Өз энесин сыйлабаган баланын келечеги жок! 1-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=59988&preview=true Кызыктуу окуялар.

1-Бөлүм

 

 Өз энесин сыйлабаган баланын келечеги жок!

 

Мен бул уйдун эн кенже,тактап айтканда жетинчи баласына келин болуп тушконумдо 19-жашта элем.Келечектеги жолдошумду сыртан кана билчимин.Кайненем жуучу болуп барганда атам -Бул аял ото эмгекчил жана ыймандуу аял.Жети баланы озу жалгыз тарбиялап остуруп,окутуп,баарысын уйлоп жайлап бактылуу кылды деп макулдугун берген болуучу.Ал убакытта уй-булодо атанын созу биз учун мыйзам эле. Мен келин болуп келдим.Башында жолдошумда жаман адам эмес болуучу.Ал мал даригер болуп иштечу.Кайненем атам айткандай чындыгында эмгекчил жана ыймандуу аял эле.Бир ооз соз менен айтканда алтын эне болуучу.Мен жаштыгымдан энесиз осконум учунда тиричиликтин коп туйшукторун билчи эмесмин.Кайненем мага оз кызындай карап,озу билген бардык нерселерди уйротту.Оз апамдан корбогон мееримди мен кайненемден кордум.Эми кайненем жонундо сиздерге айтып отойун.Кайненем жетинчи баласы бойунда бар кезинде, кайнатап дуйноо салып кете берет экен.Кайнатамдын жылдыгына жетпей энем тороп.Жет баланы жалгыз,эч нерседен кем кылбай чонойтуптур.Кундуз кечке чейин талаада кетмен чаап,кечкурун кир жууп,нан жаап тамак кылып дегендей.Жети баланы тен жогорку билимдуу кылып баарысына уй-жай кылып,уйлоп болуп койгон.Эн чон эки акем райондук орууканада жогорку даригер болуп иштешет жана бизден бирааз алысырак райондун сентиринде жашашат.Андан кийинки учунчу акем болсо дагы бир коншу айылда мектептин жетекчиси болуп иштейт.Тортунчу акем болсо райондук сотто иштейт.Бирок биздин эле айылдын башында жашайт.Бешинчи акем болсо акимчиликте иштейт.Бирок ким болуп иштейт так билбеймин.Ал да биздин эле айылда жашайт уй-булосу менен.Алтынчы акем болсо милисияда иштоочу.Кийинчелек жаны аскердик болук ачылган сон,ошол жакка ишке которулуп,уй-булосу менен ошол жакка кочуп кетишти.Бизден эн алыс жашаган бир гана ушул алтынчы акем эле.Жетинчиси болсо менин жолдошум эле.Союз тараган сон калхоздон мал кой жерди болуп алып,оз алдыбызча тиричилик кыла баштадык.Жолдошумда жаман тапчы эмес.Кун ара бироо малымды коруп бер,жылкым ооруп жатат,деги койчу кунумдук оокатка дайыма чонтогундо акча болуучу.Апамдын балдары гана эмес менден болок бардык келиндерида,мамлекеттин жумушунда иштоочу,азырда иштешет.Алды тегоочу,дарыгер,балдар бакчасында жетекчи айым,эн жонокойу эле мектепте мугалим.Кыз узатышты,келин алышты,деги койчу баарысы эле турмуштун ачуу чучугун билип тушунушуп калган адамдар.Ар биринин астында машинасы болсода бир айда бир жолууда келип корбосода апам,ар дайым балдары жана келиндери менен сыймыктанчу.Алар жонундо бироозда жаман сооз айтчу эмес болуучу.Кайненем ар дайым мага -даражасы которулуп жаткан эркектин артында кучтуу аял турат кызым.Эркекти эл козуно эр жигит кылып корсоткон бул аял.Ар дайым жолдошунду сыйлагын кызым.Жаман иш кылса тизгинин тарткын,жакшы жолго баштагын дечу.Создорунон баамдап калам.-Жур апанды коруп келейик деп бирооз соз айтпаган келиндеринда апам Каныкейге теноочу.Бир майрамды шылтоолоп,же куран окутабыз,эл чакырабыз деп он жолуудан чакырып жатып сорго апам балдарын уйго чогулчу.Ошондода бири келсе экинчиси жок.Келини келсе балдары жок.Келгенида эртен жумушубуз коп апа капа болбон деген шылтоолор менен уйлоруно шашышат.Ошондода апам булар эл кызматында иштешет деп бирда балдарына кир жуугузчу эмес.Оздору аялы жана бала чакасы менен кымбат баалуу кийимдерди кийишип алып,апама болсо кайактагы бир немелерди которуп келишет. Кее учурларда ойлоп калам озумчо -апа деп бир кайрылып оз эркинче келбеген эл кызматында иштеген балдардан коро,бироонун малын баккан кочман болсода,апасын бир куйгон кулчо менен жоктогон бала артык эмесби.Акелерим биринен бири отуп аялдарын алтын менен кумушко тенеп апама мактанышса куйбогон жерим кул болуп кетет.Кантип эле сезишпейт.Ушундай даражага жеткенине аялдарынанда артык апамдын ото чон эмгеги бар экенин.Козунун нурун куйратып,куну туну иштеп жети баланы билимду кылган эненин эмгегин кандай мерез,таш журоктор унутат.Мунусунада мейли,айлап апасын жоктобой адашып бир келгенде апасына аялын мактагандан болок соз куруп калыптырбы? Эне сутуу ооздорунан таркай элекде каза болуп калган аталарын эскеришсин.Балалык кездерин эскеришсин.Жалгыз боой апасы жети жетим баланы канаттууга кактырбай,тумшуктууга чокутпай канатынын астында чонойтконун айтып рахмат айтышсын.Жаны алган машинасы менен аялынын ийгилигин айтып мактанбастан……………….

Ушентип журуп алтындан кымбат кайненеге менда эки уул бир кыз небере белек кылдым.Кайненем бирда калтырбай намаз окуган сон менда,жолдошум да,улуу кызым да намаз окуучук.Кудайга шугур малы калибиз кобойуп турмушубуз мурдагыданда оноло баштады.Жолдошум чон кылып уй салды,машина алды……

Пример HTML-страницы

Менин жашооумдун эн жаман багыты мен учунчу баланы торогонумдон сон башталды.Мен учунчу баламды торогон сон ооруй баштадым.Тынбай эле шишип кете берип,Эч бир иш кыла албай калдым.Ошондо мен кайненемди эмес,картайып калган болсода кайненем мени карап калды.Чон кызым кичине баламды карайт,кайненем тамак аш кылат.Жолдошумдун болсо кабагы эч ачылбай койду.Мени жолдошум акчадан кызганып чын дилинен деле дарыгерлерге корсоткон жок.Эмесе бир эмес эки бир туушкан кайнагаларым ооруукананын жетекчилери болуп иштешет эле.Мага далда болгондун ордуна жолдошум -ооруй эле бересин,келгенден бери орукчансын.Сени апамды карайт деп алган элем,апам сени карап жатат.Балдарында сага окшогон.Оорукчан аялдан оорукчан бала торолот,дагы ушул сыйактуу жаман создор менен мени кемситип уруша бере турган онор чыгарып алды.Мурда жолдошум эч мындай эмес болуучу.Акчабыз кобойуп байыган сайын ар турдуу онорлору кобойо берди.Ушунун баарын коруп угуп тургандан сон озумду озумда башкара албай калдым.Акыл ээсимеда доо кетти.Тактап эле айтканда акылымдан адаштым.Эмне деп суйлогонумду,эмне кылып жатканымдыда билбей калдым.Эч нерсени жакшы эстейда албаймын.Акыл ээсимди жыйнап алганымда балдарым,кайненем жана бир туугандарым жанымда экен.Алар мени даарылатышып журуп адам кылышыптыр.Уйго келгенимдеда барибир менде ооруунун кесепеттери бар болуучу.Тез эле унутуп калам жана курсагымдын тойгонунда билбей калчуумун.Анысы ас келгенсип шишип кеткенимден копко баса албай болчумун.Жашы бир кыйрага барып калган болсода табиятынан ото чыйрак болгон кайненемда менин азабымды тартып ото жудоп кетиптир байкуш.Ушунчалык кайненеме ичим ачышып сыздадым.Жолдошум болсо жанымда жок.Ал уятсыз мени бардык элге аялым жинди болуп калды.Ал оз аялдык бурчун аткара албай калды.Же уйдо жок,же тошокто жок деп менин устумо бир жолдошу менен ажырашып кеткен эки балалуу аялга уйлонуп алыптыр.Агада мейли денчи ал ажар аялы эки баласын жана жолдошумду эрчитип келип балдарымды кочого айдап биз менен уй талашыптыр.Кайненем байкуш биздин ортобузга тушуп,баласы менен каттуу урушуп экинчи катынында озунда уйдон айдап жибериптир.Менин оз атам жана бир туугандарым жолдошум ушундай кадамга бардыбы эми ал барибир онолбойт деп Айыл аксакалдарын жана мечиттин имамын чакырышып биздин байлыкты болуштуруп берип кетишиптир.Жолдошум Мен бул жинди аял менен жашабаймын деп уйдон оз улушун алып,уч баласын жана тогуз ай омурткасы кайышып которуп жургон апасында таштап кетип калыптыр.Жолдошумго мейли дейли.Менин жинди болуп калганым чын,кеткен болсо кеткендир.Апамдын калган алты баласычы? Алар апам оз баласынанда бир жинди келинди артык корду деп таарынышкан болушуп бирида апаларынан кабар алайын деп ойлошпойт.Мени мейли жинди дешсин бирок менин балдарыма алардын каны агып жатканын ойлопда койушпайт акмактар…………..

Балам кичине болсода турмушка бышык болуп,чанып кеткен атасынын жоктугун билдирбестен мал калди озу эле карап жатты.Кызым болсо талаа жумуштары жана уй жумуштарын ордуна койот.Кайненем болсо бизден эч жардамын аябайт.Ошол кундордун ичинде ар дайым оозун толтуруп балдарын мактап суйлогон кайненем бир ооз да балдары жонундо суйлобой калды.Кайненемдин коздорунон балдарына болгон ото тереен тарынычты корсо болот эле. Акыркы кундору кайненем каттуу сыгылып калганбы айтор озун алдыра баштады.-Апа деп бир ооз соз айтып конулун которойун десем.Мурдагыдай абалым болбосо.Озумдун колум оозума жетпей,анын устуно добушумда эркектердин унундой жооноруп кеткен эле.Ичимден гана байкуш энем меени коруйм деп озун унутупда калды деп сыздап алам……. Азыр эсимде ошол куну чак туш болуучу.Адаттагыдай кайненем окобуз соорудо чай ичип олтурган элек.Кайненем копко ойлонуп олтуруп кийин мага -кызым Бир нерсе эч эсимден кетпейт.Эсимден кетпеседа мейли эле анын чындык экени эч мага тынчтык бербейт.Мурда рахматылык кайнатандын бир досу болучу.Жакын саналаш дос болгондуктанда коп тамашалашып калышчу.Ошондо биздин алты уулубуз,ал досунун жети кызы болуучу.Кайнатан досуна -сени аялын куйратты досум.Жети кыз тороп берип.Кыз бироонун булоосу.Эртен эле кетет.Андан сон эмне кыласын.Менин аялым,аялдардын ханышасы карачы алты уул тороп берди.Колумду сунсам айга да жетет.Эртен эле балдарым чонойуп колумдан жумушумду алат.Уругумду улашат.Картайганымда кезектешип карашат деп айтып мыскылдачу.Ал досууда кайнатандан кем калчуу эмес болуучу.-Ээ досум шашылба.Арканды узун ташта.Алдыда эмнелер бар билбейбиз.Кыз болсода журогундо ыйманы болсун.Сага бир окуйаны айтып берейин досум уккун.Илгери окобузго окшогон эки дос болгон экен.Бироосунун аялы жети уул тороптур,бироосунун аялы жети кыз тороптур.Аялы жети уул торогон мырза кадимки сендей уулу жок досун дайыма мыскылдачу экен.Бирок арадан жылдар отуптур,мезгилдер алмашыптыр.Баягы эки дос балбыйкан карыя болушуптур.Биринчи жети уулу бар досу жетимиш жашын белгилеп тууган уругун балдарын чакырыптыр.Балдарынын эн алды атасына кок озбектердин чапанын алып келип кийгизген экен.Кийин болсо жети кызы бар досу жетимиш жылдыгын белгилеп той бериптир.Кыздары атасына саймалуу чепкен менен суусар тебетей кийгизишип,куйоо балдары астына ат мингизишкен экен.Эми бул окуядан жыйынтык чыгарып айтат элем досум кызбы уулбу ыйманы болсун деп айткан эле атандын досу.Алар ото коп жолу тартышчу ушул маселе жонундо.Ошол кезде бул бир гана уламыш болсо азыр бул акыйкат болуп чыкты кызым.Ошол атандын досу жакында эле каза болду.Барсам жети кызы торундо ыйлап олтурат.Андан мурда жетимиш жашын белгилеп чакыргандада барган болчумун.Чындыгында кыздары суусар тебетей менен эн жакшы тондорду кийгизишти.Куйоо балдары ат кана эмес алды машина мингизишти деп кайненем оор ушкуруп алып -Мурда жети баланы бутуна тургузам деп тишимдин кирин соруп журуп иштеп кыйналганымда атандын мурзосуно барып ыйлоочумун-эмнеге сен мынчалык эрте келип бул жерге жатып алдын.Мен кыйналып кеттим деп.Аябай окунчумун атандын жаш эле каза болуп калганына.Бирок азыр ойлоп атандын жаш каза болгону рас эле болгон экен деп калдым.Атан досунун уламышы акыйкат болуп чыкканын коруп которо албайт болуучу.Мен эне экенминда баарын чыдам которо турган дедида энем унсуз гана ыйлап жатты.Кайненемдин бул создорунон улам мен ооруй элегимде кайненемдин жетимиш жылдыгын белгилеп кой сойуп балдарын чакырганыбызды эстедим.Омуру оруубаган кайненем,бир кайрылып кабар албаган балдарынан жоругунан,кундон кунго алсырай баштады.Мурдагыга караганда акыл эсим бир жерде болсода,барибир мен кайненеме конулумдогудой жардам бере албайт болчумун.Кайненем болсо -кой жаткандан кудайым озу сактасын,ден соолук болсо жугуруп иштегенге эмне жетсин деп теги тынчы эмес.Бирок баланын азаптары ар кандай эненида акыры тубу барып ич ичинен жей берет экен.Дарбазабыз тырыктасада кочо карайт энем.Оз энесин сагынбаган балдарын кутуп.Эл кызматында иштеп,машинадан машина алмаштырып минген балдарына бир гана шылто «-апам оз баласынан жинди келинин артык коруп,атамдан калган уйдон оз баласын кууп жиберди» деген.Апасын сагынган кишиге мындай шылтоо тосколдукда боло албаса керек.Мен кайненемдин коздорунон баарысын коруп турсамда эч батынып бирооз соз айталчуу эмесмин.Кайненем мага оз кызындай меерим токсода,барибир анын бир суруу бар болуучу.Мен ар дайым энемден тартынчумун.Ошондуктанда конулуно тийе турган соз айтып койбойун деп ар дайым коркчумун.Кайненемдин балдарынан ушунчалык конулу калганын мен дагы бир нерседен байкадым.Мурда тамак жееп дасторконго омин кылганыбызда кайненем эки алаканын жайып,узундан узун кылып,-эй аллахым балдарымдын жана келиндеримдин даражасы мынданда бийиктерге которулсун.Ден соолуктары чын болсун.Эл астында жуздору жарык болсун.Эмнеки максат кылышкан болсо баарысы орундалсын.Аларды суук создордон,жаман коздордон сактагын жана ушул сыяктуу балдарына кудайымдан амандык тилоочу.Бирок акыркы кундору кайненем Ал создордун биринда тилине албай калды.Ар дайым дуаа кылганда менин жана балдарымдын амандыгын тилеп мага кудайымдан шыпаа тилоочу болду.Ошондо ойлоп калдым.Эне журогу кырк бир жеринен тилингенин.Бир жагынан жарым жан болуп энеме эч бир жардам кыла албаганым ас келгенсип,энеме ашыкча жук болгондорумду ойлоп ыйлап калсам кайненем -кызым ыйлаба.Кудайым ыйлаган козго жаш берет.Бул кундорда отуп кетет.Айдын он беши жарык он беши карангы болот.Мени айты дейсин балам.Бир куну эрин барибир кайтып келет.Балким анда мен болбостурмун.Баланын эч бир инсан кечире алгыз куноолорун бир гана энегана кечире алат.Аял менен эненин асман менен жердей айырмасы бар.Сениго мейли жинди деп чанды.А менчи? Мен аны торогон энесиминго? Оз энесин кандай боору таш адам чанып таштап кетет.Сен учун келбеседа мен учун келсе болмок кызым.Мен кечирет болчумун.Ичиме баткан балам сыртыма батпайт беле.Сени мененда ал аялы менен да жашай берсе болмок.Эми ото эле кеч кызым.Жолдошун ит болупмун мени кечир деп келсе кечиргендин эч кереги жок.Оз никесиндеги аялын эн оор кунундо жок эле нерсени шылтоолоп таштап кеткен эркектен бакыт кутуп жашап болбойт кызым.Башына оор иш тушкондо озун сененда алсыз корсотуп башка аялдын этегин кармап кеткен эркек омуру жарыбайт отот дуйнодон кызым.Сенин жолдошунду ушул омуркаларым кайышып которуп журуп торогон эне катары мындай создорду айтуу мен учун олумго татуу.Бирок бул акыйкат кызым.Мен турмушта мындай эркектердин кобун коруп,алардын тагдырын акырына чейин кузоткон болчумун.Андай эркектерди аябай жек корчумун.Бирок эч ойлобогон экенмин оз баламда аларга окшоп калат деп.Ошондуктанда кызым бироону ушунчалыкда жек коргонда болбойт экен.Кызым мени кечир.Убагында сенден бир нерсени жашырган болчумун.Эми айтпасам болбойт.Сен баламдын экинчи аялысын деди.Бул созду уккан сон дене бойум дуркуроп кетти.-КЫЗЫМ жолдошун аскерде жургон кезде ошол жактан бир орус кызга ашык болуп калып жашап калат.Ал аялында эки уулу бар болуучу.Муну менден болок эч ким билбейт.Жолдошун алар менен жашырун ар дайым кабарлашып турушат.Учунчу аялында кордум.Адамды кандай экенин бир коргондо эле жузунон билинет.Ал балам менен туболук жашабайт.Мени айтын дейсин бир куну кызым ал аял жолдошундун бар жогун жеп буткон сон уйунон кууп чыгат.Кочодо калган жолдошун сенин алдына он жолу келет.Кечирбегин ал жакшы кунундо сага жолдош,жаман кунундо сага озун сенденда алсыз оорукчан корсотуп басып кетет кызым деди кайненем.Ошол куну кайненем мага кооп насаттарын айтты.Эмнегедир энем толуп ташып ошол куну ыйлады.Создорунун акырында кайненем -кудайым мага жети уул бергенден коро бироону болсода кыз бербеген экен.Уул тородум деп эле кубана берген экенмин.Кудайымдан уулдарым жакшы окушуп чон иштерде иштешсин деп эле сурай берипмин.Бир жолуда кудайым балдарыма ыйман дер деп суранбапмын.