде шарт бурулду да, тез-тез басып качып жөнөдү. Эшикке чыгары менен машинесинин жанына келип энтиге дем алды. Буркурап ыйлап жиберди. Ушунча издеген карындашынын көздөрүндө чочуркоо турганы баарынан оор тийди. Унутуп коюптур! Эмне кылсын, бала болчу, өтө кичине эле деп өзүн жооткоткону менен, ичи туз куйгандай ачышып жатты.
“Мени унутпайт” деген бир сокур ишеним бар эле анда. Ыйлап эс алып алгандан кийин жүзүн жууп келди. Кетип калса эле Аруукесин кайра жоготуп алчудай сезим боло берди. Ойлору менен алышып жатып карындашы сыртка чыкканын байкады. Ал кантип унаасына отурганын, от алдырып жатканын карап турду. Ар бир кыймылы тааныш болчу. Ал кыялында Аруукени дал ушундай сүйкүмдүү кыз болот деп элестетчү. Атасы да бойлуу, өзү да бойлуу болгон үчүн Аруукенин да бою узун болот деп ойлочу. Дал өзү элестеткендей болуптур. Мынакей, жапжакын турат, жүрөгүнө ушунчалык жакын, бирок жакындай албайт. Кыз жөнөгөндө аркасынан жөнөдү. Ал биринчи атасынын устаканасына барып, кийин үйүнө барды. Айдар аркасынан жүрө берди. Арууке кайсы жерлерде болот, кандай жашап жатат, эми бүт билет. Билген сайын колу-буту байланып жатканын сезди. Бактылуу болбосо да ишенимдүү, бардар, жакшы турмушта жашап жаткан экен. Мунун баарынын бырын-чырынын чыгарып кыздын жашоосун бузганга мүмкүнбү? Бактылуу жашоосу бар экен, ага чындыкты билдиргенден кийин ага ушундай жашоо бере алабы атасы экөө? Ал көнгөн жашоону, көнгөн чөйрөнү, алып көнгөн сүйүүнү бергенге мүмкүнчүлүгү жетеби? Айдар эми гана атасынын абалын түшүндү. Анын колун байлаган, тилин байлаган нерсе азыр Айдардыкын да байлап турган жокпу? А бирок кантип эч нерсе болбогондой жайына койгонго болот? Жанынын жарымы ушул шаарда жашап, ушул аба менен дем алып жатканын билгенден кийин кантип?..
Кечинде келген кебетесинен эле билди атасы. Эч нерсе сураган жок. Экөө тең ичинен тынды, бир нерсе деп сүйлөшө алышпады. Күндөр өтүп жатты. Бир күнү окуусу боюнча чет өлкөгө кетип жаткан визасында маселеси бар тизмелерди карап отуруп Сулайманова Асман деген ысымга көзү урунду.
ххх
– Кечирип коюңуз, дагы уруксатыңыз жок келдим,- деди ал Сулаймандын кабинетине катчысынын чырылдаганына болбой кирип барып.
– Айгуля, бизди жайыбызга кой,- деди токтоо гана Сулайман.
Эшик жабылды. Эки эркек бирин-бири тиктешип туруп калышты.
– Мен Аруукенин агасымын!- деди энтиккен Айдар. Тиги кишинин көзү да, жүзү да былк эткен жок.
– Кызымдын ысымы Асман!- деди токтоо гана.
– Урдум сенин асманыңды, жериңди. Ал Арууке, менин карындашым!- деди ызырынган Айдар.
– Жигит, эмоцияга алдырып жатасың.
Айдар өзүнө келе түштү. Токтоо көздөр ага акылдуу карап турду. Айдар демин басып отура калды.
– Сиз чет өлкөгө кетирип жатыптырсыз. Тизмеден көрдүм. Бизден алып качып жатканыңарды билем. Качып, кайсы жерге барасыңар? Арууке залал көрө турган адамдардын эң акыркы тизмесинде бизбиз. Бир тал чачына зыяныбыз тийбейт. Алыстан көрүп жүргөнгө да макулбуз. Ортодон 17 жыл өттү. Ал мени тааныган жок, 4 жаштагы наристенин кантип эсинде калсын? Силерди үй-бүлөм, атам-энем деп билет. Менин периштем төрт жашына чейин да ата-энесиз чоңойду. Анын эң жакыны, атасы да, энеси да мен болчумун. 10 жаштагы өспүрүм гана бар эле жашоосунда. Башка адамдарга туш келип калышы мүмкүн эле, бирок насип экен, өз кызындай караган адамдарга туш келиптир. Бир жума аркасынан жүрдүм. Анын канчалык бактылуу экенин көрдүм. Шүгүр дедим. Мен экинчи жолу анын жашоосунун таш-талканын чыгара албайм. Анчалык акмак эмесмин. Болгону качырбагыла бизден!
– Жигит, мен…
Айдар Сулайманды тике карады.
– Менин барым-жогум Арууке. Буга чейин да ошондой болчу, мындан кийин да ушундай болот. Алыстан карап жүргөнгө, алыстан коруганга макулмун. Эгерде болбой эле кетирсеңиз, аркасынан барам. Анда ал бүт чындыкты билет.
Сулайман терезени тиктеп турду. Чаңкайган көк асман. Бир булуту жок. Куду кызынын жашоосундай.
– Кызык, азыркы учурда менин барым-жогум Асман. Төрт жашында бул колдорумду кармады. Ишенимдүү жалжылдап карады. Ошол күнү мен ата болдум. Мен анын эки дүйнөдөгү атасымын. Сенден кийин периште мага аманат болду. Өз кызым да бар. Азыр мага
«кимиси кымбат?» десе Асман дейт элем. Ооба, каны башка болушу мүмкүн. Бирок жаның бирге болгондо каның эмне болуп калыптыр? Кабатыр болбо, эгерде сөзүңө турсаң, атаңды да тизгиндей алсаң, мен Асманды эч кайда жибербейм.
– Сөзүмө турам.
Айдар туруп кабинеттен чыгып кетти. “ Акылдуу жигит экен” деди ичинен Сулайман көңүлү тына.
ххх
– Аргасызбыз, ата, болбосо чет өлкөгө качырып жиберишет. Бир аз сабыр кылганга аргасызбыз.
– Андан кийин эмне болот?
– Билбейм, бир айласын табам.
– Дагы да өзүң чечтиң.
– Ата, койчу, бул жерде сен же мен деген сөз барбы? Биз үй-бүлөбүз. Сен же мен, айырмасы кайсы?
– Айырмасы бар, уулум! Сен аны ата болгонуңда түшүнөсүң.
– Менби? Ата болбойм мен…
– Айгерим үйдөгү телефонго жүз жолу чалды. Сага чалсам албай жатат деди. Байкуш кызды канчага чейин тызылдатасың?
– Темабыз башка азыр…
– Балким, өмүр бою бул тема бүтпөйт. Кыз сени өмүр бою күтөт деп ойлосоң жаңылышасың.
– Ата!
– Менин жаңылыштыгымды кайталаба, Айдар. Аял сүйсө өмүр бою сүйөт деген кепилдик жок. Бир күнү сенин апаңдай басып кетет. Куду мендей өмүр бою өкүнүп калба деп айтып жатам.
– Хе, силерде кайдагы сүйүү болуптур? Бириң үйлөнгөндөн кийин башканы сүйүп калыптырсың, экинчиң таарынып өз баласына да кылчайбай дүйнөнүн башка бурчуна кетип калып… Ушулбу сүйүү? Андай сүйүүгө мен анда азыр эле кол койдум да, штамп бастым. Кереги жок мага андай туруксуздуктун…
Айдар катуу кеткенин сезди да, токтоп калды. Бирок бир топко атасынын жүзүнө карай албады. Кайра кечирим сурайбы? Эмнеге? Мындай караса ата-энесине таарынычы жоктой сезилет. Бирок бир ыза бар. Тээ тереңде жүрөгүнүн бир бурчунда жаткандай. Вулкан сымал атылганга даяр турган бир чоң ызасы бар. Акылга салып ызасын басканы менен, турганы-турган. Муну азыр даана сезди…
Кыздын эч кабары жок болчу. Ал үчүн кандай айыгышкан согуш болуп жатканын деле билген жок. Аны издеп келип эч нерсе дей албай качып чыккан жигитти кээде таң кала эстеп койгону болбосо аны да эстен чыгарып койгон. Күндөрү бейпил, шаңдуу болчу. Жашоодо эки аты бар эле, экөө тең аны мүнөздөп турчу. Арууке дегендей аруу дүйнөсү бар эле, Асман дегендей чаңкайган көпкөк асмандай кабагы дайым жарык жүрчү. Бирок бир күн келди, анын асманынын да аруу дүйнөсүнүн да бырын-чырынын чыгарган. Бүтүндөй жашоосу өзү сүйүп көргөн сериалдарга окшогон бир күн келди.
Бир күнү сиңдиси Айжан көздөрү шишип, эмне кыларын билбей жүргөнүн байкады. Эрке кыз эле.
– Айжана, эмне болду сага?
– Эч нерсе,- деди ал бурк эте.
– Кана, мени карачы, сен ыйлаптырсың…
– Жайыма койгулачы баарыңар,- деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Асман ойлонуп калды. Бир маселеси бар, аны эч кимге айта албай жаткан сыяктуу. Бирок апасына айтчу эле… Аркасынан бөлмөсүнө барды.
– Кел, сүйлөшөбүз, атам менен апамдан жашырган нерсе экенин билдим. Бирок мага айта аласың да туурабы?
– Мен жаман иш кылдым.
– Эмне кылдың, жаным?
“Жаным” деген сөздү ушунчалык чын дилинен айтты эле Айжандын жүрөгү эрип кетти. Эжесин кучактап шолоктоп жиберди.
– Амир!
– Эмне болду Амирге?
– Мени алдап кетти. Азыр ал башка кыз менен жүрөт. Мени оюнчук кылып таштап кетти.
– Кел мага,- деди Асман. Кучагына алып сооронгончо күтүп турду.
– Эмне кылайын деп жатасың?
– Андан өч алам.
– Сен 17 гана жаштасың. Болгону 17. Алдыңдан дагы канча Амирлер чыгат, билесиңби? Өзүңдү анчалык кыйнаба. Сен андан да мыктысына жолугасың.
– Амирди сүйөм мен, эже. Түшүнөсүңбү, ал тиги кыз менен жетелешип көзүмдүн алдында басып жүргөндө өлгүм келип жатат. Жок, мен андан өч алышым керек. Ичимде бир нерсе мени куйкалап бара жаткандай сезилип жатат. Мен чыдай албайм.
Асман ары да айтып, бери да айтып токтото албады. Өзүнө зыян кылбасын деп түнү менен аңдып жатты. Ата-энесине айтып аларды беймаза кылгысы да келбеди. Айжан болсо түшүнүксүз өзгөрүп бара жатты. Бир күнү күлүп, бир күнү ыйлап, өзү да алсыз неме арыктап да бүттү. Асман биринчи жолу жакшы көргөн адамыңа жардам бере албай карап туруу эмне экенин түшүндү.
Каргашалуу күнү сыртка чыкса машинасынын жанында сиңдиси турган экен.
– Үйгө баргым келген жок, Асман. Бир аз сени менен болгум келди,- деди ал.
– Макул, кайсы жакка баралы, тамак ичелиби?
– Жок, эч ким жок жерге баргым келип жатат.
Түштүк магистралда кетип бара жатышкан. Бир кезде Айжан “машинаны мен айдайм” деп баштады.
– Жок, сага рулду бере албайм.
– Асман, бер дедим.
– Жинди болбочу.
– Мен айдап эле жүрөм го. Эмне болду эми, бир жолу машинаңды аяйсыңбы?
– Аяган жокмун мен…
– Аяп жатасың!
Көк бет кыз эле, акыры макул кылды. Рулду алмашып алгандан кийин Асман акырын эскертип жатты. “Айжан, акырын айда макулбу?” “Макул, Асман” деди кыздын көздөрү ойноктоп. Бирок бир аздан кийин ылдамдыкты көбөйтө баштады. Ушул учурда апасы чалып калды. “Кайдасыңар?”
деди ал кыжыры келе. Ага жооп бергиче Асман машина кандай ылдамдыкта кетип бара жатканын көзү чала калды.
– Айжан, жиндисиңби, акырын айда.
– Коркпочу, бул жакта эч ким деле жок го.
– Айжан, азайт дейм! Келесоо кыз, токтот дедим. Токто-оо! Айжан дедим!
Бирок кечигип калышкан эле. Алдынан жаш келин жөө адамдар өтө турган жолдон өтүп бара жаткан. Айжан тормозду тепти. Бирок жетишпей калды! Көз алдында калган нерсе Асмандын чакчайган көздөрү эле.
ххх
– Келин оор абалда,- деди врач чыгып. Асмандын тизеси бүгүлө берди. Айжан ыйлап жанында эле. Ошол кезде атасы менен апасы жетип келишти! Атасы Асманды кучактап, апасы Айжанды басып жыгылды.
– Кандайча болду?
– Айжан “мен айдайынчы” деди. Мен макул болбошум керек эле, бирок…
Ошол учурда апам чалып калды. Айжан катуу айдап баратканын байкадым, бирок токтотконго жетишпей калдым,- деди үнү өчкөн кыз.
– Эми эмне болот, ата? Оор абалда дейт.
– Эмне болмок эле, өз күнөөсүн көтөрүш керек. Айжанга «өзүңө кел, кызым, эркеликти ташта» деп канча айттым. Аягы ушундай бүтмөк.
Сания күйөөсүн жалт карады.
– Айжан кичине, рулда мен болчумун дейсиң, Асман! Бардык күнөөнү өзүң моюнуңа аласың бул иш чечилгенче. Айжан кичинекей, бул нерсени көтөрө албайт.
– Сания!
– Эмне Сания? Өз кызың бул! Айжан өз кызың, адам өз баласын жамандыкка кыябы? Керек болгондун баарын жаса. Бул ишке Асман жооп бериши керек, Айжанга эч нерсе жолотпойм мен. Менин кызым ал жерде жок болчу!
– Апа, менчи? Мен сенин кызың эмесминби? Эмнеге мен?-деди Асман жаштуу көздөрү менен. Акыл менен, күч менен сакталып келген нерсе атылып кетти. Сания болору болсун деди, оозу ачылбай келген ириңден, жан дүйнөсүн жеп келе жаткан нерседен биротоло кутулгусу келди. Мейли, чындыкты билсин. Балким, мындан ары баары өз ордуна келип калаттыр. Асман чындыкты билсе, Сулаймандын сүйүүсү өз кызына оойт, балким. Аялдык ичи тардык кээде бардык нерсени жеңип кетет. Бул жолу да ушундай болду. Аял өзүн кармады да Асмандын көздөрүнө тике карады.
– Мен сени төрөгөн эмесмин. Сен биздин кызыбыз эмессиң! Сен башкасың…
– Акмак!- Сулайман аялын жаакка чапты. Жүрөгү көп жылдан бери ооручу эле. Сол тарабы чымыратып бара жатты.
– Сен эне эмессиң! Сен Айжанга жакшы кылып жатам деп ойлоп жатасың. Жаңылышасың. Эң оор жазаны… Эң оор жазаны… Менин… Асман, сен менин кызымсың! Кулак салба… Оо, Кудай!..
Бутунун алы кетип, тили көмөкөйүнө батпай бара жатканын сезди. Күп жыгылды. Чырылдап үстүнө түшкөн аялын, Айжанды көрдү. Дирилдеп эмне кыларын билбей турган Асманын көрдү. Көз алдында анын суроолуу көз карашы калкып калды.
Асман ооруканадан чуркап чыкты. Кайда чуркаарын билбеди. Эмне кыларын билбеди. Көөдөй кара түндө жөн эле басып жүрө берди. Апасы эмне деп жатат? «Мен сени төрөгөн эмесмин. Сен биздин кызыбыз эмессиң! Сен башкасың…” Кантип ал башка болушу мүмкүн? Башканын баласын ушунчалык сүйсө болобу? Апасы макул, бирок атасы… “Мүмкүн эмес” деп жатты ичинде чырылдаган бир үн жандалбастап.
“Мүмкүн. Апаң сага качан апа болду? Ал Айжандын апасы болду. Сен жалгыз чоңойдуң. Акыры бул чындыкты моюнуңа ал, Асман” деп жатты акылы.
– Аа-аа!- түндү жара бакырып жиберди Асман.
ххх
Айдар чочуп ойгонду. Таңга маал болуп калыптыр. Уйкусу ачылып кетти. Телефонун алып барактай баштады. “Медиа магнат Сулайман Абиров оор абалда” дегенди окуп жүрөгү шуу этти. Дароо атасынын бөлмөсүнө барды. Ал туруп намазын окуп жаткан экен.
– Ата, муну карачы?
Атасы окуп чыкты да, дароо кийине баштады.
– Кайда, ата?
– Ооруканага. Аруукеге. Сен кайсы ооруканада экенин бил, жүрү тез бети-колуңду жуу, кеттик.
Ошону эле күтүп тургандай телефонуна билдирүү келди. “Абалым оор, тез кел”
дептир Сулайман.
Уландысы бар…