Пример HTML-страницы

Панфиловдо милиционерлер арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.

Спорттук иш-чара 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулду. Мелдешке ардагерлер да чакырылды.

Жыйынтыгында 1-орунду кылмыш иликтөө бөлүмү, 2-орунду аймактык милиция кызматкерлери, 3-орунду нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери алды. Панфилов РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Талгар Мамбетказиев жеңүүчүлөргө грамота жана белек тапшырды.

Андан кийин өздүк курамга жана ардагерлерге майрамдык түшкү тамак тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE