Пример HTML-страницы

Өз энесин сыйлабаган баланын келечеги жок! 2-бөлүм (Аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=59988&preview=true Кызыктуу окуялар.

2-Бөлүм

 

Дүйнөдө эч бир күнөө жазасыз калбайт бир туугандар

 

«Жесир»-деген атка дуйнодо эч бир аял заты конбосун.Бир туугандарым мен сиздерге энем жонундо элдин айткан создорун гана жазайын.Жети бала менен жесир калган кайненем,турмуштун суукуна тонуп,ыссыгына куйуп,тагдырдын тузагына илинседа жормолоп журуп ушул жети баланы эл катарына кошкон экен.Кайненем жаштыгынан ото намыской аял болгондуктанда,бироодон бир кессе ун сурабай жети баланы улгайтыптыр.Кыштардын узун тундорундо,ар бир балдарына оз колу менен эчкинин жунунон,жундуу,жылуу пайпак,кол кап,жемпир жана шапке токуп кийгизип.Кала берсе коншуларгада токуп берип акча тапчу экен.Кобунчо апам озу жыртык калош кийип журсода,окуп жаткан балдарына жаны кийим алып берчу экен.Балдарым оксубосун атабыз болгондо бизда элге окшоп жашайт элек деп.Ошондуктанда элибиз «Аталуу жетим аргасыз жетим,энелуу жетим эрке жетим»-дейт эмеспи.Апамдын ото эмгекчил жана намыской аял экенин коргон эл паланчынын балдары атасы барларданда жакшы жашап жатышат деп айтышчу экен.Элдин созунокараганда менин кайнагаларым деги жокчулукту корбой чонойушуптур.Ошондуктанда эненин кадырына жетишпеди корунот……………

Кайненем балдарынан аябай конулу калып.Эли журтун айткан создорунон ото намыстанып.Оз эркин озу башкара албаган корунот.Ооба,жети асман азабы менен толгок тартып,кочкордой кылып жети бала тороп,жетим калган жети баланы жалгыз жесир башы менен окутуп,уйлоп,уйлуу жайлуу бала чакалуу кылып,акырына келгенде жети сары тыйынга арзыбаган ар кандай энеда менин кайненемдин кейпин киймек.Кызымдын айтуусу бойунча ошол туну энем аппак,куудай болгон чачтарын бир убакытка чейин тарап ыйлап олтуруптур.Эх байкуш энемдин журогунон ошол учурда эмнелер гана отту экен.Кандайгана азаптарга чомулду экен алсыз менин энекем ошол омурунун акыркы туну.Кандай гана мерез,кандай гана таш,кандай гана муз бала журогу,ак сут берип эмгизип чонойткон оз апасынын журогунун эзилгенин сезбеген.Энем байкуш кее учурларда кокурогун кармап -кызым кокурогум тартышып сыздап ооруп кетти,акелерине чалчы баарысы тынч бекен деп алдастап,балдарынын аман экенин укмайынча конулу жай алчу эмес болуучу.Байкуш энем ушунун баарын ойлонуп олтуруп,балдарынан бирда кабар болбогон сон,Оз балдарымдын журогундо жашабаган сон эл ичинде жашаганымдан эмне пайда деп ойлоп,ошол куну эрте тан алды менен чон сууакчу каналга оз бойун таштап.Балдарына таарынычын айтып ыйлап оз омурун озу кыйыптыр.Туболукко бизден алыстап………….