Сенин жолдошунко мейли уруштук талаштык озум аялы менен кочого чыгарып койдум.Калган алты баламчы.Аларга мен эмне жамандык кылдым.Аталарынын олгон кунунда унутушуп келишкен жок.Кантип эле ак сут берген апасын унутууга болот.Мындан 50-жыл мурда каза болгон мен оз апамды азыркыга чейин унутпастан апама арнап дууа кылам.А менин балдарым козум тируу боло туруп бир жолуда чалып абалымды сурашпайт.Эне учун мынданда откон азап барбы дуйнодо.Мен балдарым чон ишке которулса кубана берипмин.Корсо мен балдарыма билим берипмин,меерим тогупмун бирок тарбия бере албаган экенмин.Бул дуйно кайтар дуйно кызым.Бир кун менин создорумду эстейсин.Мен оз канымдан жаралган балдарыма жамандык каалабаймын.Бирок тагдыр мыйзамы ушундай.Ким ата -энесине кандай мамиле кылса ошонун баарын балдарынан корот.Бир чонтогундо акчасы жок бечара болушсада мейли эле.Алдында экиден машинасы бар балдарым апам бар эледеп эстепда койушпайт деп ыйлады……….

Кундордун биринде апамдын мойун эти тилинип канап кетиптир.Байлап алгандан сон кордум.Отун кыркып жатканда болгонбу же орук терип кургатышып жатканда шак тилип кеткенби билбей калдым.Апам кундон кунго алдан тайып картайып баратсада агороттогу иштерди кылып жургонду аябай жакшы корчу.сынган шактарды чот менен чаап отун кылып,момо жемиштерди кызым окоосу кургатып жайышчу… Кайненемдин дуасы кудайымдын кулагына жеткен корунот,менинда абалым озунон озу эле кундон кунго жакшы боло баштады.Дарыгер айткан даарыны ичип,айткан гана тамакты жечумун.Бирок денемдин шишиктери алида бар болуучу.Эч тошокко жатпаган кайненем бир кун эле башым солкулдап эле ооруп койбербей жатат деп жатып калды.Мен коркуп кетип жолдошумдан болок бардык акелериме кызыма чалдырып апам ооруп жатат деп айткыстым..Макул ана барабыз мына барабыз дегенче арадан уч кун отсода бирида келбеди.Кайненем уч кундун ичинде аябай конулу чогуп кетти.Барибир энем кучтуу экен ордунан туруп кетти.Коздорундо ушундай бир каттуу ызаа бар болуучу.Ал мага чон баласынын атын айтып ошол келип озу жетектеген ооруканага жаткызар деп ойлодум эле деп ыйлап жиберди.Апа капа болбон бизде деле акча барго.Коншу акеге айтайык тигил чон буканы сатып акча кылып берсин.Сизди неберениз озу алып барып жаткызат десем. энем -кызым кептин баары акчада эмес.Эки чон балдары оору канада жетекчи болуп журуп,картайган апасы минтип темселеп журушот деп эл айтышпайбы? Мени балдарымдын таш боордугунанда аша тушуп намыс мени тируулой сойду кызым.намыс кылганымдан кочогода чыгалбай калдым деди.Ошондо мен кайненемдин байлап алган мойнунан кан акканын коруп-апа мойнунуз дагы эле канап жатабы келинчи чечип коройун дедим.Кайненем -акса агар кызым.Олуп калбастырмын.Агып агып токтойтда деп мойнун арчыган болду.Мен жакшы эле -апа канча кундон бери токтобогон бул эмнеси дагы ириндеп кетпеген болбосун.Келинчи коройун деп апама жакын баратсам.Кочо эшик такылдап бир коншу кемпир апамды чакырып калды.Ал апамдан уч торт жаш кичуу болгон коншу кемпир апама паланчынын кыркына кетип жатабыз.Балам машинасында келди.Журун.Сизда биз менен барып келин.Дайар машинада.Машинада бир бош орун бар деп апамды шаштырды.