Пастык келин. 1 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37450&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пастык келин.

1-болум

Эсимде, ошол жылдары биздин айылдын жигиттерине жин тийгендей кыз ала качмайды адатка айландырышты. Жин тийгендей дегеним, биринин артынан бири үйлөнүп, болгондо да тааныбай, билбей, жолдон эле бөктөрө качып, далай кыздын убалына калышты го боз балдар. Ошол боз балдардын шарына менин Жанарбек акем да кошулду. Акем дегеним атамдан улуу агамдын уулу, бирок бир үйдө чоң энемдин колунда чоңойгон үчүн бир туугандай ынак элек. Бир күнү кечке маал эле Жанар акем өрөпкүп тээ айылдын четиндеги Маматжандын тоюна кеткен. Анан эле түн жарымда иттерди ызы-чуу түшүрүп бир топ бала топурап кирип келишти.

 

– Ботом, тынччылыкпы?-деди апам ордунан тура калып үрпөйө.

 

– Тынччылык, чоң апа, тиги Жанарга кыз ала качып келдик, сизди Шарапат чоң апам чакырып жатат.

 

– Ай, чечектер, дагы кимдин убалына калдыңар?

 

– Убалына калдыңар дейсиз да, бактысын ачтыңар десеңиз,-деди эрдемсинген балдардын бири тапандана. Маасысын кийип жаткан апам эми эле балапан түк муруту кылайган тигил баланы ушундай бир кыжаалат болгон, жактырбаган, ошол эле учурда баласынтып аяган көз менен карап алды да, анан чапанын шаша кийип топураган балдар менен чыгып кетти.

 

– Апа, мен да барам,-деп кошо тура умтулдум эле апам көзүн чакырайта карап, алда неге ачууланган, зээни кейиген көз караш менен барбайсың дегендей тыйып койду.

 

Ызалана кала бердим. Бирок адатымча эркеликке салып ээрчип алууга бул көз караш жеткирбей, менин эркелигимден же кадимки келин келген тойдон алда канча маанилүү бир окуя болгондой каяша айтууга даай албадым.

 

Апам түшкө жакын келди.

 

– Апа, келин сулуу бекен?-дедим дароо эле.

 

– Сулуу экен шордуу,-деди апам суз.

 

– Эмнеге шордуу?

 

– Шордуу эмей эмне, кимге, кандай жерге, кандай адамга туш келгенин билбесе, бирин-бири тааныбаса.

 

– Баары эле ошентип ала качып алып атпайбы, ары акем жакшы,-дедим чычалап.

 

– Акең го жакшы…

 

Апам бирдеме айтчудай оозун таптап барып анан “сен эмнени түшүнмөк элең” дегендей кайдыгер кол шилтеп тиричилигине киришти. Ошол күнү кечке кыйпычыктап, тиги келин келген чоң үйгө баргым келип, бирок апамдын бүркөө кабагынан батына албай жүрө бердим. Кечке маал апам:

 

– Жумагүл, жүр, чоң апаңдыкына барып келели. Кудагыйлар келди окшойт, бир автобус адам келип түштү,-деди санаалуу.

 

Апамдын санааркаган жүзүн көрүп мен да тынчсыздана түштүм. Ай ушу апам, жарыктык ал киши басканда артынан чуркап эле каласың го. Энтигип жетип барсак ызы-чуу. Аялдар кызды алып кетебиз деп жулунуп, байкуш биздин туугандар, айрыкча Жанар акемдин атасы Асылжан агам жулунган ар бир аял-эркектин көзүн карап бозоро кечирим сурап, курун мойнуна салып алып кулдук уруп жүрөт. Агамды карап туруп зээним кейип кетти. Адатта тойдо адамдар жаркылдап, келин менен күйөө бактысынан тамылжып турчу эмес беле. Бул жолу ууруга куугун келгендей абал коркунучтуу да, уяттуу да эле. Айрыкча бир аял кой-айга көнбөй, аксакал, улуу-кичүү дебей беттен алып ажылдап жатты. Кубасынан келген аялдын жүзүндө да, көзүндө да мээрим жок болчу. Апам мени ары жетелеп кирип кетти. Шарапат чоң апам бизди көрүп токтоо учурашты. Кандай абал болбосун бир калыбынан жазбаган ошол кербез байбичени азыр да эстеп таң берем.

 

– Кел, Жумаш, айланайын, келин көргөнү келдиңби? Кир жеңеңдин жанына кире гой,-деди мен эмнени дегдеп турганымды айттырбай сезип. Апам экөө башы бириге алда нени шыпшына шыбырашып калышты. Мен төркү үйгө кирип кеттим. Төргө кыпкызыл көшөгө тартылып, көшөгөнүн сыртында биздин туугандардын келин-кыздары тизилип отурушуптур. Баарынын жүзүндө кубаныч менен кошо алда кандай кооптонуу бар эле.

 

– Ии кыз, кел,-деди чакчаңдаган Урпия жеңем. Айылда ким кыз ала качпасын ушул жеңебиз сөзсүз аралашат. Бир паста эле ары-бери кылып тааныштырганга, жүүнү бош, кызга эби жок боз балдарга ортомчу түшүп кыз тапканга маш. Келиндин жанына кирип-чыгып, келген-кеткенди тейлегенине караганда Жанар акемдин кыз ала качуусуна да катышкан го кайран жеңе.

 

– Көрүндүгүң барбы?-деди ал агы кызыл тартып ойноктогон көздөрүн мага кадай берип. Атам ушул жеңебизди жактырбай “жинди көз” деп койчу, анын ойноктогон шок көздөрүн карап туруп атамдын ошол сөзүн эстеп кеттим.

 

– Бар,-дедим апам койнума салып берген бир байлам жибек жоолугумду чыгарып.

 

– Ии, тил билги абысыным билет да кандай көрүндүк беришти, кытайдын жибеги тура,-деди ал жоолукту колумдан ала салып. Анан:

 

– Бас, кир,-деп жоолукту өзү кармап алдыга жол баштады. Жыйылган жүктүн бурчунда ак жоолукту көзүнө түшүрө салынып отурган келинге дароо көзүм түштү. Ал ордунан тура калып, анан кичинекей мага же жүгүнөрүн, же унчукпай коёрун билбей туруп калды. Урпия шыпылдап:

 

– Бул мугалим абысынымдын улуу кызы, жеңемдин урматына жүгүнүп кой,-деди. Аппак жүзү албыра жүгүнүп жаткан жеңеме эмне дээримди билбей аптыктым. Жеңем чын эле сулуу экен. Аппак жүзүнө капкара кашы, кырдач мурду, айрыкча элегей тарткан карагат көздөрүн суу жээгиндеги камыштай кайрылып курчап турган кирпиктери көрөшөм эле. Бою да биздин айылдын кыз-келиндериндей кичинекей болбой куду чоң суунун боюндагы солкулдаган ноода теректердей узун да, келишимдүү да экен.

 

– Рахмат, жеңе,-дедим башка сөз таппай.

 

– Кудай жалгасын десеңиз, ай мугалимдин кызы. Каада-салт дегенди үйрөткөн эмес го жеңем,-деди Урпия жеңем шакылдап.

 

Эгер азыркы куракта ушул сөз айтылса “качан каада-салтта кыздын көңүлүн, эркин сурабай малчасынан бөктөрө качкан бар эле, кыргыз деген улуу эл эркти, сөздү, көңүлдү туу туткан эл эмес беле. Сендейлер баарын талкалап жатат” демекмин. Анда болсо ары жаңы пастык (шаардын кыздарын пастыктар деп коюшчу) жеңенин сулуулугунан, ары шакылдаган Урпиянын демиткенинен мурдум тердеп унчукпай турганыма азыр ичим бышат.

 

Сыртта эмне болуп жатты билбейм, айтор, бир кезде апам кирди да:

 

– Ай, Урпия, сенде да кыз бар, ушул кыздардын биринин тагдырын алардын башына салгылык кылбасын. Сен алып келген кыздардын көп болсо эки-үчөө тынды, калганынын тагдыры талкаланып, ажырашып кетишти. Бул кыздын да убал-сообу сенин мойнуңда. Ата-энесин го жайгардык, кийинкиси жакшы болсун деп тиле,-деди зекип. Апамдын бирөөгө минтип катуу айтканын, мынчалык ачуусу келип кызаңдаганын эч көрбөгөм. Урпия жеңе кыпкызыл болуп туталанып, апама кеп кайрый албай кайсактап, эми эле ушул үйдүн кыйыны болуп жаткан неме кыйпычыктап калды.

 

– Бас кеттик, биздин кыла турган ишибиз жок,-деди да мени алдына салып алып чыгып кетти.

 

Жолдо баратып:

 

– Апа, эмне анчалык Урпия жеңени кактыңыз? Жеңе сулуу экен, ары жакшы да окшойт, мага жүгүндү,-дедим жүрөгүмдү сөз менен жеткирип айта албаган жылуулук, сыймык аралап.

 

– Жерден боорун көтөрө элек сага эмнеге жүгүнөт, ботом?

 

– Билбейм, Урпия жеңем “мугалим жеңебиздин кызы, апасынын урматына жүгүн” деп жүгүнттү го…

 

– Өлүгүңдү көрөйүн обу жок кайсар, урматты эмне кылат экен, адам урматын билбеген каада-салтка айланабы?-деди силкинип.