Энемдин оз омурун кыйганы бир заматта элебут айылга тарады.Эл журт бир заматта эле топтолуп калып эркектер энемдин жансыз денесин алып келишти.Оо куркурум энем байкуш алыска деле агып барбаптыр,шактарга илинип суу бетинде калкып турган экен деп айтышып келишти.Бут эл журт энемдин балдарына наалаттар айтып каргашып жатышты.Энемди акыркы сапарга узатуу учун,энемдин уч баласы жетишип келе албаган болсода молдолор,айыл аксакалдары куткондон пайда жок,тируусундо энемдеп кабар албаган балдары олгондон сон келбей эле койушсун дешип энемдин соогун жерге беришти.Мени жон эле жеп койойун деген кайнагаларым эли журтан коркушту окшойт бир оозда соз айтышкан жок.Энемдин кудайын откузуп,эл журт тарап калган кезде айыл аксакалдары кайнагаларымдын баарын чакырды бир болмого.Алардын арасында жолдошумда бар болуучу.Айыл имамы соз баштады.-Эненер аябай жакшы аял болуучу.Бут эл журт эненерди урматтоочу.Бирок тилекке каршы эненерди оз балдары сыйлаган жок.Силерда уул кыз чонойтуп жатасынар.Силер эненерге кандай мамиле кылган болсонор,оз балдарынардан ошондой мамиле коросунор.Эненердин тируусундо бул уйдо силердин да улушунор бар болуучу.Силер келбединер.Эми эненердин козу отту.Силердинда бул уйдо улушунор жок.Бул эненердин керези.Эненер тируусундо мага ушентип айткан болуучу.Эми силердин бул жерде эненердин кыркына чейин олтурганынардын такыр кереги жок.Эненердин тируусундо апа деп бир жолу бир каткан нан менен болсода жоктобогон сон.Эми апанардын козу откондон сон алтындан эстелик тургуссанарда бекер.Апа деп апанарды жоктоп ыйлаганынар силердин уйдун моорогону менен барабар.Эми уй-уйунорго барып апанардан кечирим сурап,апанардын арбагына арнап куран окугула.Бул уй жайды апанар жинди болсода ушул келинге калтырды.Эми уйду бошоткула балдарым деди.Акелерим тиштенишип,жандары чыгып,аксакалдарга бир оозда кайаша айта алышпай балдары жана жакшынакай аялдарын алып жоноп кетишти.Ошол кеткен бойунча энемдин жылдыгында гана келишти……

Мына эми бир туугандарым быйыл энемдин козу отконуно жети жыл болду.Жети жылдын ичинде биздин уй-було учун ото чон озгоруштор болду.Рахматтылык энем ар дайым мага кудайымдан шыпаа сурачу.Энемдин жана элдин патасы менен когоруп жашайт экенбизда замандаш.Мен азап чеккен кундорумдун биринда корбогондой болуп кеттим.Дары керлерда тан калышты.Менде эски оорумдан бирда из калган эмес болуучу.Малдарыбыз озунон озу кобойуп эле коробуз малга толду.Мына кудайымдын керемети.Кудайым берем десе,ден соолуктуда,дуйнонуда бир эле кундо берет экен,алам десе бир эле кундо алат экен.Мен мунун баарысын энемдин мага кылган дуаасынын кереметинин кучундо деп тушундум.Жакшы боло баштаган кунумдон баштап балдарым менен баарыбыз беш убак намаз окуп,ар дайым энемдин арбагына арнап куран окуйбуз.Кыйалымда энем тируудой.Биз менен эле чогу жашап жургондой сезиле берет.Балким арбагы ар дайым биз менен чогу жургондур…..

Эн тан калыштуусу энем мага айткандай жолдошум бир куну кайтып келди.Уйдо балдарымда кызымда жок болуучу.Кочодон гана кайтарып жибере албадым.Сооруго дасторкон салып чай койдум.Жакшыбы жаманбы ушул адамдан уч бала таптым.Ошондуктанда азда болсо сый корсотойун деп ойлодум.Анын устуно жолдошум сакал койуп,узун чапан кийип молдо болуп алган экен.Жолдошум бир пыйала чай ичип,ал акыбалды сураган сон -Жыпара мени кечирип кой.Иттик кылган экенмин.Азыр сени,балдарымды жана апамды таштап кеткениме аябай окуном.Эгер сен каршы болбосон,кел баарысын башынан баштайлык деп калды.Менда жолдошума жараша жооп бердим.-Капа болбон.Мен сиз менен мурдагыдай жашай албаймын.Азыр сиз мурунку мен куткон эркек эмессиз.Менда башкамын.Эми ото кеч.Мурункудай турмушубузду кайрадан калыбына келтуруунун эми эч мункунчулугу жок.Сураныч бактынызды болок жерден издениз.Сизге жакшы суйлоп,астынызга дасторкон салганымды,азырда болсо менде конулу бар экен деп тушунбон.Экинчи жолу келгенинизде мен сизге дарбазанында эшигин ачууга акым жок болот дедим сылык сыпа.Жолдошум копко ойлонуп олтурдуда дасторконго пата кылып-Тынч аман болгула деп жоноп кетти.Жолдошумду кузотуп чыгып дарбазанын эшигин жабат экенмин эмнегедир журогум согулуп,коздорумдон жаштар куйулуп кетти..