Апам макул болуп кемзерин кийип жолугун алмаштырып эле жоноп кетти.Апам кеткен сон ойлоп калдым «апамдын мойнун шак тилип кеткенине он кундой болуп калды,демек апамдын мойну ириндеп кеткен корунот.Кантип эле ото чыйрак апам ириндеп кеткенинда билбей калды экен.Орубады бекен а.Болсо болбосо апам куну туну балдары жонундо ойлонуп каттуу сыгылгандан,мойнунун ооруганында сезбей калган окшойт»-деп ойлонуп калдым.биз менен бир дубал коншубуздун жаны алган келини мурда оруканада иштеген экен.Ошонун алдына барып эптеп тушундурдум.Добушум кырылдап жакшы болбогону учунда мага апам жана балдарымдан болок эч ким жакшы тушунчу эмес болуучу.Ал келин кайненениз келиши менен озум барып коруп,дарылап жакшылап байлап берем деп мени узатты.Конулум эмнегедир тынч эмес болуучу.Кызым талаа жумушунан келиши менен эле дагы кайнаталарыма телефон чалтыркызып келиштерин айткыздым.Болгону менин максатым апам балдары келгенин коруп конулу бир азга болсода которулор деп ойлогон элем.Чон акеме чалса телефонду аялы алып -биз азыр кампаниябыз менен Ыссык-Колго эс алганы жолдо кетип жатабыз.Келип эле барабыз деп телефонду очуруп койуптур.Бир акем бугун сотум бар бошобоймун.Бошоп калсам эртен барамын десе бири бугун райондо бардык мектептердин жетекчилеринин жыйыны болот бошосом эле барам дептир.Дагы бири болсо -адеп эле чалып бир созду он жолудан тоту куштай сайрай бересинерби? биз сенин апандай бекерчи болуп уйдо олтурган болсок айткыла.Апан энендин пенсиясын алып жеп олтуратко.Алып келип ооруканага жаткыссын анан биз барабыз деп кайра док кылып телефонун очуруп койуптур.Жети баланын бириненда бир жылуу соз болбогондуктан сызга олтургандай гана олтуруп калдым дене бойум муздай тонуп…..

Бир убакытта эле апамды эрчитип баягы жетелеп кеткен коншу кемпир ачууланып кирип келип калды да мага -келин сениго тушунуп турам.Колундан эч нерсе келбейт.Тилин жарты колун кыска,жакшы басалбайсын.Бирок кызым коздорун кор эмеско.Кантип кайненендин мойну куртап кеткинче корбодун.Кайненендин мойнуна чымын чычып куртап кетиптир.Тируу эле адамдын куртап кеткени бул эмне деген шумдук? Ой тигил балдары эмне олуп калганбы?.Биринчи оз энесин дарылашпайбы?Айтып кой акелерине тез келишип апасын карашсын.Бугун бут айыл наалат айтышты.Акелерине.Дагы да кайненен конбойт.Урушуп олтуруп жолдогу бир ооруканага алып барып тазалаткысып дарылаткысып байлатып келдим.Акелерин келсе мени чакырчы бир коройун.Бул кемпир энего,мал эмес куртап кеткидей деп ачууланып коншу кемпир чыгып кетти.Кайненем оор ушкуруп олтуруп калды.Бир убакда мага-ыйлаба кызым.Ушулда пешенемде бар экенда.каттуу башым ооругандан мойнума чымын чычып койгонунда билбей калыпмын.Байлап алган болсом сен кайактанда корот элен.Бир нерсе кыбырап жаткандай болгон,бирок куртап кетет деп ким ойлоптур. дедида ордунан туруп бир оор ушкуруп алып-эх ушул кундорду коргондон коро коздорум агып тушсо болбойт беле деп басып кетти.Апамдын мойнундагы жолугунун устунон салынган чон ак жолугу сыдырылып тушуп калды.Корсо апамдын оор ушкургонунда себеби да бар экен.Ошол коншу аял менен бироонун кыркына барышып коп аялдар менен аш жеешип олтурушушкан экен.Кун аябай ысык болгондонбу,апамдын мойну кычышыптыр апам байкуш чыдай албагандан бир колу менен тырнап жибериптир.Ошондо апамдын мойнунан бир кичинекей ак курт дасторконго тушуп кетиптир.Дароо эле аялдар ой бул эмне деген шумдук дешип эле апамдын мойнуна оролгон жолугун чечишсе апамдын мойнунда майда ак куртар бар экен.Бардык аялдар чурулдашып балдарыныз элдин алды болсо.Акчанын баары ошолордо болсо эмнеге сизден кабар алышпайт деп апамдын балдары менен келиндерин каргап киришиптир.Кайненем ушунчалык намыстанып кеткенинен бир оозда соз айталбай олтурган жеринде таштай катып калыптыр………………

Ошол куну кечинде кайненем кызыма чакырып тырнактарын алып беришин суранды.Кызым энесинин колу буттарынын тырнактарын алып берди.Кийин мага кызым -апа сиз уктай берин энем башы козумду жубамын деп айты.Мен суу ысытып энемдин башына суу куйуп береминда кийин энем окобуз жатабыз деди.Мен макул деп балам менен соорудо жаттым.Кайненем ар дайым эле кызым менен ички уйдо жатчу.Эрте менен тарак деген кумгандын унунон ойгонуп кеттим.Карасам тан эми гана сурулуп келе жатыптыр.Энем болсо кумганды которуп даарат алып келе жаткан экен.А энем намаска туруптурда деп ойлоп башымды кайра жаздыкка койдум.Бирок журогум шуу дей тушту.Энем бир ооругандан бери намаз окуй элек болуучу.Ар нерсени бир ой лоп жатып эле дагы кашайган козум уйкуга илинип кетиптир.Бир убакда кантип ойгонуп кеткенимди озумда билбей калдым.Турсам эле энем эки челекти которуп сууга кетип жатыптыр.Шашып эле-эне сууга кетип жатасызбы? неберениз алып келет.Сиз барбай эле койун дедим.Эмнегедир добушум озумода башкача угулду.Энем эки чакасын жерге койуп келип балам окобуз жаткан сооруго келип кочук бастыда -кызым бугун добушунда кулагыма башкача угулду.Кундон кунго жакшы болуп баратасын.Кудайымай балдарындын бактына эртерек жакшы болуп кет деп мага узундан узун дуаа кылып.андан сон уктап жаткан баламдын бетинен ооп,ооп жыттап алдыда -кызым уктап шашпай тура бер.Уйдо суу калбай калыптыр.Азыр эле балдар сууга киринишип булгашат.Суунун таззасында эки жарым челектен болсода алып келип койойун ичкенибизге.Балдарды ойготпо тойуп уктап алыша берсин.Кийин алар алып келишет дедида энем тан атып кун чыга элек убакта суга жоноп кетти.Озумчо эле жаман болуп эч уктай албай кысылып ордумдан туруп бети колумду жуудум.Энем келе бербеген сон кочого чыгып,биз суу ташуучу чон каналды карасам энемдин эч караны корунбойт.Ойума ар жамандык бир келип эптеп жыгылып басып барып баламды тургуздумда -балам тур эненди карачы суу алып келгени кеткен болуучу.Алиге чейин жок деп ыйлап жибердим.Балам кийиминда кийбей жыланаяк толуп сууаккан каналды коздой жугурду.Ошондо кайненем ар кундогудон озгочолонуп бугун озу жакшы коргон майда гулдору бар ак чыт койногун кийип алганы коз алдыма келди.Журоогум оозума келип тыгылып шашып кызымды ойготтум.Ангыча эле балам эки челек менен энесинин эки галошун которуп ыйлап эле. келип калды -апа энемдин челеги менен эки галошу турат озу жок деп.

 

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️