Ураа! Мен жарала баштадым!.. Менин жаңыдан гана түйүлдүккө айланып, апакемдин курсагында чоңоё баштаганымды эч ким биле элек. Жадагалса апам да. Мен жөнүндө билгенде апакем абдан сүйүнсө керек. А атамчы? Ал ким болду экен? Мен абдан бактылуумун.
***
Мага жыйырма күн болду. Бүгүн апакем мен жөнүндө билди. Бирок мен күткөндөй кубанган жок. Кабагы ачылбай жаздыкка башын катып көпкө ыйлады. Түшүнбөй жатам, эмнеге ыйлайт? Шашып бир жакка баратат. Кайда барары мага кызык болуп турат. Менин бар экенимди бирөөгө сүйүнчүлөйттүр. Бир жигитке жолукту. Ооба, мен жөнүндө айтты. Бирок экөө тең кубанышмак түгүл, урушуп жатышат. “Жогот! Мени ушинтип байлап алам дегени турасыңбы?! Курсагың чоңоё электе алдыртып сал! Жок десең, өзүңдөн көр! Кийин жалдырап келчү болбо! Сени менен да, курсагыңдагы менен да алпуруша албайм!” Бул ким өзү, апакеме кыйкырган?! Мени менен алпуруша албайм дегени эмнеси? А алдырып сал дегеничи?! Көп нерсеге түшүнө албай турганымды карачы. Колуман эч нерсе келбегени өкүндүрөт. Апакеме кыйкырган ар бир киши – менин да душманым…
***
Эхх!!! Эми түшүндүм. Апакеме кыйкырган атам турбайбы. Мени көрө элек жатып неге мынча жек көрөт? Кийин апама эч кимди жаман айттырбайм. Жадагалса атама да. Апакеме кыйкырганга эч кимдин акысы жок.
***
Ой, мага эмне болду?! Жаман болуп жатам. Апам да негедир башкача болуп турат. Жаңы эле ыйлап жаткан. Азыр каткырып күлүп, даңылдаган музыкага кошулуп ырдап, жанындагы сулуулар менен бийлеп жатат. “Апа, абайла, курсагыңда мен бар!” деп кыйкыргым келип кетти. Мен өзүмдү жоготуп баратам…
***
Апакем күнүгө эле бир нерселерди иче баштады. Билбейм, анын эмне экенин. Бирок ошондон кийин алсызданып, өсүүм токтоп калгандай. Мага күчтүү, даамдуу тамак-аш керек экенин билбей жатса керек. Апакем эмне менен азыктанса, көңүлү кандай болсо, бардыгы мага таасир берет да. Эмне кылышымды билбейм. Айлам жок, апакемдин кылгандарына көнө берем…
***
Жаралганыма үч ай болуп калды. Жүрөгүм сого баштаган. Апакемдин ар бир үнүн, ыйын, күлкүсүн, кайгысын, кубанычын сезип калдым. Ал ыйласа кошо ыйлачу болдум. Анын ар дайым кубанып жүрүүсү мага канчалык кымбат экенин билет болду бекен. Бүгүн бир жерге келди. Бул жерде аппак халат кийген эже-байкелер бар экен. Иий… Апам кайра ыйлай баштады. “Азыр кеч болуп калды. Эрте ойлонбойт белең! Азыр баланы алдыртам десең аны кескилөөгө туура келет”. Сөз мен жөнүндө болуп жатат. Мени кескилейбиз дейби?! Бул эмнеси?! Мен апакемдин курсагында тогуз ай жатып, анан татынакай болуп көрүнөм да. Жүрөгүмдүн кагуусу катуулап баратат. Мен коркуп жатам. Чын эле мени кескилегени жатышабы? Апаке, мени кескилетпечи! Мен сени абдан жакшы көрөм.
***
Өх! Ал жактан кетттик. Менин оюмду апакем сезди окшойт. Үйгө келер менен курсагын катуу таңып салды. Демим кыстыгып жатат. Кыйналып кеттим. Апаке, мени бошотчу. Кенен жаткым келет. Мен канчалык кыйналбай жатсам, ошончо бат торолом да. Жок, мени бошотчудай эмес. Кыймылдаганга да шайманым жетпей калды. Дагы бир нерсесин ичти көрүнөт. Ошондон кийин чоңойгонум таптакыр токтоп калгандай. Бул эмнеси, буту-колум кыймылга келбей калды. Башым да тумандап турат…
***
Апакеме бирөө келди. Ал дайыма апамдын жанында. Апамдай сулуу, бирок ал бир да ыйлабайт. “Дары ичтиңби? Кандай эле ал сага жардам бере албай койду. Ушул дарыдан соң бойдон бат эле түшүп калчу. Сеники бир укмуш окшойт.” Шыңкылдап күлүп жатат. Апакемдин кабагы кайрадан бүркөлө түштү. “Мени кыйнап бүттү. Мындан кантип кутулам? Бат эле чоңоюп кетерин этибар албай ушуга жеттим…” Сөздөрү мен жөнүндө го. Чын эле апакемди кыйнап жатамбы? Эмне кылып? Түшүнбөйм… Мен кубандырам деп жаралбадым беле. Апаке, мен сени кыйнабайм. Кийин сени багам, дайыма сени менен болом. Менден кутулуунун жолун издебей эле койчу. Мен азыр өзүмдүн эркек бала экенимди билип калдым. Көрөсүң го, төрөлөр менен сага жагып кетем. Мага ак сүтүңдү эмизесиң, бешик ырын ырдап берсең капаң жазылып кетет. Атам болсо… Ал да мени сүйүп кетерине ишенип турам. Азыр ал мени тааный элек да. Ал кайрылып сенден кечирим сурайт. Апа, дары ичпечи. Менин бардык мүчөм толук жетилип төрөлөрүмө аз эле калды. Бирок тогуз ай жатууга чамам жетпей баратат…
***
Ыңаа! Ыңаа! Бүгүн жарык дүйнө менен учураштым. Апакеме жардам берип мени тосуп алган ак халатчан эжеке мени өйдөлөтүп көтөрдү да: “Сүйүнчү! Уулдуу болдуң”, – деди. Апам көзүнөн жашын куюлтуп нары карады. Бул эмнеси, менин ыңаалаган үнүмөн корктубу? Тарбалаңдаган колу-бутуман корктубу? Дегеле менин жаралганыман корктубу? “Ай кыз, дайыны жок ыйлай бербей, балаңды жакшылап кара. Эмчегиңди оозуна салсаң. Ууз сүткө тоё эмсин”. Мени апакемдин курсагына жаткырып оозума эмчегин салды. Апакем жийиркенгендей денесин жыйырып: “Мага баланын кереги жок. Эмизбей эле коёюнчу”, – деди. Ак халатчан эжеке үнүн катуу чыгарып апакемди урушуп жатты. Мен апакемдин денесинин жылуулугуна магдырадым, жылуу ууздун даамын таттым. Сүттүн даамы жагып турду. Апакем дагы эле денесин жыйырып мени көкүрөгүнөн алыстата түрттү. Ошондогу ызаланганымчы. Жарык дүйнөгө келгенимде сүйүнүчтөн ыңааласам, азыр ызаман ыңаалап ыйлап жибердим. “Мени көргөндө сүйүп кетет” деген оюмдун аткарылбай турганына, мени жериген апакеме таарындым. “Ыңаа! Ыңаа!” деп чырылдагандан башка колуман эч нерсе келбей турду. Биринчи жолу апакемди жаман көрүп турдум. Ак халатчан эжеке эмнегедир ыйлап жиберди. Колуна мени алды да, акырын бетиме бетин тийгизип жыттап койду. Таң калып кеттим. Апакем бербеген мээримди бул бейтааныш эжекенин берип турганы мен үчүн күтүүсүз эле. Мени колунда ары-бери терметип турду да, кайрадан апакемдин көкүрөгүнө жаткырып апакеме: “Айланайын, синдим, татынакай жан экенсиң. Кудайдын берген белегин жээрип турганың эмнең? Билесиңби, эне болуу бактысын бардык эле аялзатына буйруй бербейт. Канчалаган бактысыз аялзаты балага жетпей кор болуп, Кудайга жалбарып ыйлап жүрүшөт. Бул кылганың туура эмес”, – деди.
***
Мени жээригенденби же ден соолугунун начардыгынанбы, апакемдин эмчегине сүт келбей мен да, өзү да кыйналды. Доктурлардын айткандарына караманча көнбөй, эки көзү кыпкызыл болгончо бүк түшүп ыйлаганын баспай койду. Мени башка бөлмөгө алып кетишти. Курсагымдын ачканына чыдабай чыркырап ыйлай баштадым. Мени жарык дүйнөгө келгенимде биринчи болуп кол сунуп тосуп алган эжеке гана жанымдан чыкпай айланчыктап мени сүйүп турду. “Айланайын, балапан, менде сүт болсо эмне, аянбай өзүм эмизип, өзүм бала кылып албайт белем”, – дейт. Жүрөгүм солк дей түштү. Апакемсиз каларымды кичинекей жүрөгүм сезгендей булкунуп алды. Апакемден айрылгым келбегенин айткым келди. Бирок негедир бул мээримдүү эжекеге эркелегим келип баштагыдай бетин бетиме тийгизгендеги жылуу илебин самадым. Ыңаалап кайрадан ыйлай баштадым. Карбаластап жүгүргөн эжеке бир нерсени оозума жакындатканынан курсагымдын ачынан аны жалмалап жибердим. Апакемдин сүтүнүн даамына окшош. Даамы деле сонун. Бирок апакемдин көкүрөгүнө жатып жылуу илебине мас болуп, эркелеп эмген ууз сүт башкача болчу. Анын эркелеткенин каалап турдум, сагынып турдум. Ошондогу кусалыгымды, сагынычымды, апамдын мамилесине болгон ызамды эч кимге ыраа көрбөйт элем…
***
Апакемди экинчи ирет кайрадан көргөн жокмун. Сагындым, ыңаалап ыйлап, анын мага мээримин төгүп келип калуусун миң самадым. Бирок тилегим аткарылбады. Тек гана ак халатчандардын мага боор ооруй караган көз караштары жүрөгүмө жетип, улам бири-бирине таштанды бала экенимди айтып жаткан сөздөрү кулагыма жаңырып жатты. Мени көкүрөгүнө кысып, эркелетип башыман сылаган, эмчегин эмизип энелик мээримин төккөн жан болбоду. Жөн гана таштанды балага айландым да кала бердим. Анда-санда ыңаалаган үнүм гана жашап жатканыман белги бербесе, кичинекей жүрөгүм жылуулук эңсеп түрс-түрс согуп жатканын эч ким этибар албагандай… Эхх!!! Ушундай бактысыз белем?!
***
Жок, мен күткөндөй эмес. Мага жүрөгү ооруп, мени сүйүп турган бирөө бар экен. Мурунтан таанып, кастарлап, сагынып тапкан наристесиндей мээримин төккөн, мени жарык дүйнөгө келгенимде тосуп алган ак халатчан эжекем айланчыктап жаныман кетпей, кээде ыйлап, кээде сүйүнүп мени менен сүйлөшөт. “Мен сени эч кимге бербейм. Сени Кудай өзү мага алып келген окшойт. Сен менин алдейимсиң. Мен сенин апакеңмин. Экөөбүз эң сонун жашайбыз…” Ушул сыяктуу сөздөрдү айтып менин ар бир дем алганыма чейин аярлай тыңшап, мээрим төккөн көз карашы менен эркелетет.
***
Күндөр айга, айлар жылга алмашып татынакай чоңоюп, мени сүйүп, багып алган апакемдин колунда өстүм. Ал менин багып алган апакем экенин унутуп да койгом. Ал мен үчүн өз апаман артык жан. Ыйласам сооротуп, оорусам көзүм менен тең айланып Кудайга жалбарып, мени эркелетип өстүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде келди, өз апам. Өз деп айткым келбейт. Апакеме жалдырап баягы кездегидей көз жашын он талаа кылып ыйлады: “Мага бер, баламды. Мен ал кезде түшүнбөптүрмүн. Жаштык кылып койдум. Сизге миң мертебе рахматымды айтам. Канча десеңиз да берейин”. Апакем мени берип коёбу деп кичинекей жүрөгүм катуулап согуп ыйлап жибердим. Апам адатынча бетиме бетин тийгизип эркелетип койду. Анан өз апамды карап турду да, ойлоно түштү. “Мейли, алсаң алып кет. Мен ушул 2 жылда балам деп жүрүп карып да кеттим. Мунун оорусун күнүгө көрө берип кыйналдым. Алып кетсең аз-аздап унутуп коёрмун”, – деди. Апамдан мындай жооп болот деп күткөн эмес элем. Мойнунан кучактап ыйымды күчөттүм. Апамдын мындай жообун уккан өз апакем: “Мен кийинчерээк келейин. Азыр сиздин жоопту гана угайын дедим эле”, – деди да, жөнөп кетти. Ошондогу менин акыбалым сөз менен айтып бере алгыс эле. Кимге таарынарымды билбей апакемди жалооруган көздөрүм менен карадым. Апакем мени кучагына кысып, бетимен өпкүлөп: “Сени эч кимге бербейм. Мунун жеңил ойлуу экенин билгенимден ушинтип койдум да. Сени оорулуу деп койсом жаа бою качарын кантип сезбейин. Кудай сактасын, сен ооруганча мен эле ооруйун. Алтыным менин, эркетайым менин”, – деп ыйлап да, эркелетип да жатты.