 

Ошондон бир айдай убакыт өткөндөн кийин Шарапат чоң апамдыкына апам экөөбүз бир чара аш демдеп алып келин көргөнү дагы бардык. Биз барганда пастык келин сыртта короо шыпырып жүрүптүр. Аппак жүзүнө ак жоолугу куп жарашкан келиндин бели да бир тутам болуп, бою башкача сындуу экен. Ал коргондон кирерибиз менен утурлай басып келип жүгүнүп учурашты.

 

– Кудай жалгасын айланайын, кем болбо, бактың ачылсын,-деди апам ыраазы боло. Анан ал апамдын артында турган мени карап жарк эте күлүп, негедир жаш баладай көз кысып койду. Көз кысканда кирпиктери куду уча качкан чымчыктын канатындай дир этип серпилип алып, анан кайра капкара каректерин көшөгөлөй жаап ары бурулуп, апамдын башына коюп алган чарасын алды.

 

– Үйгө кириңиздер,-деди акырын. Үнү да коңгуроодой жагымдуу экен.

 

– Жеңем үйдөбү?-деди апам чоң апамдын ары-бери басып жүргөнүн көрүп туруп анан келе жатсак деле. Сыягы жаңы келинди кепке тартуу үчүн эле ошентип койду окшойт.

 

– Ии, үйдө,-деди пастык келин акырын.

 

Ал шыпылдай жол баштап эшик ачып бизди киргизип, анан очоктун жанында күймөнүп калды.

 

– Бар, сен жеңеңе жардам бер,-деди апам мени. Мен ансыз деле жеңемдин жанына баргым келип тургам. Дароо чуркап кеттим. Ал очоктогу отту күйгүзө албай убараланып жатыптыр. Жеңем жоон отундарга улам керосинди жаба куят, ал дүрт этет да, анан керосин кургаганда эле кайра быкшып өчүп калат.

 

– Келиңиз, мен жагайын,-дедим тарткынчыктай.

 

– Ии жакшы болбодубу, ушу от жага албай койдум,-деди келин уялыңкы күлүп. Алоолонуп күйүп чыккан отту карап туруп жеңем оор улутунду да:

 

– Карачы, сен жаккан от кандай сонун күйдү. Биз бала кезде ушинтип лагерде “эр от” жакчубуз. Ойлоп көрсөм андан бери көп убакыт өтүптүр, бирок кечээ эле болгондой,-деди отту ойлуу карап.

 

– Эр от эмне?-дедим билбегениме уялып.

 

– Эр от деген талаага жагылган от. Илгери согушка аттанган эрлер жаккан үчүн эр от деп коюшкан тура,-деди астейдил.

 

– А сиздер да согушка бардыңыздар беле? — Жеңем күлүп жиберди. Күмүштүн чачыласындай күлкүсүн оозун баса салып тыйды да:

 

– Жок, талаага от жаккан үчүн эле “эр от” деп атачубуз, илгери баатырлар талаада, ээн жерде жагышкан да. Биз да лагерде талаада, суунун боюнда же токойдо жакчубуз, — деди.

 

Анын ууртундагы бармак басым чуңкурунун чуңкурайып турганынан улам дагы эле күлүп, бирок анысын күч менен тыйып үн чыгарбай турганын байкап уялып тердеп кеттим.

 

– Мен лагерге барган эмесмин,-дедим акырын, анан -биз жакта лагерь жок,-деп кошумчалап койдум. Эр отту билбегенибиздин себебин ушул сөз менен айткым келди. Аңгыча жаныбызга Жанар акем басып келди. Анын келе жатканын көрүп жеңем чиедей кызара албырып кетти.

 

– Кел, Жумаш.

 

Жанар акем мени менен учурашканы менен жеңемди көз албай карап турду.

 

– Келдим,-дедим эмнегедир кысына.

 

– Үйгө кирбейсиңби?

 

– Мага от жакканга жардам берип жатат,-деди жеңем дагы эле кызарып.

 

– Карачы, жеңең от да жага албайт, эрте менен болсо калчылдап үшүп тиги Мержан сакоодой болуп сүйлөй албай калат.

 

Көз алдыма чачы агарып калса да тилин чайнап сүйлөгөн, көзү кыйшык, буту аксак, үстүнөн жыртык, кир купайке түшпөгөн Мержан келип, ушундай сулуу келинди ошого салыштырып жатканына, ары жеңемдин ошентип сүйлөп калганын элестетип күлүп жибердим. Акем бул сөздү шылдыңдап эмес дили төгүлүп элжиреп айтты. Экөө бири-бирине тартылып, көзгө көрүнбөгөн жип менен байланып тургандай сезилди.

 

Атаганат, бирок бул дил төгүлүү, байлануу узакка созулбады.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️