ПЕРИШТЕ!…

https://kyrgyzcha.site/?p=64428&preview=true Кызыктуу окуялар.

ПЕРИШТЕ!…

 

Андрей кафеден чыгып, машинасын көздөй бара жатты…Кандайча мындай болуп кетти? Жок, аялынын мүнөзүн билчү бирок мынчалык мерээз, таш боордугуна ишене албай турду. Кафеде отурушкан экөө, тамак учурунда аялына звонок келип, ал алганда «угуп жатам сүйгөнүм», деп жооп берип жатпайбы…Андрей эч нерсеге түшүнбөй карап калды аялына. Ал болсо ордунан турду да, мен жарым жыл болду башканы сүйөөрүмө, жакшы кал, деп Андрейден сөз күтпөстөн туруп кетип калды…Там-туң басып, мас сыяктуу, акыбалы начар эле, башында туман, ойлор… Кантсе да аялын жакшы көрчү, балалуу болууну эңсечү.

 

Машинанын жанында турган инспекторду көрүп, андан бетер жини келди. Парковканы туура эмес жерге койгон экен, азыр машинага отуруп, шаарда катуу айдап, биринчи столб менен кездешсем,деген ойу бар эле.Кафеде тамак менен эки бокал вино ичкен эле. Инспектор протокол түзө баштады. Бул акыбалыңда машина айдоого болбойт, ключтү бер деп алып алды да, айнегин кичине түшүрүп, машинаны жаап, ключтү айнектен ичине ыргытты. Запасной ключүң бардыр? Ооба, үйдө деди Андрей.

 

Пример HTML-страницы

Үйүнө баргысы келбеди, жалгыздык андан бетер чүнчүтөөрүн билип турду.

-Эми каякка бар дегиң бар? Инспектор жазган протоколдун копиясын колуна карматты да.

— Тиги жакка бар, деп колу менен багытты көрсөтүп койду. Андрейге чынында баары бир эле, өзү да түшүнбөдү көрсөткөн жакка бет алды. Ал жерде парк бар экен, скамейкада отурган кызды көрдү, негедир көрүнүшү башкача. Кыз ыйлап эми бүткөндөй, кийими да үйдөн шашып чыккандай.

-Жаныңызга отурсам болобу? Сурады Андрей.

-Кыз кайдыгер башын ийкеди.

 

Экөө кыйла унчукпай отурушту, ар кимиси өз ойлору менен алышып…Акыры Андрей тынчтыкты бузду.

— Кечиресиз, сизге эмне болду? Ким капа кылды сизди?

— Катя, менин атым.

-Андрей.

— Апам өтүп кеткенине бир ай болду, өгөй атам мени үйдөн кууп чыкты. Бараар жерим жок… Кыз бирөөгө арманын айтып бергиси келген эле. Бук болуп өзүнө-өзү батпай кеткен… Чындыгында апасын сагынды, өгөй атасы менен тил табыша албады. Ал дайым ичип келип айкырганы-айкырган.Бүгүн адатынча келип, кызды үй кийими менен эле кууп чыкты, жакшы сумкасын берди, документтери бар эле. Мектепти эми бүтүп, чоң окууга тапшыра албады, жумуш издеп тапты бирок айлыгы бир айдан кийин тиймек. Ага чейин эмне кылаарын билбей отурган. Жашаарга үйү жок, төлөгөнгө акчасы жок…Бараарга туугандары жок…

 

-Неге сиз бул паркка келдиңиз? Сурады Андрей кыздан.

-Бул жакка келейин деген ойум жок эле, чынында бүгүн жашоо менен кош айтышайын деп чечкен элем. Көп этаждуу бийик имарат издеп турган жеримден, «периште» келип токтотту… Эхх, деп ойлоду бала ичинен, ушундай жакшынакай кыз көрсө оорулуу турбайбы…Аяп турду, кыз сөзүн улантты.

— Билем, сиз азыр мени нерв оорусу менен ооруйт окшойт деп ойлодуңуз…Ишенбедиңиз бирок бул чындык. Периште ,атым Пётр деди. Баары жакшы болот, бир ай күтө турушуң керек, азыр паркка кирип отур, мен сага жардам бере турган адамды жөнөтөм…Ошондуктан бул жерде отурам күтүп…

 

Кандай болсо да бул кыздын абалы меникинен кыйла оор экен, жылдыздуу да экен, менде азыр 2 бөлмөлүү квартирам бар. Жашап турса болот бир бөлмөсүндө. Айлыгы тийсе,кичине бутуна турса, башка квартирага чыгып кетээр…

— Катя, билбейм кандай дейсиң менин сунушумду, кааласаң меникине жүр. Көчөдө, караңгыда жалгыз отурганын туура эмес. Мен баары бир сени бул жерде калтырып кете албайм.

— Периште Пётр адам жөнөтөм деген да, күтүшүм керек аны. Андрей колундагы протоколду ойлонгончо окуп жатты…

— Ким дедиң периштенин атын?

— Пётр деди мага атын… Баланын колундагы барак протокол эмес эле, ал жерде чоң тамгалар менен жазылган бир эле сөз бар экен…

 

П Ё Т Р…..

 

Андрей менен Катя бүгүн жашоодон кечели деп чечим кылган убакта, ЖАРАТКАН ПЕРИШТЕСИН ЖӨНӨТКӨНҮ АНЫК ЭЛЕ!….

 

Бир ай өтүп, Катянын өгөй атасы кылмыш менен кармалып түрмөгө көп жылга кесилди, апасынын квартирасы закондуу түрдө кызга өттү. Андрей менен Катянын ортосунда сүйүү жаралып, бири-бирисиз жашай албастарын түшүнүштү, эки жаш үйлөнүп азыр тун баласын күтүүдө!…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️