Кийинчелек укканыма караганда,мени жинди жаман деп чанып,жакшы деп алган аялы торопда бербептир.Апам айткандай ал аялы жолдошумдун бар байлыгын жеп болгон сон уйунон кууп чыгыптырда биринчи куйоосу менен жарашып алыптыр.Ортодо жолдошум машинада жок,бизден болуп кеткен мал дуйносуда жок,же бизден же ал аялынан жок кочодо калыптыр.Ошентип журуп эле бир куну жолдошум сакал мурутун алып,чепкенин чечип,башына кепкасын кийип Россиядагы биринчи аялына жоноп кеткени жонундо угуп калдым.Тан калыштуу баарысы кайненем айткандай болуп жатат…………

Кайненем балдарынан канчалык журоогу ооруган болсода,бир жолуда,балдарын каргап шилеп жамандык каалабаган болуучу.Болгону энем аларда бала чонойтуп жатышат,балдарынан кайтат деп кана жым болчу.Бирок энемдин козу откон сон жалпы эл журт энемдин балдарын каргашты.Элдин назарынан,элдин каргышына калган жаман экен.Энемдин козу откон жылдан баштап эле кайнагаларымдын бир чекеден эле иштери тескерисине кетти.Бири аялы менен эс алып келе жатып жол кырсыгына учурап,акем озу басалбай каласкада олтуруп калды.Женемда орукчан болуп калды.Дагы бироосу болсо пара алып кармалып камалып кетти.Даги бироосунун баласы наркаман болуп чыгып,ата энесин сызга олтургузду.Бир кайнагамдын баласы борбордо окуп журуп эле жаман балдарга кошулуп калып,кумар ойноп ата-энесинин бар топтогон байлыгын кумарга уткузуп жиберди.Кала берсе ата-энеси олтурган уйдуда кумарга койуп жибериптир.Керилип,аялым апа жакшы акча табат деген акем бала чакасы менен кочодо калды.Айта берсе арман коп.Деги койчу апамдын жети уулунун бирининда жашоосу жакшы болбой калды.Мурда кайненем байкуш ар дайым балдарына дуаа кылып турчу.Азыр болсо мурункудай энемдин алтынданда кымбат дуаалары жок аларды жаман коздордон,кырсыктан сактаган.Энем жок жети жылда ушунча каргаша болуп кетти.Булар энемдин жашына жеткичелик эмне болот деп кее учурда коркуп кетем.Мынакей бир туугандарым мен оз кайнагаларымдын жашоосун коруп,эненин бир жолу алакан жайып баласына кылган дуаасы менен,эненин балдарына журогу оруганынын, канчалык денгелде кучу жана касиети бар экеним тушундум.Жетинин бири кыдыр дейт элибизде.Бирок энемдин жети баласынын ичинен бирида апасын ойлогон жок.Баарысы аялынын айтканын кылды.Акыры эмне болду? Кайтар дуйно деп ушуну айтышса керек.Энем байкуш ак сут берип эмгизген кокурогуно,ачуу жаштарын токтургон балдарынан тугонуп оз бойун сууга таштап кете берди………….. окуя аяктады.

Замандаш Ата-энелерибизди коздорунун тируусунда сыйлайлы.Энелерибиздин коздорунун нурунан жаралып,энелерибиздин коздорунун нур качканда,биз аларга жардам берели.Кор окат аш деп баарыбыз мусапыр болуп журобуз.Бизди кутуп,бизге дуаа кылып олтурган айылдагы ата-энелерибиздин патасы менен когоруп жатабыз.Сураныч эч качан энелер ыйлабасын дуйнодо.

 

АЯГЫ………..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE